Акыркы үмүт Астанада...

Орзубек Назаров кыргызстандык мушкерлерди таштап, Бишкекти көздөй баса берген
Бангкокто бокс боюнча Тайланд королунун Кубогуна арналган мелдеште кыргызстандык үч спорт чебери коло байге алганы менен Бээжин олимпиадасына жолдомо албай арманда калышты. Бангкокко барган кыргызстандык тогуз боксчунун биринин да олимпиадага жолу болбоду. Былтыр АКШнын Чикаго шаарында өткөн дүйнө чемпионатында дагы кыргызстандык 9 спортчу ийгиликке жеткен эмес. Эми акыркы үмүт 16-мартта Астанада өтө турган Казакстандын президентинин кубогуна арналган турнирде.

Эл аралык бокс федерациясы Азия континентине Бээжин олимпиадасына жолдомо берүүчү эки эл аралык Гран-при мелдештерин аныктаган. Анда биринчи жана экинчи орундарды жеңип алгандардын олимпиадага жолу ачылмак.
Анын бири - Тайланд королунун Кубогу 25-январда Бангкокто башталып, жеңүүчүлөрү 4-февралда аныкталды. Бул олимпиадага жолдомо берүүчү мөрөй талашууга Азиянын 28 өлкөсүнүн 150 өкүлү катышып, алтын жана күмүш байге ээлерине 19 жолдомо ыйгарылды.
Тайландга Кыргызстандын спорттук делегациясын "Ак жол" фракциясынан парламент депутаты, профессионалдык бокс боюнча дүйнөнүн жети жолку чемпиону Орзубек Назаров баштап барган. Ал Бангкоктон эки-үч күн сый-урмат көрүп, кыргызстандык боксчуларга өзүнүн кеп-кеңешин берүүнүн ордуна Бишкекти көздөй баса берген.
Кыргызстандан Бээжин олимпиадасына жолдомо алуу ниети менен Бангкокко багын сыноо үчүн барган 9 бокс чебери булар эле: жеңил салмакта - Нурлан Абдраимов, 51 кг. Салмакта-Айдарбек уулу Нурлан, 54. кг. салмакта-Дамир Ильясов, 57 кг. салмакта-Залкар Бакиров, 64 кг. салмактагы Акматали Мадаминов, 69 кг. салмакта-Давран Хабиров жана 81 кг. салмакта-Чыңгыз Борбашев рингде күч сынашып көрүштү. Алардын үчөө жарым финалга чейин жетип, коло байге алуу менен гана чектелди. Атап айтсак 64 кг салмактагы Акматали Мадаминов, 69 кг салмакта өлкө намысын коргогон Давран Хабиров жана 81 кг салмакта күч сынашкан Чыңгыз Борбашев жарым финалга чейин барып, үчөө тең жеңилип, Бээжин олимпиадасына жолдомо ала албай арманда калышты.
Кыргызстандын бокс федерациясынын вице-президенти Райхан Алканов эми акыркы үмүт 16-мартта Астанада өтө турган Казакстандын президентинин кубогуна арналган турнир калганын айтты. Себеби мында биринчи жана экинчи орундарга ээ болгон мушкерлерге быйылкы жайкы олимпиадалык оюндарга жолдомолор ыйгарылат. "-Бирок Астанада Бээжин олимпиадасына жолдомо алган күндө да кыргызстандык боксчулар мөрөй алып, байгелүү орунга жете алышпайт. Кыргыз боксунун деңгээли төмөн, чеберчилиги начар, жаштарга машыгууга шарт жок", -дейт белгилүү ишкер, бокс ардагери Райкан Алканов.
- Себеби өлкөдө бул спорттун деңгээли төмөндөп, таланттуу жигиттерге шарт түзүлбөй, мелдештерге тааныш билиш аркылуу чабал боксчулар барып, чынында федерация жетекчилери иштебей, бийлик талашуу менен алек болуп калышкан.
Бангкокто өткөн Тайланд королунун кубогуна арналган бокс мелдешине катышкан тогуз спортчунун үчөө бирден гана жеңишке жетишкенде күмүш байгелүү болуп, Бээжин олимпиадасына жолу ачылмак. Ошондуктан коңшу Казакстан жана Өзбекстандын командалары менен бирге машыгуу керек, алардан тажрыйба алуу зарыл жана чеберчиликти жогорулатуу үчүн мыкты адистерди жалдоо керек.
Бокс адистеринин жакшы баасына арзып жүргөн кочкорлук Сапарбек уулу Тилек белгисиз себептер менен Бангкоктогу таймашууга барбай калып, Бээжин олимпиадасына барууга жолдомо ала албай калды. Ооруп, сыркоолоп калбаганда балким Айбек Абдымомунов Бангкокто олимпиадага жолдомо алат беле, ай ким билет?
Өлкөнүн дене тарбия, спорт, жаштар саясаты жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттигинин жетекчисинин орун басары Алмаз Касенов боксчулардын аракетинен майнап чыкпай жатышынын себептери тууралуу мындай деди:
- Азия аймагында гана эмес, дүйнө жүзүндө Казакстан бокс боюнча мыктылардын сабында турат. Эгемендүүлүк алгандан бери эле алардан үчөө олимпиадалык бийиктикти багындырып чемпион аталды. Дүйнөлүк биринчиликте байге алган казак менен өзбектер да арбын. Ошондуктан Бээжин олимпиадасынын алдында Казакстан жана Өзбекстан менен биргелешип, машыгууларды өткөрүү керек эле. Тилекке каршы андай болгон жок. Учурда улук машыктыруучулукка ылайыктуу адис табылбай жатат. Бокс федерациясы деле жыргатып, демилгелүү иштебей келүүдө.
Өлкөнүн улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралинов Бээжин олимпиадасына жолдомо берүүчү Бангкоктогу мелдешке бокс федерациясынын жетекчилери кайдыгер мамиле кылышканын сынга алды.
- Биринчиден, бокска өкмөттүк деңгээлде көңүл буруу зарыл. Курама командага кандай каражат бөлүнүп, кандай камкордукка алынса, ошого жараша ийгиликтер болот. Бирок, учурда Кыргыз өкмөтү бокс эмес, башка спорт түрлөрүнө да жардам берүүгө чамасы жетпей турат. Экинчиден, бокс федерациясы да өз алдынча демөөрчүлөрдөн каражат таап, айрыкча жаштарга көмөк берүүсү керек. Бул федерацияга экс-депутат, чукул кырдаалдар министри Камчыбек Ташиев президент болгону менен, ал бокстун өнүгүшүнө салым кошо албай жатат. Үчүнчүдөн, кыргызстандык жаштар эл аралык чоң мелдештерге барбай, чеберчилиги аксап турат. Мелдештерге көп жиберүү менен аларды жатыктырып, такшалдыруу зарыл. Кыргызстандагы жакшы машыктыруучулардын көбү башка жумуштарга же чет өлкөлөргө кетип калышты. Кадр маселесин чечүү учур талабы болуп турат.
Чынында Кыргызстанда бокстан чоң таймашуулар жокко эсе. Мурда Советтер Союзунун баатыры Дүйшөнкул Шопоковду эскерүүгө арналган мелдеш эл аралык деңгээлде өткөрүлүп, бүт союздук республикалардан көп мыктылар келишчү. Мына ушул турнирден даңазалуу Нурлан Абдыкалыковдун, Орзубек Назаровдун, Андрей Курнявканын жана башкалардын тушоосу кесилип, чоң спорттун эшиги ачылган. Кийинки жылдары эптеп эле өткөрүлүп, деңгээли өтө төмөндөп кеткен. Ошондой эле бокс машыктыруучулары коңшу өлкөлөрдүн бокс мектептерин көрүп, өздөрүнүн да билим деңгээлин жогорулатуу керектигин адистер айткан менен майнап чыкпай келет.
Бир аз артка кылчайып тарыхка кайрылсак, Советтер Союзунун убагында кыргызстандык бир дагы бокс чебери олимпиадалык оюндарга барган эмес.
Эгемендүүлүккө ээ болгону 1996-жылкы Атланта олимпиадасына дүйнө чемпиону Андрей Курнявка менен Азия чемпионатынын жеңүүчүсү Нурбек Касенов катышып, бирок ийгилик жарата алышкан эмес.
2000-жылкы Сидней олимпиадасында кыргызстандык Алмаз Райымкулов алдынкы топко чейин жетип, үчүнчү орун үчүн күч сынашууда мексикалык атаандашына 14:12 эсебинде утулуп, мөрөй албай калган. Ошондой эле Сиднейде кыргызстандык Алексей Катулевский да мыктылардын сабына кошула алган эмес.
Ал эми 2006-жылы Афинада өткөн жайкы олимпиадалык оюндарда өлкө намысын коргоого барган жаштар арасында дүйнө чемпиону Айбек Абдумомунов менен Азия чемпионатынын жеңүүчүсү Асылбек Таласбаев биринчи эле беттешүүдө утулуу ызасын тартышкан.
Кыргызстандык бокс чебери Андрей Курнявка 1989-жылы Москвада өткөн чоңдор арасындагы дүйнө чемпионатында баш байгени утуп, алтын медаль тагынган. Ал багынткан дүйнө чемпиондугуна башка мушкер ээ боло элек. Профессионалдык бокста дүйнөнүн жети жолку чемпиону болгон учурдагы парламент депутаты Орзубек Назаров жана кочкорлук маркум Нурлан Абдыкалыков экөө гана Европанын чемпиондору болушкан.
Маркум Нурлан Абдыкалыков чыныгы талант, бокс үчүн жаралган, кыргызды дүйнөгө таанытуучу кыраан эле. Ал СССРдин эки жолу чемпиону болгон (1984, 1986- жылдары). Ал учурда СССРди утуш дүйнө чемпиону болгонго тете болчу. Спорттогу мафиянын курмандыгы болуп, багы ачылбай жашында жайрап калды бейиши болгур…
1993-жылы КМШнын чемпионатында Эл аралык спорт чеберибиз Таалай Кадыралиев биринчи орунду ээлеп, эсил кайран СССРдин чемпиондук наамына татыган. Ушул Таалай Кадыралиевдин эрдигине, намыска бекем экенине таң берсе болот. 2002-жылы Түштүк Кореянын Пусан шаарында 14-Азия оюндарында Таалай үчүнчү орун үчүн кувейттик атаандашы менен беттешмек болот. Эртең таймаш деген күнү ага кувейттик машыктыруучулар келип, 30 миң доллар сунуш кылып, жеңилип берүүсүн өтүнүшөт. Себеби, 14-Азия оюндарында мунай заты менен аты чыккан бай өлкө катары таанылган Кувейт мамлекетинин бир дагы байгеси жок болчу. Ал эми Таалай болсо Бишкекте өз үйү жоктугунан эки уулу менен батирде жашап, жакшылап машыгууга шарты да жок эле. Таалайдан бөлөк бирөө болсо акчага ар-намысты сатып, өз кызыкчылыгын ойлоп, 30 миң долларды чөнтөккө салып, эртеси жеңилип берип коймок. Кыргыздын каны ойногон, ар- намысты туу туткан Таалай мындай сунушту четке кагып, эртеси кувейттик атаандашын утуп, коло медаль тагынды. Өз абийирин сактап, кыргыздарга үлгү болуп койду.Таалайга убадаларды кабаттап берип, "коло байге алсаң, Бишкектен үй, машина алып берем" тил эмизген ошол учурда түкүрүгү жерге түшпөй турган, Пусанга да барып делегациянын ардактуу мүчөсү болгон экс-президент Аскар Акаевдин кайынагасы, "Ош базарынын" директору Аскар Шамбетов убадасын унутуп, жүзүн буруп, жигитчилик сөзүнө турбай кете берди. Таалайдын ошондогу эрдигин өкмөт деле, бокс федерациясынын жетекчилери деле, бизнесчилер деле балаган, барктаган жок. Ал түгүл коло байге үчүн белгиленген өкмөттүк сыйлыкка чегерилген 3 миң долларды да чиновниктер толуп бербей, конвертке 2 миң 500 долларын салып койгонун кийин Таалайдан угуп, мен дагы абдан капа болдум. Казакстан, Өзбекстан чакырса кыргыздын намысын ойлоп барбай койгонуңду эстеп балким өкүнүп жүргөндүрсүң, деги кайда жүрсөң да аман бол, кыргызымдын кырааны Таалай мырза!
Учурда кыргызстандык бир дагы бокс чебери Бээжин олимпиадасына жолдомо алыша элек. Бул жагдай кыргыз боксунун учурдагы ал-абалынан кабар берип турат. Чоң талкуу кылып, бул тармакка көңүл бурбаса болбой калды көрүнөт. Жашымда бокс менен машыккам деп өзүн өтө таланттуу боксчу катары көрсөтүп, азыр деле катылгандарды саясый аренадан жыга муштап жаткан президент Курманбек Бакиев өзү сүйгөн бул спортуна көз кырын салып, камкордукка өзү албаса майнап чыкпай калды көрүнөт.

КАБЫЛ МАКЕШОВ