![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №20, 08.02.08-ж. |
Меймансап Форум Үйүң жылуубу? Таалай Ибраев, "Түндүкэлектронун" коммерциялык директору: "Электр энергиясын өчүрүүгө аргасыз болуп жатабыз" - Электр энергиясы эмне үчүн тез-тез өчүрүлүп жатат? - Электр энергиясынын улам-улам өчүрүлүшүнө Бишкектин тургундары нааразы болушканы чын. Бирок, биз мындай кадамга аргасыздан барып жатканыбыздын себеби бар. Айтсак, "Түндүкэлектродогу" акыркы 2 ай ичиндеги энергияны колдонуунун көрсөткүчү суткасына 30 млн. кВ. саатка чейин чыгып кетти. Себеби, аба-ырайынын температурасы түнкүсүн - 25 градусска чейин түшүп кетти. Бишкек шаарынын ТЭЦи болгон күчү менен иштесе да бардык үйлөрдү жылыта албай кыйналышууда. Ушундан улам, жаңы конуштар эле эмес, көп кабаттуу үйлөрдүн тургундары да электр энергияны бөлмөлөрдү жылытууга колдонуп жатышат. Мындан тышкары, баарыңар көрүп тургандай, акыркы жылдары ички миграция күч алып, баары Бишкек шаарынын айланасына чогулушуп, ар кандай курулуштарды салышууда. Мисалы, шаарыбыздын бир аймагындагы трансформатор 100 үйгө ылайыктуу болсо, күндүн кескин түрдө сууп кетишинен улам, 130 кишиге чейин пайдаланышууда. Анан ушундай абалда электр энергиясы үлбүрөп, кабелдер күйүп кетиши ыктымал. Жер алдында жаткан электр кабелдери 40 жылдан бери алмашылбай, капиталдык ремонт жүргүзүлбөй -баарынын иштөө убактысы бүтүп, эчак эле эскирип калган. Жер астындагы бир кабель кокус күйүп кетсе, анда бир микрорайондо толугу менен караңгылык каптады деп эсептей бер. Жер алдындагы кабелдин бир метринин баасы 3 миң сом болсо, миллиондук бир трансформатор 1 млн. сомго чейин турат. Эми канча деген километр жерди казып, кабелдерди алып, анын ордуна жаңысын коюга канча каражат, убакыт кетет. Бүгүнкү күнү 80 сантиметрге чейин жердин үстүңкү катмары тоңуп турат. Айрым авария болгон жерлерди оңдоп-түзөө үчүн барган бригадалар жерди кол менен казмак тургай, экскаватордун копщиги да кирбей жатат. Мындайды болтурбоо үчүн, аргасыз чектөө киргизүүгө мажбур болуп, колдон келген аракеттерди көрдүк. Эгер жер алдындагы кабелдер жана трансформаторлор күйүп кетсе, ал миллиондогон акча турат. Андайды өз убагында сатып алууга бюджетибиздин чамасы чак келбейт. Ошондуктан, бир же эки саатка энергияны өчүрүп коюп жатабыз. Эң негизгиси, өз убагында даярдык көргөнүбүздөн кыштын ызгаардуу суугунан кыйналбай эле чыгып кеттик. - Жакында энергиянын баасы мекендештерибиз үчүн 10 пайызга кымбаттайт деген сөз чыкты. Электр энергиясы өзүбүздө чыккан соң, анын баасын кыргызстандыктарга кымбаттатпай эле, экспортко кеткен бааны жогорулатып койсок болбойбу? Электр энергияны экспортко "Түндүк электро эмес", "Электр станциялары" сатат. Ал эми ага болгон бааны өкмөт алдындагы тарифтерди коюу боюнча агенттик чечет. Жөнөкөй сөз менен айтканда, электр энергияга болгон бааны жогорулатуу же арзандатуу биздин компетенцияга кирбейт. Бүгүнкү күнү коңшу мамлекеттерибиз Казакстан, Өзбекстан жана Орто Азия чөлкөмүндөгү электр энергиясына эң бай болуп саналган Тажикстанда да электр энергиясы суткасына 2 саат гана берилип жатат. Бардык ишканаларга электр энергиясын берүүнү токтотуп коюшту. Ошол өлкө кайрадан бизге жардам сурап, электр энергияңарды экспортко бергилечи деп жатат. "Түндүкэлектро" учурдагы кырдаалдан улам, сауналардын баарын жан темир эритип иштөөчү ишканалардын баарын жаап, электр энергиясын кесүүнү туура таптык. - Акыркы мезгилде аба-ырайы сууп, айрым жерлерде суулар тоңуп калып жатат. Анан ушундай абалда, Токтогул ГЭСи экспортко кете турган энергияны өндүрүп чыга алабы? - Токтогул ГЭСи электр энергиясы менен Кыргызстанды толук түрдө камсыз кылууга эле күчү жетет. Камбарата 1 менен Камбарата 2 ГЭСтери курулуп бүтүп калса, анын өндүргөн энергиясын жалаң экспортко жиберсек болот. Бирок, ошону тиешелүү деңгээлде көзөмөлгө алып, бир жолго гана салып коюу керек. - Энергияны уурдагандардын саны азайдыбы? - Электр энергиясын уурдагандардын көпчүлүгү жаңы конуштар. Алардын электр эсептегичтерин зым мамынын башына убагында илгенибизден улам, уурдоолор бир аз азайды десек болот. Ошол аракеттерибиз текке кетпей, былтыркыга салыштырмалуу комерциялык жоготуу 4 пайызга ылдыйлап, 2006-жылга караганда 400 миллион сомго акчаны көп чогулттук. Маектешкен Улан МАМБЕТОВ Тегизи менен жайлайбыз... КАРАГАЙ КЫЙСАҢ КАМАТАМ, БОТОМ, МАФИЯҢДЫ ЧИЛДЕЙ ТАРАТАМ, БОТОМ... (Губернатор К.Исаевдин чогулуштардагы ырынан) Тяншань карагайы жарым кылымда барып керекке жарайт, ал эми сосна эрте жетилет - 15-20 жылда. Көп жыл. Маселен, 30-40 жаштагы токойчу өстүргөн тяншань карагайын балдары эр жеткенде керектейт экен. А бизде болсо азыркы карагайчынын уулу да, шоопур менен милийсанын уулу да, губернатор менен уурунун уулу да келечегинде карагайсыз калганы турат. Муну Көл жергесинин мисалында айттым. Анткени, Көлдө карагайды бакканы менен бакпаганы, көзөмөл кылганы менен көзөмөл кылбаганы, жетекчилери менен карапайымдары массалык түрдө түбүнө жетип жатат. "Карма, ууруну, карма деп ууру жүрөт" дегендей, учурлар көп болубатат. Облуска келген жетекчинин баары эле келээри менен "карагайды көздүн карегиндей сактайбыз" деп, аз өтпөй өздөрү карагай кумарына батып кетет. Башкасын айтпаганда да, Токон эжебиз Шайлиева Көлдүн карагайын биртоп "суюлтуп" кетти деп чуулдап калдык. "Суюлтубатканда" айталган эмеспиз. Азыркы губернатор Кыдыкбек Исаевдин азырынча карагайга "аппетити" ачылалек, башкасы менен курсак тойгузуп жатабы, так айталбайбыз. Губернатор мырза келгенден бери эле карагайды катуу коргойт элем деп чогулуштан-чогулушка айтыбатып, өзү рейддерге катышып, "карагай коргоочу" наамын ала жаздады. "Каматам, жоготом, токтотом!" деген эмоционалдуу сөздөрү көп болгону менен жыйынтыгы аз болубатат. К.Исаев, менимче, эч нерсе кылалбайт. Анткени, прокуратурадагылар менен милийсалардын кээбир таза эместери, орусча "оборотни в погонах" дечү беле, чейин карагай мафиясына табакташ болубатса+ Исаевиң Рэмбо эмес да! Эптеп дубалын тургузуп, жыгачынан кем болуп жаткан бечара элдин көбү бир устунга зар болуп жаткан күндө үстүндө кабат үйү, короо толо малы менен машинеси бар ачкөздөр карагай уурдайт. Аларга карагайдын кереги жок, зарыл эмес, анын акчасы керек, дагы да байыш керек. Аз мурун Каракол токой чарбасынын Сарыкамыш участогунан түн ичинде карагай уурдаган машиналар кармалды. Аны кармагандар облустук жаратылышты коргоо башкармалыгынын бөлүм башчысы Айсахунов Дөөлөс башында турган жигиттер жана Аксуу районунун прокуратура кызматкерлери Абдилжами уулу Жалынбек менен Зулпуев Куттукбектер болду. Кармалган карагайдын жалпы саны 594 болсо, анын токсон беши - тяншань карагайы, калганы сосна экен. Булар бир эле коктудан кыйылган. Ал эми текшериле элек коктулары канча? Ошол карагай кыйылган участоктун лесничийи Оторбаев Нурбек лесхоздун деректири Сатыбалдиев Мирбектин капкарачечекей агасы экен. М.Сатыбалдиевдин деректир болгонуна бир айдан аз эле убакыт ашты, анан "ал 12 миң доллар берип, деректир болуптур" деген сөз дуу этип тараган. Биз бу сөздүн чын-бышыгын билалбайбыз, эл оозундагылар элексиз тарайт эмеспи. Ошентип, жогорудагы уурулук фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, териштирилип-текшерилип жатат. Облпрокурор катуу чара көрөм деп жаткан кези. Баса мурунку облпрокурор Жумадыл Макешов бу жердеги "карагай мафиясынын" бир канатын калкалап турчу экен деп да айтып жүрүшөт. Дале болсо кеткенден кийинки күбүр-шыбыр. Азыр Көл боюнча өтө калың карагайлуу жердин бири деп эсептелинген Жергез, Кайырмаарык, Сарыкамыш тушундагы токойлор суюлгандан-суюлуп баратат. Ал жердин балдары келечекте жылаңач тоолуу болуп калбаса экен. Баратбай АРАКЕЕВ |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|