![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №21, 12.02.08-ж. |
Меймансап Форум Көзүңдү ач! Кыргыз деген эл жашайт, кыргыз деген... Мелис Мураталиев: "Кыргыздар оома жана жетеленме калк болуп, өз жолунан тайууда" "Кудайсыз куурай башы сынбайт" демекчи, улут деген уулдардан уучубуз куру эмес экен. Дегеним, буга чейин эл оозуна алынып, көзүнө көрүнүп калган эл билермандарынан калк үмүтүн үзүп, кантээрин билбей белгисиздикти күтүп калганда, минтип эл арасында улуттун күйөрмандары да бар экен. "Кыргыз Эл" Кайра Жаралуу Тилектештигинин баш чоросу Мелис Мураталиевдин "баш катырган" суроолорубузга берген жообуна кулак салсак "кыргыз жыттанат", эй… - "Кыргыз Эл" Кайра Жаралуу Тилектештигинин түзүлүүсүнүн максаты эмне? - Бүгүнкү күндө ынтымактын ыдырашы, элдин биримдигинин чачырашы, жана партиялар дагы көп чыгып, бийлик - оппозициянын куру тирешүүсү элди бытырандылыкка алып келди. Ар кимисинин жеке кызыкчылыкты көздөгөн өзүмчүлдүк саясаты жүрүп, элди бөлүүдө. Биздин максатыбыз, кандай гана жолдор болбосун бүгүнкү күндө элдин башын бириктирип, эл ынтымагын биринчи орунга коюп, мекендин келечеги үчүн кызмат кылууну көздөп жатабыз. Ошонодой эле, элибиздин ата-бабадан келе жаткан салтыбыздын негизинде, өз коом түзүлүшүбүздү кайра калыптандыруу болуп саналат. - Сиздер эңсеген, кыргызга гана таандык коом түзүлүшү тууралуу айта кетесеңиз? - Сунуш кылган долбоорубуз боюнча кыргызга гана таандык башкаруу системасы бар. Мында кыргыз элинин өзөгүн түзгөн чоң үч канаттан турат: оң, сол, ичкилик. Ар бир канатка көптөгөн уруулар кирет. Ошол канаттарды жандандыруу менен ар бир канаттын курултайын түзүп, ал курултайларда ар бир уруудан сунушталган талапкерлер жалпы элдик курултайда бекитилип, эл казынасы түзүлөт. Президент мамлекеттик кызматка эл казынасындагы атуулдарды гана кое алат. Ошондо бүгүнкү күндөгү терс көрүнүштөргө мисалы, бир уруунун, же бир гана үй-бүлөнүн кызыкчылыгын көздөгөн максаттар жокко чыгарылат. Президент өзүнүн каалаган кишисин мамлекеттик кызматка койбостон, эл сунуштаган өкүлдөр гана мамлекеттик кызматтарга алынат эле. - Пикет-митинги жок эле максатка жетүүгө мүмкүнбү? - Албетте мүмкүн. Бийлик менен тирешип, пикет-митинг кылганда коомдо чаржайыттык күчөйт да, элдин ынтымагы экиге бөлүнөт. Биздин сунушубуз бийликке болобу, оппозицияга болобу, баарына жалпы бирдей, элди бөлүп жарган саясаттын ордуна, өзүбүздүн түпкүлүктүү, эзелтеден келаткан, кылымдар бою сакталган коом түзүлүшүнө кайрылсак, накта элдик бийлик орноп, тактап айтканда бийликке болгон элдин ишеними жоголбостон, тескерисинче биримдик күчөп, пикет - митинкке жол берилбейт эле. - Дүйнөдө сабаттуулугу менен 14 - орунда туруп, жалпы өнүгүү жагынан эң акыркы катарда калышыбыздын себеби эмнеде деп ойлойсуз? - Бүгүнкү абалыбыз 74 жылдан бери союз тарабынан кысымга алынып, улуттук аң сезимибиздин чөгүшү, улуттук эстутумдун жоголушу деп эсептейм. "Кыргыз жапайы калк", "маданиятсыз эл" деген түшүнүктүн астында, үч-төрт муун кыргыздын ким экенин тааныбай, билбей өзүнө ишенбегендиктен, биз оома жана жетеленме калк болуп, батыштан таңууланган саясатка алдырып, өз жолубуздан тайып калдык. - Кыргызды бөлүп - жарган, демократ, социалист, коммунист деген партиялар деги керекпи? - Биз нечен кылымдарды карытып, дүйнөлүк тарыхта из калтырган улуу элдин урпактарыбыз. Бүгүнкү күндө "демократия" деген идеологиянын алдында өзүмчүлдүк саясатка айланып кеткен, жеке максатты көбүрөөк көздөгөн, ар кандай партиялар көбөйдү. Булардын баары эл ынтымагын ыдыратып, элди бөлүп жарганга алып келди. Буга далил, өткөн шайлоо. Кыргызга, элди бөлгөн көп партиялуу саясаттын кереги жок. - Улуттук коомду өнүктүрүүдө улутчул деген түшүнүктүн өзгөчөлүгү эмнеде? - Улутчул дегенди, канча жылдан бери терс, же туура эмес түшүнүк катары окутуп келишкен. Улутчул болуу жаман эмес, өзүнүн тегин таанып, сүйүп, өз улуту үчүн кам көргөн адамды улутчул деп түшүнсөк болот. Өз улутунун салтын, дүйнө таанымын өздөштүрүп, жакшы касиеттерин өнүктүрүүнүн эмнеси жаман. - Маегиңизге ырахмат Суроо салган Мундуз АСАНАЛИЕВА Коомай комиссия Айтматовду Бакиев баалабайбы? Быйылкы жыл кыргыз элинин атагын алыска чыгарып, дүйнөлүк алкактагы чыгармалары, акыл-ою, бийик аброю менен улуттук сыймыгыбызга айланган атактуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун 80 жылдык мааракесине туш келип туру. Бул, даңазалуу да, намыстуу да окуяны дүйнө элдери алдында татыктуу өткөрүү зарылдыгы баарыга белгилүү. Андан кыргыз элинин да, мамлекетинин да кандайлыгы, деңгээл, баркы айкын болмокчу. Анткени, ал мааракеге дүйнөнүн төрт бурчундагы атактуу адамдар келип, дээрлик бүтүндөй мамлекеттер, элдер кызыгып, көз салат. Бул, мамлекетибиз үчүн да, улутубуз, жалпы эле элибиз үчүн да өтө чоң сыноо. Аны кандай өткөрөбүз, аброй алабызбы, же айрандай төгүп алабызбы деген санаа, түпөйүл ой ар бир атуулубуздун жүрөгүн өйүтүп турган чак. Ага Улуттук жазуучулар Союзунун, Маданият министрлигинин үстүндөгү жылды "Айтматов жылы" деп атоо сунушун Президентке жолдоосу анык далил. Бул, маанилүү да, жоопкер да окуянын орчундуулугун Кудай жалгап, мамлекет башчы жетик түшүнүп, өзүнүн атайын жарлыгы менен "Айтматов жылын" жарыялап жиберди. Коомчулук кудуңдап, оргу-баргы башчысынын туура чечимине кубангычакты болбой, ындыны кайра сууса болобу! Анткени, ажо түзгөн Айтматов мааракесин уюштуруу, өткөрүү мамлекеттик комиссиясын эл, интеллигенция күткөндөй Президент өзү жетектебестен вице-премьер Нур уулуна жүктөптүр. Премьерге да эмес (мамкатчы го дайындала элек), анын орунбасарына. Элибиздин абройлуу аксакалдары, жазуучулардын төрагасы "комиссияны өзүңүз жетектеп бериңиз, андан Айтматовдун да, өзүңүздүн да, жалпы элибиздин да аброю артат эле" дешип удаама-удаа барып, кайрылгандарын да эшиттик эле. Эми дүйнө элине эмне дейбиз? Кайсыл бетибиз менен атактуу Айтматовду жогору сыйлайбыз деп айта алабыз? Бүтүндөй дүйнө дүрбөп, Айтматов жалпы адамзаттыкы, түрк дүйнөсүнүкү деп дүрбөлөң түшүп, мааракеге камынып жатышса ажобуз аны жетектөөдөн неге айныды? "Кыргыздын душманы кыргыз", бири-бирин сыйлай албаган, көтөрө албаган калк, чыгаанын буттан алып, орго салгандан башкага жарабайт... деген сымал кептер дагы да чын чыктыбы?! Эгерде мааракени ажо өзү башкарганда атпай адамзаты алдында аброюн арттырып, не деген дүйнөлүк аалым, атургай ажолор менен тикелей алака түзүп, маанилүү маселелерди чечүүгө мүмкүнчүлүк албайт беле. Атаңгөрү, Чыңгыздай чыгаанын барктап, атагын арттырган кыргыз эли, чынында эле даңазалуу Манастын мыкты эли белем деп дүйнө элдери бизге суктанып, алардын алдында атпай журтубуз атагын арттырып, сыймыктанбайт беле! Анте албай калдык. Кудай бир берген ырыскыбызды баалай албай, айрандай төгүп, айрылып калдык! Эмне, ажобуз Айтматовду теңсинбедиби? Комиссияны жетектесем ажолук абыроюм кемип калат дегениби? Балким, айланасындагы кеңешчилери кемтеме акыл берип коюштубу? Ушундай убайлуу санаага баткан коомчулуктун башын тырмап, жооп таппай турган кези. А.Акмончок |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|