Жыл санак

Балкитеп багыңды ачсын!
Жыл деген - тек гана мезгилдин өтүшү же Жердин Күндү бир айланып келиши эместир. Жыл деген - иштер менен окуялар, кабыл болгон кыялдар жана арманда кеткен үмүттөр. Жыл деген - Ай жамынган бул оопасыз дүйнөдөгү адамзат турмушу чиймеленип келаткан Улуу китептин түбөлүк эсте калар барагы. Алеми турмуш деген - оомалуу-төкмөлүү дүйнө. Ошон үчүн бир жыл экинчисине төп келбейт, арбиринин өз мээрими, каары бар. Арбир жылдын өз аяны, наркы бар.

Арбир эл, аз-көбүнө карабай, өзалдынча жыл сүрүп, күнсайын зыпылдап өтүп жаткан барактарын жаркын белгилер, кейиптер, түспөлдөр менен эсептешет. Байыркы чыгыш эли айбанат айлампасына негизделген жылсанакты инсандын жаман-жакшы сапаттарын иликтөө үчүн пайдаланышкан. Ал он эки айбанаттын алтоосу - үй жандыктары, алтоосу - жапайы. Алардын бир айланып келиши - бир мүчөл. Малжандуу калктын аңсезиминде жаныбарлардын мүнөзүндөгү табигый башаттар адамдарга да тогоштурулганы бекеринен эмес. "Азоо аттай чунаңдап", "коймаарек тартып", "кой оозунан чөп албаган", "өгүздөй өңүрөңдөп", "арстандай айбат менен", "эчкидей эштеңдеп", "далыңан билген доңуз белең", "ит жандуу", "коёндой коркок", "тоок баш" деген салыштыруулар буга мисал.




  Кыларга иш жок болгондо...

"Сүйүшкөндөр күнү" бизге керекпи?
14 февраль "Валентин күнү", "Сүйүү күнү" деп азыр көпчүлүк жаштар майрамдоону адатка айландырып баратабыз. "Бул күндүн тарыхын билесиңби?" - десең, баш чайкашат. Анда эмесе бул күндүн такталбаган тарыхына, болжолдонгон болумушунун бирине көз салсак:

"Түрмөдөгү Валентин, түрмө башчысынын кызына арзып калат имиш. Бирок ал кыз азиз болгондуктан, атасы Валентинге "Эгер кызымдын көзүн айыктырсаң, баш кошууңарга уруксат берем"- дейт. Себеби, Валентин дарыгер болгон. Арзыган ашыгы үчүн жасаган атайын дарысы кызга эч жардам бербейт. 270-жылы, 14-февралда өлөр алдында, кызга "Сенин Валентиниң" деп, өзүнүн арзуу катын жазган экен".
Мына сага, ошондон ушул күнгө чейинки майрамдалып келаткан майрамдын тарыхы.
Анда кыргыздын ар бир күнүн "Махабат майрамы"кылып алсак болгудай. Кантип дебейсинби? Жөпжөнөкөй. Мисалы, "Олжобай менен Кишимжан", "Болот менен Акмөөр", "Раймаалы менен Бегимай", Жеңижок менен Көксулуу", "Токтогул менен Алымкан" жана башка толгон - токой мисалдарды четинен тизмектей берсек болот.
Эгер, батыштан дагы бирөөсү ашыгына суу чачып койсо, "Суу чачмай күн", экөө бир шаардан экинчи шаарга качып кетсе, "Бүгүн качмай күн" деп, Кудай уруп дагы бирөөсү дааратканага түшүп кетсе, желип - жортуп ал окуя кулагыбызга жетсе аны да майрамдап, белгилейбизби?
Токтоолукту тоолордон үйрөнгөн, жеңил-желпиге оңойу менен жеңдирбеген, көөдөнүндө көрөңгөсү бар кыргыз жаштары, буга сиз кандай дейсиз???

Мундуз Асаналиева




  Шамшыбек агай!

Өмүрүңүз көк деңиздей узак болсун,
Даражаңыз ак куулардай бийик консун.
Үй-бүлө, ага-тууган, эл-журтуңа
Жашоодо түгөнбөгөн бакыт толсун!

12-февралдагы туулган күнүңүз менен куттуктайбыз!!!
"Ааламчылар"