![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №21, 12.02.08-ж. |
Меймансап Форум ЭПИЦЕНТР Конфронтация... Үсөн Сыдыковду жүдаа жүдөтүштү, эми канчага чейин чыдайт? Президенттин администрациясынын жаңы структурасы бекитилип, ага ылайык кеңешчилер кыскарып, Адам укугу боюнча комиссия менен Коомчулук менен байланыш кызматы жоюлду. Үсөн аке ээлеген мамлекеттик кеңешчи кызматы да жоюлуп, ал киши эми жөн эле кеңешчи болот экен. Мындайга ал киши көнөөр бекен же эшикти тарс жаап жөнөөр бекен? Себеби, президенттин администрациясынын мурдагы жетекчиси Үсөн Сыдыков менен азыркы жетекчиси Медет Садыркулов экөөнүн ортосун качан кара мышык аралаганы белгисиз, айтор Медет Чокановичтин Ак үйгө келишине Үсөн аке убагында аябай каршы турган. Бирок, Курманбек Салиевич бир кездеги санаалашы Үсөн Сыдыковдун таарынганына карабай Садыркуловго Ак үйдүн эки тизгин, бир чылбырын карматкан. Билимиң эмес, таанышың болсо... Азим Исабеков Чүйдүн губернатору болобу? Ак үйдөн келген маалыматтарга таянсак, Чүй облусунун губернатору Кубанычбек Сыйдановду кызматтан шыпырып, пенсияга жөнөтүп, анын ордуна Атамбаевдин айылдашы, экс-премьер-министр Азим Исабековду дайындаган указ даяр турат. Ал эми ошол эле Атамбаевдин кан досу, мурдагы Саламаттыкты сактоо минитри Туйгунаалы Абдраимовдун Кореяга элчи болуп бараары тууралуу каңшаар тарады. Укпасаңар, сөгөм да... ЖКнын кызматкерлеринин шору же Акүйдөгү тогуз токоч баабедин Президенттин иш башкармалыгынын биринчи орун басары Эрмек Рысбаев Жогорку Кеңештин иш башкармалыгына жетекчи болуп которулуп кеткенине сүйүнгөн Акүйдөгү майда бечек кызматкерлер беш кило эт сатып келип, аш бышырып майрамдашып жатса, ЖКнын кызматкерлеринин ындыны өчүп маанайлары пас. Көрсө, Эрмек мырза эркек-ургаачысына, кары-жашына карабай эле кезеги келгенде орусча кыргызча аралаштырып, ашатып сөгө бермей адаты бар имиш. Ал эми ушул багытты тескей турган мамлекеттик кызмат боюнча агенттигинин иши формалдуу гана жүргүзүлүп, таасири жокко эссе. Кызмат үчүн күрөш... Ачарчылык акциясы уланууда Б. Бекешовдун үйүндө учурда ачкачылык кармап 9 адам отурат. Бейшенбек Бекешовдун "Азаттыкка" билдиргенине караганда, ишембиде тез жардам менен ооруканага жеткирилген Кыял Сабирахунова бүгүн кайрадан ачкачылык кармагандарга кошулду. УТРКга байланыштуу маселени териштирүү үчүн түзүлгөн комиссия кечээ эки тараптын өкүлдөрүң менен жолугушуп, жыйынтыгын бүгүн чыгарышы күтүлүүдө. Ким өтөт? Акыйкатчылыкка 4 талапкер ат салышат Кыргызстандын акыйкатчысы болуу үчүн 4 адам өз арызын беришкен. Алар иш мөөнөтү аягына чыгып бараткан учурдагы акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу, Президенттин алдындагы жоюлуп кеткен адам укугу боюнча комиссиянын төрагасы Турсунбек Акун, "Демо Лекс" өкмөттүк эмес уюмунун президенти Каныбек Абдыкадыров жана "Акыйкат жолу" коомдук бирикмесинин жетекчиси Бүбайша Арстанбекова экенин белгилеп кеткибиз келет. Ал эми "мен дагв акыйкатчы болуп, адам укугун коргойм" деген Нурлан Мотуев өз талапкерлигин алып салганы дайын болду. Аталган талапкерлердин кимиси Жогорку Кеңештин элегинен өтөөрү азырынча белгисиз. Бирок, саясий көзү ачыктардын айтканына кулак салсак, анда акыйкатчылыкка Турсунбек Акундун өтүп кетүүсү толук мүмкүн экен. Себеби, парламенттин көпчүлүк бөлүгүн түзгөн "Ак жолчулар" Президенттик администрациянын жетекчиси Медет Садыркуловдун сөзүн "кыңк" дебестен аткараары белгилүү. Ал эми Медет Садыркуловду гезит беттеринде Турсунбек Акун коргоп, аны мактап жүргөнүн кимдер гана билбейт? Акыйкаттан неге коркушат? Коомдук парламент сүр көрсөтө электе эле, бийлик андан чоочуй баштадыбы? "Акыйкаттык үчүн" кыймылына, коомдук парламентке кошулган уюмдаргы карата кысымдар башталды дейт. "Берен" партиясынын жетекчилигинин көчүгү чыдабай чыга качса, Лисовский мырза башында турган орус тилдүүлөрдүн "Свобода выбора" партиясы келип кошулганы маалым болду. КТР аркылуу байма-бай сындалып келе жаткан Экс-тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов башында турган коомдук парламенттин аброю "Ак жолчулар" толуп алган Жогорку Кеңештикинен кыйла эле жогору болчудай түрү бар. Эмнеси болсо да, чыдап, күтө туралычы. Анан кимдин ким экенин көрө жатаарбыз. Ой тобоо Канттагы завод абаны булгайбы? Жакында Жогорку Кеңештин депутаты Мурат Жураев укмуш кызык билдирүү жасады. Анын айтымында, казактардын Канттагы цемент-шифер заводу Кыргызстандын абасын булгап жатыптыр. Алар кирешенин баарын чөнтөктөрүнө салуунун ордуна, 3 миллион долларга фильтр орнотуп коюшсун. Андыктан, экологиялык кызматтар унчукпай олтура бербей, ошону көзөмөлгө албайбы?- деген суроону ортого койду. Урматтуу Мурат мырза, Канттагы заводдун ээлери экологиялык кызматты эмес, Кыргызстандын өкмөтүн тоготпой, айткандарын кулак сыртынан кетирип жатканы тууралуу кабарыңыз жокпу? "Аалам-пресс" |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|