Коомдук-саясый гезит
№19, 05.02.08-ж.

Меймансап
Форум



◄◄◄
  Эл ичи - өнөр кенчи

Кыргыз деген эл жашайт, кыргыз деген...
Кылкылдаган кытайга, он сандаган ойротко ыйгарбай, кыргыз элине гана таандык кылып тартуулаган Манас дүйнөсүнүн сырын чечүүгө, маңызын сезүүгө, баркына жетүүгө аракет кылган инсандарыбыздан уучубуз куру эмес. Дидар кайып буйруп, Бурул эжеге жолугуп калдым. Кыргыздын кылым карыткан өлбөс өнөрү тымызын тутанып, тамырынан күч алып жатышы, өзөккө өз добушун салышы, жүрөгүндө деми, келечек үчүн айта турчу кеби, жасай турчу эби бар кыргыздарды кайдыгер калтыргыдай эмес. Анда эмесе Жакеева Бурул эженин буулукпай да, думукпай да баарлашкан баянына назар салсак.

Кыргыз оюулары - элибиздин байыркы дүйнөтаанымын, кыргыз маданиятынын туу чокусу болгон, "Манастын" рухий байлыгын камтыган ыйык белгилерибиз биздин.
Кичинемден энем айылдагыларга туш кийиз, шырдак, жер төшөк оюп бергенде аябай суктанып жакшы көрчүмүн. Ойдуруп алып кетип калышса кейийм. Башка келгендерине мамам такыр башкаларын оюп берет, аларды да алып кетишет. Дагы кетип калды десем, "ичиңди тарытпачы" деп коет. Мен ичuмди тарытпай эле өтө кооздукту улам кайра көргүм келгенден кейичүмүн. Анан айла таптым. Кагаздан оюп бериңиз деп, мажбурлап ойдура баштадым. Бир күнү оюулар көбөйүп кеткендиктен түстүү кагазга чаптап отуруп эле, бир оюу кесип алып өзүмө таң калдым. Эптеп эле бирдеме болчу, бирок колуңдан бирдеме келсе шыктанып калат экенсиң. Токтобой эле бирдемелерди кесе бердим, мамам кээде пайда-батасы жок немеге убакыт кетирбечи деп калат. Анан бир күнү адаттагыдай эмес, башкача бир оюу кecтим. Дубалга илип коюп, улам карап эле сүйүнөм. Бир жума сүйүнүп жүрдүм. "Кубаныч" деп атадым. Анан тынбай эле оюу кесе бердим. Азыр көргөндө өзүм таң калам, кантип жадабай чыдап ичке кескем деп. Кээде 2 суткага чейин оюу кесип отура берчүмүн. Кийин альбом чыгарыш керек деген ой келди. Убакыт болсо өтө берет экен. Турмушка чыгып уулдуу болдум, анан ал 3,5 жашка чыкканда ага да үйрөтө баштадым.Өзүнөн өзү эле болуп кетти. Адегенде аны алаксытыш үчүн көрсөтчүмүн. Мен кескенде кошо кесем деп кызыгып сурай баштады. Кагазды бүктөп туруп чийип берип коем, кесип бүткөндө ачып көрсөтсөм аябай сүйүнөт, жыргап секирет. Адам жакшы иш кылса же бир кооз немее жасаса Кудай сүйүнөт деп койсом, ого бетер жыргайт. Дагы оюу кесели деп сурайт, анан кагаздан көп бүктөп, көп оюуларды, жаныбарларды чийип берип коем. Бүтмөйүнчө кесип отурат да, кескендерин жерге жайып коюп , мага чуркап келет: "Мама, мен тиякта Кудайды сүйүнтүп отургузуп койдум",- деп жыргап. Бала эмеспи, таптаза да. Ошентип атып оюунун түрлөрү мурдагыдан да көбөйүп кетти. Көрсө, уулум экөөбүз бири - бирибизди шыктандырыптырбыз. Бирөө көрсө эле таң калат, ушуну кантип 4 жашар бала кессин деп. Байкасам, кичине тургай чоң кыргыздар оюу кеспейт экен. Бала 4-5 жашында кайчы кармай баштаганда эле үйрөтө баштаса болот. Ошондо балдарга үйрөтүү үчүн китепке оюуларды даярдадым. Анан "Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет" болуп дагы жылдар өттү. Баягы оюуларды ким көрсө да баары сонун экен дейт. Чын эле сонун бекен, салыштырып көрөйүн деп атайы оюу боюнча китептерди карап көрсөм, чын эле мага да ошондой сезиле баштады. Оюу боюнча болгон китептин баары менен таанышып чыктым да, мен кыргыз оюусун абдан жакшы өнүктүрүп, оюу өнөрүнө чоң жаңылык киргизиптирмин деген чечимге келдим. Бул негизсиз мактаныч эмес. Чынында жөнөкөй оюуларды Садыбакас Кадыралиев менен Шакен Мамбетаипова экөө гана кичине өнүктүрүптүр, алардан башка жаңылык киргизгени жөнүндө маалымат тaппaдым. Албетте, менин энеме окшогон тубаса таланттар кыргызда толтура эле болсо керек, бирок ошолордун өнөрүн барктап, эч ким элге жайылтпаптыр. Ал эми оюунун түрлөрү, философиялык мааниси жөнүндө билген адамга азырынча жолуга элекмин. Көрсө, дээрлик 95 жылдан бери көп түрлөрү өнүкпөптүр. Билим берүү жана маданият ишмерлери кыргыздын көркөм-прикладдык жалгыз өнөрүн өнүктүрүү жана жайылтуу керектигине маани бербептир. Кыргыздар өз элинин оюуларын түшүнбөйт, аларды азыр туристтерге сатып, акча табуу үчүн эле пайдаланылып атат. Бүт дүйнө элдеринин оймо-чиймелерин изилдедим, кыргыз оюусундай терең философиялык мааниси бар жана өзүнөн-өзү туруп эле аябагандай кооз оюулар башка элдерде чанда эле жолугат экен…
Оюу кыргыздардын үйлөрүнө кайтып келиши абдан маанилүү. Себеби, мээге маалыматтын 90%га жакыны көрүү сезими аркылуу келет. Ал эми азыркы үйлөрдө чет элдик килемдер, обойлор, эстрада жылдыздары... Алардын энергетикасы кыргыз оюсунда жаткан Манас Кутунун деңгээлине кыпынча жакындабайт.
Оюулардын маанисин, бир-биринен айырмасын билген адистер да жок.
Кыргызпатентке үч жылда араң далилдеп, автордук күбөлүк алдым. Мени кыргыз кылып жаратып, "Манас" угузган Кудайга ыраазымын. Таятама, мамама, өзүмдүн жан койбогон тентегиме ыраазымын. Себеби, таятам Маразыков Ырсаалы "Манас" адеп чыкканда айылы Тасмага (Түп району) биринчи болуп эки томун апкелген күндөн баштап, күнүгө бүт айылдын карылары чогулуп келип "Манас" угушчу экен. Мамам биринчи класстан баштап окууга тапшырганча элге "Манас" окуптур. Бактылуу экен деп ойлойм, анткени, бир айылдын жөнөкөй адамдарынын баатыр Айкөл атабызга, Алмамбет, Каныкей, Кошой, Бакай, Сыргактарга жана эпостогу канчалаган окуяларга суктанып бирде ыйлап, бирде күлүп, каармандар менен чын ниетинен эл тагдырын ойлогон аурасында ошончо жылдар бою жан азыгын ыйык улуу "Манас" аркылуу алган экен. Жетиге чыкканча мен да ошо чөйрөдө өскөм. Ал жогорку саппатагы энергиялар анан акыры жаңы оюулар болуп калыптаныптыр. Азыркы кыргыздарга денсоолук керек болсо, балаңар жөндөмдүү болсун, үйбүлөңөрдө ынтымак болсун, эл ичинде биримдик болсун десеңер "Манас" окугула деп айтат элем. "Манас" бизге алас. Кудай бекер берген эмес да. Себеби, "МАНАС"=МАН (МЕН)+АС (ЭС). МЕН деген ЭСмин, убактылуу денени кийип жүргөн түбөлүктүү Жогорку Акыл-Эсмин (МАНАС санскритте да Жогорку Акыл-Эс дегенди билдирет), ошону эстеп жүргөн жүрөгүңдөгү Эсмин Мен (Высшее Я, Я Есмь) дегенди билдирет деп эсептейм. А эмне үчүн кыргызда көп кылымдардан бери дайыма манасчылар болуп, элге Манас атабыз даңазаланып келген? Эмне үчүн бүт дүйнөнү таңданткан "Манас" бизде бар? Эмне үчүн биз кыргыз деген элбиз? КЫРГЫЗ-КЫРГЫС-кырууга мүмкүн эмес (неуничтожимый, неистребимый)-бул деген РУХ дегенди билдирет, жан чыкканда дене өлгөнү менен РУХту жок кылуу мүмкүн эмес. Кыргыз элинин МАНАС-МЕН ЭСи бардык замандарда бизге: "Сен кыргыссың, кырып жок кылууга мүмкүн болбогон түбөлүктүү Жогорку Акыл-Эссиң, ошого жараша жаша, жалган дүйнөгө берилбей", - деп келатпайбы. Илгерки эң эле жөнөкөй оюуларыбызда дагы ушул маалымат бар. "Манас" керек кыргызга. МАНАС жогорку энергиясы.

Түй, жүрөккө!
Зор "Манас" көлөмүнө жетпес ченем,
Үч айлап айтса дагы түгөнбөгөн.
Кыргызда дагы канча көп укмуштар,
Чынында баары сенин демиң белем?!
Алыкул Осмонов

Даярдаган
Мундуз Асаналиева
P.S. Сүрөттөрдү колдонгусу келгендер автордун макулдугун алышы керек. Укугу корголот.













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan