САНДАН-САНГА

Баратбай АРАКЕЕВ
(Повесть)
Мент
Миша келгенче Машаев начальнигине болгон ишти түшүндүрдү эле ал жини келе: "Биз санкция алганча күтүп отурат беле, ушу прокуратуранын азабы өттү, энеңди" деп өзү баш болуп даяр турду. Миша адрести билип келээри менен аттанышмак.
Аңгыча Миша да келип калды. Дароо аттанышты начальниги баш болуп. Болжогон үйгө жетээри менен начальник ошол жерде отурушкан эки кемпир, бир чалды кыргызча которулбаган "понятых" кылып алып дарбаза кагышты. Ким деп сурабай эле үй ээси эшик ачып, жоон топ немелерди көрүп, кубарып кетти.
-Милийса!
Тобу менен үйгө киришти. Үй ээси:
-Киргенге укугуңар жок, кагазыңар кана?! - деди эле, кызуу кандуу, курч мүнөз начальник:
-Эй, кагазга наркотик оролгон! - деп тигини дегдеңдете жетелеп, төркү бөлмөгө өттү. А жерде сырттагы кажы-кужуну угуп сактана калган баягы наркотик ээси тура калган экен, нараакта турган пакетти катууга да үлгүрбөй дал болду. Эки кемпир, бир чалдын көзүнчө Машаев пакетти алып, ичиндегилерди столго жайды. Ак порошок салынган кичинекей мүшөкчөлөр экен. Туура жыйырма. Машаев бул кимге таандык экенин билип туруп эле үйдүн ээсинен сурады:
-Муну кайдан алдыңыз?
-Меники эмес.
-Анан кимдики?
-Билбейм.
Машаев протокол жазып жаткан милийсага кайрылды үй ээсин көрсөтө:
-Наркотик ушул кишиге таандык деп жаз!
-Жок, меники эмес, бул кишиники,- деди үй ээси жаны чыга кыйкырып, -азыр эле келгем, эмне алып келгенин көргөн да эмесмин.
Наркотиктин ээси үндөгөн жок. Жазылган протоколго баары менен кошо а дагы калтыраган колу менен кол коюп, анан кишенге колун тосту.
Кызык да, начальник менен Машаев прокуратурага нечен жолу чакырылып, туура эмес камагансыңар деген сөздөн көп угуп жатып араң кутулушпадыбы. Анткен менен бул наркобизнесмендин артынан көп иш чубалып, Оштон Бишкекке кетчү бир орчун каналдын жолу буулду. Прокурордун жардамчысы бул ишке эч кандай тиешеси жок, четте калды. Жердешин да кутулта алган жок. Бирок акыр-аягы менден бирди көрөсүң деген кек Машаевге багышталып, көкүрөккө бек орноду.

***

Милийсаны жаман көргөндөр канча болсо, жакшы көргөндөр, "алар болбосо өлмөкпүз" дегендер да ошончо. Бир күнү Машаевге баягы кайниси тоноткон аксакал келди:
-Иним, сага рахмат! Сен болбосоң жанагы айбан кайним дагы далайды көрсөтмөк экен. Балким, ажалыбыз да ошондон болот беле? Эжең экөөбүз эки өмүрдө ыраазыбыз. Сага келгеним кечинде бир-эки жолдошуңду ээрчитип келип, тамак ичип кет. Өгүнү түлөө өткөргөндө чакырган жокмун, өзүнчө келсин деп.
Машаев рахматын айтып, баралбай турганын сыпаа түшүндүрдү эле, тигинин көнчү түрү жок, жалынып турду. Айла жок, акыры барууга сөз берди.
Кечинде Мишаны ээрчитип, болжогон саатта аксакалдын эшигин какты. Ал байкуш эки көзүн төрт кылып күтүп жаткан экен, дароо үйгө киргизип, даамы жайнаган үстөлдөн орун көрсөтүп, жакшы сыйлады. Кетээринде Машаевге бир костюм, Мишага көйнөк кийгизмей болду эле булар караманча кашайып, алышкан жок. "Эки киши билгенди - чочко да билет" деп бир кинодогу каарман айтмакчы, кийит кийгендери бүгүн болбосо эртең сөзсүз угулаары бар. Бетке чиркөө болот. Ошондуктан алышпады.
Баш-оту менен иштеген немелердин жеке турмуштары кийинки кезекте калат эмеспи. Үйлөнүүгө кезек келгенин Машаев өзү эстемек эмес, айылына учурашканы барганда ата-энеси эскертти. Бул ар бир ата-эненин тээ, атамзамандан келаткан салты, парзы эмеспи. Ушул барганда "жакында үйлөнөм" деп ата-энесин жөн гана жооткотуп келген. А чынында үйлөнөм деген күндө да болжогон кыз жок болчу. Тирүү жан, болгондо да каруу-күчкө толуп турган кермурут жигит болгондон кийин тааныш кыздары бар дечи, бирок түбөлүк жар кылам дечү мээлегени жок эле. Үйүнө барып-келгенден кийин дале болсо ишинин туткунунда кала берди.
***
Опертоп жаңы эле бир чакырыктан келип, көчүк басаары менен жаңы кабар түштү - бир үйдө эрди-катынды өлтүрүп кетиптир. Дароо жөнөштү. Шаардын чет жагындагы бул үйгө келгенде жүрөк үшүн алган көрүнүшкө күбө болуп, тиштенип турушту. Дал дарбазанын түбүндө тамтыгы жок канга боелгон эркек жатат мууздалган, андан нараакта дал ошондой кан аккан аял көмкөрөсүнөн түшкөн. Экс- перттин алгачкы текшерүүсүндө экөөнө тең ондон ашык бычак урулган. Аларды тегеректеп котологондордун арасында бир жигит бири беш, экинчиси эки жашар чамаларындагы эки секелек кызды бооруна кысып, боздоп жатат. Бул жигит үй ээсинин иниси экен. Үй ээси талаада пияз баш болгон жашылча өстүргөн, оокаттуу турган дунган экен. Ошол жердегилерден ар нерсени сураштырып, сөөктөрдү моргго алып кеткенден кийин Машаевдер бөлүмгө кайтышты.
Начальник Машаевди өзүнө чакырып, анын кыска баянын уккандан кийин минтти:
-Сен, Машаев, ушул ишти колуңа ал. Таап бер айбандарды! - жанагы мууздалган кишинин элеси кайра-кайра көз алдыга тартылып, каны кайнап турду.
***

Машаев ишти эмнеден баштаарды билбей баш катырып, көңүлүндө азыркы адамдардын айбандан небак өткөн мыкаачылыгын жектеп турду. Адам жолу ушинтип улана берсе алсызын жеп койчу карышкыр үйүрүнө айланбас бекен!? А, балким, айланып да калгандыр.
Машаев башка иштерин таштап, ушул кылмыштын бетин ачууга баш-оту менен киришти. Өлтүрүлгөн эрди-катындын туугандары, тааныштары, коңшу-колоңдору, бери дегенде жүздөй адамдарды сурады. Андан эч майнап чыккан жок. Ошол аймакта жашаган бир "кулагы" бар эле, бир күнү аны издеп тапты. Бул алтымыштарга чыгып калган, өмүр бою заводдо иштеген, кийин накта алкаш болуп, аялы кууп жиберген селсаяк неме болчу.

(Уландысы бар)




  Криминалдуу окуя

Миллионго бааланган өмүр
(Башталышы өткөн санда)
Ошол жылы Абдысаламдын атасынан калган билинбеген өнөрү бар экени көпчүлүккө маалым болду. Адаттагыдай эле жайлоодо Туткабайдын малын багып таң атпай койлорун тоо кыялап жайып кеткен. Жылда жайлоого чыкканда Туткабай эки боз үй, бир чатыр тикчү. Көп жыл чарбанын директору болуп жүргөндүктөн жайлоонун эң жакшы жерин өз менчигине айлантып алган. Анын жайытына башка малдар жайылчу эмес. Тээ тоо башына чыгып алып дүрбү менен төмөн жакты карап турган Абдысалам кожоюнунун үйүнө чет элдик үч машине келип токтогонун көрдү. Жайдын саратан мезгилинде анын конушуна көптөгөн коноктор да келишчү. Өзгөчө борбордон тээ илгери жогорку окуу жайында чогуу окушкан достору, группалаштары, курсташтары келип эс алып кетишчү. Бардыгы тең жакшы кызматта иштешкендиктен жайлоого атайын чет элдик "жип" машинелери менен келишчү. Эки -үч күн ичип-жеп сайрандашып, мергенчиликке чыгышып анан кетишчү. Кээде бир жумадай кармалышып баш көтөрүшпөй арак, кымызын ичишип, эки күндүн биринде козу сойдуруп жеп анан кайтышчу. Алар келишкени Абдысаламга күч келчү. Күндө бошогон бөтөлкөлөрдү чогултуп козу союп, эт бышырып, кымыз сунуп, чиновниктерге арак куюп берип атып тажап кетчү.Алар кетишкенден кийин кадимкидей оор жүктү алып ыргыткандай жеңилдей түшчү.
"Баягылары дагы келиштиби" - аларды жактырбагандай дүрбү менен карап турду. "Жети-сегиздей киши окшойт же андан да көппү?" канча адам экенин алыстан жакшы санай албай койду.
Күн уясына жашына баштаганда адетинче койлорду атайын жасаткан мал короого айдап түштү. Келген меймандар бакылдап бир топ кызып калышыптыр. Карапайым кийинген жаш жигитке, койчуга анча деле маани беришкен жок. Казан эки жерге асылыптыр, биринде жаш козунун эти, экинчисинде куурдак. Малды түгөлдөп бүтүп короону сыртынан бекитип, эт бышырып жаткандарга жардамдашканы бери басты. Кызып калган немелер алыс жерге бөтөлкө коюп өздөрүнчө мелдеше эки мылтык менен бута атып жатышыптыр.
- Булар кимдер экен? - очокто эт бышырып жаткан кошуна малчынын баласынан сурай кетти.
- Билбейм, калаадан келишиптир. Туткабай байкенин досу дейт ко, министр болуп иштейт экен.
- Канчоо болуп келишти?
- Билбейм, жети-сегиздей бар окшойт, аялдарын кошкондо.
- Алардын бардыгынын тең аялдары ушунчалык жашпы, биз теңдүү эмелер го?
- Ие мен анысын кайдан билейин иши кылып чогуу келишти. Чоң кызматта иштегендердин бардыгынын аялдары жаш болот да албетте. Менимче булардын эки-үчтөн аялы бар болуш керек а балким ойношторудур?- тигил көзүнүн кы йыгы менен Абдысаламды карап кытмыр күлүп койду. Аңгыча кожоюндун аялы бери жакты карап кыйкырып калды.
- Абды, аны ташта. Андан көрө кел бул койду союшуп жибер. Аны тиги эле бышырат.
Эбак мууздалып териси сыйрылган койду ары жактан бычак ала коюп жиликтеп кирди.
- Жиликти жакшы чыгаргыла, уят болбойлу шаардан келгендерге,- Туткабайдын аялы Бүбүкан чебелектей ары-бери жүгүрө кызмат кылгандарга буйрук берип жүрдү.
- Ие ошолор жиликтер кандай чыкканын билет дейсизби, жиликтеп жаткан кайниси Бекболот өзүнчө күбүрөнүп койду.
- Ошентсе да уят.
Абдысалам өздөрүнөн обочороок жерде ары жакка бөтөлкө коюп алып бута атып жаткандарга көз кырын жиберди. Баардыгы тең кызуу. Ичкиликтин таасириби же чын эле атканды билишпейби айтор эртеден бери аткылашып бутага тийгизе албай жатышты. Бирөөсү оордунан козголду.
- Силер ата албай жатасыңарбы азыр мен аны ыргыта атам. Тигил мылтыкты алып келейинчи.
- Кайсыл, тигил үстүндө дүрбүсү бар снайпер мылтыктыбы. Аны менен мен деле ата алам,эмнеси бар экен,- бирөөсү ага каршы чыкты,- кыйын болсоң андан көрө бобул мылтыктар менен эле атчы.
- Атам эле, эмнеси бар экен,- ал жакшылап мээлеп жатып, эки-үч жолу ок чыгарып тийгизе албай койду. Беркилер анын жоругуна күлүп калышты.
- Эмне жалдырап калдың, кел муну жиликтеш, - Бекболот тигини колго какты , - аларды эмне кыласың, андан көрө буларды ылдам-ылдам жиликтеп жиберели. Ошол маалда боз үйдөн чыккан Туткабай Абдысаламга кайрылды.
- Абды бери кел, тигил чатырга кирип бир бөтөлкө арак алып чык дагы закускасы менен тигилерге алып бар.
Чатырга кирген Абдысалам оозу ачылып калды. Ичинде эки ящик арак, үч ящик пиво, андан сырткары суусундуктардын түрлөрү жайнап туруптур. "Буларды ким алып келди, Туткабай байкеби же тигилер өздөрү менен кошо ага келиштиби?" Ары жакта помидор, бадыраң, жүзүм, алмалар да туруптур. Ушул жылдын эсебинен жүзүм жеп көрө элек болчу. Ырымдап андан эки-үчтү үзүп алды да көзүн жума өзүнүн каалоосун айта акырын ооз тийди. Ооз тийе элек жашылча-жемишти ичинен өзүнчө тилек айтып туруп ооз тийсе ойлогон тилегине ашат дегенди угуп жүрчү. Андан соң бир бөтөлкөнү жащиктен алды да кайра сыртка чыкты. Анча чоң эмес тегерек столдун үстүндөгү бузулган бөтөлкөдөгү арак түгөнө элек экен. Анысына карабай муну да бузуп бош турган стакандарга куюштурду. Ага көңүл бөлгөн деле эч ким болгон жок, баарынын эси-дарты эле өздөрүнөн алтымыш - жетимиш кадам алысыраак жерде турган бош бөтөлкөдө.
- Сен тийгизе албай калдыңбы,келе мылтыкты мен азыр аны өзүм ыргыта атам. Курсагы салаңдап турган, жашы элүүдөн өтүп калган киши мылтыкты алды да октоп туруп,тизелей калып бөтөлкөнү көпкө мээледи. Бир кезде "тарс" эткен үн чыгып, бардыгы алды жакты карашты. Ок бөтөлкөгө тийбептир. Бери жактагылары шылдыңдап каткырып калышты.

( Уландысы бар.)
Саадатбек
Мырзакул уулу