Коомдук-саясый гезит
№21, 12.02.08-ж.

Меймансап
Форум



◄◄◄
  Ажал айтып келбейт

Ызгаардын каарына кабылгандар
Кыш быйыл демейдегиден өзгөчө каарын салды го чиркин. Элдердин айтуусунда дегеле көп жылдардан бери мындай катаал кыш, ызгаардуу суук болбоптур. Катаал демекчи, жыл жаңыргандан бери эле ызгаар канчалаган адамдын өмүрүн алып кетти.
Өзгөчө үй-жайы жок ар кайсы жерде конуп-түнөп жүргөн селсаяктарга (БОМЖулар) убал болду. Аны менен кошо ичкиликти ашыкча ичип алышкандар да оңушкан жок. Айрым гана маалыматтарга токтоло кетели: Таңга маал көчө кыймылы башталганда ары-бери өткөндөр борбор калаабыздагы Свердлов менен Чуйков көчөсүнүн кесилишинен азият улутундагы жашы 35-40тын тегерегиндеги жигиттин өлүгүн көрүшүп, милийсага кабар беришти. Адегенде аны кимдир-бирөөлөр өлтүрүп туруп, өлүгүн ошол жерге таштап кетишкен деп ойлошкон. Жок, андай болбоптур. Бейтааныш жигиттин ким экенин, эмне болуп өлгөнүн текшере келгенде аны эч ким күч колдонуп өлтүрбөй эле өзү суукка тоңуп өлүптүр. Жердиги Нарын областынан, 1971-жылы туулган К.Токтосунов деген жигит экен.
Ошол эле мезгилде Москва районуна караштуу Петровка айылынын Центральный көчөсүндөгү 439-үйдөн 1932-жылы туулган А.Романова менен 1961-жылы туулган А.Н.Романовдун тоңуп калышкан өлүктөрү табылды. Кошуналарынын айтуусунда кечээ күнү эле сопсоо, кадимкидей басып жүрүшкөн болчу.
Сокулук районунун Сокулук айылындагы Фрунзе көчөсүндө жайгашкан №1 мектептин жанынан 40-45 жаштагы азият улутундагы адамдын тоңуп калган өлүгү табылып, анын ким экенин тактап аныктап жатканда ошол эле райондун 1-Май айылынан 30-35 жаштагы азият улутундагы жигиттин көчөдө өлүп жатканы тууралуу маалымат келип түшөт. Аныктай келгенде ал дагы көчөдө суукка тоңуп калыптыр.
Токмок шаарындагы Слабод көчөсүнүн №339 үйдүн жанынан европа улутундагы 55-60 жаштагы аялдын өлүгү табылды. Бул дагы суукка тоңуп өлгөн, аты-жөнү тактала элек.
Ысык-Көл областына караштуу Каракол шаарынын милийса кызматкерлерине Ленин-Грецко көчөлөрүнүн кесилишинен 35-40 жаштагы азият улутундагы аялдын тоңуп өлгөндүгү тууралуу маалымат түштү. Мунун дагы аты-жөнү такталууда.
Аламүдүн районундагы Аламүдүн айылынын Гидров көчөсүндөгү №66 үйдүн жашоочусу 1977-жылы туулган Миллер деген жигит үйүндө жападан-жалгыз жатып уктаган боюнча "оо дүйнөгө" кете берген.
Борбор калаабыздагы Бароцк көчөсүнүн №98 үйүнүн 1940-жылы туулган А.Горелов да кроватына жаткан боюнча эртеси турбай калган. Сыягы түн ичинде аракты өлгүдөй ичсе керек.
Жогорудагылар бир аптанын ичинде жергебизде болгон окуялар. Азыр да ызгаар али күчүнөн тая элек. Колу-бутту, бетти какшатып, жүрөктүн үшүн алып, эчкимди аябачудай суук жүзүн салат. "Сактансаң сактайм" дейт. Кудай сактасын, мындай өлүмдү адам баласына бербей эле койсун. Аман-эсен кыштан чыгалы.




  Көп баскан аяк….

Гастролёрлордун акыркы жортуулу
Өзгөчө ыкма менен уурулук жасаган бул топ канча убакыттан бери кармалбай шаардык милиция кызматкерлеринин баштарын айлантып, аябай түйшүк тарттырып, булуттан чыккан айга окшоп, бир жылт этип көрүнө калып кайра көздөн кайын болуп кетип турушкан.

Алар жөнөкөй, жупуну же орто жашаган үйлөргө ээси жок болсо да эгерим киришчү эмес. Бардар жашаган кишилердин гана үйлөрүн кароолго алып, алар кайсыл убакта жумушка кетишет, ким эмне иш кылат бардыгын аныктап, тактап бүтүшкөн соң анан гана ишке киришчү . Бирөөсү күзөттө туруп мобилдик телефону менен көчөдөгү кыймылды баяндап, калгандары бардар үйдүн эшигин ачып алышып, шашпай эч нерсесин калтырбай тазалап, анан арттарына бир да шектүү из калтырбай көздөн кайым болуп кетишчү. Ал эми жергиликтүү милиция кызматкерлери болсо бул уурулук ишти канчалык кылдат текшеришкени менен эч бир колго илинбей а түгүл шектүү адамдарды да таба алышпай дасыккан чебер уурулардын бул жоруктарына баштарын чайкаша бирок иликтөө иштерин улантып келатышкан. Мындай бири-бирине коендой окшош уурулук иштер өткөн жылдын жай мезгилинде башталып, алар ушул убакыт ичинде шаардагы жыйырмага жакын бардар кишилердин үйлөрүн тоноп сызга отургузуп кеткенге үлгүрүшкөн. Кармалбас дасыккан уурулардын үстүнөн иликтөөгө мурун мындай далай ууруларды калтактарына түшүргөн атайын дасыккан тажрыйбалуу милициялар дайындалды. Акыры жүрүп кечээ жакында гана бул кылмыштуу топ кылтакка илинип беришти.
Баарынан кызыгы дасыккан уурулардын баары жергиликтүү эмес чет өлкөлүктөр экен. Экөөнүн улуту грузин, Кутаисиден келишиптир. Бирөөсү А.Чибургалидзе Бишкекке мурун эле келип жайгашып, үй-жай күтүп атүгүл эки баланын атасы болууга да үлгүргөн. Мындайча айтканда жергиликтүү болуп алган. Ал шаардын жайын элдин маанайын жакшы өздөштүргөн соң жердеши 45 жаштагы Э.Кукумадзе пайда болот. Жумуш иштеп акча табуу пайдалуу экенин билишип кол оорутпай, жоорутпай жеңип пайда табуну көздөшүп, уурулук жолуна түшүшөт. Кыска убакытта кыйга олжого туйтунуп бирок кармалбай келген уурулардын изине алгач милиция эмес жабырлануучулардын бири А.Ботоканова түштү. Бул жолкусу алардын эң акыркы жортуулу болду.
Ал күнү эч нерседен бейкапар адаттагыдай жумушунан чыгып кетип бараткан. Кокусунан эшиктин алдында өзүн шектүү тиктеп турушкан Кавказ улутундагы үч адамды байкап калат. Эмнегедир жанында турган Мерседес үлгүсүндөгү машинесинин номерине көз жүгүртө эсине түйүп коет. Ошонусу чоң жардам берди.
Ал жаңылбаптыр.Түшкө жетпей эле үйүн тонолгону тууралуу кабар келди. Эртең менен өзүн карап турушкан Кавказ улутундагы адамдардан шек санап, ошо замат алардын машинесинин номерин милицияга айтып берди. Шаардык Октябрь райондук милиция кызматкерлери шаардагы болгон "Мерседес" автооунааларын толук изилдеп, аныктап чыгышып, акыры кармалбас уурулардын сары изине чөп салышты. Көп өтпөй эле Мерседестин ээси А.Чибурганидзе кармалып, анын үйүн тинте келгенде бир далай уурдалган буюмдар, алтын сөйкө шакектерден баштап видео, аудио магнитофондорго ,баалуу кийимдерге чейин табылып, кылмыш ишке далил болуп берди. Ошондон кийин үй ээси аргасыздан күнөөсүн мойнуна алууга туура келди. Көп өтпөй экинчи шериги да кармалды. Тилекке каршы бул кылмыштуу топтун жетекчиси куйругун түйүп качып кеткенге үлгүрдү. Ал ким экени азырынча аты да дареги да, тактала элек. Бүгүнкү күндө каалабыздагы көптөгөн оокаттуу тың жашаган адамдардын үйлөрүн тоноп, кармалбай жүрүшкөн чет элдик гастролерлордун үстүнөн тергөө иши башталды.




  Кандуу бычак

Cелсаяктын өлүмү
Ордуна келип отурган соттун төрагасы дароо эле кылмышкердин акыркы өкүмүн окуду..
- Маматканов Таалайбек Окенович 1967- жылы 24- октябрда Бишкек шаарында туулган. Эч жерде иштебейт, туруктуу жашаган жери да жок. Мурун эки жолу соттолгон. 1996-жылы Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 235-статьясынын 1-бөлүгү менен эки жылга шарттуу кесилсе, 1998-жылы 246-статьясынын негизинде 5-жылга эркинен ажыратылган. Мөөнөтү бүтүп эркиндикке чыкканда кайрадан кылмыш ишине кириптер болуп, адам өмүрүн кыйды. Кунөөкөр күнөөсүн мойнуна алып, кылмыш далилденгенине байланыштуу сот Маматканов Таалайбек Океновичке төмөнкүдөй өкүм чыгарат. Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 97-статья, 6-пунктунун негизинде 14 (он төрт) жылга эркинен ажыратылсын. Жаза мөөнөтүн катуу режимдеги түзөтүү колониясында өтөсүн!

Зал ичи бир азга жымжырт болуп тунжурай түштү. Дароо эле соттун соңунан кылмышкерди да алып чыгып кетишти, зал ичинде кайрадан жымжырттык.
Кырктын кырына чыкканча эки кылмыш ишине кириптер болгон бул жигит дагы эмне кылмыш жазап жиберди?
Өкүм кечээ чыкканы менен окуянын болуп кеткенинен бери бир топ эле убакыт өтүп кетиптир. Таалайбек өзүнөн бир топ жаш улуу Расул деген киши менен таанышканына аз эле болгон. Улуу катары сыйлаганы эле болбосо жаңы таанышын жакшы да билчү эмес. Экөөнүн бир жолку чогуу отуруп ичкен ичкилигинен кийин Таалайбек Расулга катуу жинденип, анын жосунсуз жоругуна ичинен кек сактап калган. Кийинки кандуу окуянын да келип чыгыш себеби ошондон болду.
Расулдун туулган күнүн белгилеп, экөө көп кабаттуу үйдүн жер төлөлөрүнүн биринде арак ичип отурушкан. Ичкиликке катуу кызып калышкандыктан сыртка чыгышпай ошол эле жерге жатып уктап калышат. Эртеси ойгонушканда Таалайбектин бир жери жакпай калдыбы же сүйлөгөн сөздөрү жаккан жокпу айтор жөндөн-жөн туруп эле күтүлбөгөн жерден темир арматура менен аны бет талаштыра берип калды. Таалай чалкасынан кулап түшкөндө, темир арматураны ыргытып сыртка чыгып кетет. Ал бир топко чейин эсине келе албай жатты. Сокку катуу тийгендиктен сол жак көзү жарылып, кулагы жакшы укпай, бетинин бир топ жерлери сыйрылып, шишип кетти. Ошол боюнча аны көргөн жок, бирок ичине катуу кек сактап, көчөдөн жолуксам анын сазайын берем деп эки күндөн бери издеп жүргөн болчу.
Мына жолугушаар да күн келди акыры. Борбор калаабыздын Молодежный менен Токтоналиева көчөсүнүн кесилишинде № 44 үйдө жайгашкан "Алтынай" деген дүкөндүн ичине анын кирип баратканын кокусунан көрүп калды. Бул жерге экөө көп келишкендиктен сатуучу кыз да аларды сыртынан таанычу. Эки жагын шашыла караган Таалайбек дароо эле артынан кошо кирет. Тилекке жараша дүкөндүн ичинде да эч ким жок экен, сатуучудан башка. Жолдо келатканда эле оң жак чөнтөгүнөн бычагын алып чыгып, атайын өлтүрүү максатын көздөп, даярдап алган. Бир азга экөө бетме-бет тиктеше түшүштү . Таалайбек эч сөз айтпастан колундагы бычагы менен Расулду төшкө бир канча жолу сайып жиберди. Дүкөн ичине артык баш ызы-чуу кылгысы келген жок. Дароо эле полго кулап, көзү аңтарыла эсин жоготкон таанышын колтуктап кармап, сыртка сүйрөп кетти. Ошол бойдон сүйрөп отуруп, көчөдөгү арыктын жанына келип, ичине тоголотуп жиберди да эбакта эле өлүп калганына карабай үстөккө-босток бычак менен денесинин ар кайсы жерлерине сайгылап өчүн алып жатты. (Медэкспертизанын аныктоосу боюнча Расулга 16 жолу бычак сайылыптыр, 4сү көкүрөк тушка тийген). Анын өлгөнүнө чындап ишенген соң өлүктү ошо жерге калтырып, кылмыш ордунан качып кеткен. Бул окуяны дүкөнчү кыздан башка эч ким байкаган эмес.
- Мен аларды дүкөндүн ичине кирип турушканын көргөм, мурун бул жакка көп эле жолу киришип, арак алып кетишчү,- дейт "Алтынай" дүкөнүнүн сатуучусу Р. Бургеева,-бирок бири-бирине бычак сайганын байкаган эмесмин, жулкулдашып жатканынан "Сыртка чыккыла!" деп кыйкыргам. Качан гана көчөгө алып чыгып, арыкка ыргытып жиберип, бычак менен сайгылап жатканда колунда бычагы бар экенин байкадым. Дүкөндүн ичинде да кандын издери калып, кызыл-ала болуп кетиптир.
Кылмышкер алыска деле узаган жок, Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери аны бат эле кылтакка илишти. "Өзүң кылган иш өз башыңа муш" дегендей бүгүнкү күндө кылмышкер көнгөн жайына кайра кетип, жаза мөөнөтүн өтөп жаткан учуру.

И. Алымсейитов
Бишкек шаарынын Биринчи май
райондук прокурорунун ага
жардамчысы

Бетти даярдаган С. Мырзакулов













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan