Коомдук-саясый гезит
№22, 15.02.08-ж.

Меймансап
Форум



◄◄◄
  ЭПИЦЕНТР

Болсун, болсун...
Чаргынов Талас облусунун губернаторунун
1-орун басары болуп дайындалды
Шайлоо маалында "Ак жол" үчүн Таласстан колдон келген добушун алып берген соң, бийлик Байымбет Мураталиевди губернаторлук ээрден шыпырып, анын ордуна Бейшенбек Болотбековду олтургузушканын көпчүлүк жакшы билет.

Андан көп убакыт өтүп-өтпөй эле губернатордун 1-орун басары Аксылык Акпараалы Карабаев да кызматынан алынып, анын ордуна Кара-Бууралык Касым Чаргыновдун дайындалганы маалым болду.
Айрымдардын айтканына кулак салсак, Кыргызстан ассамблеясынын экс-төрагасы Касым мырза Мединститутту кызыл диплом менен аяктап, бир катар жооптуу жетекчилик кызматтарды аркалап келгени белгилүү. Так что, облусттук администрациянын кызматкерлери бир жериңер ооруп калса, уялбай-тартынбай эле Таласттагы №2 адамга кеп-кеңеш сурап кайрылсаңыздар болот.




Компромис...
Раев ортомчу болуп...
Эшимкановдун отставкасын талап кылып, ачарчылык акциясын өткөрүп жатышкандар КТРдин жетекчилиги менен бир пикирге келишти окшойт.
Айталы дегенибиз, Маданият министри Султан Раев КТРдин аркы жээгиндеги жана берки жээгиндеги кызматкерлер арасында "переговорный" көпүрө болуп, алардын акциясын токтотууга көндүргөндөй болду.
Эми, КТРдин жетекчиси Мелис Эшимканов менен нааразы болгондор компромиске келип, мурдагы иш орундарында калтырыла турган болду.




Акция
"Мен сени сүйөм, Кыргызстан!"
14-февралда "Мен ишенбейм" акциасынын каты-шуучуларынын "Мен сени сүйөм Кыргызстан" аттуу акциясы болуп өттү.
Акциянын катышуучулары шаарды аралап жүрүш жасап, борбордук аянтка келишти. Милиция кызматкерлери аларды "Эркиндик" эстелигине жолотпой, кууп ташташты.
Айласы кеткен жаштар Жогорку Кеңештин алдына барып, мамлекеттик гимнди ырдап, түстүү шарларды асманга кое беришип, кыргызча, орусча ураандарды кыйкырышып, акцияны жыйынтыктап тарашты.




Сөз эркиндигинин абалын талкуулашты
13 -февралда Бишкектеги басма сөз клубунда өлкөдөгү маалымат каражаттарынын жана сөз эркиндигинин ал-абалын талкуулоого арналган тегерек стол болуп өттү.Анын катышуучулары бул маселенин күңгөй-тескейи тууралуу өз ой-пикирлерин ортого салышты.




Океандын ары жагынан
"Ата-Мекенчилер" Америкадан келе жатат
Буштун сый тамагынан башталган Атамекенчилердин иш сапары госдепартаментте АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райстын жардамчысы Ваучер мырза жана сенаторлор менен жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.
Андан сырткары Атамекенчилер, АКШнын Демократиялык жана Республикалык институттарында жолугушууларга катышып, Америкадагы кыргызстандык мекендештери менен кезигишип, өлкөдө түзүлгөн кырдаал тууралуу суроолорун жооп берип, кайтып келе жатышканы дайын болду.
Эске салсак, океандын ары жагына сапар тарткандар Өмүрбек Текебаев, Болот Шерниязов, Карганбек Самаков жана Эркин Алымбеков экенин билдирип кеткибиз келет.
2005-жылдагы март окуясы болоор алдында азыркы ажо Курманбек Бакиев да алыскы Америкага барып келген эле. "Ата-Мекенчилер" да Курманбек мырзанын жолуна түшкүсү келип жатабы же мурдагы абалын эске салууга болгон аракетпи, аны айта албайт экенбиз.




Тюльпан же роза...
Марттын аягында революция башталабы?
12-февралда Революциалык комитеттин жыйыны болуп, 2008- жылдын март айынын экинчи жарымынан баштап массалык нааразычылык акциаларын баштоо боюнча чечим кабыл алынганын ревкомдун жетекчиси Азимбек Бекназаров билдирди. Күн жылый электе эле кайрадан революциянын эпкини ура баштадыбы?


Ушундай болбойт да
Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери камакта
Аз күн мурда Жалалабат облусттук Улуттук коопсуздук комитетинин 3 кызматкери өздөрүнүн күбөлүктөрүнө жана күчүнө ишенип, Ала-Буканын жашоочуларынан 2,5 миллион өзбек сумун 10-февраль күнү тартып алышкан экен.
Тергөө үчүнбү же дагы башка себеби барбы, айтор кармалган чекисттердин аттары коомчулука айтылбай жатат. Бизге жеткен маалыматтарга караганда, укук коргоо органдары тарабынан кармалган 3 чекистти 13-февраль күнү эркиндикке чыгарып жиберишкен.


Айтты да, эй...
Өндүрүлгөн энергиянын 40 пайызы кайда кетет?
Жакында Энергетика министри Сапарбек Балкыбеков укмуш кызык билдирүү жасады.
Анын айтымына кулак төшөсөк, Кыргызстанда өндүрүлгөн электр энергиянын 40 пайызы жоготууга учурайт экен. Ошол эле Балкыбеков дүйнөлүк практикада электр энергиясы 5 пайызга чейин эле жоготууга учураарын өз сөзүндө белгилеп өттү...
Кызык суроо туулат? Электр энергиясы чын эле жоготууга учурап жатабы же ушундай шылтоо менен анын акчасы бюджетке түшүүнүн ордуна жогору жактагылардын чөнтөгүнө кетип жатканын Балкыбеков өзү жана Кудай гана билбесе, биз биле албайт экенбиз.

"Аалам-пресс"













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan