Коомдук-саясый гезит
№22, 15.02.08-ж.

Меймансап
Форум



◄◄◄
  Тарых барактарынан

ЖАЙЫЛ ХАН
Кыянаттуу заман
Коңурбай уулу Жайыл баатыр XVIII кылымда жашаганы белгилүү. Ал эми XVIII кылым орус чыгыш таануучусу Василий Бартольддун аныктамасы боюнча "бүткүл мусулман дүйнөсү үчүн кооптуу болгон", айрыкча жанаша жашап турушкан кыргыздар, казактар, каракалпактар, өзбектер, уйгурлар ж. б. Туркстандын элдери үчүн кыянаттуу доор эле.
Анткени, алардын жер аймактары, ал кезде тез-тез чет өлкөлөрдүн, адегенде батыш монголдордун мамлекети - Жунгар хандыгынын, андан кийин Цин империясынын аскерлеринин басып алуучулук жортуулдарынын объектиси болуп турган. Буга, Түркстан регионундагы мамлекеттерде, алардын катарындагы кыргыздарда байкалып турган саясий бытырандылык жана ич ара келишпессидиктер да кыйла даражада мүмкүндүк берген.
XVIII кылымдан тартып көчмөн кыргыздардын жайгашышы документалдык булактардын маалыматы боюнча, болжол менен түндүктөн түштүккө Талас-Балхаштан Гиндукуш-Яркендге чейин жана батыштан чыгышка Ташкент-Бухарадан Жунгария-Тибетке чейин созулуп жаткан. Алардын топтолушунун негизги району тоолор системасы жана Тяньшандын өкөк тиреген Теңир тоолор), Алайдын айлана-чөйрөсү болуп кала берген жана негизинен азыркы Кыргыз Республикасынын чегин камтыган. Бул мезгилде кыргыз эли жайгашкан жана жашаган географиялык чөйрө жер шарынын уникалдуу бурчтарынын бири болгон, мында байыркы убактан бери "Улуу Жибек жолу" деп аталган даңктуу трансконтиненталдык Евразия соода магистралынын эң татаал бөлүкчөсүнүн салаалары өткөн, ал кандайдыр бир өлчөмдө басымдуулук кылган көчмөн малчылыктын дыйканчылык менен айкалышы, алардын чарбалык ишмердигинин негизги түрүн шарттаган. Кантсе да алардын ичинде аз эмес дыйкандар болгондугун Ош жана Өзгөн сыяктуу кыргыз шаарларынын тиричилик жагдайы күбөлөндүрүп турат.
Чөбү мол, жайыттуу жерлери бар тоо тармактарына көчүп барып конуу менен малды башкаларга караганда оңой күтүшкөн. Аларды өздөрүнүн турмуштук керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн гана эмес, ошондой эле өтүп бараткан соода кербендерин тамак-аш продуктулары жана жук ташуучу күч унаа катары камсыз кылуу үчүн колдонушкан. Эң башкысы, алардын көпчүлүгү чет элдик көпөстөрдү катаал бийик тоолуу түпкүрлөргө узатып жүрүү боюнча өз кызматтарын көрсөтүшкөн, мында бабалардын тажрыйбасы жана зиректиги чындыгында баа жеткис болгон. Бул аларга татыктуу кошумча киреше булактарын алып келген. Антсе да баюунун жеңил жолун издегендер тарабынан, айрыкча региондо саясий туруксуздук мезгилинде, кыянаттык кылуулар да көп болгон. Ошондуктан, катаал климаттык шарттарга карабастан кыргыздар бул стратегиялык ыңгайлуу экономикалык кирешелүү, табыгый кооз жана пайдалуу жерлерди ар дайым көзөмөлдөп турууга умтулушкан. Чет элдик басып кирүүчүлөрдүн жергебизде убактылуу үстөмдүгүнүн орношунун, тарыхтагы оор мезгилдерин баштан кечирүүлөрүнө карабастан, кыргыз калкынын айрым бөлүгү, өзүнүн орношкон жерлерин таштап кетишпестен, "Улуу Жибек жолунун" бутактарынын бул аймактарна көзөмөлдү жоготпоого аракет кылышкан.
Кыргыз өлкөсүнүн ичинде ургаалдуу экономикалык, чарбалык жана маданий байланыштарды жүзөгө ашырышын кыйындаткан Тяньшандын бийик тоо кыркалуу Кыргызстандын жер аймагы өкандайдыр) бир нече табигый-географиялык региондорду түзөт. Бул элдин консолидация процессин басаңдатуу менен коомдун саясий өнүгүшүндө алардын салыштырмалуу обочолонуусун жана өз алдынчалуулугун шарттаган. Мындай обочолонууга кандайдыр бир даражада сегментацияга жана дифференциацияга көбүрөөк умтулушкан көчмөн калктын кыйла бөлүгүнүн жашоо мүнөзү да өз таасирин тийгизген. Ошондой болсо да, Кыргызстандын бул региондорунун калкы, такай өз ара жардамдашууга даяр туруу менен бирдиктүү кыргыз элине өзүнүн таандык экендигин дайыма жакшы түшүнүшкөн.
Аларда анда: адигине, ават, азык, багыш, басыз, бостон, бугу, дөөлөс, жедигер, кесек, кыпчак, кытай, коңурат, кушчу, моңолдор, мундуз, найман, сарыбагыш, саяк, солто, тейит, черик, чоңбагыш ж.б. уруу топтору бар экендиги кытай, орус жана түрк булактарында жазылып белгиленип калган.
Кыргыздар оң канат жана сол канат болуп эки территориялык конфедерацияга биригишкен, алардын составы туруксуз болгон. Аларды кээде кыргыздардын өздөрү регионалдык-географиялык жайгашышына жараша Кыргызстандын түштүгүнүн Кашкар-Фергана-Алай калкын ичкиликтер жана Кыргызстандын түндүгүндө - Чүй, Талас, Ысыккөл жана Нарын өрөөндөрүндө жашаган калкты аркалыктар деп аташкан. Кытай авторлору кыргыздарды батыштык жана чыгыштык же түштүктүк жана түндүктүк деп айырмалашкан.
Ар бир кыргыз уруу тобу бир нече уруктардан жана анын майда бөлүкчөлөрү уулдардан турган, аларды бийлер башкарган, бийлиги тукум куума болгон. Алардын ичинен бири башкы бий деп эсептелген. 1782-жылы түзүлгөн Кытай булагы - "Цин динь Хуаньюн Си-юй тучжи" - "Батыш крайды эң жогору ырастаган географиялык жазуунун" 45-главасынын 1-барагында мындай деп маалымдалган: "Бардык ушул жолбашчылар өтоу) бири бирине көз карандысыз. Жыл сайын алар бир башчыны өчжан) шайлашат, ал жалпы башкаруу менен алектенет жана ага бардыгы баш ийет". Орус академиги Александр Бернштам бул адамды "XVIII кылымдын ортосундагы шайлануучу кыргыз ханы" деп эсептеген. Кыргыз тарыхчысы профессор Анвар Мокеев ар бир эки "канаттын" өоң жана сол) башында чоң бий деген титулу бар шайлануучу жогорку бийлер турушкандыгын ырастайт.
Бирок, колдо бар тарыхый булактардагы маалыматтарды талдоо жана кошуна өлкөлөрдүн жогорку мамлекеттик кызматтарынын административдик номенклатурасынын таасирине байланыштуу кыргыздардын жогорку башкаруучусун кыргыздар өздөрү ХУШ-Х1Х кылымдын биринчи жарымында көбүнчө - хан өЖуңгар, Бухар жана Казак хандыктарына окшош); бек - Чыгыш Түркстан) жана падыша өфарстык Иран, Афганистан, Түркия) деген титулдар менен аташкан. Алар кыргыздардын өздөрүнүн көп сандаган фольклордук материалдарында "Манас" үчилтигинен баштап "Курманбек", "Эр Табылды", "Жаныш-Байыш" жана башка кичи эпосторго чейин, ошондой эле Россиянын, Кытайдын жана Казакстандын документалдуу булактарында жетиштүү даражада чагылдырылган. Кыйла сандагы жана туруктуу аскердик күчү өжеке кошунунан тышкары) жок кыргыздардын шайлануучу башкы башкаруучусу иш жүзүндө уруулардын башкаруучу бийлеринин үстүнөн реалдуу бийликке ээ болгон эмес. Ошондуктан уруулардын жана алардын бөлүкчөлөрүнүн ички турмушуна кийлигишүүгө өзгөчө кырдаалдан тышкары, негиздүү укугу болбогондуктан, ал кыргыздардын жогорку башкаруучусу катары анын ролун формалдуу тааныгандыкка каниет кылган. Сыягы, көчмөн кыргыздардын демократиясынын өзгөчөлүгү мына ушунда болсо керек.
Бул уруу топтору - башкалардан бөтөнчө көчмөн общинанын жакын бир туугандар эмес, территориялык түзүлүштөгү калкы болуп саналышкан. Алардын ар бири өз алдынча административдик-саясий бирикме болушуп, өздөрүнүн мал үчүн белгиси өэн тамгасы), жалпы согуштук чакырыгы өурааны), өздүк туусу, ал эми жолбашчы бийлердин өздүк мөөрү жана кырк жигити болгон. Ал формалдуу түрдө жана иш жүзүндө кандайдыр бир жагынан грек карлик мамлекети - полисти эске түшүргөн өз алдынча жашаган "мамлекеттик организм" болгон.
Ошентип, сыртынан борборлоштурулган башкаруусу бар болуп көрүнгөн Кыргызстан, баяндалып жаткан мезгилде, чындыгында территориялык жактан бытыранды өлкө болгон. Ушундай саясий абалдан улам, пайдалуу кен байлыктардын өалтын, күмүш, лазурит, коргошун, темир, туз ж.б.) молдугу менен даңкталган Кыргызстан тез-тез чет элдик баскынчылардын объектиси болуп турган. Тыштан келген душмандар менен күрөш - эр жүрөктүү, жоокердик руху бар Атажуртун жан дили менен сүйгөн, патриот, акылдуу жана легендарлуу инсандарды саясий аренага да\азалап чыгарган.

Жайыл баатыр болгондо, хан атакка конгондо!
Элдин эсинде өзүн өлбөс кылгандардын ичинде солто уруусунун өкүлү Жайыл баатыр Коңурбай уулу өзгөчө орунду ээлейт. Жайыл болжол менен 1706-1710-жылдарда ата конушунан алыс Софит Буланда өазыркы Жалалабад областынын Алабука районунун аймагында) төрөлгөн. Бул жерге аны атасы Коңурбайдын үй-бүлөсү, Кыргызстандын түндүгү тарабына, Жунгар хандыгынын өкалмактар) аскерлеринин артыкчылык кылган күчтөрүнүн кысымынан, берекелүү Чуй өрөөнүн таштап кетүүгө мажбур болгондуктан, көчүп келген. Жайылдын энеси саяк уруусунун Каба баатырдын уругунан. Анын атасы ал жаш кезинде эле курман болгон .
Коңурбай кыргыз уламыштарынын маалыматы боюнча өтө келбеттүү, сулуу адам болуптур. Бир жолу ал Агынтай баш болгон казак баатырлары менен бирге калмактарга жортуулга барып туткунга түшкөн экен. Өзүнүн келбеттүүлүгүнөн пайдаланып калмак кызына ынакташып колу, бутундагы кишендердин ачкычын алганга жетишип, жолдошторун туткундан куткарган. Кийин Коңурбай калмактар менен салгылашта али жаш курагында курман болгон.
Бала кезинен Жайыл атасынын улуу агасы акылман Кошой бийдин багуусунда жана тарбиясында болгон, ал ошол кезде түштүккө көчүп келген солто уруусунун башында турган. Кыргыздын башкаруучу аристократиясынын салты жана жоокерчилик мезгил жаш жана намыскөй уландын мүнөзүн бекемдейт. Көп өтпөй ал кыргыз баатырларынын тобунда Кыргызстандын түндүк бөлүгүн, башкача айтканда ата конушун басып алышкан калмактарга каршы боштондукка чыгаруучу жортуулдарга катышат. Бул боштондукка чыгаруучу күрөштө анын үзөнгүлөш жолдоштору Эр Солтоной Байсейит уулу, Атаке баатыр Тынай бий уулу, Бердике баатыр Сырдыбай уулу, Тубай бий, Табылды баатыр, Жаманак Рай уулу, Эр Садыр хан жана башкалар кыргыз элинин даңктуу уулдары болушкан. Өз Атамекенин жунгарлардан бошотуу үчүн салгылаштарда ал элдик баатыр деген наамга татыган.
1751-1755-жылдарда Чүй өрөөнүндөгү ата конушуна кайтып келгенден кийин акылдуу жана жигердүү башкаруучу катары Жайыл баатырдын даңкы дагы күчтүрөөк бекемделди. Анткени ушул 1755-жылдары солто уруусунун башчысы Кошой бий Кетментөбөдө өлгөндөн кийин, бийлик Жайыл баатырга өткөн. Эми мурда таштап кеткен жерди кайрадан өздөштүрүү алдыда турган. Бул баарыдан мурда коңшу казактар менен бекем чек араны орнотуу дегендик эле.
Көчмөн чарбаны адилеттүү жана билгичтик менен жүргүзүүнү уюштуруу - кыргыз үй-бүлөлөрүнүн конуш которуусунун салт болуп калган циклин сактоо, сугат арыктарды салуу ж.б. Бүткүл ушундай уюштуруучулук жумуштар акылман жана ишмер башкаруучу катары Жайыл баатырга тез эле татыктуу атак-даңк алып келген, ошон учун аны кыргыздардын жана коңшу казак урууларынын өкүлдөрү да кадырлай башташкан. Маселен, казактардын мамлекеттик ишмери жана Жайыл баатырдын замандашы Казыбек бек Таусарулы кыргыздар өзүнүн жетекчисин урматтап өздөрүнүн ханы деп аташканын "Түп түбүмдөн өзүмө чейин" деген XVIII кылымдын аягында жазылган чыгармсында белгилеген экен.

(Уландысы бар)

Дөөлөөтбек Сапаралиев,
доцент, тарых илиминин
кандидаты













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan