![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №20, 08.02.08-ж. |
Меймансап Форум САНДАН-САНГА Баратбай АРАКЕЕВ (Повесть) Мент (Уландысы. Башталышы өткөн санда) Каныбекти кармай албай калган Машаев начальнигинен катуу тил укту. Ушуга чейин жакшы иштеп келген неме уялып, сынып турду. Ошондон бир жума өтүп, Машаев начальнигинен суранып, Каныбекти кармап келүү үчүн дагы жөнөдү. Бул саам өзү жалгыз болчу. Келери менен раймилицияга кирип, келген жөнүн түшүндүрдү. Булар да качкан немени издеп таппай жатышкан экен. Ал жердин начальниги Машаевдин жанына тың жигиттерден бирди кошуп берди. Экөө Каныбектин эжесиникине, өз үйүнө, баягы кач деп эскерткен досунукуна барышты. Баягы бойдон алардын бири да көрбөптүр. "Жылкыбызды эмгиче сатып жиберди го" деп эжеси каргап-шилейт. Досу болсо "көрсөм көзүм аксын" деп карганат. Жок издеген экөө ошол жердеги шаардын базарларын, эл көп жүрчү жерлерди сыдыра кыдырышты. Жиги билинбейт. Ошентип жүргөн күндөрдүн төртүнчү күнү Машаев бир дүкөндүн жанына токтоп, жанындагы опер тамеки алам деп дүкөнгө кирген. Бир маалда бирөө: -Дос, ипподромго чейин таштап койбойсузбу,- деп Машаевден суранып турбайбы. Бул неме издетип суй жыгылткан баягы Каныбек шүмшүк экен. Машаев аны дароо тааныды, анан сыр билгизбей: -Отур,-деди эле, тиги арткы эшикти ачып, машинеден орун алды. Аңгыча тамекиге кеткен опер дүкөндөн чыгып, машинеге отурганда Машаев машинеден түштү да, Каныбектин жанына отуруп жатып: -Кана, жигит, колуңду тосчу,-деп капарсыз отурган неменин бир колуна кишен салып, экинчи жагын эшиктин туткасына бекитти. Алдыда отурган опер бул окуяга оозу ачыла таң калды. Каныбек мындайды кайдан күтсүн, эси оой шалдырап, кыймылсыз отурду. Машаев ичинен айда кудуңдап жылмайып, качкынды какшыктады: -Өзүң келип берген ак көңүл, акдил жигит турбайсыңбы, "отко салса - күйбөгөн, сууга салса - чөкпөгөн" илгерки Каныбек болуш азыр өтө кыйын. Кээде турмуштун өзү жомок. Жер-сууну сыдыра издеп таппай жүрүшсө, өзү келип, машинеге отуруп бергени жомок эмей эмне. Машаев ошол эле күнү түн кире Каныбекти борборго алып келип, камерага тыкты. *** Бир күнү Машаев кабинетинде отурат эле, информатор "кулактарынын" бири телефон чалды. "Баланча деген неме Оштон толтура наркотик алып келип, четинен сата баштады" деп. Машаев ошол күндөн баштап бир жумага чейин наркотик саткан немеге байкоо салды. Ал үйүнөн башка жакка чыкпады, башка бирөөлөр да келбеди. Машаев баягы "кулагын" таап: "Сен жалган фактыны айткансың го" десе, тиги мурда айткан сөзүн дагы бышыктады. Эки күндөн кийин ошол наркотик сатат деген элүүлөрдүн жоон ортосундагы мурутчан неме үйүнөн чыгып, көп алыс эмес жердеги райпрокуратурага кирип кетип, туура бир сааттан кийин чыгып, үйүнө келди. Дагы жарым саат өтүп, анын үйүнүн жанына бир иномарка токтоп, андан түшкөн эки жигит тигинин үйүнө киришип, бат эле кайра чыгышты. Шектүү басышып, эки жактарын карап, машинеге түшүп кетишти. Алар наркотик сатып алыштыбы, же алып келген "товарларын" өткөзүштүбү - белгисиз. Машаев Миша экөө ошол машиненин артынан түшүп, ал бир базардын жанына токтоору менен жетип барышып, аларды жерге түшүрбөй документтерин сурашты. Рулдагынын правасынан башка экөөндө тең документ жок экен. Бир маалда ошол рулдагы неме оролгон бир нерсени ыргытып жибергенде Миша ала коюп, ичин ачты. Болжол менен жарым килдей аппак наркотик - героин болуш керек. Машаев рация менен дежурный бригаданы чакырып, тигилерди тапшырып берди да, Миша экөө түз эле баягы наркотик сатат дегендин үйүнө келип, дарбаза кагышты. Аздан кийин короодон: -Бу ким? -деген үн чыкты. -Милиция! Тиги киши үндөбөй, дарбазаны да ачпай үйүнө кирип кетип жок болду. Машаевдер бир аз күтүп, анан тигинин эшик ачпасын билип, Миша дубалдан секирип түшүп, дарбазаны ачты. Үйдүн эшиги ичинен илинген экен, далайга такылдатып, эшикти ачтыра албай турушту. Ошентип, наркотик сатат деген неменин эшигин такылдатып, ачтыра албай турганда дарбаза ачылып, жарашыктуу костюм кийген, чыкыйта галстук байланган шыңга бойлуу жигит кирип келди да, тиги экөөнө түз эле бир тийди: -Эй, санкциясыз бирөөнүн үйүнө кирүүгө кандай акыңар бар, ыя?! Машаев аны тааныды. Райпрокурордун жардамчысы. Орой сөзгө орой жооп берсе балакет болоорун билген Машаев бул жерге келген жөнүн жай түшүндүрдү эле, тиги: -Кандай болгон күндө да санкциясыз үйдү тинтүүгө болбойт,- деп экөөнү жолго салды. Бу немеге үйдүн ээси телефон чалып, эшигимди милийсалар талкалаганы жатышат деп жанталаша чакырган эле. Экөө Оштун бир айылынан болушат. Прокурордун жардамчысы отузга чыга элек болгону менен капталын небак жеп бүткөн неме. Айылдашынын көп жылдан бери наркотик сатканын билет, "крыша" болуп келет. Бир ирет Оштон милийсанын колунан камырдан кыл суургандай сууруп да чыккан. Сөзсүз да, бекер коргомок беле. Жана эле ушул жердеши анча-мынча каражат керек десе алеки саатта прокуратурага жетип барып, миң долларды чөнтөгүнө салып кайткан эмеспи. Машаевдер кеткенден кийин наркотик саткан немени наркотиги менен салып, дагы бир адреске таштап кайтты. Эми санкция алып алышып, үй ичин маа демектен миң ирет тинтишсин!.. Машаев оңой менен моюн сунуп калчулардан эмес. Жана үйдөн бир топ узай берип Мишаны машинеден түшүрүп, катуу тапшырма берген: "Азыр тигинин үйүндөгү наркотикти башка жерге алып кетишет. Сен бир машине кармап алып, кай жерге барышаарын акмала, аны тактаарың менен бөлүмгө чал.Мен ошол жерде начальникке айтып, даяр турам" деп. Өзү аңдыса болмок, бирок прокурордун жардамчысы аны сыртынан тааныйт эмеспи. Миша катар тизилген таксилердин бирин кармап, күбөлүгүн көрсөтүп, тиги кеткен экөөнүн артынан жөнөдү. Алар көчөдөн-көчөгө өтүп, заңгыраган бир үйгө токтошту. Машинеден наркотик саткан неме пакетин колтуктай түшүп, тез эле ачылган дарбазадан шып кирип кетти. Прокурордун жардамчысы буйдалбай кете берди. (Уландысы бар). Криминалдуу окуя Миллионго бааланган өмүр (Башталышы өткөн санда) Асмандагы каалгып учуп жүргөн бүркүт төмөндөгү көрүнүштөн тажагандай кайдадыр учуп кетти. Абдысамат ар бир акчасынын аягына чейин күйүп бүтүп, күлү калганынча карап турду. Башын буруп баштыктын өзүнө үңүлдү, анын ичинде эмнелер бар, эмнелер калды кызыккан деле жок. Акырын алды да, сууга ыргытып жиберди. Эмки кезек үстүндө дүрбүсү бар снайпер мылтыгына келди. Аны акырын колуна кармап турду да, өзүнчө күбүрөнүп койду. "Сен да канчалаган адамдардын өмүрүнө кириптер болдуң. Сен тирүү жандыктардын өмүрүн алыш үчүн гана жаралган нерсесиң. Башка эч нерсеге пайдаң жок. Эми сен мындан ары эч бир адамдын,эч бир жан-жаныбарлардын жанын ала албайсың. Тигил төмөн жактагы өлүп жаткандар эң акыркылары болууга тийиш. Мындан ары мага болгон кызматың токтойт. Сага ырахмат деп да айтууга оозум барбайт. Адам өмүрүн кыйгандан башка эчтеке кызмат кылган жоксуң. Чоң аталарымдай болуп бүтүндөй бир айылды баккан мылтык болсоң, сага ыраазычылыгымды билдирет элем. Эми сен эч кимге кереги жоксуң, сенин да милдетиң менен кызматың ушуну менен бүтүшү керек.Болду, жетишет кан агызганың". Акырын өйдө туруп, өзүнөн анча алыс эмес турган чоң ташка аны болгон күчү менен шилтеп калды. Биринчи шилтегенде эле жыгач эки-үчкө бөлүнө, үстүндөгү дүрбүсү быркырап сынып кетти. Ал өзүнчө сүйлөнө да берди, мылтыкты ташка чапкылай да берди. Жедеп чарчаганда таш-талканы чыгып,мыйрыйган стволду бир карап алып, таштын үстүнө отура кетти. Чөнтөгүнөн тамеки алып чыгып күйгүздү. Аны түбүнө чейин тартып бүткөн соң ордунан туруп,темири калган өзүнүн жакшы көргөн мылтыгын бир-эки айлантып туруп төмөн жактагы сууга ыргытып жиберди. "Эми кезек мага келди" деп, ал жогору көтөрө эч булуту жок чайыттай агылып турган көпкөк асманды карап койду. - Мени кечире алсаң кечир Кудайым,чоң күнөөгө баттым.Нечендеген бейкүнөө адамдардын өмүрүнө кириптер болдум.Далайлардын көз жашын агызып,убалына калдым. Чоң чиновниктердин бал тилдерине азгырылдым,алдандым,алардын өлтүр деген адамдарын бирин да калтырбай өлтүрүп бердим. Акчага кызыгып, адам өмүрүн кыйдым. Душманды өлтүрбөй өз жеримдеги өз элимди өлтүрдүм. Колдорум канга чыланды. Алар менин аңкоолугумду, ишенчээктигимди пайдаланышты. Акыры өздөрү да тигинтип оо дүйнөгө сапар тартышты. Менин көзүмдү тазалайбыз деп жанталашып атышып, өздөрүнүн жандары тынды. Эми менин дагы бул дүйнөдө жашоого акым жок. Тигил жер жуткурлар болбосо, мени бал тилдерине салып азгырышпаса,алдашпаса өзүмдүн киндик кан тамган, туулган жеримде, элимде, абасы таза айылымда, тоолорумда ээн-эркин жашап,эч кимге зыяным жок өмүр сүрө бербейт белем. Бейкүнөө адамдарды өлтүрбөй, жакшылык гана жасабайт белем. "Көсөөнүн акылы түштөн кийин кирет" дегендей, эми араң гана бир нерсени түшүнүп, алданганымды сезип атпаймынбы. Жоо кеткенден кийин кылычыңды ташка чапмак турсун, башка чапсаң да эми эч нерсе кыла албайсың. Мен бул дүйнөдө жашоого акым жок.Тозоктун жалбырттаган отуна чыркырап куйкалансам дагы мен ошого акылуумун. Кечир Кудайым мени, кечиргиле мени! Абаңдан дем алып, сууңдан ичип, азыгыңдан азыктанган туулган жерим, кечир мени. Мен силерге татыксызмын, баардыгыңар кечиргиле! Ал бийик жардын башына чыгып келди да, асманды карап бир аз сүйлөнүп турган соң мойнуна чоң таш байлап, төмөн карай боюн таштады. Ажыдаардай алкынып чамынган суу аны бир "лап" этип жутуп алды да, өзүнө сиңирип кетти. Күрүлдөгөн тоо суусунун үнү бир далай жерге угулуп, тоо куштары эч нерсе болбогондой адаттарынча сайраша, суурлар дөңгө чыгып бири менен бири тикесинен туруп асылышып ойношо, күтүлбөгөн ызы-чуудан алыска үркүп кетишкен кийиктер кайра кайтып келип, тоонун көк шибер,тулаң чөбүнө ээн-эркин жайылыша жашоо улана берди. *** Бир нукка түшүп алып,жай кылдырап келаткан турмушунда, күтүлбөгөндөй бурулуш болуп кетээрин Абдысалам үч уктаса да түшүнө кирбеген чыгаар. Кылымдап тоо мекендеген анча чоң эмес чакан айыл ичинде Союз чачырагандан бери мамлекет саясатынан алда канча оолак болушуп, күнүмдүк көр-тирилик менен алпурушкан карапайым эл менен чогуу өз күнүн көрүп жаткан болчу. Карапайым жашоосун, кулк-мүнөзүн өзгөрткөн балекеттин баары борбордон жайлоого эс алууга келишкен чиновниктерден башталды. Анда Абдысалам жыйырма бешке ошол жылы жаңы гана толгон. Ошол жайда жайлоонун чөбү адатта болуп көрбөгөндөй жакшы чыкты. Дегеле ошол жылдагыдай коюу да, бийик да мынча өскөн эмес. Уруктарын тээ жогору жактан шамал учуруп келгенби,демейде чыкпаган гүлдөр пайда болду. Атасы Карагул айылдын мыкты мергенчиси болуп, тээ согуш мезгилинде тоодон аркар, кулжа, кийик атып келип чакан айылын багып турчу дешет, замандаштары. Алтымыш төртүнчү жылдары жаан жаап жаткан мезгилде кийикке чыгып, чагылган тийип каза болуптур. Ошол мезгилде Абдысалам жаңы гана төрөлүп, алты айлык кези экен. Бир жашка чыга электе баласын кайындарына калтырып, энеси төркүндөрүнө кетип калган. Ошол боюнча бир да жолу кайрылып келбептир.Уккан ушака караганда өзүнүн эле айылындагы жаш жигитке күйөөгө чыгып кеткен имиш. Абдысалам таекесинин колунда чоңоюп өстү.Таекеси чабан болуп иштегендиктен,балтыр кезинен эле малга аралашып чоңойду. Атасынын жолун жолдоп мергенчи болуп, тоо аралап ууга чыкпады. ( Уландысы бар.) Саадатбек Мырзакул уулу |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|