![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №21, 12.02.08-ж. |
Меймансап Форум Шумдугуң кургур… Кыргызтелекомдун баасы бычылдыбы? Кыргызтелекомдун баасы 37 млн. долларга бааланыптыр" деген элибизде имиш сөздөр аралап жүрөт. Байланыш азыркы убактагы эң пайдалуу өндүрүш тармагы экендиги баарыбызга белгилүү. Себеби интернет, электрондук почта, IP, IT жана башка байланыш кызматтары жок күнүбүз өтпөйт. Азыр байланыш тармагы жок күнүмдүк турмуш-жашообузду элестетүүнүн өзү кыйын. Өкмөттөрүбүз эмне үчүн майлуу-сүттүү тармактарды шымаланып сатканга киришти? Мындай тармактардан эффективдүү башкаруу болсо эле бир жылда тапкан пайдасы эле 30-40 млн. доллардан кем болушу мүмкүн эмес. Байланыш тармагы боюнча адистердин айтуусунда "Кыргызтелекомдун" базар баасы 1,5 - 2 миллиард . 2003-2005-жылдары Н.Танаевдин өкмөтү дагы "Кыргызтелекомдун" баасын 150 млн. долларга бычып, сатабыз деп калганда, ошол кездеги Жогорку Кеңештин депутаттары чырылдап жатышып токтотуп калышкан. Бали дейсиң, көрсө ошол убактагы депутаттар А.Акаевдин режимине каршы туруп, чыныгы элдин камын көргөндөр турбайбы. Ал эми азыркы "Ак жолчул" депутаттардын ичинде кыргыз элинин келечегин ойлогондор чыгаар бекен? Тарых кимдин ким экенин убакыт өткөндөн кийин гана өз ордуна коерун унутпай, азыркы ЖК депутаттары дагы мамлекетибиздин кызыкчылыгын сатпаган кыргыздын тарыхында өлкөбүз үчүн ак эмгек кылган улан-кыздарынан болот деп тилейбиз… Урматтуу окурман! "Аалам" гезити мамлекетибиздин майлуу-сүттүү тармактары боюнча, атап айтканда, "Телеком", "Энергетика", "Дастан", "Кыргызгаз", ГЭСтер, ТЭЦтер ж.б. боюнча сиздерди ачык-айкын талкууга чакырар элек. Бул тармактар Кыргыз Республикасынын негизин, дүйнөдөгү ордун, келечектеги өнүгүшүн түзөрү жалган эместир. Ошондуктан кайдыгер болбой, өзүңүздөрдүн оюңуздарды "Аалам" аркылуу билдирүүгө чакырабыз. Биздин гезит менен 59-17-38, 54-42-07 телефондору, электрондук почтасы: aalamga @ mail.ru аркылуу байланышсаңыздар болот. КурумУшу Байбиченин балдары менен токолдун балдары "Ложка" деп коюшчу "Ак жол" партиясынын жолбун бир мүчөсү, атап айтканда, саясий конъюнктурага ылайык трансформацияланып дайынсыз жоголгон "Менин өлкөм" партиясынын мүчөсү Зайнидин Курманов фракциялык азчылыкты түзгөн депутаттарды токолдун балдарына салыштырып койду эле, тигилер--соцдемократтар менен коммунистер катуу тырчышты. Кемсинтип, кордоп жаткандай көрүшүп, таарынычтарын парламенттин жыйынына чейин көтөрүп чыкканга чейин барышты. Кепке кемтик, сөзгө сөлтүк кылып таштагандай десең. Тыбырчылап, жер тепкилеп жибергендерине караганда, мандаттарын жапырт таштап, парламенттен кайрылбас болуп чыгып кетишчүдөй, өй, буларың. Солуктаган боюнча эмдигиче он талаа көз жашын баса албай турушат. Апаптап койгон киши жок, тообо. Непадам, СДПК менен коммунистердин атынан парламентке барган депутаттар токолдун балдары экени жалганбы? Чындыкка чычалап жибергенде орунсуз болуп каларын тигелириң түшүнбөйбү же түшүнгүсү келбей жатышабы? Сөзсүз эле "ыйлагандын көзү жакшы, айткандын сөзү жаман" болушу керекпи? Парламентте темирдей катуу тартип орнотуп бир айткан сөзү эки болбой, ай-асмандап чамгарактап турган, адамдан башка суперспикерлик статуска ээ болгон А.Мадумаров башында эле: "Бир атанын балдарындай болуп ынтымак менен иш кылалы" деген. Бир атанын балдарыбыз, бирок бирибиз байбичеден,бирибиз токолдон туулган балдарбыз деген мааниде айткан, коммунистер менен соцдемократтардын парламентке "Ак жол" партиясынын боссу ыракым кылганы үчүн гана келип калышканы сыпайы ишаара кылган эле. Фракциялык азчылыктын депутаттары ЖКда демократиялык фасад, көп партиялуу парламенттин имитациясы үчүн керек болгону жалган эместир. Ошондо эле зирек депутаттар А.Мадумаров эмнени каңкуулап жатканын илип алган болчу. Илип алганда эмне, ичинен тынып тим болушкан. Чычалашкан эмес. Туура кылышкан. Мындайда кулак жапырып койгондон өтөөрү жок. Эми эски жараны тырмап эмне кажети чыкты дейсиң? Фракциячыл азчылыктардын демаршын бийликтин массалык маалымат каражаттары өксүк комплекси катары мүнөздөп какшыктап чыгышты. Өксүктүк комплекси соцдемократтар менен коммунисттерде кадиксиз бар, анда талаш жок. Асыресе, алардын "комплекси" парламенттеги көпчүлүктү түзгөн "Ложка" б.а. "Ак жол" фракциясына караганда караандабай калат. Фракциячыл депутаттардын таарынычы анча жөнсүз (адекваттуу) болбой калганы, көбүнесе эмоцияга алдырып жибергендиктен улам чыкканы байкалбай койбойт. Алып айтсак, ККП азчылыктар фракциясынын өкүлү Бейшенбек Акунов "көпчулүктүн" кечирим сурашын талап кылып: "Мен коммунистер менен 51 жылдан бери иштешип жүрөм. "Ак жолдун" пайда болгону жарым жылга жетпейт. Аксакал катары айтып коеюн, бул жерге биз бир бирибизге күнөө артуу үчүн эмес, иштеш үчүн келгенбиз" деп наалыды. Аксакал депутаттын айтканында калет жок. Коммунисттер узак тарыхий жолду басып өтүшкөнү ырас. Бирок азыркылары менен мурдагы коммунисттерди салыштырып болбойт - асман менен жердей айырмасы бар. Башкасын айтпаганда да бир шинелди 20 жыл кийген, принцибинен кенедей да танып койбогон Апсамат Масалиев жетектеген коммунистер башка да, азыркылары башка экени жалган эместир. Азыркыларды партия деп айтуу деле кыйын - коммерциялык уюмбу, консалтинг компаниясыбы, далдалчы фирмасыбы иши кылып башка түзүм. Коммунисттердин фракциясынын тизмесин карап көрүп ага ишенбей койбосуң. Казинолорго ээлик кылган коммунисттерди бир кездерде элестетиш кыйын эле. Коммунистерди "Ак жолдун" эле өзү, тагыраак айтканда бир чакан филиалы десек туура болор эле. Деген менен коммунисттердин эски бышыккан мүчөлөрү - ошол эле Б.Акунов, Н.Байло мезгил-мезгили менен азыркы абалдары менен келише албай, "Ак жолдун" "октой түз бараткан социалдык-экономикалык саясатына" кылапат кылып жиберген учурлары кездешет. Депутат Н.Байлонун: "экономика алгалап баратат дегенибиз - нонсенс" деп жиберген чалпоолугу өткөн кездеги принципиалдуулуктун ностальгиясынан, азыркы өксүк комплексинен улам пайда болгон нааразылыктыр. Өксүктүк өзгөчө СДПКда даана байкалат. Адилетсиз өткөн шайлоодо жеңишке жетишкен "Ак жолго" ("Ложкага") тиркеме болуп кирип, калгандары, экинчи сорттогу "дүжүр" милдетти аткарууга туура келгени, мыйзамды кабыл алуу процессине кенедей таасири жоктугу, атүгүл жарыш сөзгө чыгуу укугунун чектелгени - аларды ичтеринен мүлжүп жатканы кажетсиз. Соцдемократтар идеологиясына жат "Ак жолдун" саясатына каршы туруп, эл алдында "агаруу" (реаблитациялануу) үчүн далбас урууда. Арийне, андан кенедей да майнап чыгып жарыткан жок. Кайра олдоксондугу менен элдин күлкүсүн жаратууда. Бул болсо, кезегинде алардагы өксүтүктү андан ары тереңдетип жаткан жагдай. "Ак жол" - "Ложка" партиясынын депутаттары парламенттин ишине алгач чоң энтузиазм менен киришишкен эле. Өздөрүн чындап эле байбиченин балдарындай сезишкен. Эки ай өтүп өткөн жок, мурундарындагы эшек курту кагылды да калды. ЖК регламенти кабыл алынгандан кийин катардагы депутаттардын жеке пикирин айтууга укугу чектелгени анык болду - көз караш партиянын боссторунда болот, оозу кыйшык болсо да байдын уулу сүйлөшү керек экен. Катардагылар, атүгүл, добуш бере турган кнопкасына да толук ээлик кыла алышпайт. (эгер командировкага кетип же ооруп калса ишеним кат менен партия кнопканы басып коет). Иши кылып партиянын "чөнтөгүндөгү" айдама зомбиге, генсек менен "администрация" жактырган мыйзамдарды убагынада кабыл алып берип турган "өндүрүмдүү" механизмге айланышкан. Парламенттин иш күндөрүн чагылдырган Маалымат агенстволордун кабарлары буга айгине далил: ЖК "өкмөт жөнүндөгү" мыйзамга оңдоолорду киргизүүнү биринчи окулушунда кабыл алды, депутаттар "чукул кырдаал жөнүндөгү" мыйзамга өзгөртүү киргизүү долбоорун колдошту, Кыргызстандын парламенти үстүбүздөгү жылдын бюджетин экинчи окулушунда кабыл алды, басымдуу көпчүлүк добуш менен кабыл алынды…ж.б. Иши кылып бардыгы майдай сүттөй агылтып мыйзам чыгарууда, эч бир такалып калуу деген жок. Зуулдаганы зуулдаган. Чампалап туруп эле айдап жатышканы баамдалбай койбойт. Залда эки колду куушуруп кнопкадан башка иши жок отуруп бергенден тажагандар т.а. зериккендер жыла басып кабинеттеринде телевизор менен радиону эрмектеген, б.а убакытты пайдалуу жана жагымдуу иштерге жумшаганга шыктуу "прогулщиктер" көбөйүп, кворум болбой кала турган коркунуч пайда болду. Аз күндө залга конституциялык мыйзамдарды кабыл алууда зарыл болчу 60 депутаттан турган кворум да чогулбай калышы мүмкүн. Буга кошумча легитимдүүлүгү арсар экендигине байланыштуу эл ичинде "акжолчуларды" ("ложкачыларды") депутат дешип эсептешкендер деле аз, өткөн чакырылышындагы депуттардай болгон аларда кенедей да барк жок. Коомдук уюмдар терминологиялык бойкот жарыялашкан - аларды эзели депутат деп айтпайбыз, тек гана "ЖКнын жыйынында отурган "лицолор" деп атайбыз дешкен. Ошонусунан кайтпай келатышат. Мына ушундай "Ак жол" кептелген абсурд кырдаалда фракциялык азчылыктын ичинен аларга таарынычын айтып чыгып жатышпайбы. "Ак жолчулар" жандана түшүштү, биз менен депутат катары эсептешкендер да бар турбайбы катуу сүйүнүштү, териси терисине батпай. Шашып кетишкенинен кекечтенишип "терең" кечирим сурайбыз" деп жиберишти. Мындай Кудай бере салбаспы, өксүк комплекси кемирип турганда десең. Үсөн Касыбеков |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|