![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №19, 05.02.08-ж. |
Меймансап Форум Кайдасыңар "Сай-сатчылар" Аты Алмаз, өзү аз-маз Саясат чынында эле эл айткандай сайң-сат белеем! Анынсыңары, жанындагы Куловду көрүп- билип туруп эле анын погун (Кубатбек кердегей айтмакчы) балчайта басып! Атаңгору! Кыргыздын ушунтип өк-гөндой эле болду. Өткөн ишке өкңнбөйлү деген менен болбойт тура. Сөзү да өзү да ак деген Атамбаев кызыл папкеге кызыгып, аптарийкаты, абийринен айрылды деген кеп күч. Былтыр эле Алатоо аянтында "Бакиев политический труп! Долой!" деп кыйкырып, азыр эле СНБсынан чыгып келдим деген эртеси эле Баксы менен тил табышып, таттуу тилине эрип күзгө жетпей кумурон калбады беле. Эми ал кайда? Эмине кылып жатты экен? Бети карарып калбадыбы! Атаңкөрү! Ишенген кожобуз ушунтип сууга акты, өзү аз келгенсип элин кошо агызды, кепшеген оозун урайын айтып өкүт тарткан эл көп. Болоору болду, боесу канды демекчи, Алмаздын болгон дарамети ошол тура, көрсө анын алы Кыргызавтомаш эле турбайбы, ошол жеринде онколоп жүрө берсин. Ага кыргызбашылыкты ким бермек. СДПсынан да айрылып, эл ичинде кадыр баркын айрандай төгүп алды, эр жигиттин сөзү өлгөнү, өзү өлгөнү! Күнү кечээ Баксы ага Туркиянын элчилигин сунуштаган имиш, ал, "пошел" деген посолдук экенин эл жакшы билет, атына заты төп келбеген Алмаз аны актаган да, жок деп төгүндөгөн да жок. Аксарайдын айтылуу амалкөй оюну болсо керек деген пикир куч, антпесе Акүй оюндарын ачык айтып, акыркы абройунду кайра албайсынбы, Алмаз. Оппозициянын оп майда! Кулов же Кулдун уулу Кыргызда канын тартат, бөрү баласы ит болбойт деген накыл кеп бар, байыртан. Темир Феликс, элдин баатыр деген наамын көтөрө албай калды белем! Былтыр мартта, анан майда "кел, Феликс, бизге өт, премьерликтен баш тартып арызынды жазып бер, элиңдин эри болуп каларына шансың бар" деп такылдаган Өмүрбек сындуу тандемдешиндин тилин албай азыр ал "баатырдын" итке минип калган кербези. Сай-сат деген аны кылым карыткан кыргыз "эки тоонун самаган ара жолдо арам өлөт" деп небак эле айтып койгон. Ошон үчүн эр ортону элүүдөн небак ашып, набакта беш жыл бекерпоз набакта жатса да кыргыз тилине дитин бербеди го, чиркин, бөрү баласы ит болбойт да. "Ар-намыстагы" абыроюнан айрылтып, парламентке пат кылып, шыдыр жолун бууп, абалкы дос, азыркы атаандаштарына сайдыртып, Бакс сооп кана калды. Абыройун айрандай төгүп алган соң жашаш кыйын го! Аттин, ага жеткизбесин! Бул, айтылган сөз, акылы барга сабак болоор. Оор... Чын Темир! Феликс Эдмундовичти СССР кезинде темир деп жүрүп көнүп калган белек. Чынында азыркы жүрөгү жалын, акылы сергек,колу таза кыргыздын чыныгы темири Темир Сариев. Анын ырастыгын былтыркы Ала тоо аянтындагы миңдеген кыргыздардын алдында,көгүлтүр экрандын көзүнчө көргөзүп салбадыбы. Болотбектин кызыл шапке кызыл башылары кыркаар тизилип, элинин эсин алганы, Ала тоо аянтындагы чатырларды чаап кеткени келгенде митингичилердин миң башылары, саат мурдагы санаалаштары ичинен жалгыз калып, билеги күчтүү бийликти да, биримдиги быша элек көпчүлүктү да сабырга үнү каргылданып калгычакты кайталай чакырып, өз тагдыры бычактын мизинде турганы кантип эстен кетсин.Бали, кыргыз эли дагы эле элим деген баатырларынан алаканы куру эмес экен, бар бол Темир! деген ошондо аянттагы да, көк экрандан көз албай тиктеген да эли. Бүгүнкү өкүнткөнү,ошондо ооматынын тайкылыгын сезип калган бийлик ошондон ушул кезге чейин Темирдин саргара жортуп таап алган оокатын оодарып алуу ниетинде бийликтин "билермандары" сары изине чөп сала кууп,кек алмайга өтүп алды деген кеп эл ичине таркап кетти.Эгерим Ак үй алиге акыл эсинен айрыла элек болсо ал акылсыздарын тыйып алаар. Антпесе Темирдей уулуна тирек болуп алаар артында эли бар. Байболов, барсыңбы? Митингилерден мурда, элдик бирикменин билигин жандырганда эле башталган деген куугун Байболовторго дагы эле улантылып жатыры. Анын айынан балдарын Алматыга алпарып тынайын дегенге да болбоду, ал тургай, атпай журтуна текши таанылган айжаркын аялында Бишкек шаар кеңешинин төрайымдыгынан төңкөрүш жасап жиберишти. Бала бешиктен көргөнүн кылат деген ошо, төңкөрүш менен келгендер баарын төңкөрүп тынбаса да шөмтүрөп тынар шекилдүү. Ошентсе да "Оберону" баштаган колу бардар Байболов Байболовадан үлгү алса болчудай болуп калды. Эмнеге дегенде чыгаан чекист, коен жатагына чейин билги мыйзамчы, кубаты күчтүү Кубатбегибиз эки жылдан бери эсине келе албай, Нуржамалдын нуру улам барган сайын жалтыр жанып баратпайбы, кашайгыр. "Карышкырдан корккон токойго барбайт" дейт орус эли, аны кыргыздар "корккон коен аңга батпайт", анан "сагызган сактыгынан эмес, суктугунан өлөт" деп эзелтен эле таасын айтып койгон. Эл жок жерде шер болгучакты, эл көзүнчө эр болгон жакшы, "Кубат аке" Текебаев ... баары бир тебет! Тили тибиртке, тилалбаска шибеге деген Текебаев баары бир тебет, жагымдуу жазга камынып жатат дешет, копчулук. Ал да жөндүү. Парламенттик шайлоодо Акжолдон алда канча озгону менен арам колдуу, кошоматчы Осмонов жолдуу болуп тизмеден чийилип калганы ага дем дем берип койбодубу. Ысыккөлдөн эле жасагандан кийин алтымыш төрт бырасцент добуш алган, Чуй, Талас, ал эмес Жалалабад деле жалпы колдогон, анан эле Баткен менен Ош шаарынын шакыйы кантип кармап калганы белгисиз, деп башын кашыган кыргыз көп. Айткандай эле болду. Бийликтен таксикоз болуп калды деп жатышкан Өмүрбектин өмүрү өчүп калбас. Далайды көрүп "лама" да болуп калды. "Козелун" көтөрүп, матрешкасын да женди. Манжундай Лайлисине жетсе экен. Тек, ал, кылым карытып айткан кырыгыздын "өздөн чыккан жат жаман, өзгөдөн чыккан өрт жаман" деген учурга бап накыл кебин эсине алып койсо болгону, тилеги ошондо кабыл болоор. Чынында, чыныдык издеп чынырган кыргыздын азыркы үмүтү Өмүрбекте, анан алыска айдалып кеткен Урматта. Эгерде былтыркы үч чакырыгынын бирине Феликс ашынасы макул болуп койгондо Текебаевдин небак жылдызы жанмак. Аттиң...Текебаев баары бир бийликти тебет, айтты, койду дебегиле! Мурдагы "...хам" азыркы "...хан" Бала кезинде ал,метиркасы боюнча "Адахам болчу, анан эле депутат болгону "Адахан болуп алган кезинде "Асаба" (М.Эшимканов), кийин "Агым" жакшы эле жазды. Бу, адам баласынын атына жараша заты (орусча программасы) болот дегени чын окшобойбу. Ага айныксыз мисал, кечээки, "Ыйман" гезитин мусулмандардын кайыр -садагасына, ал жетпей калып, банкрот кылганда карызга чыгарып жургон "молодой молдо" Адахан кырктын кырына жетпей экинчи өкмөт башы, мамлекеттик катчы, эми закүндү чыгарган закүн башчы болуп алды. Баракелде! Болор бала богунан деген ошол. Ошол, "олтурганында" да колко-кадыр кылып Акаевди жамандап жатып, узун элдин учуна чейин чыр салып, чырылдап жатып олтурганы баарыга маалым. Аны атаандашы ачык эле айкындап салды. Чынында эле айтылган чоң үстөлдөргө үстөмүнөн түшө чырылдап жатып жетпеди беле. Аны жалпы эл жакшы билет. Алтургай, акыркы жолу "акаевдик шайлоодо" уттуруп койгон менен сөөгү жок кызыл тилине салып, төңкөрүшкө доо артып жатып утуп алган сенаторлугу далил. Анан эле секирди: Бакс байкесинин тилин таап, вице... мице болуп кетти. Эми эмне дейли, бешиктеги баланын бек болоорун ким билет деген кеп бар, тек, мурдагы "хам", азыркы хан кыргыз баласы, казак туугандарыбыздын күйөө баласы тилине ишинен чан чыгырса экен. Азырынча андай болбой жатыры. Жок дегенде элине ызырынбай сүйлөчү, башкасын сурабайлык. А-то, Искрадагыдай искектеп ийесиңби, түрүңө караганда. Элдин эсинен кеткенче, эртелеп кеткен жакшы "хан". Эркектин чындыгы кыз-келинде машинесине салганда эмес, эли үчүн күйүп кеткенине жараша бааланат. Бетти даярдаган А. Акмончок |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|