п»ї
№20, 08.02.08-ж. Кыргыз гезиттер
п»ї
  Кокуй кеп

КЫРГЫЗДАР ДЕЛЕ ХОККЕЙ ОЙНОГОНДУ БИЛИШЕТ, БИРОК…
Канадалыктардын улуттук оюну аталган хоккейдин дүйнөгө жайылганына бир топ болду. Бирок, ошого карабастан айрым билермандар кыргыздарды совет доорунда хоккей ойногон эмес деп жүрүшөт. Бул болбогон жалган кеп экендиги айтпаса да белгилүү.

Биз бала чакта кышкысын кабакта хоккей ойноп чоңойдук. Клюшка деген жокко эсе болчу. Ылайыктуу ийги бутакты сындырып, хоккей таягын жасап алаар элек. Биздин класста окуган колу уста Мурат менен Медеттин жасаган клюшкасы мыкты болоор эле. Анан шайба жоктугунан суу жыгачты туурасынан таарып, шайба кылаар элек. Айрымдары женил болуп же катуу чаап койсоң экиге бөлүнүп жарабай да калчу. Өзүбүз да мен Харламов, тигил Майоров, сен Третяк, ал Фетисов деп шыктанып, кээде үй бетин көрбөй, шайба көрүнбөй калганча ойноор элек. Ошентип шайбадан кыйналып жүргөн учурда биздин Онарча (Эчкибашы) айылына чоң насос станция менен чоң канал курула баштады. Балдардын тапкычтыгына таң берсең болот. Каналдын бетон латогун бири- бири менен бириктирген жоондугу аркандай резинаны туурасынан кесип алса, жеңил да бутка тийсе оорутпаган да шайба болуп калды. Анда биз хоккей ойноп жүргөндө буту- колду сактоочу жабдууларды кайдан билиптирбиз.! Атасы дүкөнчү классташым Мустафа кадимки шайба менен клюшка саттырып алганда, калган балдар абдан арданган элек. Мурда жыгач шайба шыйрагына тийсе, бутуң сынып кеткендей эле боздоп жатып калчубуз. Оюндун кызуусу менен ооруганын да унутуп, кайрадан хоккей кызыгына арбалып калаар элек. Кадимки шайба деле андан кем тийбейт экен, ага деле кайыл болуп ойноор элек. Хоккейден талашып- тартышуу, кызыл чеке уруш, чоңураак балдардын үстөмдүгү да болоор эле. Кыргыздын ар бир айылында ушундай балдар хоккей ойноп чоңоюшту.
Анан 9- класстан баштап Нарын шаарындагы Токтогул атындагы мектепте окуп калдым. Мына ошондо анык хоккей мелдештерине күбө болуп, биз айылда жөн эле хоккейди туурап жүргөнүбүздү түшүндүм. Нарын шаарында кышкысын ар жыл сайын "Алтын шайба" мелдештери өткөрүлүп турчу. Нарындагы стадинго муз тоңдурулуп, хоккей аянты жасалчу. Бир туугандар Мурат жана Жолдошбек Дүйшөналиевдер, жеңил атлетика боюнча Сеул олимпиадасынын чемпиону Мария Кулчунованын иниси Алманбет (Алик) Кулчунов, менин классташтарым (Тема) Темирбек Жуманазаров, маркум Бейше Кумаев, Адам Жумалиев, учурда Нарын облусттук спорт комитетинин төрагасы Болот Бектемишов хокейди кыйын ойноп, республикалык мелдештерге да барышчу. Анан эле эгемендүүлүккө ээ болгону хоккей эмес, башка спорт түрлөрүн да араң сактап калдык.
Хоккей оюунунун салтын улаган жумгалдыктарга ырахмат. Алар 7-8 жылдан бери хоккей боюнча турнир өткөрүп, өчкөндү улантып, демилгеси ар тараптан колдоого алынбай, бул спортту колго бекем алып, өзүнчө федерация, мектеп ачууга бел байлаган ишкерлер бул спорттун жүгүн көтөрүүгө батынбай келет.
Жумгал районунун Чаек айылына жакын хоккей ойноого ылайыктуу Шортон деген саз бар. Бул жерде кышкысын тээ совет доорунда эле муз тоңгондо жергиликтүү балдар хоккей ойноону салтка айландырып алышкан. Эгемендүүлүккө ээ болгону кыргыздар да хоккей ойной алышаарын ушул жумгалдыктар далилдеп келүүдө. Кыргыз Эл депутаты Э.Матыевдин жаркын элесине арналган хоккей турнири жакында эле сегизинчи ирет өткөрүлдү. Ага Жумгалдан, Нарын жана Чолпоната шаарларынан командалар катышып, мөрөй талашты. Эки күндүк кызыктуу мелдештин соңунда биринчи раунду Нарын шаарынын командасы олжолоп кетти. Финалда алар Чаектин "Эркин-фарм" командасын утуп, былтыркы чемпиондугун сактап, бекемдеп коюшту. Акыркы жылдары такай чемпиондук наамга ээ болуп келаткан Нарындын командасынын катарында Болот Бектемишов, Султан Токоев, Алманбет Кулчунов, Эмил Жумалиев сыяктуу "хоккей жылдыздарыбыз" бар. Ошондой эле Чаектин тегерегиндеги айылдарда Харламов, Фетисовдой таанылган Рамис Жуматаев, Айбек Асанкулов, Каныбек Кулманбетов, Жаныбек Бегалиев, Руслан Садабаев, Руслан Сейталиев жана башка хоккейчилердин аттарын угуп, "уучубуз куру эмес экен" деп, сүйүнүп жүрөбүз.
Ушинтип атын атаса куту сүйүнөт болуп компойуп хоккей ойной алабыз, ойногон жигиттер бар деп сыймыктанып жүрө бербей, бул спортту колдоого алып, конуш Казакстан, Орусия жана чет мамлекеттер менен кызматташып, жөндөмдүү жигиттерди атайын тажрыйба алып келүүсү үчүн хоккей клубдарына жиберип, чыныгы команданы түзүп, ишти колдоп алууга эбак мезгил жеткен. Ал түгүл учурда Орусиянын спорт министри болуп турган даңазалуу хоккейчи Фетисов деле Кыргыздардын бул демилгесин колдоого алаар деген үмүт бар. Ал кантип эле өзүнүн "родной" спортуна сыртын салып, колдоого албай коймок эле. Жок дегенде клюшка, коньки, спорт жабдууларынан жардам берип, машыктуруучуларды окутуп, билимин өркүндөтүүгө салымын кошоор. Анан дагы миллиондон ашуун кыргыздар Орусиянын шаарларында эмгек мигранты болуп, жашоо- тиричиликтин айынан сыртта жүрүшөт. Расмий эмес маалыматтарда 300-400 миңдей кыргыз Орусиянын атуулдугун алып алышканы айтылып жүрөт. Ошол Орусиянын ири шаарларында хоккей клубдары, спорт мектептеринде хоккей секциялары бар. Кыргызым, эсиң болсо ушундай мүмкүнчүлүктөрдү колдон чыгарбай, тажрыйбалуу машыктыруучуларга уул- кыздарыңды кышкы спорт түрлөрүнө берип, хоккей ойноонун сырларын үйрөтүп, коньки жарыштарына жана муз тебүүгө машыктырсаңар ошол жигит-кыздар Кыргызстанды коргоп беришээр эле. Себеби 2010- жылы Канаданын Ванкуфер шаарында Кышкы олимпиада, 2011- жылы Алматыда кышкы Азия оюндары жана 2014 жылы Орусиянын Сочи шаарында кышкы олимпиадалык оюндар болмокчу. Ушул кышкы дуйнолук таймашууларда кыргыз улан- кыздары катышып, онору корсотсо дегенде эки козум торт. Себеби Кыргызстанда кышкы спортту өнүктүрүүгө жаратылыштын шарты болгону менен адистер жана мамлекетин аракети да жок. Ошондуктан Орусияда иштеп жургон мигранттар гана бул өксүктүн ордун толтурууга шарты да, мүмкүнчүлүгү да бар. Эң негизгиси мезгил ыргагын түшүнүү менен мамиле кылып, эл намысын ойлоп, уул- кыздарын Орусиянын мыкты машыктыруучуларынан таалим- тарбия алышына жол ачса гана болгону. Баарына жөндөмдүү кыргыз улан- кыздары сөзсүз ийгиликке жетишмек, себеби алар баатыр, Айкөл Манас бабамдын урпактары экенин унутпаса болгону. Себеби, кошуна казактар менен өзбектер кышкы спортту эбак колго алышкан. Казактар Алматыда кышкы Азия оюндарын өткөрөбүз дешип кышкы спорт сарайларын, лыжа тебүү базаларын куруп, Медеосун эл аралык талаптарга ылайык кайра реконструциялап жатышат. АКШнын Солт-Лейк-Сити шаарында 2002-жылы өткөн кышкы олимпиадада Казакстандын эркектер командасы хоккей таймаштарына катышса, 2006- жылы Италиянын Турин шаарында болгон кышкы олимпиадалык оюндарда Казакстандын кыз- келиндер командасы татыктуу беттешүүлөрдү өткөргөнүн өз көзүм менен көрүп, арданган элем. Ал эми Өзбекстандын көркөм муз тепкен кыз-жигиттерин айткан менен бизде ал спортту колго алуучу эр- азаматтар азырынча чыга элек.
Кыргызстанда хоккей ойной турган бир дагы спорт сарайы жок. Аны курууга ниет кылган кыргыз жигиттеринин демилгеси колдоого алынбай келүүдө.
Жакында Бишкектин Мадина базарынын артындагы "Белый парус" аттуу кореялык ишкерлер курган спорт комплексиндеги муз аянтчасы хоккей ойноого ылайыктуу эмес, стандартка туура келбестиги абдан өкүндүрдү. Ушунча аракет кылып муз аянтчасын кургандан кийин эл аралык талаптарды эске албай кичине кылып койгонуна абдан кейидим.
P.S. Баса, хоккейдин 100 жылдыгына Караколдо мелдеш болгону жатат. Бул тууралуу кеп кийинки санда.

Кабыл МАКЕШОВ,
спорттук баяндамачы




  Шайба оюнунун тарыхы

Спорт оюнунун бир түрү болгон хоккей оюну XVI-XVII - кылымдарда Голландияда алгачкылардан болуп ойноло баштаган. Ал мезгилде голландыктар таяк жана кичинекей топ менен эки командага бөлүнүп алышып, мелдештерди уюштурушчу. Акырындап дал эле ошого окшоштурушуп англичандар да ойноп, аларды скандинавиялыктар туурашкан.

1843-жылы Кингстон портундагы Британия солдаттары кичинекей топ таяктары менен өз ара беттешүүлөрдү уюштурушуп, көпчүлүктүн көңүлдөрүн өздөрүнө бурат. 1847-жылы 50дөн ашык команда пайда болуп, музга дарбаза катары казык кагып коюшуп, жалпак таштар менен ойноп башташкан.
1870-жылдары Канадада хоккей спорттун кышкы оюнуна кирип, көпчүлүк спортчулардын кызыгуусун арттырат.
1879-жылы Канадалык Робертсон деген киши биринчи жолу бул оюнга резина шайбасы менен ойноону сунуштап, көпчүлүк анын сунушун кабыл кылып, ошондон ары резина шайба менен ойноло баштайт.
1885-жылы Монреалда хоккей сүйүүчүлөрдүн ассоциациясы түзүлгөн.
1886-жылы хоккей шайба менен ойноонун официалдуу эрежелери иштелип чыгат. Анын автору Канадалык Р. Смит деген киши болгон.
1886-жылы биринчи жолу эл аралык беттешүү уюштурулуп, анда Англия, Канада командалары беттешишет.
1893-жылы Канаданын генерал-губернатору Фредрик Артур "алдыңкы хоккейчилер үчүн" деген колдон колго өтүүчү сыйлык катары күмүш ваза тартуулап, ал жеңүүчү командалардын колуна өтүп турган.
1899-жылы Монреалда биринчи жолу он миң киши сыя турган, жасалма муз менен жабдылган үстү жабык стадион курулган.
1904-жылы Канадада эл аралык деңгээлде беттештер уюштурулуп, ага бир канча мамлекет катышкан.
1947-жылы дүйнөлүк согуш аяктаган соң Прагада биринчи болуп хоккей боюнча дүйнөлүк мелдеш уюштурулат. Акыркы жылдары аялдардан түзүлгөн команда пайда болуп, алар дагы эл аралык беттештерге катыша башташты.
1998-жылы Наганодо хоккей кышкы олимпиадалык оюнга кийрилип, АКШынын тандалма командасы олимпиаданын алгачкы чемпиону болуп калды.
Мына ошол мезгилден баштап, бүгүнкү күнгө чейин хоккей оюну спорттун бир түрү болуп эсептелип, бүтүндөй дүйнө элдери бул оюнду өтө кызыгуучулук менен ойноп келе жатышат.

С. Мырзакулов





а ­е¦Є.НҐй«