Чоң спорт

Бакиевдин эки уулу тең Олимпиада комитетине мүчө
30- январда Бишкекте Улуттук олимпиада комитетинин жыйынында Эл аралык олимпиадалык хартияга ылайык жаңы Уставы толуктоолор менен кабыл алды. Ошондой эле уюмдун жетекчиси Мурат Саралинов эки жылдык ишмердүүлүгү тууралуу отчет берди. Жыйында быйыл жайында Бээжинде өтө турган олимпиадалык оюндарга даярдыктар талкууга алынып, уюмдун жаңы мүчөлөрү да шайланды.
Улуттук олимпиада комитетинин жыйынында олимпиадалык хартияга ылайык жазылган жаңы уставы бир добуштан кабыл алынды. Жаңы уставка ылайык эл аралык спорт федерациялары тааныган өлкөнүн олимпиадалык түрлөрүнүн отузга жакын федерациясынын жетекчилери УОКко дароо мүчө болуп саналат.
Спорт тармагындагы жетишкендиктери эске алынып Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын ректору Валерий Ким жана "Ак жол" партиясынан шайланган Жогорку Кеңештин депутаты, профессионалдык бокс боюнча дүйнөнүн жети жолку чемпиону Орзубек Назаров улуттук олимпиадалык комитетке мүчө болуп шайланды.
Улуттук олимпиадалык комитетинин президенти Мурат Саралиновдун айтымында уюмдун уставы эл аралык олимпиадалык хартияга ылайык толуктоолор менен кабыл алынды. Эми мамлекеттик чиновниктер, жетекчилер эки тизгинди бир алып УОКтун жетекчилигине шайланууга укуктуу. Бул деген Азербайжандын, Белорусиянын президенттери улуттук олимпиада комитетин жетектеп турганын эске алып, өлкө башчысын же өкмөт башчысын "олимпиадалык шапке" кылуу аракет десек жарашат. Же президентке жакындарга УОКко жол ачуу десек да болот.
- Жаңыртылган Уставды эл аралык олимпиада комитетине жөнөтпөсөк, анда Кыргызстанга финансылык жардам токтоп калышы ыктымал эле. Жаңы устав алымча- кошумчалардын негизинде мыйзам чегинде добуш берүү менен кабыл алынды. Башкы катчы менен президенти шайлоо боюнча жаңы сунуштар эске алынды. Ошондой эле улуттук олимпиада комитетине жаңы мүчөлөр шайланды. Биз жеке кызыкчылыктарды гана ойлобой, өлкөнүн тагдырын, ар- намысын ойлошубуз керек,- деп билдирди жыйындан кийин Улуттук олимпиадалык комитетинин президенти Мурат Саралинов.
Улуттук олимпиада комитетке президент Курманбек Бакиевдин эки уулу тең мүчө болуп саналат. Себеби тун уулу Марат Бакиев бир жылдан бери өлкөнүн ок атуу жана дзюдо федерацияларынын жетекчиси болсо, экинчи уулу Максим Бакиев былтыр күздө өлкөнүн күрөш федерациясынын президенти болуп шайланган. Спорт коомчулугу президенттин уулдарынан үмүт жандырып, колдоо күткөндүктөн федерацияларга жетекчи кылып шайлашкан.
Өлкөнүн футбол федерациясынын жетекчиси Амангелди Муралиевдин пикиринде мурда улуттук олимпиада комитетинин жыйындары жабык өтүп, айрым таасирдүү эле федерациялар чакырылчу эмес.
- Футбол федерациясы өлкөдө таасирдүү уюм болгонуна карабай УОК жыйындарына чакырбай, бизди теңине алчу эмес. Жаңы жетекчилер келгени уюмдун ишмердүүлүгү ачык айкын болуп, бардык федерациялар менен кызматташып жатканы кубандырат. Ошондой болсо да спорт коомчулугун тынсыздандырган спорт тууралуу мыйзам да чийки болуп, спорт клубдарынын, федерациялардын ишмердүүлүгү тууралуу мыйзам долбоору да кабыл алына элек. Себеби коомдук уюмдарды салык муунтуп, иштөөсүнө мүмкүнчүлүк бербей жатат. Кесипкөй спортчулар, аларды социалдык жактан коргоо, колдоо тууралуу да мыйзам долбоору иштелип чыга элек.-дейт экс-премьер- министр Амангелди Муралиев.
Учурда Бээжин олимпиадасына Кыргызстандык 8 спортчу жолдомо жеңип алып, даярдык көрүп жатышат. Спорттун калган түрлөрү боюнча Бээжин олимпиадасына жолдомо берчү эл аралык Гран-при мелдештери, Азия жана дүйнө чемпионаттарына кыргызстандык спортчулардын катышуусуна шарт түзүлүп, камкордукка алынганы ассамблеяда айтылды.
Олимпиада комитетинин эки жыл мурдакы жыйынында ошол учурдагы эсеп палатасынын төрагасы, өлкөнүн күрөш федерациясынын жетекчиси Мурат Саралинов УОКко президент болуп шайланган. Эки жылдан берки улуттук олимпиада комитети кабыл алган чечимдер бул уюмдун кризистен чыга баштаганын көрсөтөт. Эми Бээжинде кыргызстандык спортчулар олимпиадалык таймашууда мөрөй алып, УОКтун, Кыргызстандын кадыр баркын дагы көтөрүп бекен?!

Кабыл МАКЕШОВ,
спорттук баяндамачы