![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №22, 15.02.08-ж. |
Меймансап Форум Кулак салгыла! Куттуу Кыргыз эли, кадырлуу калк! Элибиздин ынтымак-биримдиги бекемдешинин ордуна, төбөлдөрдүн, саясатчылардын "бийлик-оппозиция" деп бөлүнүп, тирешип, мыйзамсыз иштерге барып, бийлик, байлык талашуудан баштары чыкпай, колдору бошобой калгандын кесепетинен коомдо улам ажырым күчөп, жагымсыз абал түзүлгөнү тынчыбызды алып, санаага салып, түйшөлтүп турат. Эл турмушунда Адилеттик, Калыстык, Акыйкат орноп, ыйман-адеп нарктары бийик бааланып турса, азыркыдай абал түзүлбөй, пикет - митинг эч кимдин оюна да келбейт эле. Революция комитети түзүлбөйт эле. Улам күч алып бараткан эрегишүү, тирешүү, зомбулук, өзүмбилемдик жакшылыкка алып келбейт, тополоң, башаламан жагдайга гана дуушар кылат. Мындай кесепеттүү абалга кайдыгер карай албай, өлкө тагдырына өзүбүздүн жоопкерчилигибизди жана милдетибизди сезип, эл таразасына Сунуш кылууну ылайык көрдүк. "Кыргыз Эл" Кайра жаралуу тилектештиктин ишеними жана сунушу Биздин сунушубуз жана иш- багыттарыбыз төмөңкү көз караштарыбызга жана ишенимдерибизге негизделинет. "Кийинки отуз жыл аралыкта дүйнө жүзүндө болгон ири өзгөрүүлөр атап айтканда: - КПСС кыйрап, СССР тарашы; - Компартия жетектеген Кытай дүйнө жүзүндө үчүнчү орунга көтөрүлүшү (экономиканын кубаттулугу боюнча); - бир топ Араб, Түштүк-Чыгыш Азия, Түштүк Америка өлкөлөрүнүн өнүгүп, өсүп, кубаттуу болушу, бир улуу чындыкты далилдеп берди. "Ал чындык ырастагандай, социализм жана капитализмден башка элдерди, өлкөлөрдү алдыга алып чыгып, бакубат турмушка жеткизкен ар бөлөк түрдөгү коомдук-саясый түзүлүштөр болоорун көрсөтттү. Демек, беш миң жыл тарыхый жолду ийгиликтүү басып өткөн кыргыздын да өзүнө гана таандык коом түзүлүшү жана башкаруусу болушун таануга биздин көзүбүздү ачты. "Ошондой эле, миң жылдар бою дүйнө тарыхынын далай кандуу сыноолорунан, азаптуу түйшүктөрүнөн кыргыз татыктуу өтүп, жок болуп кетпей, аман калып, XXI кылымга жеткени- кыргыздын коом түзүлүшү жана башкаруусу натыйжалуу, ийкемдүү, тажрыйбага жана акылга бай, жөнөкөй, жалпыга түшүнүктүү болуп, өзүн толук актаганын талашсыз аныктап берди. "Кыргыздын коом түзүлүшү жана башкаруусу эмнеге таянган? - Эл Бийлиги элдик Курултай аркылуу турмушка ашырылган; - Эл Бийлиги эл шайлаган соттор өкүмүн адатка айланган элдик салттарга ылайык чыгарып жашап келген; - Баш бийлик эгерим мурасталып өткөн эмес, аны жалпы эл шайлаган; - "Эл байлыгы - Адилет, таянычы- Калыстык, Келечеги- акыйкат делип, Коомдо Адилет, Калыстык, Акыйкат кыйшаюсуз сакталган; - Социалдык теңдик орнотулган (жесир, жетим, тентиген селсаяктар, кароосуз калган балдар, карылар болгон эмес); - Саясый эркиндик бекем сакталган ("баш кесмей бар, тил кесмей жок"); - "Аял- үйдүн куту", "Эркек сел, аял-көл", "кыздын кырк чачы улуу" делип, аялды кемсинтүү, басынтуу эгерим болбой, эркектер менен аялзат бирдей укуктуу болгон; - "Кан бийлигинен нарк күчтүү", "намыс өлүмдөн өйдө", "арам жукпайт", "малдын да убал- сообу болот" делип, кыргыз ыйман-адеп-рухий нарктарды ыйык тутуп, байлык, дүнүйөнүн кулу болгон эмес; - "Теңдикти Теңирим жалгаган" деп терең ишенген кыргыз кулчулдук, феодалдык, капитализм доорлорун четке кагып, эркиндикте, боштондукта миң жылдар бою жашап, эч кимге кулдук урбай, "азиянын жапайы арстандары" деп аталган; - кыргыз адамды кой, малдын, чөптүн убал-сообун билип, элдин наркын, салтын бекем сактап, аларды адам тарбиялаган улуу касиет деп таанып "салт бузулса эл бузулат" деп, муундан муунга мурастап өткөзүп келген. "Кыргыздын бүгүнкү кейиштүү, жүрөк оорутуп, жүлүн сыздаткан абалынын башкы себеби: - улуттук эс- тутумун жоготуп, көрүнгөн элди ээрчип, өлкөнү туурап, өз жолун таппай, туш келди далбастап, уруна бергени; - Бийлик эгерим эл алдында жооп бербегени мыйзамдаштырылган үчүн элге кызмат кылбай, жеке өзүнө жана жанында кошоматтанып жүргөн жан-жөөкөрлөрүнө, тууган-уруктарына кызмат кылганы; - эл өлкө тагдырын, калк көйгөйүн чечүүдөн четтетилгени; - кызматчыларды, саясатчыларды эл иши менен баалабай, кооз, бирок көңдөй, кулакка жагымдуу сөздөрүнө такай алданып келатканы. "Кыргызга элди бөлүп жарган оппозиция бүгүн керекби? Кыргызды уруу-урууга жана аймактарга бөлүп жарган саясат кыргызга керекби? Кыргызды демократ, коммунист, социалист деп бөлүп жарган партиялар кыргызга керекби? Элди бири бирине кайраштырып, адилетсиз, калыстыктан тайган, акыйкаттан кеткен, элге таянбаган ушундай саясат өлкөнү бүгүнкү түпсүз туңгуюктан алып чыга алабы? Ушул суроолорго бурмалабай, тайсалдабай, ачык айтып, ак сүйлөп, жооп бербейликби?! "Демек, өнүккөн Чыгыш жана Батыш өлкөлөрүнүн жакшы тажрыйбасын алып, бирок өзөк кылып, кыргыздын өзүнө гана таандык коом түзүлүшүнө жана башкаруусуна өтүшүбүз зарыл. Бул- мезгилдин талабы, эл тагдырын, өлкө тагдырын, улут тагдырын, Мекен тагдырын чечкен улуу маселе. Бул маселени чечүү жолун сунуш кылабыз: Кыргыз элинин улуу тарыхый тажрыйбасына таянып өлкө башкарууга элди катыштыруу жөнүндө С У Н У Ш Эл алдында бийликтин жоопкерчилигин орнотуп, аны мыйзамдаштырып, баш бийликтин тополоңсуз, тынч жолу менен өз убагында алмаштырылып турушун мыйзамдуу жол менен камсыз кылып, коомдо адилет, калыстык, акыйкат орношун көздөп, ыйман-адеп-рухий нарктарын калыбына келтирүүнү тилек кылып, миң жылдар бою өзүн толук актап келген кыргыздын коом түзүлүшүнүн тажрыйбасына таянып жалпы калктын тараза- талкуусуна С У Н У Ш кылабыз I.Элдик Курултай "Үч миң шайлоочуудан бир өкүл, саны 700 адамдан турган, мөөнөтү жети жылга шайланган Элдик Курултай түзүлүшүн. "Жылына бир жолу Элдик Курултай алдына Эсептөө Палата, Жогорку Сот, Башкы прокурор, Жогорку Кеңеш жана Президент өз иштерине жооп берип, Элдик Курултай тарабынан баа алып турушун-канаттандырылабы же канаттандырылбайбы, деп. "Иши канаттандырылбаган жетекчи кызматынан бошотулду болуп саналат. Президенттин иши канаттандырылбасын деп төрттөн үч добуш берилсе ал кызматынан четтетилген болуп эсептелинет, үчтөн эки добуш берилсе бир ай ичинде Президент жалпы элдик референдумга барып, эл ишеничине ээ болушу зарыл. Ээ боло албаса, кызматын бошотуп, референдумга кеткен чыгымды өзү толук көтөрөт. "Элдик Курултай ар бир канаттын курултайында үчтөн эки добуш алган талапкерлердин тизмесин карап, "Эл Казна" курамын шайлоо аркылуу бекитет. Борбордук башкаруу уюмдардын ар бирине ар бир канат өз Курултайында бирден талапкерди көрсөтөт ( үчтөн эки добуш менен). Элдик Курултайда көпчүлүк добуш ала албаган талапкер "Эл казнасына" кирбей калат. "Өлкө башкаруу борбордук уюмдардын биринчи, экинчи, үчүнчү жетекчилери милдеттүү шартта "Эл казнасынан" гана дайындалат. Ар бири сөзсүз ар бир канаттын өкүлү болушу зарыл. "Президент, Жогорку Кеңеш Төрагасы, Жогорку Сот төрагасы- ар бир канаттын өкүлү болушу зарыл. Ошондой эле, Башкы Прокурор, Эсептөө Палатанын жана Борбордук шайлоо комиссиянын башчылары да ар бир канаттан, жана Коргоо министри, Ички иштер министри, Коопсуздук кызматтын жетекчиси да ар бир Канаттын өкүлү болушу абзел. "Элдик Курултай: - үч канаттан тең саны бирдей көрсөтүлгөн Борбордук Шайлоо Комиссиянын курамын шайлайт; - үч канаттан тең ондон талапкер болгон 30 адамды Жогорку Кеңешке шайлайт, калган 10 мүчөсү улуттук диаспоралардан шайланат; "Элдик Курултай Президентке импичмент (ишенбөө) маселесин карап, аны добуш менен чечет. "Элдик Курултайдын мүчөлөрүнө туруктуу шартта айлык төлөнбөйт. Курултайдын чыгымдары жана ар бир канаттын Курултайына кеткен чыгымдар мамлекет тарабынан каржыланат. "Элдик Курултай жана ар бир канаттын Курултайларынын иши түз обого берилип, мамлекет тарабынан камсыздалынат. "Элдик Курултай Президенттин сунушу боюнча Жогорку Соттун, Башкы прокуратуранын, Эсептөө Палатанын, Борбордук шайлоо комиссиянын жетекчилерин дайындоого жана аларды кызматтан бошотууга макулдугун берет. II Улуттук Кеңеш "Тогуз адамдан турган ( үчтөн кем эмеси аялзат болушу керек) Улуттук Кеңеш түзүлүлөт. Кыргыз элинин ар бир канаты өз Курултайында жашыруун, үчтөн экиден кем эмес добуш менен Улуттук Кеңештин үч мүчөсүн шайлайт (бири аялзат болушу керек). "Улуттук Кеңеш- акыл айтып, байкоо жүргүзчү эл өкүлү болуп эсептелинет. Ал мөөнөтсүз шайланат. Бирок канаттын Курултайы үчтөн эки добуш менен өз өкүлдөрүн чакырып алып, ордуна бөлөк өкүлдөрдү шайлоого укуктуу. "Улуттук Кеңештин чечимдери эске алынууга ээ, бирок тогуз добуш менен экинчи жолу кабыл алынган чечим милдеттүү шартта аткарылышы зарыл. "Улуттук Кеңештин чечимдери Президент жана Жогорку Кеңешке гана арналат. "Улуттук Кеңеш: - Элдик Курултайды уюштуруп, өткөзөт; - канаттардын Курултайын өткөзөт жана ага катышат; - жети добуштан кем эмес болсо Президентке импичмент маселесин баштайт. Ал маселе кезексиз, бир айдын ичинде өткөрүлгөн Элдик Курултайда каралат; - жылына бир жолу өлкөдөгү калыстык, акыйкат, адилет, теңдик, мыйзамдуулук жана эл абалы жөнүндө билдирүү жазайт. Ал билдирүү жетиден кем эмес добуш менен кабыл алынышы керек III. Жогорку Кеңеш "Курамы 41 адамдан турат. 30 өкүлүн Элдик Курултай шайлайт. Канаттардын Курултайларынын сунушун карап. 10 өкүлүн улуттук диаспоралар шайлайт. "Жогорку Кеңештин мүчөлөрү бир тармакта 20 жылдан кем эмес эмгектенген адистерден гана болушу зарыл. "Кыргыз Эл" Кайра Жаралуу Тилектештиги "Кыргыз Эл" Кайра Жаралуу тилектештиктин максаты жана үмүтү. Биздин максатыбыз: "Кыргыз эли тентибей өз Мекенинде толук жумуш менен камсыз болуп, өнүккөн элдерден кем болбой, бакубат, ыймандуу, адептүү, намыстуу жашоого жетип, улуттун улуу дөөлөтүн, рухий мурасын сактап, кийинки муундарга кемитпей өткөрүп, Кыргызстанды алдыңкы өлкөлөрдүн катарына жеткизүү. Биздин таянычыбыз: "аянты менен 117 дүйнө өлкөлөрүнөн чоң, кен байлыктары мол, суу байлыгы боюнча 110 дүйнө өлкөлөрүнүн алдында турган бейиштин төрүндөй асман тиреген ак мөңгүлүү Ата Мекенибиз; "беш миң жыл далилденген тарыхы бар, дүйнө жүзүндө теңдешсиз "Манас" дастанын, комуз күүлөрүн, ыйман-адеп нарктарын жаратып, бүгүн сабатуулугу менен дүйнө боюнча 14-орунда турган кыргыз эли (АКШ-19, Россия-22, Жапон-31, Малайзия- 94. Кытай-102 орунда); "миң жылдар бою кыргызды сактап, күчтүү-кубаттуу кылып, ири кандыктарга сиңип кетирбей, аларга туруштук бердирип, өксүп, кемисе да XXI кылымга жеткизген кыргызга гана таандык коом түзүлүшү жана бай башкаруу тажрыйбасы. Биздин чакырыгыбыз: "рухий селсаяктыкты токтотуп, маңкуртчулукту жеңип, Манас бабабыздын эңкейип калган улуу туусун кайра бийик көтөрүп, кайра жаралуу тарыхый милдетибизди татыктуу аткаралык; "душмандардын кыргызды бөлүп жарган арамза саясатына алданбай, эч бир элдин, өлкөнүн көчүрмөсү болууга умтулбай, беш миң жыл тарыхый жолубузду татыктуу уланталык; "Мекен жана Улут алдында кыргыздын кайталангыс касиетин, улуу дөөлөтүн сактап, кемитпей, кийинки муундарга өткөрүп берүү карызыбызды унутпай, уят болбой аткаралык; "Бейиштин төрүндөй жер кыргызга энчиленип, Мекен болуп буюрганы- Жараткандын кыргызга өзгөчө мээрими төгүлүп, улуу тагдыр, чексиз дөөлөт, бакыт, ырыс, насип бергенине татыктуу бололук, кесирленбейлик !; "ар бир инсандын канында, жанында уюп, бирок уктап жаткан улуу Бабаларыбыздын касиетин, наркын, салтын жандандыралык !; Теңирим жалгап, Манас бабабыздын арбагы колдосун! "Кыргыз Эл" Кайра Жаралуу тилектештиги "Кыргыз Эл" Кайра Жаралуу тилектештигин түзүп, ага баш кошуп, бириктик. Бусурманкулов А., "Ак Шумкар КУТ" жаштар коомдук бирикмесинин негиздөөчүсү. Жекшеев Ж., Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экс депутаты. Мураталиев М., "Бакдөөлөт" коомдук фондунун төрагасы. Сарыбаев А. Экономика илимдеринин доктору, профессор; Сарыгулов Д., Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген курулушчусу. Сарымсаков К., журналист, ардагер. Турдумалиев С., "Арча" саясий партиясынын төрагасы. Токтогулов М., "Ак Шумкар КУТ" жаштар коомдук бирикмесинин жетекчиси. Усупбаев А., "Манас Ордо" коомдук фондунун президенти. Чолпонбаев М., Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи. Бул келишимге бардыгы 127 атуул кол койду. Дагы улантылууда. Ой-максаттарыбызга тилектеш болгон мекендештерибизди биз менен бирге өлкө жана эл үчүн кызмат кылууга чакырабыз! Биздин дарегибиз: Т: -996 (312) 62-56-50, 93-82-69. Эл.почта: manas-kj@mail.ru |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|