![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №21, 12.02.08-ж. |
Меймансап Форум Адахандан каяша От дегенден ооз күйбөйт же калп казанын какшыта кайнаткысы келген жазмакерге каяша "Аалам" коомдук-саясый эркин гезитинин 2008-жылдын 1-февралындагы №18-санында "Ат көрбөгөн минип өлтүрөт же Адахан чамгарактаганда…" деген ат менен чыккан макалага карата, Жогорку Кеңештин төрагасынын дарегине шек келтирилип жаткандыгынан улам, сөз атасын өлтүрбөй, өз каяша пикирибизди айтып, өз жүйөбүздү келтирип коюуну туура таптык. Аталган макалада Жогорку Кеңештин төрагасы Адахан Мадумаровдун азыркы ишмердиги боюнча маалыматтар такталбаган далилдердин негизинде жазылгандыгы таасын эле байкалып турат. Мааниси бузулбасын үчүн макаланын айрым жерлеринен үзүндү келтире кетели: "Адахан Кимсанбаевич ЖКнын депутаттарын сөз сүйлөө укугунан ажыратып, балык депутат кылып бүтүп, эми ЖКнын аппаратындагы кызматкерлерге киришти" деп жазылган. Бул макаладан кийин, атайын так маалымат берели деген максатта, аталган басылманын баш редакторунун орунбасары Улан Мамбетовго кайрылсак, демократияны, сөз эркиндигин эңсеген биздин кесиптешибиз ЖМК боюнча мыйзамды сурап, ошол маселенин оң-терс жактарын чагылдырууну каалабай койгон эле (албетте, ал өзүнүн иши дечи, анткени ал гезит кожоюну эмеспи). Анда, Урматтуу Улан мырза, менин сизге эмес, ошол макала ээсине билдирип коеюн деген маселе мындай болчу: "Урматтуу жазарман, бул жооп менен кайым-айтыш үчүн же парламент Төрагасына арачы болуу үчүн эмес, так маалымат берип коюу үчүн гана иштин чоо-жайын билдирип койгубуз келет. Биринчиден, Адахан Мадумаровдун ЖК депутаттарын сөз сүйлөө укугунан ажыратууга укугу жок. Анткени, бул жерде ЖК Регламенти деген бар. Ал Регламентти Мадумаров өзү жалгыз отуруп кабыл алган эмес, ал жалпы Жогорку Кеңеш депутаттарынын добуш берүүсү аркылуу кабыл алынган башкы ырасмий документтердин бири, парламенттин баардык ишмердүүлүгү мына ошол Регламентке ылайык жүргүзүлөт. Эгерде сиз баштагыдай кызуу талаш-тартыштуу отурумду эңсеп жатсаңыз, анда ал азыр жаңы Регламентке ылайык Жогорку Кеңеш комитеттеринин арбиринде жүрүп жатат. Ал каалаган депутат, каалаган министрликтер менен мекемелердин өкүлдөрү, акредиттелген журналисттер катышса болот. Балык болсо дагы, булбул болсо дагы депутаттардын талаш-тартышы ошол жерде болуп, мыйзам такталып, толукталып бүткөндөн кийин гана анан парламент жыйынына алынып чыгат. Регламенттин 28-статьясына ылайык, ал жыйындын жүрүшүндө каралып жаткан маселе боюнча оңдоо, түзөө жана сунуштарды тийиштүү комитеттер менен фракциялардын жетекчилери гана чыгып айта алышат. Бул Регламент жөнүндөгү мыйзамда так көрсөтүлгөн. Гезит бетиндеги макалага кайрадан кайрылып көрөлү: "Аппарат менен иш башкаруучуну ооштурду (бул боюнча айрым депутаттар дагы нааразы)" деп жазылыптыр. Эки жетекчини тең эч ким ооштурган жок. Алар кызмат ордунан мыйзамга ылайык эле өз каалоолору менен кетишкен. Ал эми Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгындагы буга чейин жасалып келген иштер жана кемчилдиктер боюнча (эгерде керек болсо) кезеги келгенде атайын кеңири маалымат берилет. Макалада: "Эми катардагы мамлекеттик кызматкерлерди кеткиле, өз кишилеримди коем деп опурулуп, мамлекеттик кызмат тууралуу мыйзамды көзгө илбей, а түгүл көп жылдардан бери эмгектенип келгендердин укугун эске ала турган түрү жок" деп жазат. Бул жерде, кечирип коюңуз, урматтуу жазарман, биринчиден, Адахан Мадумаров катардагы кызматкерлерди кеткиле деп айтмак түгүл, алар менен атайын жолугуп сүйлөшкөнгө убакыт таппай жатат. Экинчиден, Мадумаров "кеткиле өз кишилеримди коем" деп опурулгудай колхоздун башкармасы эмес, ал мамлекеттин негизги үч бийлик бутагынын биринин жетекчиси - КР ЖК Төрагасы. Бул кишинин дал ошол сиз айтып жаткан мыйзамды чыгаруу тармагында иштеп келатканына он беш жылдан ашык убакыт болду. Үчүнчүдөн, бул жерде бирөөнүн укугу тебеленгидей ушул күнгө чейин Жогорку Кеңеш Аппараты менен Иш башкармалыгынын эки жетекчисинен башка бир адам дагы иштен бошой элек. Ушуга чейин ким кайсыл жерде иштеп келсе, баардыгы ошол эле кызмат ордунда иштеп жатышат. Эч кимиси эч жакка жылган жок. Маалымат үчүн айта кетели, буга чейин ЖК Аппаратынын жаңы түзүмү болсо депутаттардын талкуусунан өттү. Ал эми 7-февраль күнкү пленардык кеңешмеде жалпы депутаттардын алдында дагы бир ирет угуу болуп, анан добушка коюулуу менен кабыл алынды. Эми ЖК Аппараты дал ошол жаңы түзүм боюнча иш алпарат. Анан да "Ушул кезде ЖКнын кызматкерлери укуктарын кайдан барып коргошун билбей, ындыны өчүп үрпөйүп турушат" деп жазылган. Жогорку Кеңеште укугун коргоого чуркагыдай эчкимди эчким коркутуп-үркүтүп же кемсинткен жери жок. Ындыны өчүп үрпөйбөй эле, баардык кызматкерлер күлүп-жайнап, жаймажай эле өз иштерин иштеп жатышат. Эмесе, урматтуу жазарман, мындан кийин ушундай макаланы жаза турган болсоңуз, телегейи тегиз болбосо да, жок дегенде бираз туура келе турган далилге таянып туруп, анан жазып жүрсөңүз жакшы болор эле. Сизди терең урматтуу менен Космос Чыдынов, КР ЖК Төрагасынын Басмасөз катчысы Сур эчкинин каргышы … Бүгүнкү күндүн Кожожаштары Ач көздүктүн да чеги болуу керек го. Айталы дегенибиз, жакында табият мыйзамын бузган адам карышкырлардын тобу тоодон кармалды. Жети - Өгүз районунун "Кырташ" тоосунда, Ысык-Көлдүн тургундары Э. Касымов, Э. Арыков, Ж. Токтомбаев, М. Байтерековдор кызыл китепке кирген, аң улоого тыюу салынган 43 аркарды жырткычтык менен жайлап салышкан. Жаратылышка аеосуздук менен кол салган браконьерлер 2-февралда УАЗ-452Д машинесине жүктөп келе жаткан жеринен кылтакка илинишип, бүгүнкү күндө жоопко тартылышууда. "Ааламдан" жооп Урматтуу Космос мырза! Сиздин мага телефон чалганыңыз чын. Бирок, сиз так маалымат берейин деп эмес, ""Ат көрбөгөн минип өлтүрөт "- деген рубрикадагы материалды ким жазган?"- деген суроо менен кайрылган элеңиз. Мен сиздин ким экениңизди сураганымда, парламент төрагасынын басма сөз катчысы болооруңузду айтып өттүңүз. Мыйзам чыгаруу органынын жетекчисинин басма сөз катчысы деген журналистикада такшалып, мыйзамды чемичкедей чаккан адам болуусу абзел. Себеби, массалык маалымат каражаттарынын мыйзамына ылайык, гезиттин жетекчилери кайсы бир макаланын авторлорун телефон чалган адамдарга эле айтып бере бербөөсүн билишиңиз керек эле. Экинчиден, силердин каяшада жазылгандай, депутаттарды сөз укугун чектеген регламентти Адахан Кимсанбаевич жалгыз кабыл албаганын биз өтө жакшы билебиз. Ал киши парламенттеги көпчүлүктү түзгөн "Ак жолдун" жетекчиси катары кандай жан үрөп, регламентти кабыл алдырганын теледен көрүп билген үчүн жоопкерчилиги бар деп эсептейбиз. Ал эми биздин оюбуз боюнча, "жел болбосо, чөптүн башы кыймылдабайт" демекчи, жөн жерден эле бир адам тууралуу ар кандай аңыз кеп чыкпайт. Биз болсо, мыйзам чыгаруу бийлигинин чордонунда мыйзамдуулук, мамлекеттик кызматкерлердин укугу сакталса деген үмүт менен гана үн катканбыз. Силердин каяшаңарды эл көрүп, окуп баа берсин деп, гезит бетине жарыялоону биз да туура көрдүк. Ким чын, ким калп айтып жатканын калайык калк өзү таразаласын дедик. |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|