Коомдук-саясый гезит
№19, 05.02.08-ж.

Меймансап
Форум



◄◄◄
  Боло берет кыргызда… жана оруста

ЧУДИНОВ "ЧУДО" ЖАСАЙ АЛБАЙТ ОКШОДУ
Жазылбаган эле закон болуш керек - жаңы кызматка келген кайсы бир чоң, акимден - Президентке чейин созсүз түрдө жер кыдырат. "Мына ушул ишке өзүм келдим, эми иш кандай болушун көрсөтөм маанисинде кыдырып, жаңы колго тийген ишинин баш-аягын биле албаса да, билген түр көрсөтүп, көрсөткөндө да чоң профессионал жетекчи экенин көрсөтүп… айтор, жергиликтүү элди, жетекчилерди убарага салып коет…

Ойдо жок жерден Премьер-министр боло калган И.Чудинов деген орус үкөбүз өткөн жумада Көлгө келип, катуу иштеп аткан түр көрсөтүп кетти.
Ал адегенде эле К-рмөнтү цемент заводуна барып, "кыраакы" көз менен карап кыдырып, анан салттан тайбай, экооз энөө кебин айтып, жөнөп берди. Ал жерге конкреттүү эмне маселе менен барганы деле айкын болбой калды, барды деген "птичка" үчүн окшойт деп биз калдык.
Күрмөнтү цемзаводу илгеркидей толук кандуу иштегенде жылына 60 миң тонна цемент чыгарып, керекке жарап, анан да ал цемент арзан болмок. Бүгүнкү күндө цемент он эсе аз өндүрүлөт, баасы асмандын ары жагында болубатат. Заводду бир эле казак сатып алып, өз билгенин кылып атат, биздин бийликти каакымча көрбөйт, анан Чудинов үкөм эмне барды дейм да?!
Күрмөнтү заводун бир ирет немистер алмай болгон, бирок алалбай калды. Казактар акчанын күчү менен, жок, Өкмөттүн казынасына түшчү акча эмес, кайсы бир чиновниктин чөнтөгүнө түшчү акча менен соттошкон болуп, жеңип кеткен. Эпадам немистер алганда цемзавод баралында күүлдөп иштеп, иштегендерди да гүлдөтүп турмак. Дегеним, аны иштетебиз деген немистер Токмок айнек заводун бутуна тургузган немелер болчу. Бул заводду болсо билерсиздер, Борбордук Азиядагы гана эмес, мурунку постсоветтик аймактагы бирден-бир кубаттуу завод айнек чыгарган.
Ошентип, Чудинов Күрмөнтүдөн кийин Караколго келип түштү. Бу күнү облустук коллегия болмок эле. Чудинов келери менен аны баштап турушту. Докладды губернатордун биринчи орунбасары К.Алышбаев жасады. Уккандар сүйүнгөнүнөн көздөрүнө жаш алып турушту көрүнөт. Анткени, облустун өнөржайы аябай өнүгүп жатыптыр, талкаланган завод-фабрикалар, ишканалардын сөөктөрү турат го, ошол күндүн мурунку күнү "тирилип иштей баштаптыр" деп түшүндүк. Келечекке үмүттүү карап жибердик…
Сөз Чудинов мырзага тийди эле ал докладчы айткан бир начар ишкана жөнүндөгү кепке байланып, Премьер-министр эмес эле обладминистрациянын бир бөлүм башчысынын деңгээлине "талп" дей түштү. Ии, чыныгы ордуң менен дараметиң өлчөлүү турбайбы дешти бир топтору.
Анан Чудинов боло келген жана да боло берчү бир чындыкты бузбай айтты: "силер Өкмөттөн жардам күтпөгүлө" деп. "Ушинтип, чынын айтып өлгөн жакшы,- дешти айыл өкмөттөрү,- качан эле жардам берибаттыңар эле…".
Ошентип, Чудиновдун Көлдөгү официалдуу жүрүшү аяктап, сыйын көрдү. Анын урматына "таман" чыккан чочко сойдубу же торопой куйкаладыбы - билген жокпуз, бирок башка этке карк болду дешти.
Ошондон соң ээрчите келген аялы, достору менен "Каракол" капчыгайына лыжа тээп, бой жазды. Эки күн бою бурч-бурчтан сак-сактап МАИлер куурады.
Кайчысы курч анан да өзүнөн чоң жетекчилерге лента кестиргенди жакшы көргөн губернатор К.Исаев бу саам Чудиновго лента кестирбеди. Кабыргасы ката элек жаш неме колун кесип алабы дедиби же Президентине сактадыбы, анын өз сыры. Бакиев "шарт" эттире сонун кесет эмеспи, ошол эле кескени дурус…
И.Чудиновду Бакиев Маскөөнүн көөнү үчүн, Татьяна жеңебиздин көңүлү үчүн бу кызматка отургузду окшоду, болбосо, анын ишбилги тажрыйбасы деле жок, Өкмөттү сүрөп кетчү зээни деле чектелүү окшоду… лыжада болсо мыкты зуулдайт экен.

Баратбай АРАКЕЕВ




  Саясый хохмалар

Эл оозунда элек жок
Кудая тобоо, орусча да жакшы сүйлөй албайм, саясатка да жокмун. Эл дүрбөсө мен да кошо дүрбөп атып кантип депутат болуп калганымды өзүм да билбейм ай. Эми беш жыл убакытты кантип өткөрөм деп башым оруй баштады.

Шаардын көчөлөрүндө машинелер батпай кээлери уруша кетишип букаларды туурап сүзүшүп калып жатышат. Түтүндөн дем алуу да кыйындап барат. Тамеки тартпай эле өпкө кысылат. Ушинтпей эле кытайлыктардай болуп белесипедке өтсөк кантет ыя?

Астапыралла, азыр жергебизде "трайбализм" деген дагы бир оору жайылды. Азырынча анын дарысы табылбай жатат имиш. Жо - жок бар экен, бирок аны президентибиз катып салыптыр деген ушак бар. Эл андан сурагандан коркуп жатышат. Минтип отурса бүтүндөй кыргыз эли бул оору менен ооруп, далайлары запкы жешет го, же...?

"Ангектен качсаң дөңгөккө" дегендей акүйдөн качсаң көкүйгө, көкүйдөн качсаң акүйгө. Азыр кандай болсо да жараша берет. Анткени президент менен парламент дос болуп алышпадыбы.

"Молдонун тилегени өлүм" дегендей айыл өкмөтүнүн тилегени эле жер титирөө болуп калды...
- Себеп?
- Айлана-чөйрөлөрдөн гумжардам көп кеелет экен да. Элден мурун өзүнүн чөнтөгү кампаят, анан туугандарыныкы. Өзүнүн менчигиндей болгон гумжардам менен абдарыйкаты да көтөрүлөт имиш.

С. Мырзакулов














Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan