Коомдук-саясый гезит
№20, 08.02.08-ж.

Меймансап
Форум



◄◄◄
  Телетирешүү

Кыргыз саясатчылары эч бир тажатпас болду дейсиң
Кыргыз саясатчылары эзели тажатышпайт.
Эч бир эриктирген күнү боло элек. Улам бир жаңы өнөрүн көргөзүшөт да турушат. Өзүнчө эле цирк. Клоунада. Мына, мисалы, БШК дегениң өткөн парламенттик шайлоодо 2,7% добушту араң алган коммунистерди ЖКга шыр өткөрүп, 11% босогону оңой жеңген "Ата Мекен" партиясын жыга чаап салган олдоксон тамашаcынын изи сууй баштады эле парламентти оккупациялап алган "Ак жол" партиясы,төтөн, тизменин башындагылары болгон спикер менен анын биринчи орун басары жаңы өнөрлөрүн көргөзө баштады.

Ч.Баекова дүйнөдөгү чыгаан юристердин бири катары Конституцияга салым кошкону үчүн делинип "Кембридждин эл аралык биографиялык борбору" деген уюмдун эксклюзивдик сертификатына татып, аны спикер А.Мадумаров ак көз, кара көз депутаттардын алдында салтанаттуу куттуктап жиберген эле. "Кыянатчыл" журналистер иштин чоо-жайын иликтеп казып көрүшүп, ал "ардактуу кагаз" 100 долларга сатып ала турган фальшивка уюмдун фальшифка "сертификаты" экенин таап чыгышты. ЖК билмексенге салып кутулду. Андан көп узаган жок, ошол эле А.Мадумаров ЖКнын бир чоң жыйынында:"Кыргызстандын Конституциясынын 14-статьясын айтып жатканда сөз адамдын эркиндиги менен укугу жөнүндө баратканын эске алуу керек, ал эми биз болсок депутаттарыбыз…" деп дүйнөлүк чоң ачылыш жасап таштады. (Мындан депутаттар- кишиден башкача жаралган жандыктар деген жыйынтык чыгышы керекпи?). Саясатчылардын сандаган "тамшалары" боюнча сөздүн учугун чубап, кепти андан ары уланта берсе көпкө барат дечи. Асресе анын кажети жоктур. Саясатчылардын кылыктары барыбызга беш колдой белгилүү. Иши кылып айтып отурса арман түгөнбөйт.
Кыргыз информациялык агенстволорунун таратып жаткан саясый маалыматтарынын изине түшүп көз салып көрсөңүз эмне деген "хохмаларга" күбө болбойсуз, эмне деген трагикомикалык спектаклдерге жолукпайсыз дейсиз. Көп учурларда же ыйларыңызды, же күлөрүңүздү билбеген абдраган абалга туштугасыз. Айлаңыз кеткенде жерге түкүрүп кырыгыздардын эң жакшы сапаты болгон "кечтим байдын кызынан" дегенин жасап туруп, баарынан кечип басып кеткиңиз келет. Ач кулактан тынч кулак.
Кеп, алибетте, информациялык агенстволор чагылдырып жаткан күндөлүк окуялар жөнүндөгү маалыматтарда эмес,кеп ошол окуяларды жасап жаткан же алардын жаралышына түздөн түз өбөлгө түзгөн адамдарда т.а саясатчыларда турат. Информациялык каражаттар болгонун,болуп өткөнүн,боло турганын чагылдырат,болгонун болгондой жазат. Аларда айып жок. Кече жакында, "24 кg" агенствосунда "көмүр королу" деген атка конгон айтылуу Нурлан Мотуев пресс-конференция өткөрдү.Конференцияга журналистер ырас эле чогулганын телеканалдардан көргөздү. Н.Мотуев кезектеги "сенцациясын" жарыя кылды: жакында боло турган Омбудсмендин (акыйкатчынын)төрагасын шайлоого катышмак болуптур. Буга чейин элге аты чыгып таанымал болуп калгандардан Турсунбай Бакир уулу менен Турсунбек Акун баллотировать этишкен. Н.Мотуев -үчүнчү талапкер. Анын айтымында төрага болуп калуу негизги максат эмес-максат "тап душманы" болгон Турсунбек Акунга бериле турган добуштарын өөнөп тартып алуу. Басма беттериндеги, Интеренет форумдардагы Н.Мотуевдин билдирүүсүнө, деги эле талапкерлигин коюп жатышына карата берилген комментарияларга көз салып көрсөңүз олуттуу саясатчынын олутту иши эмес,саясый клоундун кезектеги демаршы, примитивдүү пиар акциясы деп мүнөздөштү.Секирип чочуп кетишкендер да чыгышты. Баары туура. Асресе, азыркы кездерде кыргыз саясый айдыңынан олуттуу саясатчыларды табыш кыйын экендигин моюнга алышыбыз керек. Анан да Н.Мотуевдин тиги экөөнүн эмнесинен кем? Төтөн Н.Мотуев камгактай туруксуз, кыпчылбаган куюшканга кыпчыла бергенди өнөр көргөн "адам укугун коргоочусунан" интеллектуалдык деңгээли жагынан, тартынбастыгы менен уялбастыгы жагынан ашык болсо ашык, асты кем эместир. Президент тарабынан Турсунбек Акундун омбудсмендикке көргөзүлгөнү ага ашкере индулгенция берилди дегендике жатпайт. Н.Мотуевдин "пиары" экинчи талапкерТурсунбай Бакир уулунун Баткен окуясындагы япондордун 2 миллионун кыргыз чиновниктери жеп кеткени жөнүндөгү негедир 10 жыл бою ичинде сары майдай сактап келип эми араң ачыкка чыгарган каадаалуу "сенсациясы" менен технологиялык пландан алганда бирдей эле эффектиси бар. Болгон айырмасы бири тике качырмай олдоксон болсо ,экинчиси жымсалыраак.
Бир гана өкүнүч--укугубузду коргоо боюнча ушу үчөөнө күнүбүз түшүп калганы. Дүйнөлүк тажирийибага кайрылып көрсөң омбудсмендин башына адат катары эл ичинде кадыр-баркы бар,бедели бийик - биздеги, атап айтсак Ишенбай Абдразаков өңдөнгөн-нарк насилдүү,эл сөзүн угуп кебин жерге таштабаган адамдар шайланарына күбө болосуң. Ал эми, бизде болсо иштин жөн жайы таптакыр башкача. Омбмудсмен жулунгандардын кызмат орду.Кыскасы азыркы талапкерлердин баш терисине карап көрүп омбудсменди оюнчукка айлантып жиберишкенине ишенбей койбойсуң.
Бир жумага жакын болуп калды, информациялык "тасмаларда" илинген боюнча түшпөй келетканы, ысык табы кайтпай жаткан жаңылыктардын бири КТРдагы бир тарабында гендиректордун милдетин аткаруучу М.Эшимканов, экинчи тарабында телекорпорациянын экс-вице-примьери Б.Бекешов турган телеачкачылык жарыялагандардын ортосундагы тирешүүлөр жөнүндөгү маалыматтар болду. Элди алардын тирешүүсүнүн түпкү себептери эмес окуянын интригасы кызыктырууда: кимиси кимсин алып түшөөр экен,кимдин мөөрөйү үстөм болор экен...Чын чынына келгенде эки топтун эрегиши--М.Эшимканов деле, Б.Бекешов деле жогорудан башкарылып жаткан куурчактар (так текелер) дечи--"Ак үйдө" отуруп алып жиптин учун кармап жөнгө салып турган купуя эки кубаттуу топтун тирешинен улам келип чыккан окуялар. "Ак үйдөгү" ал Папа Карлолор (комузчулар) куурчактардын кимиси жеңип чыгарын аныкташат. "Бекешовчулардын" да "Эшимкановчулардын тагдыдыры ошолордун колунда, ошолордун эркиндеги иш, кайсынысынын Кожоюнга тили өтсө, интриганы кайсынысы кылдат жүргүзө алса ошого жараша окуянын аягына чекит коюлмак. Б.Бекешов да, М.Эшимканов да "Ак үйдөн" арга издеп, аралжы сурап жатканын жаземдебей байкоого болор эле. Аны Б,Бекешов деле,М.Эшимканов деле жаап жашырышкан жок. Сыртынан эле телекорпорациянын коллективинин пикирине таянып иш кылып жаткандай сыяпат көрсөтүп жатат.
Акырыкы эки күнкү маалыматтар
М. Эшимканов отставга арыз жаздыбы же жокпу деген башы ачылбаган эки анжы суроонун алдында өттү. Бир маалымат булагы М.Эшимкановдун отставкасы жөнүндөгү кептердин чындыгын ырастаса, экинчилери анны төгүндөп жатышты. Эки тараптын информациялык согушунда бир учунда "бекешовчулар" үстөмдүк кыла баштаган. Себеби М.Эшимкановдун отставкасын ырастаган олуттуураак маалымат булактары пайда боло баштаган эле. Бара-бара М.Эшимканов ээрден ооп телеачкачылар реванш алгандай сезилип кеткен. Ошондой пикирлер түзүлө баштаган болчу. Бирок, ал кабарларга чоң ишеним артууга болбойт эле. Анткени,моралдык принциптерден тайып, коомдук пикирде жексур аталып жатса да ага кулак жапырып чыдаган, саясый коллегаларына чыккынчылык кылууга чейин барып саргара жортуп далай "кыйынчылыктарды көрүп" араң илинген кызматын М.Эшимканов оңой эле колдон чыгарып жибергени түкшүмөл түзбөй кое алмак эмес. Айткандай эле, кай бир "эксперттердин" кекерлеп "жеңил экен,бечера,Ф.Кулов менен А.Атамбаевден да тез учту, тез ыргыды, кенедей да таканчык бере алаган жок деп чыгарган тыянактары эртелик кылыптыр. 24.kg агенствосунун акыркы маалыматына караганда М.Эшимкановдун отставкасы боюнча арызын президент четке кагып койгон имиш. Асресе, бул президентин "чечим менен" "бекешовчулар" т.а.алардын жогору жактагы патрондору келишип,таш түшкөн жеринде оор деп отуруп кала койбосу анык. "Күрөш" дагы уланары кажетсиз. Дегендей эле телеачкачылар баштаган акциясын токтотушпаганы дайын болду.Кылчактап турган жерлери бар кантсе дагы.
Ушул телетартышка байланышкан интригаларга оро пара дагы бир "кызыктуу" маалымат пайда болду. Мезгилинде ЖКнын депутаттары тарабынан эки этап менен араң зорго эптеп шайланган. Байкоочулар кеңеши М.Эшимканов президентин буйругу менен гендиректордун милдетин аткаруучу болор алдында жылан чагып,жылкы теппей өз ыктыярлары менен кеңештин мүчөлүктөрүнөн баш тартышкандардын ичинен алтоосу кайра кайтып келүү ниеттерин билдиришти. Алардын "өз ыктыярлары" кетишинин себебин экс- перттер М.Эшимкановдун гендиректорлугуна макул бербей коет деген чочулоодон улам "Ак үйдүн" үлкөн чоң чиновниги уюштурган интригасы менен байланыштырышат:бирине жайлуу кызмат же башка дагы бир дивиденд убада кылып,бирин компраматтар менен опузалап дегендей иши кылып аларды мүчөлүктөн баш тартууга аргасыз кылганы менен түшүндүрүшөт. Ошондон бери баш тартышкандар кеткенден кийин кворум жок--Байкоочулар кеңеши шал болуп иштебей турган эле. Эми ошолор телеканалды реформалоого кайрадан, дагы эле болсо жылкы теппей, жылаан чакпай, капилеттен ынтызар болуп калышканы билинип жатпайбы. Саясат балит иш экени башынан белгилүү. Асресе, ачык айтуу керек, жаңы "ынтызарлар" бул жоруктары менен адттан тыш принципалдуу принсипсиздикти,уят сыйт деген түшүнүктүн жоктугун, моралдык жоопкерчиликтен кол жууган имансыздыкты көргөзүшкөнүн жокко чыгаруу кыйындыр. "Кеттим" деп коштошуп алып кетип калбай ошо "кеткен" жерин айланчыктай берген еврейдин ылакапка айланган айтылуу жоругу жаңы алты "ынтызардын" жасаган "принципиалдуу"чечимдерине караандабай деле калар дейсиң.
Эбак кетип унутулуп калаган "куурчактарды" кайра келтирип жатышкандарынын мандеми бар экени анык. Бир жагынан анын себебин түкшөмөлдөп билсе болор. Байкоочулар кеңешине телекорпорациянын гендиректорлугуна конкурс жарыялап талапкерликке макулдук берүү милдети тагылган. Эми ошо ишти манипуляцияга оңой көнөөрү белгилүү болуп калган кеңешке берип алардын колу менен кор шилөөнүн муктаждыгы чыкты. М.Эшимкановду жайлашса ошолордун колу менен жайлоо керек,ордунда калтырса ошолор калтырсын. Жаман да болсо ар бир ишти юридикалык жагынан негиздеп койгон ашкере болбос. Зыяны жок. Демек, "эшимкановчулар" менен "бекешовчулардын" телетартышы дагы уланат.
Тилекке каршы, телетирешүүдөгү "реформа эле реформа" деп арты айрылганча кыйкырып жаткандар УТРК коомдук телевиденияга айланабы,элдин энчисине биротоло берилеби же жокпу деген башкы суроонун башын ачып бербей жоопсуз калтырып жатканына күбөбүз.
Кыскасы, кыргыз саясатчылары элдин жанын тынч койбос болушту,эч бир тажатышпайт,жок болсо жаңы интригасын ойлоп табышат, ансыз тура да алышпайбы дейсиң. Кудайдын куттуу күнү улам жаңы өнөрдүн чыгышы адатка айланып кетти. Кыргыз саясаты, сыягы, бара-бара ич ара тымызын жүргүзүлгөн интригага биротоло айланып кете турган түрү бар.

Үсөн Касыбеков













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan