![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №22, 15.02.08-ж. |
Меймансап Форум Министрдин жообу Гуронов менен Раимбердиев наркобизнесмендерге "крышовать" эткендиги үчүн иштен айдалдыбы? Ички иштер министри12-февраль күнү, милициянын генерал-майору Молдомуса Конгантиев журналисттерге пресс-конференция өткөрдү. Министрдин билдиргенине караганда ИИМде азыр жаңы структура иштелип чыгууда. Анда борбордук аппаратынын кызматкерлери 25%га кыскартылып, 148 штаттык бирдик райондук ИИМдин бөлүмдөргө бөлүштүрүлө тургандыгын билдирди. Министрликтеги уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгы менен Кызматтык кылмыштарга каршы күрөшүү башкы башкармалыктары бириктирилип, Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү Башкы башкармалыгы болуп түзүлдү. Ошондой эле министр коомдук жайларда, айыл-кыштактарда, көчөлөрдө, мектептерде бекем тартипти камсыз кылуу максатында участкалык инспекторлордун ишине өзгөчө көңүл бурула тургандыгына токтолду. Буга чейин калк менен тыгыз байланышта иштеп келишкен участкалык инспекторлорго жакшы көңүл бурулбай, алардын штаттык бирдиктери кыскартылып, көпчүлүк айыл-кыштактар кароосуз калган. Ошондуктан мүмүкүнчүлүккө жараша ар бир айылда участкалык инспекторлордун штаттык бирдиктерин ачууга, алардын эффективдүү иштешине шарт түзүп бере тургандыгын баса көрсөттү. Жер жерлердеги жетекчилерден участкалык инспекторлорду кошумча иштерге тартууга, бөлүмгө ар кандай жыйындарга жөнү жок чакыра берүүгө тыюу салды. Министр мындан ары айыл-кыштактардагы участкалык инспекторлор бөлүмгө айына бир гана жолу отчет тапшыруу үчүн келип, калган убактыларын өздөрү тейлеген участкаларында, эл арасында өткөрө тургандыгы катуу дайындалгандыгын айтты Мурдагы министрдин орун басарлары полковник Р.Раимбердиев менен генерал О.Гуроновдун кызматтан кетүүсүнө Алай районунан табылган героиндин эч кандай тиешеси жок экендигин белгилеген министр М.Конгантиев, Алайдан табылган 109 кг. героинди жогорудагы министрдин орун басарлары "крышовать" этишкен деген кепти айтуу азырынча эрте деди. Ошол эле героиндин артынан кармалган милициянын кызматкерлеринин, тактап айтканда Ф.Нурматовдун көрсөтмөсү канчалык чындыкка жакын экендигин сот аныктайт. Бирок, бул кылмыш боюнча бир катар милиционерлер иштен айдалып, ИИМдин наркобизнеске каршы күрөшүү башкармалыгынын начальниги, Ош ОИИБнын начальнигинин эки орун басары, Ош ШИИБнын 3-бөлүмүнүн начальниги жана бир катар райондук милициянын начальниктери кызматтарынан бошотулгандыгын кошумчалады. Иликтөө жүрүп жатат Эмчи айымдын табышмактуу өлүмү 12-февраль күнү саат 18 чамаларында Аламүдүн районунун Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү колониясында эмчи айым болуп эмгектенип келген А.Кашкарбаеванын кескиленген денеси өзү жашаган Ленинск айылындагы үйдөн табылды. Баткен областынын Лейлек районунан сары өзөн Чүйгө көр оокаттын айынан келип, минтип мертинип отурат. Окуя болгон жерден колдун тактары жана эркек адамдын ич кийими табылган. Опративдүү топ бир катар версиялар менен иш жүргүзүп, айрым шектүү делинген адамдар такталууда. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголгону менен азырынча кылмыш бети ачыла элек. Кыргызстан коопту аймак эмес Чет элдиктер да кылмышка барышууда Агрардык өлкө болгонубуз менен айыл чарбабыздын тамтыракайы чыгып, жерден боорун көтөрө албаганы аз келгенсип, же бир жарытылуу өндүрүшүбүз болбой акыркы 15 жылдан бери жалаң чет элдик инвесторлор менен оокатыбызды эптештирип келатканыбыз жашыруун эмес. Анан, берген акчасын эки эселеп алуу максатында жергебизге чет элдик боордошторубуз да агылып келишүүдө. Биздин өлкөгө мейман катары келишкен соң алардын коопсуздугун камсыз кылуу биздин милдетибиз. Тилекке каршы акыркы мезгилдердеги чет элдик меймандарга карата жасалган кылмыш иштеринин арбып баратышы, алардын биздин өлкөнү "кооптуу аймак" катары баалап, инвестицияларын алып чыгып кетеби деп да чый-пыйың чыгат экен. Себеби, өткөн 2007-жыл ичинде чет элдик атуулдарга карата 80ден ашуун кылмыш иши жасалган. Ал эми өткөн 2006-жылы болсо, 72 кылмыш иши катталган болчу. Алардын ичинен чет элдиктердин өздүк мүлкүн уурдоо кылмыштары басымдуулук кылат. Андан тышкары адам өлтүрүү, денеге залал келтирүү, каракчылык кылмыштары да көп жасалган. Айрыкча, кыргыз жергесинде кордукту көп көргөндөр бул кытайлык атуулдар, жыл ичинде алардын 37си жабырланган. Андан кийинки орунда Турциянын атуулдары, алардын 11и жабыр тартышкан. Мындан башка да кордук көргөндөрдүн катарында Пакистан, Корея, АКШ, Иран, Франция, Япония, Германия ж.б. бир катар өлкөлөрдүн атуулдары да бар. Тилекке каршы бул кылмыштардын бардыгы тең эле ачыла койгон жок. Ошондуктан ызы болуп, муштумун түйүп кекенген меймандардын саны арбын. Антейин десең, бөтөн эл, бөтөн жерде жүрүп алышып, өздөрү кылмыш жасаган чет элдиктер да жок эмес. Өткөн жылы алар тарабынан жасалган 17 кылмыш иши катталды. Кызыгы ал кылмыштардын бардыгы 100%га ачылды. Негизинен чет элдиктер алдамчылык, ичип-жеп жиберүү, бажы төлөмдөрүн төлөөдөн баш тартуу, контрабанда ж.б. кылмыштар менен кармалгандар. Тилекке каршы зордуктоо менен шору каткандары да жок эмес. Бул жаатта да көп кылмыш жасагандар Кытай менен Туркиянын атуулдары. Бүгүнкү күнү алар менен кыргызстандык укук сакчылар жакындан иш алып барып, "Конок койдон жоош" деген Кыргыздын байыркы макалынын маанисин түшүндүрүшүүдө. Өткөн санга кайрылып… Бир күндүк чер жазуунун кедергиси Гезитибиздин өткөн санында "Бүгүнкү күндүн кожожаштары" деген темада Жети-Өгүз районунун "Кырташ" тоосунан 43 аркарды жырткычтык менен кырган браконьерлер тууралу жазган элек. Алардын ким экенин, мамлеткетке канча зыян кылышканын дагы бир жолу тактап өттүк. Балыкчы шаарынын тургуну Э.Касымов , Каракол шаарынын тургундары Э.Арыков, Ж.Токомбаев жана ошол эле аймактын Жети-Өгүз айылынын тургуну М.Байтерековдор болуп чыкты. Браконьерлердин кылган кылыктары, же бир күндүк чер жазуусу ансыз деле казынасы аңгырап турган мамлекетибизге 377 540 сомдук зыян алып келиптир. Жеңил оокат жөн койбойт Кримавторитеттердин жолу буулду Ош областынын Кызылкыштак айылынын тургуну, жеке ишкер А.Кучкаровдун таман акы, маңдай тери менен тапкан кирешесине шилекейин агызып, андан "налог" алуу максатында белгисиз күчтөр буга чейин да бир нече жолу "намек" кылышкан. Айласы кеткен ишкер акыры милицияга кайрылып, 11-февраль күнү Ош шаарындагы "Капитал" ресторанынан белгилүү кримавторитет Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү, Ош шаары жана Ош областы боюнча "положенеци" 37 жаштагы К.Досонов жана 27 жаштагы Э.Казаков дегендер колго түшүрүлдү. К.Досоев буга чейин да сот жообуна тартылган. Алар, ачык эле коркутууга өтүшүп, акчам жок деген жеке ишкерди желкеден алып, өзү минип жүргөн "Фольксваген-Гольф-3" үлгүсүндөгү автомашинасын берүүсүн талап кылышкан. Ушул эле күнү кылмыш изи сууй электе Өзгөн районунан 22 жаштагы Р.Абылов менен А.Амиров дегендердин колуна кишен салынды. Бул экөө Ош шаарынан менчик машинасы менен эл ташып оокат өткөргөн А.Токобаевди Өзгөн шаарына жалдап жөнөшүп, Ош-Бишкек жолунун 50 чакырымынан таксистке кол салышкан. Дагы жакшы, ээликкен эргулдар ай-доочуну уруп-сабап гана жолго ташташып, "Деу-Тико" үлгүсүндөгү автомашинасын айдап кетишкен. Ошол эле күнү өзгөн РИИБнүн кызматкерлерине маалымдалып, кылмышка шектүү жигиттер кармалды. Азыр абакта, тергөө жүрүп жатат. Баңги бизнес Дымагы күч тажик боорлор Кыргызстан менен Тажикстан учурда героин ташылып өтүүчү негизги транзиттик өлкө катары дүйнөгө таанымал болуп турган кези. Айрыкча Тажикстан бул жаатта алдыга озуп барат. Тажик туугандардын өзгөчө иштерман, анысы аз келгенсип өларман экендигин көргөнүбүз көрүп, көрбөгөнүбүз угуп жүрөбүз. Өздөрүнүн эле эмес биздин өлкөдө да эч нерседен бейкапар героинин көтөрүп, ары бери ташып жүргөнү буга айкын далил. Алсак, 12-февраль күнү Карабалта шаарынан 42 жаштагы М.Кабилова менен 47 жаштагы С.Рахматова деген айымдар колго түшүрүлдү. Экөө тең Тажикстандык атуулдар. Кармалган учурда биринин колундагы баштыктан 1 кг.305 гр. героин табылса, экинчисинин баштыгынан 600 гр. героин чыкты. Мурда мындай наркозаттарды денесине же башка жерлерге бекем катып ташып келишсе, эми ээн эркин, колуна көтөргөн капчыкка салып эле жеңил желпи жүргөндөрү кызык. Алар Карабалта станциясындагы №4 мейманканада жашап, жакын арада Россияга кетүүнү ниеттенип турушкан экен. Бетти даярдаган С.Калманбетов |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|