![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №21, 12.02.08-ж. |
Меймансап Форум Кыргызымдын жигиттери Кичинекей бөлмөбүз хан сарайдай сезилет Күз айлары той-топурларга толгон токчулуктун мезгили эмеспи. Ошондой күндөрдүн биринде тойго барып катышып калдым. Той өз нугу менен өтүп жатты дечи, бирок ошол күндөн бери гезитке берейин деген бир оюмду топтоп келем. Той ортолоп калган кезде топтошкон абысындар келип кийиз баса башташса болобу, кийизин ары алып ыргытат, бери алып ыргытат, айтор, кийизин басып да бүтүштү. Жуунуп-чайынып келиштиби, айтор саксайып-суксайышып эле "чет элдик ырчылар" сахнада пайда болушту. Пугачевасы ырдап, Хюстон обон созуп, Майкл Жексон бийлеп, бат эле "Титаник" киносунун ичине кирип калдык. Зал дагы абдан чоң экен: биринчи, экинчи үстөлдө отурган аксакалдар дагы ордуларынан туруп келип кол чаап көрүп жатышты. Мен дагы биринчи жолу көргөндөй кызыгуум артып, жанымда сүйлөп жаткан эжемдин сөзүн укпай калыптырмын. Көрсө алар: атактуу "Ак Шоола" балдар хорунун кичинекей солисттери, кийиз бышырган абысындар, "Титаниктин" каармандары кыргыздыр атагы чыккан футболчулары "Дем" театрынын жигиттери турбайбы. Көптөн берки оюмду бир жерге топтоп, "Дем" театрынын жашоосу менен таанышып келгени Кыргыз драма театрын көздөй сапар тарттым. Театрга кирип бара жатып, "24 саат", "Каражолтой" фильминде тартылган "маньяк" менен сүзүшүп кала жаздадым. Жүрөгүм чын эле "шуу" дей түштү. Мени карап сезип кеттиби, күлкүсү келип басып кетти. Бир жакка шашып жатканбы, айтор астын карабай эле бир нерсеге даярданып бара жаткандай. Андан ары барып "Дем" театрынын балдары отурган бөлмөгө баш багып калдым. Кичинекей, өтө эле кичинекей бөлмө экен, бир бурчунда концерттерге кийген формалары, бут кийимдери, бир бурчта телевизор, бир бурчунда кичинекей кол жууган жер, идиш-аяктары менен… айтор жаткан-отурган, тамак ичкен, даярданган жери ошол жер экенин баамдадым. Кирсем алар бир концерткеби, спектаклгеби даярданышып жаткан убагы экен. "Баатырдын атын алыстан ук, жанына келсең бир киши" дегендей кыргыз фильминдеринин көркүн ачкан, кыргыз элин тааныткан биздин азаматтар иш үстүндө экен. "Демдин" жетекчиси Марат Козукеевди сөзгө тарттым: - Марат мырза, иштериңиз, ал-абалыңыз кандай? Тобуңузда канча адам иштейт? Качан, кандайча уюштурдуңуз эле? Сиздерди ким колдойт? - Рахмат. Эми биз өзүңүз көрүп тургандай, кыргыз драма театрынын алдында 2003-жылы ноябрь айында уюшулганбыз. Азыр топто 11 адамыбыз бар. Биздин балдарды өзүңүздөр билесиздер - бардыгы таланттуу, ар биринин өзүнүн орду бар чыгармачыл балдар. Биз эми негизги жумушубуз театр болгондуктан, кадимкидей эле ушул жактан айлык алып иштейбиз. Андан тышкары ар бир балабыз өзүнүн ылайыгына жараша, жөндөмүнө жараша фильмдерге тартылышып, жарнамаларга түшүшүп, өзүлөрүн өзүлөрү каржылашат десем болот. Каржылоо демекчи, азыр эми эгерде бир концерт берип калса албетте, бирөө, экөө же үчөө ар кайсы жактан жардам беришип, спонсорлук кылып жардам беришет. "Айыл өкмөтүнүн" участкалык милиционерлери Аскат Сулаймановго кайрылып калдым. - Аскат, биз сенин күйөрмандарың - көрүүчүлөрүң катары сени участкалык милиционер деп таанып калдык да, сен өз кесибиңди туурап тандадым деп ойлойсуңбу? Балким, милиция кызматкери болсоң элиңе көбүрөөк кызмат кылат белең? - Кандай десем, эми мен келечекти туура эле тандадым деп ойлойм. Себеби, биздей чыгармачыл адамдардын ичинде, ой-санаасында дайыма буркан-шаркан түшүп бир нерсе чыга албай кайнап турат. Мына ошол кайнап жаткан нерсени кандайдыр бир жол менен элге алып чыгып беришибиз керек. Мисалы, "участковый" болуп… Отурган "демчилер" каткырып күлүп калышты. - Аскат, мисалы, сени башка жакка - Японияга, Америкага чакырса кетет белең? - Бизге баарыбызга эле көп жерден чакырык келди. М: Америкага, Турцияга, Ленинградга, Казакстанга, Өзбекстанга ж.б. Менин эч жакка чыккым жок. Мисалы, биздин топто 11 бала иштейбиз, бирибиздин да өз үйүбүз жок, бардыгыбыз ижарада турабыз. Биз кыргыз деп күйгөн атуулдарданбыз. Маратты Америкага чакырды эле, Марат "жок, барбайм, ушул топту түзүп, 11 баланы чогултуп алып кантип кетип калам" деп болбой койду. Жанында турган Азиз Мурадилов да баш чайкады. Москвадан окуп бүтүп келген Азиз: - Биздин балдар бардыгы ар кайсы жерден: Ленинград, Москва, Киев ж.б. окуп келишкен. Бирок бир жолу жашагандан кийин биз кыргыз эли үчүн артыбызда из калтыргыбыз келет. - Азиз, мына силер кичинекей бөлмөдө экенсиңер, силерге ылайык ар бириңерге кабинет болбосо да, тамак ичкен жай өзүнчө, кийинип-чечинген жер өзүнчө кылып жайлуу шарттуу жер болсо жакшы болот беле дейм да. - Мына, өзүңүз көрүп тургандай биз ушул кичинекей бөлмөгө келип алып, хан сарайда жашап жаткандай эле сезебиз. А бирок өзүбүздү ээн-эркин сезип, тамеки чегип, кааласак кыйкырып-секирип, эч ким менен ишиң жок, эч ким бизге тийишпейт, биз эч кимге тийишпейбиз дегендей. Эч жакка кетпей калайын. "Бирөөнүн жеринде султан болгуча, өз жериңде ултан бол" дейт эмеспи. - Камчы теледен көргөндөй, келинчегиңден коркосуңбу, ызы-чуу болуп урушуп эле турасыңбы, же…? - Эми турмуш деген турмуш да, теледен болсо кимдир бирөөнүн ролун ойнойсуң. А негизи өзүмдүн келинчегиме аяр мамиле кылам. Буюрса, келинчегим аз күндө көз жарам деп турат, Аман-эсен көз жарса деп кымылдап турган убагым. Мына, мен эң кичүү көкүрөк күчүгү, сулуусу, акылдуусу, чоң-чоң глобалдуу маселелерди чечем. Сурасаңыз мына менден сураңыз, - деп тапанданды. Чын эле эң жашы Эркин Эгембердиев. - Биз мисалы азыр 6-7-8-мартка карата кыз-келиндер күнүнө карата даярданып жатабыз. Мага го жарашат, мынабу "акаларыман" сураң аялзатын кандай көрүшөөрүн. Марат, Аскат, Азиздер күлүшүп. Аялзатын сыйлайбыз, кыздарды сүйөбүз дешти. - Кыздардыбы же келинчектериңердиби? Азиз: - Деги эле аялзатын эне катары сыйлайбыз. - Балдар 6-7-8-мартта концерт бергени жатыпсыңар? Эмне себептен? - Биринчиден, келинчектерибиздин майрамы менен куттуктап, концертке киргизебиз. Дегеле кыргыз элинин, аялзатын, энелерди, эжелерди, карындаштарды, жеңелерди куттуктап, чоң программадагы концерт тартуулайлык деген оюбуз бар. - Концертиңер башынан-аягына чейин күлкү менен өтсө керек, ошентсе да жаңы программаларды иштеп чыктыңарбы? Же мурдагы эле билген оюндар коюлабы? - Концерте негизинен жаңы программалар болот. Мурдагы оюндардан чет элдик ырчылар жана "Жамийла" ойнолушу мүмкүн. Бирок, бул дагы тактала элек. - Азиз, сен жарнамаларга тартылып калып жатпайсыңбы? Сени өздөрү тандап чакырышабы же өзүң сунуштайсыңбы? Өзүңдүн эмгегиңди баалашасыңбы? - Эми жарнамага тартаарда өзүлөрү тандап сунушташат, биз сунушун кабыл алып, чогуу иштешкенге макулдашабыз. Акча каражатын да келишим түзүп, макулдашып чечебиз. Бизде да чет элдегидей гонорар деген жокко эсе да. Эптеп бир нерсе төлөмүш этишет, биз алымыш этебиз. Бизде Кыргызстанда да жашоо-шарт оңолуп, жакшы турмуш курулаарына ишенем. Бардыгы ушул боюнча тура бермек беле? Жаңы төрөлгөн бала деле биринчи жатып, анан отуруп, кийин там-туң басып, анан шар басып, чуркап дегендей. Мен дагы Кыргызстанды ошондой элестетем. - Чоң рахмат, жигиттер. Кыргыз элине каалоолоруңар? - Кыргыз элибизге кааларыбыз: журт аман болсун, тынччылык, бейкутчулук, жетишкендиктер болуп, нан болуп ошого катар ыр болсун! Театрдан чыгып жумушка жөнөдүм. Эшикте апапак кар, таза аба, ары-бери өткөн автоунаалар, ары-бери шашып жүргөн момун кыргыз элим. Элдин бардыгы кызыккан, жаштарыбыз жактырган каармандардын жашоосу жөнүндө ойлондум. Бир топто 11 адам иштесе, алган айлыктары 2000-3000 сом болсо, ижарада турушса, алдынын бештен, артынын экиден балдары бар болсо… Кыргыз элим менен кыргызмын деп башка элге сатылбастан, акчага алданбай, кыргыз элинин жүзүн көрсөтүп, таанытып, кыйналганына карабай эл үчүн кызмат кылып жүрүшсө - кыргызымдын жигиттери эмей кимдер алар!.. Кыргыздын жигиттерине, кыргыз элинин таанымал акчалуу бизнесмендеринен, маданият министрлигинен, өкмөттөн анча-мынча көз салып колдоп коерун суранат элек. Чыныгы таланттарды багып, колдоп өстүрбөсөк, мындай кылымда бир жаралган таланттардан кол жууп калбайбызбы? Даярдаган Шааркүл МЕДЕТБЕКОВА |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|