![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №22, 15.02.08-ж. |
Меймансап Форум Көч каякка баратат? Күн жылыганда эл кайрадан көтөрүлүшү мүмкүн… Эстен кеткис март төңкөрүшүнөн соң жаңы жетекчи бийликке келгенден бери өтө деле узак убакытты өзүнө камтый элек. Болгону үч жылдын башын жеп, төртүнчү жылга аяк басты. Албетте, "жаңы бийлик өз шыпыргысын жаңыча шыпырат" дечи, ал боло турган иш. Жаңы президентибиздин алгачкы кадамы ушундан башталган. Ошол алгачкы күндөн баштап эле жылуу, жакшы орунда отургандар кызматтан ыргып, шыпыргы жакшы иштей баштаганы баарыбызга эле маалым. Өкмөттүк гезиттерде болобу же телекөрсөтүүлөрдө болобу "баланча кызматтан бошоду, анын ордуна түкүнчө кызматка орношту", - деген жарыялар мурда болуп көрбөгөндөй, жаандан кийинки козу карындардай жайнап чыга келди. Мурун өкмөткө эмгеги сиңген, тажрыйбалуу, компетенттүү, респектабелдүү, иштин көзүн жакшы билген кызматкерлер жумуштан бошоп, алардын ордуна ар кандай адистеги адамдар (алардын арасында мурун мындай жетекчилик кызматта көп деле иштеп көрбөгөн, тажрыйбасы аз адамдар да бар) орношууда. Кыскасы ошол күндөн ушул күнгө чейин жергебиздеги жетекчилик орундар шапке алмашкандай эле алмашылып жатат. Дегеле марага жеталчудай түрүбүз жок. Болуптур,"казанчынын өз эрки кайдан кулак чыгарса" дегендей муну президенттин иши деп коелу. Аны менен кошо "трайбализм", "жердешчилик" деген оору илээшип келгенин айтпайсыңбы. Жумушка орношкону барсаң кайсыл гана начальник болбосун, биринчи кезекте "кайсыл жерден болосуң?" деп сактана сурайт. Анан ошого жараша иш кылат. Ал эми жакшы ишке орношуу үчүн чөнтөгүң да калың болушу керек. Акаев учурунда аябай тамырланып кеткен коррупция азыр деле тамырын кенен жайып, бүрдөп жаткан учуру. Муну түп орду менен кыйып да жок кыла албайт экенсиң, бир жагын кыйсаң чырмоок сымал экинчи жагынан чыга берет экен. Мунун баардыгын оңдоп-түзөөгө Бакиевдин гана күчү жетет, бирок эрки жетеби, кеп ушунда. Орун алмашуудан сумма деле өзгөрүп кетпейт эмеспи, бир аз иштеп эле кайрадан бошоп, бир адамды аягына чейин иштегенге мүмкүнчүлүк бербесе, улам бир жаңы адам кызматка келе берсе, экономикабыз канткенде алга жылат? Чоң кызматта отургандардын бардыгынын эле эми кимибиз кызматтан ыргып кетебиз деп ичкендери ирим, жегендери желим болуп жүрөктөрү дүкүлдөп араң турушат. Айлыктын аздыгынан чет жакка кетишүүдө Акыркы мезгилде өзгөчө жаңы жылдан кийин инфляциянын жогорулашы, элдердин бүгүнкү күндөгү тапкан айлык маянасы, кирешеси жана баалардын өсүшү менен баланстын жоктугу жашоо-турмушубузга дагы өз кедергисин тийгизүүдө. Тамак-аш, газ, электр энергиясы жогорулаган сайын жашоо кыйынчылыгы улам бир тепкичке көтөрүлүп, эртеңки күн кандай болуп кетээр экен деген күмөндүү ойлор пайда болуп, тынчы жок күндөр өтүүдө. Ошо себептен жергебизде миграция күчөп, чет өлкөлөрдүн атуулу болгусу келишип, үй-бүлөлөрү менен башка бай өлкөлөргө жакшы жашоо издеп, кетип калып жатышпайбы. "Бечелге жөтөлдүн кереги не" дегендей карапайым элге тамак-аш мол, кененчилик, арзанчылык болсо болду, керек болсо саясатыңды уруп да ойношпойт. Мага демектен он президент алмашса да өз оокаттарын кыла беришет. Бирок элдин жашоосунда андай мүмкүнчүлүк болбой жатпайбы. Элди нааразы кылган шайлоого токтолсок. А дейбиз, бу дейбиз, бирок чындыгында эле эл ойлогондой болбой, дээрлик көпчүлүк пайызы "Ак жол" партиясынын адамдары депутат болуп шайланып алышпадыбы. Аны эч ким тана да, жашыра да албайт. Алардын бардыгы "марионеткалар", же тагыраак айтканда Ак үйдүн камчысын чапкандар, каякка "чү" десе ошол жакка кете бергендер. Жогору жак эмнени айтса ошону аткаргандар. Парламенттин дагы бир өзгөчөлүгү ал жакта болгону үч гана партия, бул санды төрт жашар бала колун ачып-жумуп деле санап бере алат. Сан жагынан басымдуу болуп тургандан кийин, берки эки партиянын колдорунан орой айтканда "бок" да келбейт. Маанилүү маселелерди чечүүдө канчалык каршы болушканы менен добушка келгенде баары бир уттуруп коюшат. Өзүнө күчтүү конкуренция болбосо кандай гана нерсе болбосун иш жакшы илгерилебейт. Ортодо атаандашуу, тирешүү болгондо гана жакшы ойлор чыгат. Шайлоо да, парламент да таптакыр башка нукка түшүп кетти. Парламенттин босогосуна жетпей бери жактан эле сүрүлүп калган партиялар да жөн жатпасы белгилүү. Мындай кырдаалда фракция аралык күрөш болбой койбосу ажеп эмес. Башка партиялардын бардыгы интеграциялашып күчтүү болуп, "Ак жол" партиясына эртеби-кечпи сокку бериши да мүмкүн. Аны кичине күтө туралы - мезгил өзү таразалайт. Өзгөчө өткөн жылдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгынын бурмалоосунан кийин көпчүлүк эл жогору жактагыларга, президентке болгон нааразычылыктары күчөдү. Айылдагы эки кишинин бири эле: "Шайлоо туура эмес өттү, биз мындайды күткөн эмеспиз. Акаевдин жашыруун саясатынан да жаман болуп кетти", - деп жогорку бийликтегилерге нааразычылыктарын билдиришүүдө. Элдин ишенимине кирүү жеңил-желпи иш эмес. Эл өзү тараза, өзү калыс, баарын көрүп-сезип турат. Чаначты үйлөй берсең бир күнү "тарс" этип жарылып кетет эмеспи. Ошол чаначка жел акырындап толуп келатат, сыягы эртеби-кечпи жарылары ажеп эмес. Чын эле жашоо оңолдубу? "Айтсаң - тилиң, айтпасаң - дилиң күйөт", бирок чындык ачуу келет. Союз мезгилинде жакшы иштеп, жакшы айлык алып, жакшы жашап жүрүп пенсияга чыккандардын азыркы жашоосу айтпаса деле көрүнүп турат, эптеп эле өлбөстүн күнүн көрүп жан сактап жүрүшөт. Эки-үч нандык акча көбөйтүп коюп, пенсионерлердин айлыгы көбөйдү деп массалык маалымат каражаттарына сүйүнчүлөшөт. Карылардын алган пенсиялары кийим түгүл, тамак-аштарына да жетпей калды. Оорунун бетин ары кылсын дечи, ооруп калсаң чөнтөгүң жука болсо, ооруканадан да жакшы дарылана албайсың. Ал эми ар бир операцияга сураган акчалары төбө чачыңды тик тургузат. Анан жашообуздун оңолуп баратканы тууралуу тынбай саймедирейбиз. Чынында эле президентибиз "байып баратабыз, Кудай буюрса жашообуз оңолуп калды" деп элди жасалма фразалар менен тойгузуп салат. Элдер эбакта эле буга бышыкулак болуп тоюп бүткөн. Акаев деле ушул сөздү көп кайталачу. Чын эле жашообуз оңолдубу? Албетте, жогорку кызматтагы май көл, сүт көлдүн үстүндө отурушкан чиновниктер менен депутаттар кабат-кабат үй салып, кымбат баалуу машинелерди минишип, үркөрдөй топтун жашоолору оңолуп калгандыр?! "Жел жүрбөсө чөптүн башы кыймылдабайт" да. Эл эмнеге нааразы экени айтпаса да билинип турбайбы. Элдин батасы болсо… "Бата менен эл көгөрөт" дейт, элди нааразы кылбай, алдабай көпчүлүк менен эсептешип, алардын батасын алса, ишенимге кирсе өсүп-өнөрүнө, келечегине жакшы эмеспи. Баса, бата демекчи, илгери дүйнөгө атагы чыккан падыша өмүр бою балалуу болбой жүрүп, картайып төрүнөн көрү жакын калган кезде Кудайдан "Өнөөрүм бүтүп, өлөөрүм калды, жок дегенде ушул өлөөр алдында мага перзент бер", - деп сураныптыр. Анда Кудай "болуптур берейин, бирок үч гана күнгө, андан соң бала кайра өлөт", - дейт. Падыша ойлонуп-ойлонуп "Мейли эми, үч күн болсо да өзүмдүн канымдан чыккан баланын жытын жыттап калайын", - деп бул шартка макул болот. Ошентип, көп өтпөй падыша балалуу болуп, дүйнө дүңгүрөтүп, болгон байлыгын чачып чоң той кылат. Той жети күнгө созулуп, наристе дале тирүү бойдон жүрө берет. Падыша буга таңгалып "үч күндөн кийин өлөт" дебедиңер беле, балам али тирүү го?" - деп Кудайга кайрылат. Анда Кудай "Сен болгон байлыгыңды чачып, дүңгүрөтүп той бердиң, көпчүлүктөн көптөгөн бата алдың, мен көпчүлүктүн батасын эч убакта аттап өтө албайм" , - деп жооп бериптир. Биздин президентибиз деле элди, көпчүлүктү нааразы кылбай, ошолордун алкышын, батасын алып иштөөсү абзел эле. "Көп түкүрсө көл болот, көл каптаса сел болот" дейт. Ал деле президентибиздин өз башынан өтпөдүбү (март окуясы). "Көрбөйт, билбейт" деп ойлошкону менен алардын өздөрүнүн көмүскөдөгү саясаттары, жасаган иштери суу астында үйлөтүлгөн шардай болуп, үстүнө калкып чыгып жатпайбы. Жашырууга, алдоого эч мүмкүн эмес. Эл дагы азыр көп нерсени түшүнүп калышты, ар бир кыймылга баа берип, таразалап турушат. Эл сел болуп каптаса, аны эч ким токтото албайт, баарын жууп, тазалап кетет. Кульминация чыңалгандан чыңалып баратат. Ушундай агым менен жүрүп отурушса эл кайрадан толкушу, көтөрүлүшү мүмкүн. Кыскасы, азыркы президент баштаган көч кербен тарткан соодагерлердей болуп, каякка баратат белгисиз. Же "башкы көч каякка кетсе, арткы көч да ошол жакка барат", - деп ойлоп жатышабы? Көпчүлүк баарын билип, түшүнүп турат, эч убакта ал көч менен барбасы белгилүү. Сталин доорундагыдай жеке керт башына сыйынуучулукка бараткан жокпузбу? "Не буди спящую собаку" - деп орустар айткандай март күн жылыганда окуясы кайра кайталанып кетпесе болду. Саадатбек Мырзакулов |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|