Коомдук-саясый гезит
№22, 15.02.08-ж.

Меймансап
Форум



◄◄◄
  САНДАН-САНГА

Баратбай АРАКЕЕВ
(Повесть)
Мент
(Уландысы.
Башталышы өткөн санда)
Азыркы жашоосундагы бирден-бир максаты - жүз грамм таап ичүү. Көрүнгөн жерде түнөйт. Машаев аны базардан тапты. Машаевди көргөндө ал сүйүнүп кетти:
-Жолдош начальник, сени көргөнүмө өтө кубанычтуумун, ошону белгилеп койбойлубу, ыя?
Белгилесең белгиле. - Машаев чөнтөгүнөн акча алып чыгып, тигиге сунду. -Ме, батыраак ич, сөз бар.
Тиги акчаны илгиртпей илип алып, нараакта самогон саткан аялдан бирди согуп, бат эле Машаевдин алдында турду:
-Ии, начальник, сага керек болуп калган окшойм, сурай бер.
-Жанагы сен жакта аялы менен күйөөсүн өлтүрүп кеткенин уксаң керек, ээ?
-Укпай коймок белек, ошол эле күнү уккам. Бирок мен өлтүргөн эмесмин, ишенесиңби, начальник?
-Киши өлтүргөндү сага ким коюптур, стаканыңды тың көтөрө албайсың да. Сурайын дегеним ошол, - ал жөнүндө кеп-сөз уккан жоксуңбу?
Алкаш "кулак" саамга ойлоно калды да, минтти:
-Ошол өлгөн немелердин бери жагында бир бузулган алкаш аял бар, билбейт белең?
-Чогуу жашаган көңүлдөшү жоголуп кеткен немени айтасыңбы?
-Ии, ошол бир ирет өлө мас, тутамдап акча көтөрүп жүрүптүр. "Мынча акчаны кайдан алдың? Десем, күңк-мыңк этет. Шектүү сүйлөйт. Жанагылар өлгөндөн эки күндөн кийин болчу. Ошону казып көрсөң. Анан дагы бир сөз - ал аялдын бир жарым жашар кызы бар эле ал да көрүнбөй калды. Кой, мен кеттим, начальник, дагы жүзгө бербесең болбой калды.
Машаев ага дагы жүз граммдык акча берип, кете берди. Тиги алкаш айткан аял жөнүндө укканы бар. Ал аял отуздарга чыгып-чыкпай көчөдө калып, ичип, эки күйөөдөн чыгып, кийин дагы бирөө менен жашап, анысы жоголуп кеткенин да уккан. Бирок баласы жоголгонун уккан эмес. Ал аял ата-энесинен калган тамда жашайт, алкаштардын ордосу ал жер.Каралбаган короо-жай жапайы болуп, кейпи келишип бүткөн небак.
Машаев ишине келип, көпкө баш катырды да, ошол аял менен жанагы "кулак" алкашын сүйлөштүрмөй болду. Эртеси алкашты базардан таап, бир бөтөлкө, закүскөсүнө жетчү акча берип, эмне жөнүндө сүйлөшө турганын түшүндүрүп, кулагына куюп жөнөттү. Алкаш ал аялды үйүнөн таап, башы ооруп, кебетеси келишип турган немеге жүздү алпермек болуп, ошол туштагы алкаш ордосу - пивоканага алып келди. Машаев менен Миша ошол жерде болчу.
Алкаш тиги аялды бир столго отургузуп, жүздөн экини анан пиво алып келди. Аракты токтобой ичишип, артынан пиво уурташты. Миша менен Машаев катардагы столдо пиво ууртаган болушуп, кеп тыңшашты.
Алкаш дагы жүздөн алып келип, аны жарымдай ичкенден кийин экөөнөн тең нымшып тер чыкты. Алкаш сөз баштады:
-Света, кызыңды уурдап кетиптир дешет, ошол чынбы, ыя?
-Былжырабачы, ким уурдамак эле! Антип ким айтты сага?
-Ким айтмак эле, эл айтат да. А турсун "кызын өзү сатып ийиптир" дегендерин да угуп, "бокту көп жебегиле, Света андай эмес" дегем.
Аял ушул жерден буркурап ыйлап жиберди:
-Өз кызымды кантип сатат элем, ыя?! Андан көрө өлүп калганым артык эмеспи.
-Анан эмне болду?
-Эмне болмок эле, жок ал, бу дүйнөдө жок!.. - Аял буркурап-буркурап алды. -Жанагы сволуч кылбадыбы. Кудай көрсөтөөр аны!..
-Ким аның?
-Ким болмок эле, күйөө сөрөйүм да! Толтура акчалуу да кылып атпаймынбы аны, же акчадан жок, же баладан жок. Өзү качып жок. Милийсага өзүм барып айтып берсемби деп да ойлодум. Бирок, өзүмдү да камайт да. Эй, сен ушуну оозуңдан чыгарчу болбо! Жайлатып коем, уктуңбу?! Мууздатып салам!..
Мындан аркысы экөөнүн урушу менен бүттү. Машаев бул аялдын бир билгени бар экенин сезип, эми ушул аял менен жакшылап иштемей болду.
Алкаш Светаны Машаев эртеси таңертеден Миша экөө барып, бөлүмгө алып келишти. Аз кечиккенде тигил баш жазаарын издеп, тентип кетмек экен. Алкаштар коркок болуп калышат эмеспи, Света милийсаданбыз дегенди угуп, өң-алеттен кете кубарып, делдирей басып, машинеге өзү эле отурду.
Ал Машаевдин кабинетине кирээри менен тамеки сурады. Машаев тамеки сунуп, күйгүзүп да берди. Аял аны кере-кере соруп, анан кана эми сурагыңды сура дегендей Машаевди жалдырай карады.
-Кызыңды эмне өлтүрдүң эле?! - Машаевдин бул суроосу аялдын жанын чыгара, селт эттирди. Ал эмне айтаарын билбей, оозуна сөз келбей турду.
Машаев суроосун кайталады:
-Кызыңды эмне өлтүрдүң?
Ушул жерден жарыла албай, чыңалып турган аял жарылып кетти:
-Мен эмес. Витя! Аны Витя өлтүргөн! - Ал боздоп ыйлап жиберди, ый аралаш колундагы тамекисин кере-кере соруп турду. - Витя, Витя деп жатпаймынбы!
Машаев өзүнө-өзү отчет бербей буркан-шаркан түшүп боздогон аялды тынчытып, сурагын улады:
-Витяң ким?!
-Ал менин үчүнчү күйөөм. Экөөбүз үч ай эле жашадык.
Аял Витя менен өткөргөн бактылуу да, бактысыз да күндөрүн айтып турду. Анын айтымында, экинчи күйөөсүнөн төрөгөн кызын ошол Витясы муунтуп өлтүрүптүр да, анан качып кетиптир.
Машаев баягы өлтүрүлгөн эрди-катын дунгандар жөнүндө Светадан сурады эле, ал алар тууралуу эч нерсе билбегенин, укпаганын дагы бир тамеки күйгүзүп, кере соруп туруп, кайра-кайра айтты.
-Ошол дунгандардын акчасынан сен да алыптырсың го?
Машаевдин бул сөзү алкаш аялды жыга чапкандай болду.
-Ким айтты аны?
-Мен айттым! Күбөлөр айтты. Кылмышты түбөлүк жашырууга болбойт. Убактылуу гана жашына аласың.
-Мен эч кандай акча алган эмесмин. Ал өлтүрүлгөндөр жөнүндө элден уккам эки күндөн кийин.
-Аларды жакшы таанычу белең?
-Таанычумун. Көп ирет үйүн актагам, времянкасын да ремонттогом.
-Бай турушчу беле? - Машаевдин бул "кылтак" суроосуна аял илинбестен жооп берди:
-Мен кайдан билем. Мага бирөөнүн байлыгынын бар-жогунун бир тыйынчалык да кереги жок.
-А, балким, Витяң өлтүрүп жүрбөсүн, ыя? -деди Машаев аялга үчүнчү ирет тамеки берип жатып.

(Уландысы бар)




  Криминалдуу окуя

Миллионго бааланган өмүр
(Уландысы. Башталышы өткөн санда)
Ок бөтөлкөгө тийбептир. Бери жактагылар аны шылдыңдап каткырып калышты.
- Жок, бул болбойт, мен кыймылдап жибердим, кайра атам, - алиги киши көшөкөрлөнө мылтыкты кайра октоду. Эми тизелебей көк чөпкө көмкөрөсүнөн жатты да мылтыкты ташка такап бөтөлкөнү көпкө мээледи. Акырын машаны дем албай туруп басты эле баары бир бөтөлкөгө тийгизе алган жок. Ошондо да тигилерге моюн сунгусу келбей, - бир аз эс алайын андан кийин атам, - деп жанындагы мылтык кармап турганга кайрылды.
- Кана, кыйын болсоң атчы.
Тигиниси да шашпай мылтыгын октоп тизелеп отура калды да көпкө мээлеп туруп анча бийик эмес дөбөчөдө турган бөтөлкөнү сындыра атты.
- Ой азамат, эми андан арыраак дагы бир бөтөлкө коелу ошону атчы.
- Атам эле, эмнеси бар экен.
Бирөөсү жанында турган Абдысаламга кайрылды.
- Тур иним, бул бөтөлкөнү алысыраак коюп келчи тигил жакка, чурка!
Абдысамат ок тийип сынган бөтөлкөнүн жанына барды. Жартысы сынып, жартысы калыптыр.
- Андан да ары жакка кой, - тигил жактагылар кыйкырып жатышты, - тигил дөңсөөгө, ийи, ошол жерге!
Тигилер көрсөткөн дөңсөөгө бөтөлкөнү жакшылап тикесинен коюп койду да кайра бери кайтып келди. Аны көрүп калган Бүбүкан акырын "чырт" этип адыраңдай кетти.
- Аларды эмне кыласың, бар тигил жиликтенген эттерди боз үйгө ташы!
Теринин үстүндө жайылып турган эттерди чарага салып, боз үйдүн ичине алып кирди.
Атайын сырттан келген коноктор үчүн тигилгендиктен бул боз үйгө көп киришчү эмес. Сырты кооздолуп жасалган чоң ак боз үйдүн ичине жаңы шырдак, ала кийиздер төшөлүп, туш кийиздер тагылып, атайы кыргызча жасалгаланган. Ичи кенен, жарык. Сырттан меймандар келишсе түз эле ушул боз үйгө киргизишет. Байкабай кирип барып, төрдө отурушкан жаш сулуу кыздарды көрүп, кичине сүрдөнө түштү. Бардыгы тең ак жуумал, кийген кийимдери шаардыктардыкындай. Боз үйдүн ичиндеги дасторкон да жакшы жасалыптыр. Татынакай, сулуу келиндердин үстүнө байкоосуз кирип кеткендиктен, өзүн оңтойсуз сезе чарадагы эттерди берки бурчка кое коюп кайра чыкканча шашты.
- Мен эттерди ошол жакка алып бар дедимби? Тигил боз үйгө алып барбайсыңбы, конокторго көргөзмө кылгансып алып барбай, - Бүбүкан Абдысаламдын жоругуна жини келе аңкылдап кое берди, - бар, аны алып чыгып, кайра тигил боз үйгө алып жөнө!
Келиндердин үстүнө кайра киргенден тартына бир аз турду да, шар кирип чарадагы эттерди көтөрдү да, эки жакка көңүл бөлбөстөн сыртка чыгып кетти. Бери жактагылар али да болсо бөтөлкөгө тийгизе алышпай аткылап атышыптыр. Сүйлөгөн сөздөрүнө караганда сыягы мелдеше кетишсе керек. Канчалык аткылашканы менен баары бир тийгизе алышкан жок. Бир кезде бир нерсе эсине түшкөндөй Туткабай Абдысаламды өзүнө чакырды. Ал эт бышырганга жардам беришип, казандын тегерегинде жүргөн болчу. Баарын таштап, дароо эле кожоюнуна жетип келди.
- Бери жакын кел, - анан жанындагыларга тааныштыра кетти, - мунун атасы биздин чөлкөмгө атагы чыккан чоң мергенчи эле. Кийик уулап жүрүп тоодон чагылган тийип каза болгон, чоң атасы да мергенчи болгон дейт. Бул жигит дагы мылтыкты жакшы, таамай атат экен. Мунун бир-эки жолу байкап калгам. Кана, көрөлүчү кандай атаарын?
Бардыгы жүдөө кийинген, кара торусунан келген тартын- чаак жигитти карап калышты.
- Ким билет, атасы, чоң аталары мергенчи болсо - бул дагы мерген чыгаар. Баары бир канында болот да, - ары жактагы бирөөсү колундагы мылтыкты ага карматты.
- Кана, ата-бабаларың мергенчи болсо тээтигил бөтөлкөнү атып көрчү?
- Мени уятка калтырбай ат эми, - Туткабай да тигини коштоп койду. Абдысалам мындай мылтыкты колуна кармап көрбөгөндүктөн, бир азга кызыга кармалап турду. Анан тээ обочороок жерде турган бөтөлкөгө көз жиберди. Мылтыкта ок бар экенин текшерип көргөн соң, мээлебей туруп эле бөтөлкө жакты туштап машаны басып жиберди. "Тарс!" эткен үн чыга аны менен кошо дөбөдө турган бөтөлкө да быркырап кетти.
- Ой азамат, чын эле кыйын атат го ыя? - бери жактагылар аны мактай кол чапкылап жиберишти. Туткабай дагы ага ыраазы боло мактап койду.
- Атасы да көзгө атаар мергенчи болчу. Кийиктерди атканынан жазчу эмес. Илгери каат жылдарда кургакчылык болуп, элдер кыйналып турган маалда карышкырлар көбөйүп, айылдарга чейин кирип келишкен да. Мен анда бала кезим болчу. Коноктон келатышкан бир үй-бүлөгө кол салып, тытмалап кетишкен. Ошондо карышкырларга жинденген ушунун атасы эки-үч мергенчини алып атайын тоого барып, ургаачы карышкырларча бөрүлөрдүн баарын өзүнө улуп чакырып, анан карышкырлардын баары үн алышып ага жакын келишкен соң, атына шап мине коюп жабыла качышкан үйүр топту бирден терип кырыптыр. Ат үстүндө баратып качып бараткан карышкырларды ыргыта атып жүрүп отуруптур. Аны көрүшкөн берки мергенчилер таңгалып айтып атышпайбы. Ошол үйүр топтун бирин дагы куткарбаптыр. Айылга келип ондон ашык карышкырдын өлүгүн тизип койгонун мен өз көзүм менен көргөм. Ошондон кийин карышкырлар да айылга жолобой калышкан. Мунун атасы ушундай кыйын мергенчи болчу. Бул бир эле окуясы. Бар эми, оокатыңды кыла бер тиякка барып.
Абдысалам жаңы эле жөнөй бергенде тигилер аны токтотуп калышты:
- Кое тур, жигит шашпай. Дагы сынап көрөлүчү, тигил бөтөлкөнү чындап эле аттыңбы же кокусунан болдубу, -- бирөөсү жерде бошогон бөтөлкөнү алды дагы "тигил дөбөчөгө коюп кел" деп бери жакта буларды карап турган жаш жигитти жөнөттү. Ал дөбөгө барып бөтөлкөнү мурдакыдай кылып тикесинен коюп, кайра келген соң, бардыгы Абдысаламды сынай карашты.
- Кана, атып көрчү эми тигини.
Абдысалам бутаны бир азга теше тиктей карап турду да мээлебей туруп быркырата атып салды. Беркилер дагы кол чапкылап жиберишти.
- Сенде бар экен го жигит өнөр.
- Карабайсыңбы, мээлебей туруп атып жатканын.
- Баары бир атасынын каны бар да.
Көпчүлүгү ага кызыгып калышты. Мылтыкты октоп кайра карматышты.
- Бөтөлкөнү андан ары кылып коелу, дагы атып көрчү.

(Уландысы бар)
Саадатбек Мырзакул уулу












Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan