![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №20, 08.02.08-ж. |
Меймансап Форум Бийлик үчүн күрөш Жаз жакын. Жаңы революция... Кышы бою кызуу божомол кептердин чордону болуп келген жаздын күтүлүүсү, аны менен байланышкан ар кандай айың кептер апогейине чыгып, аныктала баштады. Анын бири жакында эле "Асаба" улуттук кайра жаралуу партиясынын лидери айтылуу Азимбек Бекназаровдун ачык билдирүүсү болуп калды. Ал, бир катар оппозициялык күчтөрдү бириктирген жаңы "Революциялык комитет" (Ревком) түзүлгөндүгүн, максаты президент К.Бакиевди бийликтен баш тарттыруу экенин айтты. Ал үчүн Ревком митингдер, пикеттер сыяктуу Конституция жол берген методдорду колдонуу менен өтө радикалдуу аракеттерге өтөт деп өктөм сүйлөгөнүнө караганда, оппозициянын жаалы катуу экени анык болду. Ошондой болмок, анткени бийликтин авторитардык багыты ашынып кетти, эми аны ушунчасында токтотпосо "то ли еще будет" деп коога тарткандар көбөйүп кетет. Оппозициябы? Бийликпи? Эл арасында "оппозиция ооматынан тайып калды, бийлик билегин чыңдап алды" деген кептер да жок эмес. Алгач, "темир генералды", андан кийин каратып туруп эле Атамбаевди Акүйгө азгырып кетип, кайра тез эле көчүккө тээп, эми Эшимкановду "кара жашикке" катып, кайраттуу Каттанини Нарынга айдап салганы нени каңкуулайт? Оппозицияны ой-да бытыратып, парламентти "Ак жолго" салып, күч органдарына күйүмдүү өз кишилерин коюп, министрлери менен губернатор, акимдерине чейин акжүрөк адамдарын дайындап, ал тургай айыл өкмөттөрүн да өзү кое тургандай укугун кайра кайтарып, БАКС бийлигин бекемдеп алды. Эми аны ээринен алып түшүү кыйын. Ал, айт десе эле артын карабай качып кеткендей Акаев эмес, куралды колдонгонду билээрин, түтүн атканды жакшы өздөштүрүп алганын, алтургай бирин-экөөнү булгаары мээлей менен мертинте коерун айтып да, көрсөтүп да жүрбөйбү. БАКС бийлигин жөн эле бере койбойт, ок атылып, кан чыгып кетүүсү толук мүмкүн дегенди чет элдик эксперттер да айтып эле жүрүшпөйбү. Анүстүнө, азыркы акүйчүлөр да, оппозиячылар да бир кезде ийиндеш төңкөрүш жасап, тажрыйбага ээ болуп калган. Ошондон улам биринин сырын экинчиси жакшы билет, жолун тороп, алдын алганды да, анткени, кыздын сыры төркүнгө жакшы маалым. Бекназаровго Башкыпрокуратуранын бапкесин, анын аксакалы Докеге мамкатчылыкты берип койсо эле оппозициячылардын оозу жап болот деген билермандар да бар. Антип, "атаандаштардын" биригип кетүүсү да этимал. Оппозиция лидерлеринин оомалыгын, Акүйдүн амалкөйлүгүн көп эле көрбөдүбү, эл. Калк айтса, калп айтпайт… Кандай парламентке ээ болдук? Бийликтин күчү менен шайлоонун жыйынтыктарын адепсиз бурмалап, добуштарды урдоо жолу менен келген депутаттар, антты эжелеп окуй албай, көпчүлүгү оозуң кайсы десе, мурдун көрсөтүшүп, "Акжол" партиясынын тандоосу материалдык кызыкчылык менен тууганчылыктан көтөрүлө албаганын далилдеди. Депутаттардын көпчүлүгү тизмеге кириш үчүн акча төлөгөндөр болсо, калгандары бийликтин тегерегиндегилердин квотасынын пайдасын көрүп, колукту, ини, карындаш балдыз, таяке-жээндер, сыяктуу багы ачылгандарга толуп, айтор элдин камын, мамлекетибиздин келечегин ойлоп, иш жүргүзүүчүлөр эмес экени күндөн күнгө ачыкка чыгып келе жаткансыйт. Политолог Т. Какчекеев жазгандай, "жат десе жатып, тур десе тура турган" мындай парламент, бийликтегилердин мамлекетти талап-тоноп, кен байлыктарды, энергетиканы менчиктештирүүсү үчүн керек" экен. Сагынбек Момбеков, демократ акын: "Мамлекет жок болуп кетиши ыктымал" Мен жер-жерлерде көп болуп, эл менен көп кездешем. Азыркы депутаттар жөнүндө бир ооз жакшы сөз уга элекмин, элдин баары эле жерге түкүрүп отуру. Мадумаров баш кылып, вицелери менен комитет башчылары төш кылып, бир 15-20сын эле алып калсак, калгандары жылына эки ирет чогула турган болсо, бюджетке деле бир топ жеңилдик болуп, үнөмдөлгөн каражатты кары картаңдардын пенсиясына кошуп берсек калыстык болмок. Бирок, бул демилгени эл колдогон күндө да, энергетиканы, кен байлыктарды менчиктештирүүнү көздөгөндөр макул боло койбос. Эмне учун кыргыздын шору арылбай жургөнун ушулардын түрүн көргөндөн кийин түшүнөт экенсиң. Көрсө кыргызды, элди ойлобогон ичип жегендер, абийирсиз коррупционерлер башкарып келе жатканында тура. Азыр болсо жалаң ошондойлор биригип туруп бийликти толук басып алышты. Эми кыргызыңдын шору накта кайнады дей бер, каныңарды кашыктап сорот. Энергетикаңарды, кен байлыктарыңарды алып сатып жок кыла турган болуп калды. Келечекти ойлогондор биригип катуу каршылык бербесе улут, мамлекет жок болуп кетиши ыктымал. Ревком Ал Ревкомдо кимдер бар деген мыйзамченемдүү суроо туулбай койбойт. Ага алгач эле "Эркиндик" партиясынын эгеси Топчуке Тургуналиев келип кошулду дешет. Жаңы жээк көрүнсө эле жанталаша өтө каччу Топчукебиз бул жолу эмненин ичинен чыгаар экен. Акаевди ачкачылык менен алып келип, кайра ачкенедей ага асылып жүрүп тынчытты, анан Бакиевди баатыр кылып, кайра басташып кетти. "Эмки эгеси ким болду экен?"- дегендер көп. Ревкомго атамекенчилердин аткаминерлери толук өттү дешет. Эгерде Өмүрбек Текебаев, Дүйшөн Чотонов, Өмүрбек Абдрахманов сыяктуу билеги да, бели да күчтүү саясатчылар кошулса жаңы уюмдун жаалы күчтүү болоорунда шек жок. Кубатбек Байболов, Темир Сариев анан бийликтен катуу кагуу жешкен Феликс Кулов, Алмазбек Атамбаев Ревкомго бириксе, бийликке оор болоору талашсыз. Бийликтин үлбүрөп күйгөн билиги өчүп кетээр бекен? Эмне болот? Кыскасы, жаз жакын. Революциялык комитет түзүлдү. Оппозиция ой токтотуп "оптом" биригеби, же ар кими өз арбайын чаап дагы мыш болобу? Авторитаризмдик бийлик болсо белин бекемдеп, акыл-эстүү адамдардын кооптонуусун күчөттү. Акүйгө айбат көрсөтүп, акыйкат издөөчү парламенттин өзү терең патка батып калды. Чет мамлекеттер четтеп, инвестиция ириди, коррупцияга батуусу боюнча дүйнөдөгү 138 мамлекет ичинен 137-орунга түштүк, жаз менен электр энергиясы, газ, бензин, тамак-аш, жол кире дагы кымбаттап, акаевден калган эл мүлкүн толук "прихватташтыруу" башталганы туру, өлкө карызы улам өрчүп барат... деги кандай күн болор экен деген коога кара тумандай элдин эсин чыгарып турат. Оппозиция от алып, сүр көрсөтүп тополоң баштабай койбойт. Бул жолу чыдаар бекен? Бийлик аны ачык да, артынан да "бастоого" чыгат. Далай эл дарбыйт. Алданганы да, акыйкат издегени да аралашат. Аягы кантээр экен деген коога ар бир адамдын акыл-эсин козгоп туру. Чынында эле чындык издеген Кыргызстанды жакын арада кандай тагдыр күтүп турат? Көксөгөндөй көсөм бийликтүү болобу же бир адамдын бийлиги астында калып көксөөсү сууйбу? Ал, алгачкы жаз жылуулугу менен билинет... Даярдаган А.Акмончок |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|