Ревком билдирет!..

Азимбек Бекназаров:
"Кыргыздын башына мүшкүл түшкөндө, оң канат менен сол канат бириккен"
- Азимбек Анаркулович, аз күн мурда революциалык комитеттин билдирүүсү жарыяланды, азыр кандай иштер жасалууда, жарым-жартылай жашыруун иш алып барарыңыздар айтылды эле. Топчубек Тургуналиев сиздерге кошулдубу, колдоп кошулабыз дегендер сиздерди кайдан табат?
- Ревком жер-жерлерде элдер менен жолугушууларды өткөрүп иштеп жатат, биздин алдыга койгон максаттарыбыз колдоого алынууда.. Ревкомдун программалары, чакырыктары, иш-аракеттери жашыруун эмес, бул багытта биз ачык-айкын иш жүргүзөбүз. Ревкомдун, анын активисттеринин даректери гана жашыруун. Ал биздин активдүү лидерлерди бийликтин репрессивдүү ыкмаларынан коргоо максатында кабыл алынган. Ревкомдо партиялык типтеги фиксировать этилген мүчөлүк жок, ким биздин максаттарыбызды колдоп, бизге тилектеш болсо, биздин чакырыктарды колдоп иш-аракеттерибизге катышса, ал биздин мүчөбүз деп эсептейбиз. Ал эми Топчукенин кошулган-кошулбаганын айта албайм, бул маселе биздин иштин жабык бөлүгүнө тийиштүү суроо болуп калды.
- Акыркы парламенттик шайлоодон кийин оппозициялык күчтөр алсырап калгансыйт. Укук коргоочулар жаштардын "Мен ишенбейм" акциясынын катышуучулары жана "Акыйкаттык үчүн" кыймылы гана аракеттенгенин байкоого болот. Ревком булардын кимиси менен байланышы бар, кимисин колдойт?
- Ревком азыркы түзүлгөн авторитардык режимге каршы күчтөрдүн баарын колдоп, кызматташууга даяр. Укук коргоочулар, жаштар менен биргелешип жүргүзүп жаткан иштерибиз, байланышыбыз да бар. Ал эми "Акыйкаттык үчүн" кыймылына биз башынан эле кошулганбыз, негиздөөчүлөрүнүн бирибиз деп да айтсак болот. Координациялык кеңешине "Асаба" партиясынын өкүлдөрүн өкүл кылганбыз. Азыр ошолор аркылуу байланышып, тыгыз иш алып баруудабыз. Кыргызстандын демократиялык принциптерден артка кетиши эл ичинде катуу нааразычылыктарды жаратып, бул процесске мурун көңүл кош же ортомчул позицияда жүргөндөрдүн да каршылыгын туудурууда. Бул акыры жүрүп отуруп массалык каршылыкка айланаарында шек жок.
- Бийликке элдин түндүк-түштүк болуп бөлүнүүсү майдай жагып, бөлүп-жарып башкаруу аркылуу бийлигин бекемдөөгө кынык алган сыяктуу?
- Бул классикалык ыкманы мурунку бийлик да, азыркысы да бийлигин бекемдөөгө колдонуп жүрөт. Кыскасы ар дайым колдонулуп, ашмалтайы чыккан ыкма. Бул жасалма, географиялык бөлүп-жаруу, кыргыздын ынтымагын жоготуп, шорун кайнатып, өсүп-өнүгүүсүнө жолтоо болуп келе жатат. Эгер кыргыздын тарыхына кайрыла турган болсок, эл оң, сол деп эки канатка гана бөлүнгөн. Миңдеген жылдар бою кыргыздын башына мүшкүл түшкөндө, оң канат менен сол канат бириге калып, кыйынчылыктарды бирге көтөрүп, акыл калчап, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарганга жетишкен. Азыркы Кыргызстанда оң канатың мисалы, түндүктө да түштүктө да аралаш жайгашкан, ошондой эле сол канатка киргендер да түндүктө да түштүктө да аралаш жашайт. Азыркы кыргыздар тарыхын, наркын, каада салтын унуткан үчүн ушинтип түндүк-түштүк болуп географиялык бөлүнүүгө кабылып, бири-бирин көрө албай, кырды-бычак болуп көрүнгөнгө жем болуп жатат. Мен ойлойм, биз качан гана түндүк-түштүк болуп бөлүнүү оорусунан кутулганда ынтымакка жетип, өнүгүү жолуна түшөбүз. Ал үчүн тарыха кайрылып, ата-бабаларыбыз негиздеп, кылымдар бою колдонуп келген Оң менен Сол канатты кайрадан жандандырып, мамлекетти башкаруу системасына киргизүү аркылуу адилетүүлүктү, ынтымакты, тең салмактуулукту калыбына келтириш керек.
- Азыркы эс-учун жыйнай албай жаткан кыргыздар каягы оң, каягы сол экенин ажырата алаар бекен?
- Кыргыздар 20-кылымда атеизмге бышырылып, орустун арагына сугарылып, батыштын идеологиянсынын чабуулуна кабылды. Бирок бул чет таасирлер кыргыздардын уруулашып жашоо принцибин буза алган жок, азыр биз дагы эле жаманчылык-жакшылыкты тууган-туушкан менен бирге көтөрүп, жети атабызды санап келе жатабыз го, же калппы? Бул багытка көңүл бөлбөгөндүгүбүздүн азабын тартып жатабыз. Азыр Кыргызстанда Оң, Сол маселеси кеңири талкууланып кызуу колдоого ээ болуп жатат. Мен өзүм көптөгөн кадыр-барктуу аксакал карыялар менен баарлашып, алардын кебин, акыл-насааттарын уктум. Жыйынтыгында, ишеним артып, байыркы бул структураны жандантуу керек экенин сездим.
- Болуптур, оң менен солдун аксакалдары, жетекчилери же башчылары дейбизби , чогулуп "кеңешип кескен бармак оорубайт" кылышсын, а ичкилик кайда калат, бизде ичкилик дегендер да бар эмеспи?
- Кыргыздын 80 пайызы Оң менен Солдон турат, анан ошол көпчүлүк чечим кабыл алып жаткан соң, ичкилик кайда бармак эле, ошол чечимге моюн сунат. А негизинен алар азчылыкка кошулат.
- Кайрадан ревкомго кайрылсак, кайрылуудагы максаттарыңыздар радикалдуу болгондон уламбы, эл ичинде күн жылыса нараазычылыктар башталат дешүүдө. Бул сөздүн канчалык чындыгы бар? Жөнөкөй сөз менен айтканда күрдөөлдүү иш-аракеттериңиздерди качан баштайлы деп жатасыздар?
- Биз азыр эл менен иштеп жатабыз, эл ичинде нараазычылык күч. Жазында бизден башка күчтөр да ар кандай аракеттерди жасоосу мүмкүн. А биздин аракеттерибиз даярдыктарга жараша болот, курулай күч коротуу жеңишке алып келбесин түшүнүп калдык. Ошондуктан бекер чарпылбай майнап чыгара тургандай даярдыктарды көрөбүз. Биздин иш-аракеттер ачык-айкын болот деп айттым го, ошо билдирүүлөрүүбүзгө, чакырыктарыбызга көз салып турсаңыз билесиз, кеч калбайсыз.

Маектешкен
Сабыр Муканбетов




  Калк айтса, калп айтпайт

Жыргаптырбыз да парламентке...
Бийликтин күчү менен шайлоонун жыйынтыктарын адепсиз бурмалап, добуштарды урдоо жолу менен келген депутаттар, антты эжелеп окуй албай, көпчүлүгү оозуң кайсы десе, мурдун көрсөтүшүп, "Акжол" партиясынын тандоосу материалдык кызыкчылык менен тууганчылыктан көтөрүлө албаганын далилдеди.

Депутаттардын көпчүлүгү тизмеге кириш үчүн акча төлөгөндөр болсо, калгандары бийликтин тегерегиндегилердин квотасынын пайдасын көрүп, колукту, ини, карындаш балдыз, таяке-жээндер, сыяктуу багы ачылгандарга толуп, айтор элдин камын, мамлекетибиздин келечегин ойлоп, иш жүргүзүүчүлөр эмес экени күндөн күнгө ачыкка чыгып келе жаткансыйт.

Салкын, дүкөнчү, Бишкек:
Аларды бакканыбыз аз келгенсип эми окутушубуз керекпи, мен каршымын. Мадумаровдун демилгесин колдоп аларды окутуп-чокутуунун деле кереги жок, окуп көздөрү ачылып кетсе "мамлекеттик" ишке кедергилери тийиши мүмкүн, жок эле дегенде "чотур" сурап ит кылышат.

Сатип, Курман, Ысык-көл
Сатип: Баарынан да 2% добуш алган коммунисттер, Акүй уурдап берген добуштарды кошуп алып, ууру атка конуп, уят-сыйытты жыйыштырып коюп эле, депутат болуп алышты, уялбай сүйлөп жатышат дагы.
Курман: Социал-демократтарың деле ошентти, Бабанов эр экен эй, утуп туруп "урдум" деп барбай койду. А коммунисттериңди койчу эми, ой аларың социализм кезинде эле моралдык кодекске түкүрүп салышкан эски уурулар да, эски замандын коррупциясын бүгүн көрө калганын кара.

Экен Жумаев, фермер, Тоң району:
Добуштары болсо партия башчысы чечкендей дүңүнөн кетет экен, же өзүлөрүнүн сүйлөгөнгө укуктары жок. Колдоруна күбөлүгүн карматып туруп эле үй-үйүнө таратып жиберип жазда, күздө чакырып дүңүнөн добушун алып, буларыңды союздун убагындагыдай эле колдонсо оң болчудай. СССРдин депутаты болгон Таштанбек аке деле коюн багып эле үйүндө жүрчү эмес беле. Пайдасы жок немелерди бир короо кылып, жыл бою багып машине, үй берип, эмнеге элдин акчасын аларга коротушубуз керек?

Майрамбек, жумушсуз.
Жөнөкөй адамдын сүйлөө эркиндиги депутаттыкынан жогору болуп калды, анан ушунчалык кемсинтүүгө кантип чыдашаарын билбейм. Акыл-эси ордунда адамга мындан ашкан кордук деле болбосо керек,. Бирок андайды түшүнүп, арданып жаткандары деле аз сымал, калгандары Кудайга мурду жетип калгансып эле эдиреңдеп жүрүшөт.

Суроо салган
Кулпунай АСАНОВА




  Чынбы?

Бакиев Барктабасовду премьер кылабы?
Жакында эле эл журтка белгилүү экономисттер, саясатчылар чогулуп 2005-жылы президенттике талапкерлигин койгон чыгаан бизнесмен, кыргыздын патриот- мекенчили Урмат Барктабасовдон коркуп кеткен бийлик башындагылар эми эстерине келди окшойт.

Жарытылуу өкмөт башчысына жарыбай калганда У.Барктабасовду кайра алып келүү туурасында кеңеш курушуптур деген кеп тарады. Анын экономикалык программасынын бүгүнкү зарылдыка айланганын, баардыгы чындыкка шайкеш чыкканын, жарым жылга жетпеген убакытта У.Барктабасовдун эч бир бизнесчи, саясатчы да жасай албаган мамлекеттик иштерди ишке ашырып, далай атуулдарыбыздын, айрыкча айылдыктардын ажаатын ачкандыгын, мекендештеринин кыйналып турганынан кредитке берген 200 млн. сомун кечип жибергенин, ал азыр да араб, немис американ шериктери менен чоң бизнесин улантып, ити чөп жеп жатканын да үшкүрө эскеришиптир.
Мекенчи-бизнесчибизге жалган жалаа жабылып, артынан кылмыш иши козголгону менен аныкталбай калса да коюлган айыбы алынып салынбагандыктан мекенине келе албай жаткан экен. Эми амнистияга туура келген чечимине Президент кол коюп койсо эле Урмат Барктабасов келип, эл үчүн иштеп берүүгө даяр экен. Балким ажо чынында эле элине күйүп, мекенчил-бизнесчини өкмөт башына коер бекен? Андай болсо "адашкандын айыбы жок..." , амнистияга кол коюусу керек. Ага албетте, саясый чоң эрк керек...

Ак мончок