Коомдук-саясый гезит
№20, 08.02.08-ж.

Меймансап
Форум



◄◄◄
  Замир Арыкбаев:

"Ичке шым кийип, ичин көрсөткөн аябай боенгон кыз..."
- Замир сенин эң алгачкы "Кудача кыз", "Тайкелерим" аттуу ырларың эл арасында сенин талантыңан көптү үмүттөндүргөн обончу, ырчы катары таанышты эле. Өзгөчө "Тайкелерим" аттуу ырыңды кандай сезим менен жараттың эле?
- Кичинекей кезимде эле мен тайкелериме жакын болчумун. Бала кезимде эле каникулду алар менен өткөрчүмүн. Эгер менде жакшы сапаттарым болсо, көпчүлүгү тайкелеримдин таасири. Кийин шаарга окууга келип киргенимде да алар мага моралдык, материалдык жактан толук камсыз кылып жүрүштү. Демек, бул "Тайкелерим" аттуу ыр тээ менин наристе кезимден элес сезимимде термелип келген эргүүм болчу. Ырда "тайкелерим, тайкелерим мен силерге эркелеймин" деп атпайбы. Силердин газета аркылуу таякелериме ыраазычылыгымды билдирем.
- Ырчы Замир мектепте кандай окучу эле?
- Мен төртүнчү, бешинчи класска чейин отличник болуп окудум. Чынын айтсам бала кезимде тентек болчумун. Өзүмө окшош досторум менен сабакка катышпай, качып, тентектенип жүрүп, ударнике түштүм. Андан соң орточо окуп калдым. 7-8 - класстардан начарлап кеткем. Анан 10-11 - класстардан акыл кирдиби айтоор кайрадан аракет кылып, токтолуп көңүлүмдү бүт сабакка койдум. Ошонун негизинде Университетти жакшы аяктап бүтүрдүм.
- Кайсы Университетти бүтүргөнсүң?
- КГУСТАны. Бирок, жан дүйнөм ырга жакын болчу. Мектептен конкурстарда, майрамдарда ырдап чыкчумун. Университеттин 4-курсун бүткөндөн кийин Улуттук Консерваториянын фольклор бөлүмүнүн даярдоо курсуна тапшырып өтүп кеттим. Бул жерден менин эң негизиги табылгам - профессор Улукмырза Полотовдун окуучусу болуу бактысы болду. Бир жылда КГУСТАнын толук курсун бүтүрүп, анан консерваториянын 1-курсуна бүт дилим менен отурдум.
- Мындан 4-5 жыл мурда дебедимби "тааныла элек" Замир кезинде Улукмырза Полотов менин агайын устатым деп берилүү менен айтты эле…?
- КГУСТАнын 4-курсун окуп бүткөндөн кийин эмнегедир жан дүйнөм ырга тартып туруп алды, Улуттук консерваториянын фольклор бөлүмүнө тапшырып Профессор Улукмырза агайым да окуп кетти. КГУСТАда 5-курста консерваториянын 1-курсунда окуп жүрдүм. Агайымда үч жыл билим алып азыр сырттан окуп жатам. Агайым абдан таланттуу, азыркы шоу дүйнөдөгү Динара Акуловадан тартып Элмира Кайып кызы Сыймык Бейшекеевдер сабак алышып агайымдын эмгеги аркылуу элге таанылып элиме кызмат кылып жатамын десем болот.
- Ар бир адам бирөөгө таасирленип, кумир тутуп дегендей, жашоодогу таасирленген адамың.
- Мектепте окуп жүргөн кезде Малик Аликеев, Бек Борбиев, Чубак Сатаев ж.б. агаларым Сыймык Бейшекеевди телевизордон көрүп, мен дагы ушулардай болуп теледен ырдасам кыргыз эли мени көрүп турса деп - таасирлендим. Жаштын тилегин берет дегендей мага жомоктогудай элестер чын турмуш жүзүнө алып жатканына курсант болом.
- Азыркы жаштар баары эл продюсер алып иштешип жатпайбы, мен сени жаштардын арасынан эмес, орто муундагы ырчылардын арасынан (М: Д. Акулова, А. Жетигенова ж.б.) издейм. Сен неге продюссер жалдап иштебейсиң?
- Эми биз жаңы ырдап чыккан да 4-5 жыл мурда продюссер деген түшүнүк жок болчу. Продюсер абдан ыңгайлуу болот да негизи, азыр көпчүлүк жаштар продюсер алып чыгып келе жатышпайбы. Азыр жаңы чыгып келе жаткан жаштардан эл эмнени күтөт, башка чет өлкөлөрдөгү ырчылардай болуп изденүүнү улам чыгармачылыгы өркүндөгөн жаңы жаңылыктарды күтөм. Ошон үчүн эң ыңгайлуу. Имиджине, стилине, сахнанын жасалгасына абдан көңүл бөлүшөт. Мен болсо өз киндигимди өзүм кесип, турмуштун даңгыр жолуна өзүмдүн изимди салгым келет.
- Бир жылда бир эле жолу элиңе отчет катары концерт берип жүрбөйсүңбү башка ырчылар сыяктуу эки же үч жолу концерт бергенге неге болбосун. Же сага акча деле кереги жокпу?
- Эми азыр концерт бергендин дагы түйшүгү көп. Арендага аласың реклама деген бар, расход абдан көп болот. Өзүңдү өзүң каржыласаң, элди күттүрүп, сапаттуу кылып бир жолу концерт бергенге өзүмө - өзүм шарт түзөм. Гастролдорго чыгам кыргыз жеримди кыдырып рахат алам, элдин турмушун көрүп, салт - санаасы менен аралашам. Той-топурларга чакырылып калам, айтоор элдин алдына чыгып күнүгө болбосо да күн алыс дегендей өнөрүмдү тартуулап турам.
- Мисалы сени Казакстанга, Америкага же Японияга чакырып алып кетели десе кетет белең?
- Эми андай сунушту карап көрөт элем. Кыргыздын ырын, үнүн, комузун чет жактарга таанытып, "кыргыз деген эл жашайт, кыргыз деген" деп билдиргенге неге болбосун. Өзүм кыргыз элинин патриотумун кыргыз деген атты эч кандай байлыкка бийликке да алмаштырбайт болчумун. Америкада ырдап калсам кыргыз Замир Арыкбаев деп тааныштырмакмын.
- Шоу-бизнесте сыр бөлүшчү сырдашаар, ырдашаарың барбы?
- Менин көп досторум жакшы санаалаштарым бар. М: Мирбек Имомбеков, Съездбек Искеналиев, Гулнур Сатылганова, Гулзат эже, Динара эжем, кубанычым койнума батпай турганда, ичим ачышып кейип турсам да, ой бөлүшүп ырдашаар, сырдашаар, сыйлашаарларым деп эсептейм.
- Чыгармачылың жөнүндө кандай өзгөрүүлөр бар?
- Эми чыгармачылыгымда көп жаңылыктар бар. Жаңы клип тарттырып, жаңы ырларды жаздырып күндө изденип эмгектенип жаткан убагым. Эл бизден жаңы-жаңы нерселерди күтөт деп, даярданып жоопкерчиликти сезип турам. Аз күндө теледен жаңы клиптерди көрүп каласыздар буюрса, ошол май айында жылдагыдай концертимди тартууласам деп турам. Костюмдарды тиктирип сахнаны ойлонуштуруп, кантип уюштуруу жөнүндө ой жүгүртүп жаткан убагым.
- Чет ырчылардан же биздин ырчылардан кимдерди баалайсың. Алардын кандай айырмалары бар?
- Эми чет же биздин ырчылардын эч кандай айырмалары жок. Ошол эле фигура, ошол эле үн ошол эле кыймыл, бир айырма аппаратураларда, таза жаңы техникаларда. Кымбат студия, кымбат клиптер, эгерде бизде деле ошондой акча, каражат жумшалса андан да сонун ырлар же ырчылар чыкмак. Биздин ырчылар дегеле маданият ишмерлерин "азаматтар" деп айтсам болот. Себеби өзүлөрү чуркап аппаратура, керектүү нерселерин алып, үндөрүн багып кыргыз элинин дагы бир тармагын чоюп жатышат.
- Ата энеге ар бир бала милдеттүүдөй сезем да, ушул даражага жеткирген ата-энеңе каалооруң?
- Албетте "Ата аска зоо апа бооруңдагы булак. Бала ортодо күйгөн шам чырак" дегендей ата-энем болбосо мен кайдан менин кичинекей мамлекетим болгон үй-бүлөм кайдан демекчи атаэнеме башымды ийип таазим кылам. Мен өмүр боюу сиздерге карызмын, сиздер үчүн өмүрүм өткөнчө кызмат кыламын. Узун өмүрлүү болуп биздин жакшылыгыбызды көрүп аман эсен жүрүңүздөр демекчимин.
- Айжаркын аяш атаңдын кызы Лира келинчегиңе ыраазысыңбы? Аяш ата-энеңдин тарбиясын көргөн кыз сени колдоп жаткандыр, дегеле сенин турмушуңа кандай жарык берүүдө?
- Менин тааныштарым, классташтарым туугандар деле шаардык кыз болсо ичке шым кийип, ичин көрсөткөн аябай боенгон орусча сүйлөп каш серпкен кыз деп ойлошсо керек. Кайната кайненем Таласстан болгон менен Лира шаарда төрөлүп чоңойгон эле да. Анан бир күнү классташ кыздар балдар чогулуп, Лираны ээрчитип барсам, ай-ий ушундай тартиптүү, жөнөкөй, токтоо кызды кайдан таап алгансың деп ооздорун ачып таңкалышты да, андан дагы аябай "простушка" экен деп коюшат. Менин Лирам акылдуу сулуу мени колдогон биринчи көрүүчүм. Кайсы убакта мына кеттим десем формаларым таза орду менен даяр папканы көтөрөм да кылчактабай чыгып кетем. Анткени менин артмыда мен ишенген адамым, тылым, жарымым бар.
- Замир ошол айткандарың кут болсун жаның да сага колуңа кол болгон жубайың турат, кызың 1,5 жашка чыгып сени кубантып турган убагы экен ылайым кызың узун өмүрлүү болуп, элдин керегине жараган кыздардан болсун. Элиңе каалаган каалоолоруң болсо.
- Кыргыз элиме эң биринчи тынчылык, токчулук арзанчылык каалайм. Ар бир үйдө бакыт байырлап, ырыскы кешик болсун. Коогалаңдан кудай сактап бейпил турмуш орносун.

Даярдаган
Шааркүл Медетбекова















Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan