Коомдук-саясый гезит
№20, 08.02.08-ж.

Меймансап
Форум



◄◄◄
  ЭПИЦЕНТР

  Жол бербейли...

Энергетиканы Машкеевич сатып алабы?
Кыргызстандагы энергетика тармагына, Бишкек ТЭЦине, ТЭЦ-2ге "Теплосетьке" келечекте ким ээлик кылат?

Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан кийинки жылдары дүйнөгө терс "афералары" менен таанылган "Сиабеко" компаниясы, анын жетекчиси, кийинки "афералык" кылмышы үчүн эл аралык изилдөөдө жүргөн "мырза" Берштейн, Кыргыздардын Кумтөр алтын кенин алганга шилекейин агызып жүргөндө, биздин жердешибиз, орус тили жана адабияты педагогикалык институтунун окутуучусу, алгачкы бизнести Бишкектеги дааратканаларды арендага алып ("Деньги не пахнет…") алгачкы байлыгын топтогон, азыр Казакстандын эң бай милиардерлеринин бири А. Машкеевичтин карааны бир көрүнгөн…
Акыркы мезгилде Кыргызстанда 15-16 жыл мурун көрүнгөн бир караан жүрөт, биздин жердешибиздин караанына окшош. Кайсыл тармакка көз артты экен. Жакында тараган ЖК депутаттарына өткөн жылы Астана шаарына барганда - эмне максат менен өтө баалуу белектерди, тапшырды экен? Жакында өткөн ЖК шайлоо боюнча, жана башка көп сөздөр жүрүп кетти, эмнеси болсо да элибиздин кызыкчылыгына, биримдигине, ынтымагына, көз карандысыздыгына демократияга зыяны тийбеген караан болсо болду…
Энергетикадан айрылсак, камрик колуна өтсө, Кыргызстандагы бийлик ошолордун колунда, түбөлүк монархияга өтөөрүн унутпасак.
Энергетика - кыргыз элинин байлыгы, келечеги; келечектеги муундардын каргышына калбалы.
Энергетика - кыргыз элинин менчиги болгондо гана, Кыргызстан гүлдөп өсөт, келечеги кең болот, дүйнөдөгү өнүккөн 50 өлкөнүн ичине кирет.




  Эл, жер үчүн жаны менен кош айтышып...

Шераалы Назаркуловдун өлгөнүнө 6 жыл
Кечее 2008- жылдын 7- февралында саат 10-до агропромдун алдында, маркум Шераалы Назаркуловду эскерүү жыйыны болуп өттү.

Жыйынга Шералынын жубайы, бир туугандары, Кыргыз республикасынын Президентинин алдындагы адам укугу боюнча комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун, экс-депутаттар Дооронбек Садырбаев, Азимбек Бекназаров, укук коргоочулар Азиза Абдирасулова, Төлөйкан Исмаилова, Сагынбек Момбеков, "Асаба" партиясынын өкүлдөрү, маркумдун достору катышышты, арасында атасынын сүрөтүн көтөрүп, Шераалынын көзү өткөндөн кийин төрөлгөн уулу Азимбек турду. Ачып көздү жумганча арадан алты жыл өтүптүр. Эскерүү жыйынына келгендер маркумду эстеп сөз сүйлөп, артынан куран окуп тарашты.
Эске салсак, Шералы мырза 2002-жылы Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилишине каршы чыгып, агропромдун алдында ачарчылык акциясын өткөрүү учурунда көз жумган.
Жерибиздин бүтүндүгү, элибиздин биримдиги үчүн, адилеттик, акыйкаттык, чындык үчүн
Жанын кыйган эр жүрөк азаматыбызды эскерип жатып ойго келесиң. Бүгүн да кыргыздын башына оор күн түшкөнү турат. Жер, кен-байлыктар, энергетика тармагы сатылып, эл чачырап, мамлекет жоюлчудай...Суроо туулат, мунун баарынын кимге кереги бар? Бүгүнкү күндүн Шераалысы ким? Шекем сыяктуу эли, жери, мекени үчүн жанын курмандыкка чалууга даяр эр-азаматтар арабызда барбы деги?




  Ау, өкмөт аке!..

Ооруканаларда орун жок
Быйылкы суук жандан өтүп, көптөгөн мекендештерибизди сыркоолотту.

Ушу абаырайынын айынан Бишкек шаарындагы ооруканаларга адам батпай кетти дейин десек, Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев андай эмес, мындай деп жооп кайтарбадыбы.
Анын айтымында, борбор калаабыздагы ооруканалар 800 миң адамга гана ылайыкталган экен. Анан акыркы убактагы көзөмөлдөн чыгып кеткен ички миграциянын айынан Бишкек шаарынын жашоочуларынын саны 2 миллион адамга жетип кетиптир.
Мындан тышкары, кыкеңдердин бир жери бир нерсе болсо, тоготпой жүрө берип, күчөп кеткенде келмей адаты бар. Эгер убагында дарыланып турса да, ооруканадагы орундар бош турмак беле деген ой келет экен.



  Уктуңарбы?

Террористтер менен сепаратисттер Кыргызстан аркылуу кайда барат?
Жогорку Кеңештин комитетинде 5-декабрь күнү эмгек миграция тууралуу маселе талкууга алынып жатканда, Кыргызстандын миграция комитетинин төрайымы кызык билдирүү жасап жиберди.

Айгүл Рыскулованын айтканына кулак салсак, Кыргызстандын аймагын террористтер менен сепаратисттер басып өтүп жатышкан экен. Бирок, Айгүл айым террористтердин качан жана кайда өткөнүн айтпастан, жөн гана жыландын башын кылтыйтты. Бизди таң калтырганы, алар тууралуу эмне үчүн Айгүл айым билет да, укук коргоо органдары билбейт?




  Ойноп сүйлөсөң да ойлоп сүйлө!

СДПК менен Комуннисттер 2-аялдын балдарыбы?
Жакында "Ак Жолдун" тизмеси менен Жогорку Кеңешке келген "киргиз" депутат Зайнидин Курманов укмуштай билдирүү жасаганга үлгүрдү.

Ал каратып туруп эле: "СДПК менен Комунисттердин депутаттары парламентте экинчи аялдын балдары катары эле жүрүшөт"- деп салса боло.
Адахан Кимсанбаевич айткандай, өз эне тилин жээриген Зайнидин мырза депутаттардын баарынын статусу бир экендигин унутуп калса керек. Же кылаарга эч нерсе жок болгондо, журналисттерге бир көрүнүп алайын дедиби, анысы белгисиз?




  Айт два, айт два

Эшимканов менен
Бекешовдун тиреши
Эшимканов "Коломто" көрсөтүүсү менен аз да болсо, кыргыз жаштарына туура жолду көрсөтүп келе жаткан Бейшенбек мырзанын иштен шыпыргандын ордуна, Байма Сутенова эжекебизди иштен айдаса КТРдагы, башкалардын да моокуму канып, ыраазычылыктарын Мелис мырзага билдирип кетээр беле дейт экенсиң.




  Эмнеге?

Таластагы жер аянттары бош калды
Аз күн мурда 1-вице-премьер-министр Искендер Айдаралиев Талас облусуна барып, жаңы дайындалган губернатордун ал-жайын сурап, облусттагы абал менен таанышып келди.
Көрсө, өткөн жылы аталган облусттун аймагында ар кандай себептерден улам, 700 гектар жер аянтына эч нерсе себилбей-айдалбай бош калып кетиптир. Эми ушундай болбойт да...

"Аалам-пресс"













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan