Коомдук-саясый гезит
№19, 05.02.08-ж.

Меймансап
Форум



◄◄◄
  Алдамчы саясат

Орустар менен казактар кантип сууга кожоюн болгусу келет?
Алтындан да кымбат Камбарата
Бүткүл дүйнөлүк банк дүйнөдөгү мен деген адистерди жыйнап Борбордук Азияга салынат деген электр станциялардын баарынын курулуу мүмкүнчүлүгүн изилдеп чыккан. Изилдөөнүн жыйынтыгы 2004-жылдын декабрында жарыяланган болчу. Кызыккан адам болсо, банктын сайтын ачып, аны менен шашпай отуруп кенен-чонон таанышып көрсө болот - ал дагы эле илинип турат. Мен муну айтып жаткан себебим, маркум Салижан аке айтмакчы, орусча сүйлөмөйүн шенбеген кыргыз, айтса бир кыргыз айтып жаткандыр деп, менин төмөндө жазгандарыма анчалык маани бербей коюшу мүмкүн.
Кептин төркүнүнө өтсөк, ошол адистеринин эсебинче, Камбарата ГЭС-1 электр энергиясынын өздүк наркы 8,54 центке чыгып, баардыгынан кымбат болуп кетет. Бизде электр энергиясы суудан чыкса эле арзан болот деп жүрүшпөйбү - андай эмес экен. Камбаратаныкы көмүр же газ менен иштейт деген Бишкек ТЭЦ-2 никинен да 3 эсе кымбат. Себеби - ГЭС курула турган жердин кофигуриясы татаал болуп, бийик тосмо салууга туура келет. Анан, ушуга байланыштуу, курулуштун көлөмү да чоң болуп, көп акча кетет. Ал акча болсо, курулуш узак жүргөндүктөн, көпкө тоңдурулуп жатат. Биздин кыргыздар эми эле процент дегенди үйрөндү. Ал эми тоңдурулгон акча жоготуу экенин дагы эле биле беришпейт. Мен муну айтып жатканым, адистердин эсебинен кынтык табууга мүмкүн эмес, ийне-жибине чейин изилдешкени көрүнүп турат.
Алар электр энергиясынын рыногун да изилдеп чыгышыптыр. Мындай баадагы энергияны, Кыргызстанды айтпай эле коелу, Казакстан да, Өзбекстан да, Россия да сатып ала алышпайт экен. Анткени алар азыр пайдалынып жаткан электр энергиянын баасы Камбаратаныкынан бир нече эсе арзан. Кымбаттагандан кийин деле ага караандап койбойт. Анда эмне биздин бийлик бул ГЭСти куруп жиберчүмүн деп, ал эми орустар менен казактар болсо инвестиция сала койчумун деп чуркап жүрүшөт? Биздикилерге го айла жок дейли, элди эптеп алаксытыш үчүн асмандагы айды деле алып берем деп айта берет, ал эми сөздүн баркын билген орустарга эмне жок. Мен алардын бизчилеп "жөн эле" айтып жатканына анчалык деле ишене бербейм. Продукциясы өтпөгөн ГЭСти куруп алып эмне кылышат?
Ырас, мен жогоруда эскерип өткөң адистер электр энергияны Пакистанга же Кытайга сатса болорун айтышат. Бул өлкөлөрдө ал бир топ кымбат болуп, өтүп кетиши ажеп эмес. Бирок ал жерге жеткириш аябай кыйын. Бир нече мамлекеттин территориясын аралап, зым карагай тартууга туура келет. Ал болсо кошумча акча - ансыз деле кымбат энергия дагы кымбаттайт. Айтор бул варианттын реалдуу экенине адистердин өздөрү да ишенишпейт.
Алар дагы бир жол бар экенин белгилешет. Биздин электр энергияны Орусия сатып алышы мүмкүн. Орусия да анча энергияны өзү жалгыз батыра албайт, бирок бизге жакын жерлерине пайдаланып, өзүнүн энергиясын ары Батышты көздөй жылыштырып отуруп, Чыгыш Европага сатса болот. Дүйнөлүк банктын билермандары Камбарата ГЭСтерин куруунун бирден бир жолу ушу деп, кыргыз өкмөтүнө орустар, казактар жана өзбектер менен сүйлөшүп көрүүнү кеңеш кылат. Массалык маалымат каражаттарында айтылып жүргөн суу-энергетика концерциуму ушул жерден пайда болот.

Жарым кылым эрте ойлогон орустар менен казактар
Орустар андай эле кызылкулактык кылып пайда табам десе, арзан Бишкек-ТЭЦин салбайбы? Же өзүнө ГЭС курбайбы, аларда суу жок бекен? Эмне үчүн орустар менен казактар Камбаратага жабышты да калышты? Жооп бирөө эле болушу мүмкүн. Аларды кызыктырган ГЭСтен түшкөн пайда эмес, сууга кожоюн болуу перспективасы кызыктырат. Бирок андай дейин десең Камбаратага курулчу суу сактагыч чакан болуп, ал суунун режимин жөнгө салууга жөндөмсүз. Суунун көп же аз чыгарылышы мурдагыдай эле Токтогул суу сактагычына байланыштуу болот.
Биз жогоруда айткан адистердин ою боюнча суу-энергетика консерциуму Камбаратаны эле эмес, ошол Токтогул суу сактагычын да камтышы керек. Ансыз Камбарата курулбасын алар ачык эле айтышат. Ушул өңүттөн алып караганда орустар менен казактардын Камбарата ГЭСтерин курууга макул болушу түшүнүктүү болуп калат. Алардын көздөгөнү ошол Токтогул суу сактагычына эптеп жетүү, ага ээлик кылып калуу. Орустар Борбор Азия өлкөлөрүн өзүнүн таасиринде кармап туруу үчүн суу күчтүү курал экенин жакшы түшүнүшөт. Ошондуктан Камбарата коммерциаялык проект болбосо да, пайда бербесе да андан акча аяшпайт.
Башканы билбейм, мен өзүм консерциумга каршы деле эмесмин. Качанга чейин сен газ бербей койдуң, сен суу бербей койдуң деп кошуналар менен жаман-жакшы айтышып жакалашып жүрө беребиз. Бирок консерциумду орустар менен эмес, казактар жана өзбектер менен түзүш керек да. Ошолор негизги тараптар болушу керек. Анан дагы аны түзөр алдында чоң келишим болуп, анда Өзбекстан менен Казакстан газ жана нефть бербейм деп шантаж кыла албагандай, алар суу сактагычка компенсация төлөп бергидей механизмдер каралышы зарыл эмеспи. Суу маселеси кошуналар ошол компенсацияны кааласа төлөп, каалабаса билгениңди кылып ал дегенден чыгып жатпайбы? Анын азыр бири жок. Өзбектер биякка эле чыгып калды. Чындап келгенде биздин проблема Казакстанда да эмес, Өзбекстанда да.
Эгерде кошуналар тилге келбесе сууну мурдагы режим менен кое бериш керек да. Советтер Союзу учурундагы Өзбекстан менен Казакстандын талааларынын гүлдөтөбүз деп суу сактагыч курулгандан кийинки режим менен эмес, атам замандан бери келаткан өзүнүн табигый режими менен. Эмне үчүн биз жайында кошуналарга суу берет элек деп кышында Токтогул ГЭСин толук иштетпей, калчылдап чыгышыбыз керек? Кышында чыккан энергияны сатып пайда көрсөк, бизге ал ашык болобу?

Эй Россия, Россия бир боор энем
Орустар кожоюн болсо эмне экен дегендер чыгышы мүмкүн. Мен кыргыздар казактарга ишенбесе да, өзбектерге ишенбесе да орустарга ишенип колубузда турган күчтүү рычагды алдырып жиберишеби деп чочуйм. Анткени биздин орустар жөнүндөгү көз карашыбыз дагы эле баягы Советтер Союзу учурундагыдай калууда. Заман өзгөрдү. Өзгөргөндө да аңтар-теңтер кылып жибергендей өзгөрдү. Заман менен кошо орустардын өздөрү да өзгөрдү. Бир гана биздин орустар тууралуу көз карашыбыз өзгөрбөй койду. Бирдеме болсо эле энесин жоготкон козудай Россия деп турабыз.
Азыр өзү жебесе да, оозундагысын алып кыргызга окшогон майда улуттарга берип турган баягы Алыкул айткан бир боор эне жок. Бүгүнкү Россия Ленин менен Сталиндин учурундагы Россияга караганда 16-жылы кыргыздарды кызыл-кыргын кылган падышалык Россияга жакын. Азыр андай геноцид кыла албайт дечи. Бирок ал өз кызыкчылыгын биринчи коет. Кызыкчылыгы келип турса, мурдагыдай геноцид кыла албаса да, беркилеринен кайра тартпайт. Бул үчүн орустарды күнөөлөштүн кереги жок. Анткени заман ошондой. Азыркы заман алдуулары алсызды жем кылган таш боор, катаал заман. Замандын шары менен болуп, анын мыйзамы менен жашабаса, орустар өздөрү бирөөгө жем болуп кетиши мүмкүн.
Орустар бекеринен Камбаратаны алып калайын деп жан далбас кылып жаткан жок. Ал түздөн түз акча бербесе да, Борбор Азиянын ресурстарын өз көзөмөлүндө кармап турууга мүмкүнчүлүк түзөт. Ал муну менен Кыргызстанды гана эмес, бүтүндөй Борбор Азияны өз колуна алат. Акыры барып ал деле акча. Бирок бул биздин кызыкчылыкка туура келеби? Менин оюмча, туура келбейт. Газыбыз болбосо, нефитибиз болбосо, өзүбүз ким эмне берет деп кайырчыдан бетер бирөөнүн көзүн карап жалдырап турсак, анан жападан жалгыз байлыгыбыз болсо, аны пайдалана албай, жөндөн жөн эле бирөөгө кармата берсек, муну кудай деле кечирбейт. Суу кыргыздар үчүн марттык кыла турган нерсе эмес.

Кинг-Конг акам өзү билади
Менин коркконум суунун колдон чыгып кетишинин реалдуу болуп тургандыгында. Жерди берип жиберген бийлик, тилди берип жиберген бийлик сууну бербейт деп эч ким айта албайт. Жерди бергени ошол да, атам замандан бери ата-бабалар жайлап келген Үзөнгү-куушту жөндөн жөн эле Кытайга карматып жиберишти. Тилди берди деп жатканым, орус тилин расмий тил деп жарыялап, иш жүзүндө анын негизги тил экенин мыйзамдаштырып салышты. Азыр кыргыз тили Советтер Союзу учурундагыдан да жаман абалда калды. Кыргыздар балдарын мурдагыдай орусча окутуп, ал эмес жакында эле кыргызчалаткан фамилияларын да кайра орусчалата башташты.
Азыр баягы анектоттогудай Кинг-Конг акам өзү билет деген кырдаал түзүлүп турат. Мурда парламенттин президентке алы жетпесе да, анда ар кандай көз караштагы адамдар болуп, алар чуу салып жатышып, бийликтин айрым кара ниет, улуттун тагдырын ойлобогон кадамдарын кээде токтотуп калчу. Азыр парламенттин басымдуу көпчүлүгүн бийликтин сөзүн эки кыла албаган "Ак-жол" партиясы түзөт. Ал хоп майлиден башканы билбейт. Берки экөө душман көзүнө эле анча-мынча каяша айтып, каршы күрөшкөн түр көрсөткөнү эле болбосо, аларга деле түпкүлүгүндө баары бир. Оппозиянын болсо апрель митингисинен кийин үнү өчтү.
Эми Камбарата менен кошо "Түндүкэлектро", Бишкек ТЭЦи, "Дастан", "Кыргызгаз", панисонаттар, айтор, акча жыттанган ишканалардын баары кете турган болуп калды. Жогорку окуу жайларына чейин. Аларды сатканга Акаев батына албай койду эле, азыр баары дүңүнөн кеткени турат. Инвестиция тартып Кыргызстанды гүлдөтөбүз деген шылтоо менен. Биз жогоруда сөз кылган Дүйнөлүк банктын адистери туура келип эле, ушул жерге келгенде бузулуп кетет. Алар да азыр менчиктештиргиле деп бийликти шаштырып, тымызын көкүтүп туру.
Дүйнөдөгү кеңири тараган мифтердин бири - ишканаларды менчиктеширсе эле алар жакшы иштеп, экономика дүркүрөп өсүп кетет деген түшүнүк. Экономиканы өнүктүрөбүз деп бийлик ишканалардын баарын жоо куугандай кыска мөөңөттө жеке менчикке берип тынды. Бул жагынан Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн бирин да алдыга салган жок. Кана иштегени! Менчиктештирген ишканалар жакшы иштемек тургай, таланып-толонуп кеткенин бийлик өзү да кээде моюнга алып келет. Менчиктеширилген биздин экономика өнүгө албай, азыр биздин эл менчиктештирүүдөн артта калды деген өлкөлөрдө тентип жүргөнү жалганбы?
Мен деле түпкүлүгүндө менчиктештирүүгө каршы эмесмин. Бирок аны кандай бийлик жүргүзөт, кеп ошондо болуп жатпайбы. Эгерде элдин алдында реалдуу жооп берген бийлик болсо, ал ачык тендер өткөрүп, адилет менчиктештирүү жүргүзсө, андан бирдеме чыгышы мүмкүн. Ал эми башынан аягына чейин коорупцияланган биздин бийлик менчиктештирүүнү жүргүзсө, ишенип койгула, андан анын элге бир да тыйын пайдасы болбойт. Камбарата менчиктештирилсе, эмне болорун жогоруда айттык. Эми "Түдүкэлектрого" бир аз токтололу.
"Түндүкэлектро" бүгүнкү турган турпаты менен эле, эгерде ал бийлиги ишеним туудурган өкөлөрдүн биринде болсо, миллиард болбосо да, жүздөгөн миллион долларга кетмек. Кыргызстанда аны он миллионго да эч ким албайт. Эки-үч жакшы салынган үйдүн баасы менен кеткен турат. Анткени каалаганын жасаган бийликке инвестор ишенбейт, пайда тапмак тургай салган акчамды жоготуп алам деп коркот. Бул өлкөнүн бюджетине жарытылуу акча түшпөйт деген сөз. Бул бир. Экинчиден, келген инвестор коррупцияланган бийликке акча берип, тарифти жогорулатып алат. Алар ишкананы оңдоп эмес, жөн эле тарифти көтөрүп жеңил пайда табууга аракет кылат. Мындай көрүнүш Кант-цемент заводунда, Кайыңды-кант комбинатында - толуп жаткан ишканаларда болбоду беле? Ушубу экономиканы өнүктүрүү? Жалган, бир адамдын кызыкчылыгына негизделген жасалма стабилдүүлүк ушуга гана алып келиши мүмкүн.

Сапар Орозбаков
















Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan