![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №22, 15.02.08-ж. |
Меймансап Форум Жаңы кызмат… Коомдук парламентке Эркебаев спикер болот "Акыйкаттык үчүн" кыймылынын координациалык кеңеши 12-февралда жыйын өткөрүп, коомдук парламенттин жобосу, курамы бекитилип, күн тартибине киргизилүүчү маселелер талкууланды. Кабыл алынган тартипке ылайык, коомдук парламент 20-февралдан тарта катуу иштей турган болду. Анын башына, то есть спикерлике Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Абдыганы Эркебаевдин талапкерлиги сунушталууда. Артында ким турат? Баяман Эркинбаевди өлтүрдү дегендердин соту башталды 2005-жылдыне мартындагы бийлик алмашуусунан кийин, ошол жылдын 21-сентябрында Баяман Эркинбаевди өз үйүнүн жанынан атып кетишкен эле. Буга шектүү делинип эки адам - Сабыр Батыров жана Махмуджан Рузиметов кармалышып, тергөөгө алынышкан. Кечээ, 14-февралда алардын үстүнөн сот жараяны башталды. Айыпталуучулар өздөрүнө коюлган моюнга алышкан жери жок. Айрым маалыматтарга кулак салсак, Баяман Эркинбаевдин өлүмү саясий заказ болгон. Себеби, бийлик анын жан сакчыларын кармап, атайы киллерлердин колуна салып бергендей болгон. Өткөн жылы, Баяман Эркинбаевди аткан чечен улутундагы киллердин Орусияда кармалганы тууралуу кабар тараган. Бирок, аны Кыргызстанга алып келип, жаза берүү үчүн бир дагы укук коргоо кызматкерлеринин жетекчиси аракет кылган жок. Намысың кана кыргыз? Айыл-кыштактардын аттарын өзгөртүү керек Феодалдык турмушту баштан кечирген демократиялык принциптери өнүккөн кыргыз элинин Улуу орус калкына болгон баш ийдирүүчүлүк, кошаматчылык саясаты өз алдынча мамлекет болгондон бери да калбай келе жатканы абдан өкүнүчтүү. Союздун доорунда Кыргызтанга конокко келген белгилүү Дагестандык акын Расул Гамзатов Чүй боорундагы айыл-кыштактарды аралап жатып : "Чыңгыз Төрөкулович, биз Россиянын областарындабызбы же Кыргызстандабызбы?" - деген суроону берип уят кылган дешет. Чын эле Чүй дубанындагы райондорду Боомдон-Чалдыбарга дейре араласаңыз, жалаң орус баскынчыларынын ысымдары менен аталган айылдарды көрөсүз. Мисалы, Ново-Павловка, Военно-Антоновка, Романовка, Александровка , Садовое, Беловодское, Петровка, Ново-Николаевка ж.б. д.у.с. Бул топонимдерди иликтей келсек, илгери кыргызча эле аталган жерлер экен. Кайдыгерлик деген ушул тура. Атүгүл коңшу казактарча патриот болот албаганыбызга аябай арданам да. Ушундай эле айыл-кыштак аттары ар бир областта бар. Ордо калаабыз Бишкектин көчөлөрү кайдагы бир аты-жыты белгисиз, кыргыз элине тиешеси жок орустардын ысымдарын алып жүрүшү кыжаалат кылат эгемендик алган соң жогоруда аты аталган айыл-кыштактарда эмгеги элге сиңген эр - азаматтар, баатырлар толтура. Ошолордун ысымдарын ыйгарууга эми кезек келгендир. Качанкыга чейин бирөөнүн көзүн карап жүрө беребиз? Намысыбызга келип, ойлонбойлубу, ыя? Помните меня? Адиль Тойгонбаев: "Не имею представления, в чем меня обвиняют в Кыргызстане" В казахстанской газете "Время" 13 февраля 2008г. опубликовали заметку об Адиле Тойгонбаеве. Вчера в казахстанской прессе появилось сообщение о том, что правоохранительные органы соседнего Кыргызстана в ближайшее время собираются возобновить переговоры с Генеральной прокуратурой РК о выдаче этой стране гражданина Казахстана Адиля Тойгонбаева - зятя экс-президента Кыргызстана Аскара Акаева. Адиль Тойганбаев - муж дочери Акаева Бермет, живет в Казахстане и владеет интернет-сайтом Posit.kz. Кроме того он возглавляет так называемый "Экспертный центр национальной стратегии" - аналитическую структуру, изучающую природу и принципы деятельности казахстанской власти, говорится в заметке. По данным казахстанской прессы, на родине его супруги против г-на Тойганбаева возбуждено шесть уголовных дел. "Вчера мы связались с г-ном Тойганбаевым, чтобы получить комментарий из первых уст", пишет "Время". - Мне неинтересно это комментировать, - заявил он, - к тому же я совершенно не знаком с материалами "дел", заведенных на меня в Киргизии, и не имею представления, в чем меня обвиняют. Это все, что я могу вам сообщить. ТИМге кулак кагыш Бир айда тогуз өлүк Былтыр жазында Орусиянын Урал жана Сибирь федералдык округдарына чыгармачылык командировкага барып орустардын улутчулдугу ашынып баратканын баамдадым. Алар кыргыздарды киши катары көрбөй "черный", 3-сорт деп тергешет экен. Иркутскидеги кыргыз диаспарасынын активисттери ошол жерде сүргүндө болуп, орус менен достошкон демократ акын Токтогулдун ысымын бир жаман көчөсүнө койдура алышпаганын айтышты эле. А биз болсо көчөбүз эмес орустан өкмөт башчы, мэр, аким, ректор, депутат дайындаганга, шайлаганга кыйынбыз. Екатеринбургда областтагы мусулмандардын муфтийи Жаркынбай Сатыбеков 2006-жылдын ноябрь айында гана Кыргызстанга 9 өлүк жөнөтүлгөнүн, анын 8и мыкаачылык менен өлтүргөнүн билдирди. Бул бир айдагы факты. Ал эми мындай шаарлар Орусияда толтура эмеспи. Жөнөтүлбөй калып кеткени канча дейсиз. Республикабыздын дээрлик ар бир айыл-кыштагында орус улуттары тарабынан өлтүрүлүп келген кыргыз улан-кыздары болсо керек деп ойлойм Жаңы факт. Ленинград областынын Пушкин шаарындагы унаалары техникалык тейлөө станциясынын жанында башы кесилип, ичи жарылып мыкаачылык менен өлтүрүлгөн, эч кандай кийими жок 22 жаштагы кыргызстандык жигиттин өлүгү табылган. Скинхеддер тарабынан өздөрү жашаган квартираларда, электричкаларда ондогон жердештерибиздин өлтүрүлгөнү жөнүндө ай сайын суук кабарларды окуп, угуп, көрүп жатабыз. Биз Кыргызстандагы бир да орусту союп өлтүргөнүбүз жок го ! Бирөөсүнүн "мышыгын пыш" дедикпи?! Ушундай кайгылуу окуялар көп экенине карабай Орусиянын элчилигине нааразычылык нотасын билдирүүгө жарабаган Тышкы иштер министрине, мамлекет башчысына, парламенттин төрагасына не десек болот? "Манас" аэропортунда кокусунан каза болгон Ивановдун айланасында орустар канча чуу чыгарышканынан үлгү алсак боло! Же биз ошончолук эле коркок, суу жүрөк, бүжүрөгөн калкпызбы? Адылжан Жажанов |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|