Коомдук-саясый гезит
№21, 12.02.08-ж.

Меймансап
Форум



◄◄◄
  Соңку абал...

Сомдун курсу эмне үчүн түшүп жатат?
Коюлган суроого жооп бериш үчүн сомдун курсунун акыркы жылдардагы өзгөрүү тенденциясына бир сыйра көз жүгүртүп чыгуу зарыл. Бул, биринчиден, сомдун курсуна тассир эткен факторлорду тереңирээк талдап түшүнүүгө жана анын келечекте кайсы жакты көздөй өзгөрөрүн алдын ала божомолдоп билүүгө жардам берет. Экинчиден, сомдун курсу түштү деп өткөн жылдын декабрына салыштырып айтып жатам. Эгерде аны жай айларындагы курска салыштырсак, ал ага караганда дагы эле бир топ жогору экенин билебиз. Азыркы курстун деңгээли, анын өзгөрүү тенденциясын карап, бири бири менен салыштыргында гана жакшы билинет.

Өткөн жылдын ичинде сомдун курсу бир нече жолу өйдө-ылдый секирик жасап өзгөрдү. Жыл башында, тагыраак айтканда январда ал бир аз төмөндөп, бат эле кайра ордуна келди. Ал курс жаз жана жай айларында туруктуу кармалып, сентябрь айынын башында кайрадан түштү. Октябрь айында ал күтүүсүз жерден кескин жогорулап, бир доллар 34-35 сомго жеткен. Декабрдын аягында ал кайрадан төмөн жыла баштады.

Негизги тенденция
Акыркы 4-5 жылдагы валюта рыногундагы негизги тенденция - бул сомдун болуп көрбөгөндөй күчтөнүшү. Улуттук банк улам-улам интервенция жасап, сомдун тизгинин тартып турат, эгерде аны өз жайына кое бере турган болсо, анын курсу заматта эле, айталы, бир доллар 20 сомго жетип барышы мүмкүн. Эч кандай донорлордун жардамысыз эле - алар азыр ансыз деле тышкы карызыңар өсүп кетти деп мурдагыдай көп акча бербей калышты. Бул тенденцияга доллардын бүткүл дүйнөдө өз позициясын жоготуп жатышынын да тишеси жок. Тагыраак айтканда, ал да таасир берип жатат, бирок негизги себеп башкада. Доллар күчүндө болгондо деле сомдун курсу өсө бермек. Эмне үчүн?
Турмушта кээде жаман нерсенин да жакшы жактары болуп калат. Экономика өсүп барат деп бийликтегилер добулбас какканы менен, ишсиз калган калктын саны кенедей да азайган жок. Бийликтен үмүт үзгөн эл иш издеп башка өлкөлөргө кетип жаткандыгы көпчүлүккө маалым. Азыр ак калпак кездешпеген дүйнөдө өлкө табыш кыйын. Россия менен Казакстанды айтпай эле коелу, кыргыздар Африканын түштүгүнө, Латын Америкасына чейин жетип барышты. Бери эле дегенде 500 миң адам чет өлкөдө жүрөт деген сөз бар. Алар тапкан-ташыганын, албетте, Кыргызстанга алып келишет.
Адистердин эсебинде, эмгек мигранттарынын бир эле жылда алып келген акчасы 800 млн.-1 млрд. долларга жетет. Бул акча өлкө үчүн канча болорун өзүңүздөр элестетип көрүнүздөр болот, ал Кыргызстанга келген тикелей инвестициядан 5 эсе, бюджеттен 2 эсе көптүк кылат. Өлкөнүн баардык эли биригип бир жылда тапкан кирешесинин - ички дүң продуктынын үчтөн бирин түзөт. Болгондо да мигранттар аны жалаң валюта менен алып келишет. Жүгүртүүгө чыгарылган сомдун көлөмү экономиканын абалы менен чектелсе, тыштан келген валютага эч кандай чек жок, ал эл сыртка канчалык кетсе, ошончолук көбөйүп жатат. Акыркы жылдары сомдун курсу ушул шартта калыптанууда. Бир сөз менен айтканда, рынокто валюта көп болуп, ал эми сом болсо тартыш. Тартыш нерсе, өзүңүздөр билгендей, дайыма баалуу болот. Сомдун азыр баасы чыгып, жайлоонун чөбүн жеген аттай бир орунга тура албай, улам алдыга жулкунуп туру.
Эсиңиздерде болсо керек, сомдун курсу 2000-жылдардын башында 1 доллар 45 сомго чейин төмөндөп кеткен. Кийин ал кайра жогорулады. Сомдун курсунун жогорулашы адегенде бүткүл дүйнө жүзүндө болуп жаткан доллардын баркынын кетишине байланыштуу болсо, кийин ага Казакстандан келген инвестициянын толкуну жана эмгек мигранттарынын алып келген валюталары кошумча болуп кетти. Миграция кошумча болмок тургай сомдун курсун аныктаган негизги факторго айланды. Бирок анын кыска мөөнөттөгү курсун Улуттук банк валюталык интервенция жүргүзүп өзү эле аныктап кое алат. Улуттук банк башында 44 сомду чек кылып коюп, рынокто валюта көбөйүп кетсе, аны сатып алып, азайып кетсе, сатыкка чыгарып, ошол курсту кармап келген. Жогоруда айтылган фундаменталдуу факторлордун кысымы менен ал аны улам жогорулатып, кийинки убакта курсту 39 сомго чейин көтөрүп жиберген болчу.

"Голландия оорусу"
Бирок сомдун курсунун өскөнүнө кубанып деле кереги жок. Анткени анын экономика үчүн пайдасынан зыяны көп. Улуттук валютанын курсу жогору болсо, өлкөдө чыккан товарлардын баасы чет өлкөлүктөр үчүн кымбат болуп, алар аны сатып албай калышат. Экспорт азаят. Ички рынокту да арзан импорт ээлеп алат. Бул болсо өз кезегинде экономиканын өспөй калышына алып келет. Билинбеген менен валюталык курс экономиканын өнүгүүсү үчүн маанилүү факторлордун бири болуп эсептелет. Кытай мамлекети дүркүрөп өсүп жатат деп жатпайбызбы, анын экономикасынын тез өнүгүп жатышынын себептеринин бири дал ошол юандын курсунун төмөндүгүнө байланыштуу. Кытайдын товары долларга айландырганда арзан болуп, бүткүл дүйнөдө өтүмдүү. Ал АКШнын да, Япониянын да, Европа өлкөлөрүнүн да рыногун басып алды. Азыр өнүккөн өлкөлөр Кытайдан юандын курсун көтөрүүнү талап кылышууда. Кытай болсо ана-мына деп аларды көп жылдардан бери алдап келет. Бирок көтөрбөй жатат. Көтөрсө ал азыркыдай өнүгө албай калышы мүмкүн.
Албетте, динамикалуу өнүгүп бараткан өлкөгө валюта түшпөй койбойт. Мындай учурда улуттук валютанын курсун интервенция кылып да төмөндөтө албайсың. Эгерде экономиканын баардык тармагы бирдей өнүгүп жатса, курсту түшүрүүнүн деле кажети жок болуп калат- анткени андан экономика зыян тартпайт. Бирок айрым өкөлөрдө экономиканын бир тармагы өнүгүп, ошол тармак гана валюта алып келе берет. Ал болсо валюта курсун жогорулатып, калган тармактарды өстүрбөй коет. Мындай нерсе экономикалык теорияда "голландия оорусу" деген ат менен белгилүү. Ал көбүнесе нефть же газ казып жан баккан өлкөлөргө мүнөздүү. Голландия да бир кезде газ өндүрүп, анын пайдасы менен катар азабын да тарткан. Кыргызстандагы кырдаал ошол "голландия оорусуна" окшош.
Биздин Улуттук банк да сомдун курсу өсүп кетпесин деп тыштан келген валютаны сатып алып жатат. 2005-жылы 71 млн. доллар, 2006-жылы 185 млн. доллар, 2007-жылы 240 млн. доллар сатып алды. Азыр өлкөнүн валюта резерви 1 млрд. доллардан ашып кетти. Маселе валютанын сатып алуу менен чечилип калса жакшы го, иш аны менен бүтпөйт. Анткени аны сатып алганда жүгүртүүдөгү акчанын массасы көбөйүп кетип, эгерде аны өз убагында баалуу кагаздарга алмашып, экономисттердин тили менен айтканда, "стерилизация" кылып турбаса, ал инфляциянын күчөшүнө алып келиши мүмкүн. Ушуга байланыштуу айта кетели, Улуттук банк өзүн сүттөн ак кылып көрсөтүп мойнуна албай жүрөт, чындыгында өткөн жылы инфляциянын күчөп кетишинде акча массасынын өсүп кетишинин да чоң салымы бар. 2006-жылы М2 агрегаты 51% өскөн.
Акча массасы менен катар сомдун курсу да акырындап өсүүдө. Ал, жогоруда айтылган себептерден улам, экономиканын өнүгүшүнө терс таасирин тийгизип жатат. Бизде экономиканын өнүкпөй жатышынынын көптөгөн себептери айтылып жүрөт, бирок, мен билгенден, бул жөнүндө таптакыр сөз жок . Менин оюмча, сомдун курсунун жогору болушу негизги факторлордун катарына кирет. Биздин Улуттук банк сомдун курсун аныктаганда, тышкы соодадагы негизги өнөктөштөрүбүз деп, аны адата Россиянын рублине жана Казакстандын тенгесине карап түздөйт. Бирок ал бул өлкөлөрдүн өздөрү да "голландия оорусу" менен оорурун эске албай жатат. Жаратылыш байлыктары мол кошуна өлкөлөрдө бул оорунун залакасы анчалык байкалбайт экен. Эч нерсеси жок биздин өлкөдө абал ошол себептен оор.

2007-жылдагы эки жолку төмөндөөнүн себептери
2007-жылдын ичинде, жогоруда айтылгандай, бул тенденция эки жолу үзүлдү. Өткөн жылдын январында күтүүсүз жерден рынокто валюта тартыш болуп, Улуттук банк аны сатыкка чыгарууга аргасыз болду. Улуттук банк муну жылда боло жүргөн сезондук көрүнүш катары мүнөздөп чыкты. Чындыгында ал андай эмес. Январдагы валюта тартыштыгы, менимче, өлкөгө келген капиталдын бир бөлүгүнүн кандайдыр бир себептерден улам чыгып кетишине байланыштуу болгон. Албетте, анда Улуттук банк айтып жаткан сезондук өзгөрүүлөрдүн да салымы бар.
Эгерде валютанын тартыштыгы сезондук көрүнүш болсо, ал 2006 жылы да байкалат эле. Улуттук банк ал жылы бир да жолу долларды сатыкка чыгарган эмес. Жалаң гана сатып алып турган. 2005-жылы да бул мезгилде валютанын тартыштыгы байкалган жок болчу. Ал чет өлкөлүк капиталдын чыгып кетишинен келип чыккандыгын валюта рыногундагы абалдын кескин өзгөргөндүгүнөн аңдап билсе болот. 2006-жылдын декабрынын акыркы декадасында Улуттук банк күнүнө орто эсеп менен 2 млн. доллар сатып алып турса, 2007-жылдын январында кээ бир күндөрү сатыкка чыгарылган валютанын көлөмү 4 млн. доллардан ашып кетип жатты. Улуттук банк баардыгы болуп бир айга жетпеген убактын ичинде 15 млн. млн. доллар сатыкка чыгарды. Бул мезгилде да мигранттардын акчасы токтобой келип жаткандыгын эске алып, чыгып кеткен капиталдын көлөмү 25 млн. доллардан кем эмес деп болжолдосо болот.
Мындай көрүнүш 2007-жылдын сентябрда дагы бир жолу кайталанды. Анын себептерин Улуттук банк түшүндүргөн жок. Бирок анын Казакстандагы банк кризинен кетип чыккандыгы эч деле күмөн туудурбайт. Бу жолу валютанын тартыштыгын басууга 3 эле млн. доллар жетиштүү болуп чыкты. Улуттук банк аны 4-7-сентябрда сатыкка чыгарып, абалды тез эле оңдоду. Бирок абалды оңдоо оңой болгону менен бул окуя мындан ары Кыргызстан өз алдынча финансылык саясат жүргүзө албастыгын даана көрсөттү.
Эмне дегенде, бүгүнкү күнү Кыргызстандын банк системасындагы капиталдын жарымын казак банктары түзөт. Акыркы жыллдары Казакстандын банктары Кыргызстанда 5 банк ачкан болчу. Бул, албетте, өлкөгө инвестициянын келишине жол ачты. Бирок ошону менен бирге Кыргызстандын финансы системасынын, анын ичинде валюта рыногунун Казакстандын финансы рыногунан көз каранды болуусуна алып келди. Эми Казакстанда кандай проблемалар болсо, ал Кыргызстанды кыйгап өтпөй турган болуп калды. Муну айтып жатканым, быйыл кошуна өкөнүнүн банк системасы бир топ кыйынчылыктарга учурары күтүлүүдө. Ал бизде да автоматтык түрдө болот деп күтө берсе болот.
(Уландысы бар)

Сапар Орозбаков,
Бишкек экономикалык анализдөө борборунун директору













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan