Коомдук-саясый гезит
№20, 08.02.08-ж.

Меймансап
Форум



◄◄◄
  Меймандос кыргыз элим

Жайылат ак дасторкон
Бала кезимен - мейман тосконду жактырам…
Эсимде тестиер бала кезимде азыр кой союлуп конок узатып жатсак, жаңы меймандар келип калаар эле.
Буту-бутуна илээшпеген жеңелер кабак-кашын серпитпей, жаркырап жайнап мейман күтүп, узатып турушаар эле. Мен өзүмчө стол жасалгасын көрүп, оюмда кашык бычак жайгаштырып куурчактарымды конокточумун.
Майрам күндөрүнүн стол жасалгасы - жагымдуу иш, бирок талбас эмгекти талап кылат.
Үй-бүлөлүк үлпөткө ар кандай муундагы адамдар чогулушуп жакшы маанайда өткөрүшөт.
Эми биздин окурмандарга мейман тосууга жардам беребиз.
Эгерде үй-бүлөлүк майрам болуп өзүнчө гана үлпөт кургулары келсе: столго ак же болбосо гүлдүү же саймаланган скатерт салып, столду ортого коюп, отургучтар менен толтурасыз. Ортого кичинерээк гүлдесте коюп скатерттин өңүндөй болгон идиш аяктарды койсо болот. Үй-бүлөлүк үлпөттө жер-жемиштер менен, таттуулар, салаттын түрлөрү сөзсүз болот.

Үй-бүлөлүк үлпөткө төмөндөгүдөй салаттарды сунуш кылабыз.
Өзүңүзгө ылайык же ошол үлпөткө ылайык ат тандап койсоңуз болот.
1. Уйдун сулп этин казанга салып, өзүнүн буусуна өзүн бышырасыз. Өзүнчө идишке таза пахта майынан куюп пиязды, кызыл болгар калемпирин, чеснок, ар кандай кошулмаларды кошуп кууруп өзүнчө дымдайсыз. Он мүнөттөн кийин бууланып бышкан этти куурулган акшөктөргө кошуп аралаштырып кытай соясынан кошосуз. Ылайыктуу идишке салып көк-мөктөн кооздоп столго бере берсеңиз болот.
Керектелүүчү нерселер: 0,300 гр уйдун эти. 0,150 пахта майы, 0,500 бадыраң. 0,200 балгар калемпири (таттуусу). 1 тоголок чеснок, 2 тоголок пияз.
2.Голландия делген сырды узунунан туурайсыз, ышталган тоок этин узун саломка түрүндө өзүнчө туурап ага жаңы бадыраңды жумуртка кошуп жалпак узун формада кыласыз. Уйдун сууга бышкан этин туурап койсоңуз болот. Бардыгын аралаштырып, туз салып, майонез кошуп кооздоп узун жалпак идишке салып столго койсоңуз болот.
Керектелүүчү нерселер:
0,200 гр. Голландия сыры
0,300 гр. Бадыраң
5 даана жумуртка
0,200 гр. Уйдун эти.
Эгерде ыр күлкүгө тойбогон достор чогула турган болсо столго отурбай деле, бийлеп, ырдап кызыктуу оюндар фуршет менен коштолсо болот Үлпөт өтчү бөлмөгө ылайык жайгаштырып бир, эки же бир нече стол даярдаса болот.
Эгерде кичирээк бөлмө болсо, бир гана стол жетиштүү . Тамактарды бир столго жайгаштырып суусундукту этажеркага же тумбанын үстүнө деле койсо болот. Ортодо орунду кененрирээк калтырып бий уюштурса ылайык. Эгерде бөлмөгө бир канча стол батса төрт бурч үч столду катары менен ортолорун ачып, биринчисине кызыл, экинчисине жашыл, үчүнчүсүнө ачыгыраак скатерт салып даярдаш керек.
Биринчи столго салаттар, бутерброддор коюлат.
Экинчи столго таза идиштер, аспаптар, кол аарчыган майлыктар турушу керек.
Үчүнчү столго суусундук ширелер, жер жемиштер жана таттуларды жайгаштыр.
- фуршет уюштурууда салат, бутерброддор чоң-чоң идиштерге бир нече түрү салынат, столдун астында колдонулган идиштерди меймандар сала ала тургандай чоң көлөмдөгү нерсе туруш керек.
Эгерде өзүңдүн досторуң же жакын адамдарың менен 3-4 адам үлпөт кургуң келсе бурчтагы жумшак диванга журнал столуна даярдагандан өтөөрү жок. Столдун үстүнө калың шамдан экини күйгүзүп койгон жетиштүү. Скатерт жана колдонулуучу идиштер дивандын өңүнө окшош болушу кажет.
Эгерде сүйгөнүң менен, же жубайың менен эки гана адам үлпөт кургуң келсе, абдан кунт коюп , көңүл бөлүп даярдан.
Эки адамга арналган стол бийигирээк болуш керек, Экөөңүздөр бири-бириңердин көздөрүңөрдү карашып турууга ыңгайлуу болсун. Ыңгайлуу отургуч тандаңыз. Жумшак диван же жумшак отургуч эмес, катуураак, уйкуну келтирбеген өзүңдү сергексулп көңүлдүү отура тургандай.
Скатерт эмес күзгүлүү стол болсо ылайык болот. Шам жагып койсоңуз күзгүгө чагылышып идиш-аяктарды кооз көрсөтөт.
Столдун четине ваза коюп көп эмес үч тал жоогазын салып койсоңуз жетиштүү.
Эки адамга даярдалган стол эки же үч гана өңдө болуш керек.(м: кызыл же жашыл ак же жалтырак, ак же кызгылт.
Тамактын да эки-үч түрүн аз гана өлчөмдө салууңуз кажет.

Бетти даярдаган
Шааркүл Медетбекова












Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan