Коомдук-саясый гезит
№22, 15.02.08-ж.

Меймансап
Форум



◄◄◄
  Анжелика

Кызыктырган суроолор менен Анжеликага телефон чалганыбызда, дароо эле жолдошу алды. Сылык-сыпаа, орду менен жумшак жооп берген жолдошунун тартиптүү үй-бүлөнүн уулу, Анжеликага камкор жолдош экенин айгинеледи.

Телефонго келген Анжелика биз менен таанышкан соң, интервью тууралуу "Айчүрөк апамдан уруксат сурайсызбы. Ал эмне десе ошондой болот" деп жооп берди. Түшкү тамактанууга чыгып жатып, апасы Айчүрөккө телефон чалганыбызда, түнкү уйкусун улантып уктап жаткан учуру экен. Бирдигибизди корото, кыйналып жооп берүү менен: "Мен уктап жаттым эле, анан чаласыңарбы?" деди эле. Биз болбой догурунуп, тынчын ала суроолорубузду бере калдык. "Айчүрөк саламатсызбы? Анжеликадан интервью алалы десек, сизден уруксат ал" деди. Азырынча Анжеликадан интервью алууга тыюу салды.
Кайрадан Анжеликага байланышка чыгып, тыюу салганына карабай окурмандардан түшкөн бирин-экин суроолорго жооп алууга үлгүрдүк:
- Анжелика, башка ырчылардай болуп турмушка чыккан соң, шоу-бизнестен алыстап кетпейсиңби?
- Жок, мени жолдошум дайым колдоп келет. Азыр жаңы ырларды жаздыруунун үстүндө иштешип жатабыз. Буюрса, жакынкы арада сахна дүйнөсүнө жаңы ыр, жаңы костюмдар менен кайтып келүү оюм бар.
- Сен эми өз алдынча үй-бүлөлүү болсоң да, жеке жашооңо Айчүрөк эженин интервью тууралуу кийлигишүүсүн кандайча түшүнсөк болот?
- Азыркы ырчыларды карап көрсөк, көпчүлүгү продюсер менен иштешип жатышпайбы. Ал эми мен продюсерсиз кенедей кезимен сахнага алып чыккан устатым Айчүрөк эже менен иштешип келем, - деп жумшак жооп берди.
Калган суроолорго сылык гана убагында жооп берээрин айтып биз менен коштошту.




  Күтүлбөгөн суроолорго, күтүлбөгөн жооптор

Айбек Карымов
Биздин газетабыздын кат куржунун а Айбек Карымовго суроо берген каттар келип түшкөн эле. Анан ага жооп алуу максатында, телефонду бурап Айбекке чалганыбызда, телефон колумдан ыргып кете жаздады, эй.
- Алло, саламатсызбы, Айбек сизби?
- Ким бу? Кайсы немесиң? - деп корсулдады.
- Мен "Аалам" газетасынан чалып жаттым эле, сизге көп окурмандардан каттар келген экен, жооп бере аласызбы?
- Кайсы, кайсы газета?
- "Аалам" газетасынан.
1-суроо: Чын эле Гүлайдага үйлөндүңүзбү же Салима менен болгон чатагыңыз кайталанабы деген сурообузга.
- Эй, сен кимсиң өзүң? Далдыраган суроолоруң менен чалбай жүрчү. Мени менен ишиң эмне… жана дагы башка сөздөр… (Айбектин оозунан ушундай "жана дагы башка сөздөр" чыгат деп ойлогон эмес элем.) Мен: "Айбек, кечирип коюңуз, биз окурмандардын суроолору боюнча…" дегиче телефонун өчүрүп салды.
Мага Айбектин өзгөчө Салима менен ырдаган ырлары абдан жакчу. Бирок, Айбектин ушундай орой жана телефон менен сүйлөшүү маданиятын ушул жашка келип үйрөнө электигин угуп алып, аябай таң калдык. Ушундан улам, кийинки саныбызда Айбек мырзанын чыгармачылыгы, анын ырчы кыздарга жасаган мамилеси тууралуу жазып, ырчынын чыныгы жүзүн окурмандарга ачууну туура көрдүк.




К.Култаев
- Сизди Лилия Абдуваитовага үйлөндү деп уктук эле?
- Лилиянын үй-бүлөсү , балдары бар да , мен аны диджей катары, абдан таланттуу кыз деп сыйлайм. Бул жөн эле ушак го. Андай болушу мүмүкүн эмес. Буюрса күзүндө үйлөнөйүн деген оюм бар.
- Сүйлөшкөн кызыңыз бар да?
- Тилекке каршы сүйлөшкөн кызым жок, кыздарга кастинг жарыялап жатам.
- А кастинг жарыялап жатасызбы, сиз кандай? Тааныштыңыз үйлөнө бересизби? Жаңылып калгандан коркпойсузбу.
- Мен өзүм психологмун, адамды бир көргөндө эле психологиясын текшерип, кандай экенин биле алам, жаңылбаймын деп өзүмө ишене алам.
- Сизди мурда үйлөнгөн, ал эмес уулу бар дешет го ?
- Мурда сүйлөшүп жүргөнүм чын. Балалуу болоорумду да билгем. Азыр ал төрөлдү беле же жокпу белгисиз.
- Эгерде сиздин уулуңмун деп келсе кабыл аласызбы ?
- Текшермекмин. ДНКсын билмекмин, окшоштук жагын карамакмын. Эгерде туура чыкса кабыл алып өз уулумдай багып чоңойтмокмун.




Съездбек Искеналиев
- Эгерде миллион долларлуу болсоңуз эмне кылат элеңиз?
- Эми аны убагында көрмөкбүз да. Кана ошол доллар, биринчи табайынчы анан бат эле ордун тапмакмын.
Мисалы: Кыргызстанга пайда келтиргендей жумшамакмын.




  Кубик Калыков:

- Кызыңызды жаш экенине карабай, түштүктүк бир депутаттын уулуна кудалашып коюптур деп уктук.
- Ой, жок, андай эмес. Жөн гана тамаша катары айтылса керек. Азырынча кызым жаш.
- Сизди кыска бойлуу, сулуу орус кыздары менен достошот деп уккам.
- Койгулачы, кайдагыны айтпай. Тескерисинче "здоровый" досторум көп. Кыргыздар менен эле достошуп келем. Кайдагы орус кыздары? Кызым бойго жетип, студент болуп турса, анан мен кыздар менен достошуп калыптырмынбы?
Кубик байкенин жообуна өзүм да таң калып турумун, кудалаштыбы десем, "кызым жаш" дейт, орус кыздар менен доссуңбу десем, кызым бойго жетип турса дейт…












Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan