![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №21, 12.02.08-ж. |
Меймансап Форум Бу кай заман? зар заман... Шайлообек Дүйшеев Бир кемпир баткан жокпу? Ушул ыр 90-жылдардын башында жазылып, адегенде агездеги "Кыргызстан маданияты" гезитине жарыяланып, андан соң ыр дегенди кемелине келтире окуган Раимжан Курбановдун (өткөн жылы Раимжанга "Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер" деген ардак наам ыйгарылды) аткаруусунда кыргыздын кыйырына тараган эле. Эмесе анын жазылыш тарыхына токтоло кетейин. Деги эле ага дейре кароосуз калган карылардын үйү бар экенин көрмөк тургай угалек. Мени Канттын Нижне-Серафимовка деп аталган кыштагына биринчи жолу Самсак Станалиев ээрчитип барганы эсимде. Жекшемби күн болгондуктан бизди "силер кайдан келдиңер, ким болосуңар?"- деп сураган жан деле болгон жок. Самсак экөөбүз экиге бөлүнүп бөлмөлөрдү кыдырып кеттик. Мен өйдө көтөрүлдүм да, коридордогу биринчи эле туш келген эшикти ачтым. Отурган жеринен шашып-бушуп тура калган кемпир: - Таластан келдиңби кагылайын? Мени алып кеткени келдиңби? - деп көзүн жалдыратып, үстөккө-босток сурап жиберди. Бир азга эмне кыларымды билбей, маңдайымдагы жылаңбаш, чачы куудай кемпирдин көкүрөк-көксөөсүн кантип басардын аргасын таппай айлам кете түштү: - Жок эне, мен Таластан келген жокмун, гезиттен келдим, кабарчымын, - дедим. Кемпир оор улутунду да: - Келегой, энди мындай отур, - деп орундук жылдырды. - Канчадасыз? - Жетимиштен аштым балам. - Бул жерге келгениңизге канча болду? - Эки жылдан ашып баратыр. - Тамак-ашы кандай? - Тамагына деле барбайм, айланайын. Нанын алып келип, чай менен ичип алам. - Кантип? - Не кылам анан, тамагын жалаң чочконун майына жасайт экен, - деди. Заманам куурулуп, эки жылдан бери карандай чай менен келаткан кемпирдин тагдырына кимди күнөөлөрүмдү билбей турдум. - Эмнени сагындыңыз? - Таласымды. Жүн тытканды, - деди кемпир. Балдары батырбай койгондон кийин колхоздун парторгу жеткирип келип "кийин алып кетем" деп койгон соң күнүгө жол карап, бейтааныш киши эшигин ачса эле "Таластан келдиңби кагылайын?" деп, сааттын жебеси улам бир убакытты каккан сайын сандыгынын оозунан чыга калып "күкүктөп" турган күкүккө окшоп тура калып, канаты болсо азыр эле Таласты көздөй сызып жөнөчүдөй болгон кемпирдин "нан ооз тий" дегенине да көңүл бурбастан, көзүмдүн жашын сүртүп экинчи бөлмөнүн эшигин ачтым. * * * Устара менен кырып салгандан кийинки чачы бир аз өсүп калган кемпирди колтугунан жетелеп, олтургучка олтургузган келин ал-жай сурашкандан кийин "чачын биттеп кеткенден улам алып салганбыз" деп шыбырады "мага". - Кайдан болосуз эне? - дедим. - Тянь-Шандын Оттугунан болом. - Канчадасыз? - 80ден аштым. - Балаңыз барбы? - Балам, келиним бар айланайын. - Балаңыз кайда - Кайда иштейт? - Колхоздун бугалтыры, -- деди Айша эне. * * * Кийин Таласка барган сапарыбызда бул ырды Раимжан Курбанов шаардын маданият үйүндө жыкжыйма чогулган эл алдында окуп, Таластык бир эже жолугушуунун аягында: - Шайлообек моногул ырындагы Таластык кемпирлердин тагдыры зээнибизди кейитип, чучугубузга жетип туру. Таластын эли башынан намыскөй эл. Силер Шекерди айланып келгиче Канттагы карылар үйүнөн кемпирлерибизди алып алабыз деп силерге сөз беребиз, - деген эле. Таластыктар чын эле ошол сөзүнө турду. Кемпирлерин алып келип багып, кийин дүйнөдөн ак кепиндеп аруулап жерге берген болучу. Мен бул боюнча Талас элине өмүр бою ыраазы болуп келатам. Автор Ал эми менин Атбашылык, Тянь-Шандык инилерим "бул ырды эмне үчүн жазасың? Эмне үчүн биздин элди уят кыласың?" - деп жөөлөгөн күндөрү болгон. ЭСИҢЕ КЕЛ Тоолордун Кантка жетпей токтогон уч жагында, Нижне-Серафимовка деп аталган кыргыздын кыштагында, бул дүйнөдөн бөлүп салган дубал турат темир-бетон Табытка окшоп өлүк салган. Таш дубал аржагында дарактар аста шамал үнүн коштоп, майыптар жылат аста дөңгөлөкчөн Жамгырдан кийинки бир үлүлгө окшоп. Бул дүйнөдөн бөлүп салган, дубал турат темир бетон табытка окшоп өлүк салган. Таш дубал аржагына гүлүн дарт күбүп бүткөн, канын дарт шимип бүткөн, сөөгүн дарт кажап бүткөн мунжуларды апкелишет доктурдан да, кудайдан да тажап бүткөн… Таш дубал аржагына адамдар аз келишет башы бүтүн, тагдыры, ташы бүтүн, казанда ашы бүтүн. Таш дубал аржагында балдарын эркелетип кечки иңирде, бапырап бата берип, балпайып төрдө олтурар мезгилинде, куу тумшук аталышып, куулган теңиринен, куулган кыз-уулунан, келининен карыган кемпир жүрөт, карыган чалдар жүрөт. башпаанек таппай койгон, балдары бакпай койгон. - Таласым, Таласым, - деп, Таласын көралбай бир, Тамагы, тартибине көналбай бир, Таласын беш маал тилеп Кудайынан, Таластын топурагында өлалбай бир, Таласта жүргөндөгү дымагы жок, таластык кемпир жүрөт, жарыктык ай, бир чөөгүн чайдан башка зыяны жок! Там, мүлкүн талап алып, талаага кууп салган жакындары, куурагыр, куудай кылып чачын дагы, өзү жууп өз кайгысын башындагы, таластык кемпир жүрөт пайгамбар жашындагы. Башбагып калсаң кокус, бейчеки жүргөн жан деп санабастан. бейтааныш экениме карабастан, - Менминби? - менминби, - дейт, - Алып кетчү баламсыңбы, сен, сен кимби? - дейт, чын эле Таласыма, Таласым, Таласыма алып кеткени келдиңби? - дейт. Калайык, кагылайын, калкыңа Талас баткан, каныкей, Манас баткан, калкыңа кыргыз баткан, кадимки Чыңгыз баткан бир кемпир баткан жокпу? бир кемпир баткан жокпу? Көр кылды го көңүлдү азыр заман, көчүп барат көзүмдөн акыр заман, тарыхыңда кыргыз эл жок эле го, ата-энесин кыз-уулу батырбаган! көзүңдү ким көр кылып будалаган, кайсыл шайтан каргышын дубалаган, качан кыргыз какшатып карып кылып карыларын ит өңдүү кубалаган?! Жыгачты курт жегендей, кишини дарт жегендей, мээмди, ой жеп келет каңгыган бир, бул жерде кемпир жүрөт Ат-Башынын Акмуз деген айлынан бир, Ат-Башы жакты билем, Акмузду жакшы билем, а бирок, Көргөндөн соң, багуусуз калган жалгыз кемпирди мен жүрөктү таш баскандай басты күнөм! Тоо баткан Ат-Башыга, токой баткан, Ат-Башыга, Алмамбет, Кошой баткан, бир кемпир баткан жокпу? асыл жер айланайын, бир кемпир баткан жокпу? Куурайдай арыктаган, куурагыр, куурап турат, денесин карманалбай бүлкүлдөп ыйлап турат: - Карыганда тайкы болду бактым неге, кайгынын каргышына баттым беле, же маңдайга кетпес шор жаздың беле, өзүмдүн жатынымдан чыккан кызды, өзүмдү кууп чыксын деп бактым беле? Сенделип басып калган, сексенден жашы небак ашып калган, кемпир жүрөт Тянь-Шандык, кейпинен азып калган, жүрөктө айыкпаган жарам бар дейт, үйүм бар Тянь-Шандын Оттугунда, үйүмдөн кууп чыккан келиним, балам бар дейт. Өмүрдү өчөрүндө муз кылбай дейт, өзүмдү өз уулума муш кылбай дейт, кудай ай алып тынсаң болот эле, куураган күндү мага туш кылбай дейт. Маал жетсе ушул жерден өлөт дешет, мал өлүп калган өңдүү көрөт дешет, эки-үчөө тележкага салып барып, трактор менен чукуп көмөт дешет. Мезгилдин металл кийген жолунда куюндаган, агызып жатат жылдар кыштактын ыйын маган, кокустан эртең алар көз жумушса киндик кан тамган жерден топурак буюрбаган, чалдарды ата кылып алып калганга, кемпирди эне кылып алып калганга, кагылайын кыргыз эл ай, кыштагың, айлыңан бир, жан адам чыкпаганга ардыгам бир!.. Ыйманыбыз безип барат боздоп ары, ырысыбыз кетип барат коштоп аны, Кайран эл Берилебей арыладың, Этке мал тапшыргансып, Көлдө да, Чүйдө да, Ошто дагы Тапшырып жатат бүгүн карыларын. Кыз-уланы улуусун барктачу эле, Кыянаттык иштерге баспачу эле, Кыйын кезде итин да таштабаган, Кыргыз качан карысын таштачу эле? Карачы, Канчалаган ГЭСиң куруп, Карайлап чырак жаккан кыштагыңды, Карачы, кабырылган ич жагыңды, Кыргызы камыш болгон Тыш жагыңды! Карачы, уулдарыңды, Колуна бийлик берсең, корсоңдоп өз элине манап болгон, карачы кыздарыңды, кыздарың кырчынында талак болгон, кымызың кымыз эмес чалап болгон, балдарын таштаганы аз келгенсип, эми бизде, атасын таштамай да, апасын таштамай да адат болгон. Каалайсыңбы, кыргыздын кем болушун, караңгыдан чыкпастан жем болушун! Оозуң кана дегенге мурдун айтып, каалайсыңбы жер менен жер болушун! Каалайсыңбы кыргыздын шал болушун карыларын жоготуп зар болушун, ушул кезде элге окшоп дүйнө билбей, улан-кызы жалдырап мал болушун! Кыргыздар токтогула, атасын таштаганды, энесин таштаганды эл-журтка кошпогула! Кыргыздар токтогула, токтобосоң кайгы-муң каптайт бир күн, каныңды кактайт бир күн, энесин таштагандар, эртең эле, Башыңа азап түшсө элин да таштайт билгин, атасын таштагандар, ата Журтун таштайт билгин! |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|