Коомдук-саясый гезит
№19, 05.02.08-ж.

Меймансап
Форум



◄◄◄
  Саясат айдыңында

Саясий аренада жаштар эле калды.
"Мен ишенбейм" акциясы "Мен сени сүйөм Кыргызстан" деген акциясын улантуу алдында. Ушул акциясын катышуучуларын кепке тарттык.

- Жогорку Кещештин алдына акция уюштуруп чыкканыщарда не себептен камап кетишти?
Айсулу Алымбек кызы:
- Биз ЖКнын имаратынын төрт эшигинин алдына туруп алганбыз. Депутаттар көрсүн деп. Бир убакта 1-май райондук РОВДнын начальнигинин орун басары Шатманов келип, силер эчкандай мыйзам бузбайлесңер, эшигине туруп албай имараттын айланасына басып турсаңар болот деген сөзүн угуп, бирибиз Кыргыздрамга, бирибиз башка жагына кетип баратсак эле машиналар менен "кызыл шапкечендер" кызылдайле жулмалап салып кетишти. Ошол убакта Шатманов таң калып калды "ким буйрук берди, ким" деп. Ар бир кыймылыбыздан бийликтин коркуп атканын билип атат да. Анткени, кир, ыплас жолу менен бийликке балчайып олтуруп алганын ал дагы түшүнүп, билип турат.
Ошентип, РОВД га 3 күн тыгып тыштады. Андан кийин эки күн сот болду. Жалпы 11 адамды камап кетишкен. Акчалай 2000сом, 1500сом айып салып жөнөтүштү. Ошолордун ичинде экөөнү административдик айыпка биринчи жолу тартылып атасыңар деп акташты. Калганыбыз РОВДга олтуруп жүрүп көнүп калганбыз.
Мирсулжан Намазалиев:
- Сени камап жатканда кандайдыр бир коркутуу- үркүтүүлөр болгон жокпу?
- Тескерисинче милиция кызматкерлери бизди колдоп турушту. Бизге маалыматтарды берип атышты. Силерди жөн эле камап атышат. Биз кызмат абалыбыздан пайдаланып, силерди ачык колдоп чыгалбайбыз, азаматсыңар, чыныгы кыргыздын патириот жаштары экенсиңер дешип күйүп турушту. Алар ичтеринен сызып, бизди аяп атышты. Аларга өйдө жактагылар буйрук берип каматып атканын билипле аттык. Айрым бир "кызыл шапкечендер" кызматтарынан көтөрүлүү же кадайдыр максатты көздөшүп, "Мен ишенбейм" акциясын жети желмогузундай, душман катары көрүп атышат.
- Силерди милиция органдарынын сөзүн укпай койду деген кинени коюп жатышпайбы?
- Бул асмандан алынган шылтоо. Бизге алар эчнерсе дебестен эле тарап бараткан жерибизден кармап кетишкен. Сот учурунда сөз эмес өздөрүн биринчи жолу көргөндүгүбүздү далилдеп бердик.
Арслан
Шаршеналиев:
- Мирсулжандын сөзүнө кошулам. Алар деле иштеген ишинен айрылып калгысы келбейт да. "Дөөлөрүнүн" буйругун аткарууга мажбур. Жаман көрүнгөнле катардагы милициялар.
- Сени жалгыз эле пикетке чыкты деген айып коюшту дейт, чынбы?
Айчүрөк
Маматкадырова:
- Сотто ошентти. Күлкүң келет. Жөн кана жүргөм кармап кетишти. Жалгыз барып алып плакат көтөрүп чыкмак белем. Кызык. Сасык, суук жерге беш күн жаткызып, коркутам деген окшойт, коркпойм. Дагы мындай акциялардын көбүн өткөрөбүз.
- 14-феврал сүйүшкөндөрдүн күнү-күнү өткөзгөнү жатыптырсыңар. Не себептен ушул күндү тандап алдыңар?
Айсулуу Алымбек кызы:
- Биз ошол күнү мекенибизди сүйөөрүбүздү далилдейбиз. Биз "Мен сени сүйөм Кыргызстан" деген ураанды көтөрүп чыгабыз. Пикет же митинг эмес, тынчтык жүрүшүн кылабыз. Проспект Манас менен Ахунбаев көчөсүнүн кесилишинен тартып, Манас менен жүрүп отуруп Чүй проспектиси менен Эркиндик символу болгон эстеликтин жанына "Мен сени сүйөм Кыргызстан" деген жазуусу бар плакатты шариктин жардамы аркасында асманга учурабыз. Азыркы, Мериянын токтомуна карап бизди камап салса, бийликке не деп айтарыбызды билбейм. Анткени, бул тынчтык көчө жүрүшү. Тоскоолдук кылбай деп эсептейбиз.
- Кандай талаптар менен чыгасыңар?
- Баштан бери коюп келаткан талаптарды эле койобуз. ЖКнын депутаттарын легитимсиз деп эсептөө менен бирге таза, демократиялык баалуктарга жооп берген шайлоо аркылуу бийликке келишин талап кылабыз.
Мирсулжан Намазалиев
- Силердин акцияны Америка уюштуруп, акчалай каржылоо көрсөтүп атыптыр деген сөздөр жүрүүдө. Буга кандай дээр элең?
- Эгер ошондой колдоолор болсо сүйүнмөкпүз. Анда жашырбайле айтып чыкмакпыз. Мындай сөздөрдүн баардыгы ушак. Бийлик тараптан кеткен, бизге каршы сөздөр. Материалдык колдоо көрсөткөндөр жок. Айрымдар кел бизге кошулгула деп атышат. Алардын өзүнчө талаптары бар. Тигини кыл, муну кыл дешет десең. Биз буга макул эмеспиз. Анкени, алар бийликке келүү же башка иштерине пайдалангысы бар. Биздин максатыбызга жетүү үчүн өз жардамдарын көрсөтөбүз дегендерге каршы эмеспиз. Бирок, өздөрүнүн талаптарын койбосун. Ал эми моралдык колдоо көрсөткөндөр оголе көп. Айрыкча жаштар сүрөп атышат. Биз тескерисинче, плакат аны-муну иштерге өзүбүздүн чөнтөгүбүздөн чыгарып жатабыз.
- Ошол чөнтөгүңөргө акчаны кайдан табасыңар?
- Биздегилердин көпчүлүгү сабака да барышат, иштеп акча тапкандар. Кыргыз үчүн, эл үчүн бардыгына кайыл болуп жүргөн патириоттор.
Алдыда өтүүчү акцияга да кошумчалай кетсем, ошол акцияны мекенибизди сүйгөнүбүздү тастыктоо үчүн чыгып атабыз. Бийлик өкүлдөрү бизди сүйдүрөбү же не кылат! Же, мекенди сүйүш үчүн бир орунга барып сүйүш керекпи? Паркка, көчөөгө чыгып алып сүйөбүзбү, ушуну карайлы деп жатабыз.
- Бөлөк өлкөлөрдөгү кыргыздарда силерди колдоп акцияга чыгышат деп жатпайсыңарбы?
- Канаданын "Таронта" шаарында14-февраль күнү ушул эле акция синхрондук түрдө өтөт. Мындан тышкары Европа өлкөлөрүндө, Белгия ж.б. малекеттериндеги кыргыздар шайлоонуну кир өтүшүнө нааразычылыктарын көрсөтүп жаткандыгы мекенин сүйгөнүн далилдеп атышат. Бизди Кыргызстандагы кыргыздардан башка четжактагы кыргыздар колдоп жатканы биздин артыбызда жоон топ эл тургандыгын билгизет.
Айсулуу Алымбек кызы
- Жоомарт Сапарбаев "Ата Мекен" партиясынан эмеспи, бул партиянын камчысын чабып атышат деген да пикирлер жайнайт. Оюңуз.
- Ушул пикирди депутат болуп жүргөн Конакунов да айтты: силер "Ата Мекен" партиясынын саясий куралына айланасыңар дейт. Эч кандай партияга же бирөөнө көз каранды эмеспиз. Мындай ой жүгүрткөндөр катаачылык кетирип атышат. Элдердин психологиясы көнүп калыптыр, нараазычылыктарын билдиргендерди бирөө акча берип жалдап чыгып атышат дешет. Биз өзүбүздүн дилибиз менен чыгып атабыз. Мурун элди бийлик, оппозиция тарап көндүрүп салышып, айрым көралбастар, туура эмес ой жүгүртүшүүдө.
Арслан Шаршеналиев:
- Сен акцияга патриот катары чыгып жатасың, биринчи жолу "кызыл шапкечен" байкелерге түшкөндө кандай абалда калдың ?
- Биринчи камалганда экинчи акцияга чыкпайм деп баштагам. Бирок, төрт күн отуругузуп экинчи чыккыс кылабыз дешкен көрүнөт. Мен үчүн ошол төрт күн жол тандоо күн болду. Бул күндөрдө ушундай күч топтолду. Патириоттук сезимди ого бетер ойгонтту. Ушундай туура эмес багытты тандап алган бактысыз Кыргызстандын бактысын биз жаштар кана күрөшпөсөк "атка минерлердин" бул жөнүндө ойлой турган ойлору түгөнүп калган. Мени ушул маселе түйшөлтөт. Элим, жерим үчүн баарын кылууга даярмын.
- Саясий аренада "Мен ишнебеймден" башка саясатчылар жыммырттыкта жатышат. Буга кандай карайсың ?
- Тилеке каршы ушундай жымжырттык өкүм сүрүүдө. "Акжол" партиясы ляппай таксыр принциби менен күн көрүшүүдө. Ал эми оппозиция жээги "жуушап" жатышат. Айрымдары биртике кыйкырымыш болгону менен көзгө урунарлык эмес. Азыркы учурда револициялык комитеттин "Президентти кетсин" талаптары туура эмес болуп жатат. Парлементтик шайлоо баткак жол менен өттүбү, ошол нерсенин аягына чыгыш керек болчу. Жаштар саясий аренада кыйкырып жүргөнү, азыркы бийликтин терс мамаилесинен улам болп жатат.

Маек уюштурган
Улукбек Кутманбаев














Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan