Коомдук-саясый гезит
№23, 19.02.08-ж.

Меймансап
Форум



◄◄◄
  Китеп дүйнөсүндө

Рух башаты соолобу?
Дүйнөдө теңдеши жок "Манастай" зор дастанды жараткан кыргыздай көрөңгөлүү эл рух башаты болгон китепти аздектеп окубай коймок беле, 1966-жылы полиграфкомбинатын куруу боюнча өкмөт чечим кабыл алып, Ленинграддагы "Гипрокинополиграф" институтунун долбоору боюнча комбинат ишке берилген. Ошондон тарта Кыргызстандагы бардык китептер, анын ичинде окуу китептери ушу комбинаттан чыгарыла баштаган. Мындан сырткары Москва шаарынын, Грузия, Өзбекстан, Туркмөнстан, Казакстан, Латвия жана башка республикалардын заказдарын да аткарып турган.

1968-жылы комбинат басып чыгарган китептерин Орто Азия жана Казакстан республикаларынын китеп кароосуна коюп, 2 китеп 1-даражадагы, 1 китеп 2-даражадагы дипломго татыктуу болгон. Ал эми кийинки жылдары китепти көркөмдөп жасалгалоо жана полиграфиялык аткарылышы боюнча болгон кароолордо 450 диплом жана грамоталар менен сыйланган. Ал жакшы салтынан азыр деле кайткан жок. Ошол ийгиликтер биринчиден, алгачкы директору болгон Тургунбек Субанбердиевдин уюштуруучулук, инсандык деңгээлине жараша болсо, экинчиден, кыргыз рухунун башатында турганын жакшы билген эмгек жамааты жигердүү иштешине байланышкан. Комбинат аркандай көлөмдөгү энциклопедиялык басылмалардан, окуу китептеринен жана көркөм адабиятардан тартып, сувенирдүү чөнтөк китептерге чейин чыгара алат. Мындан тышкары бланкаларды, номерленген ар түрдүү эсеп-кысап документтерин, акциденттик товарларды, альбомдорду, күбөлүктөрдү, беш баскычтагы коргоо белгиси бар баалуу кагаздарды, эл керектөөчү башка товаларды жана өнөр жаатындагы адамдардын афишаларын, жарнактарды эң жогорку сапатта көркөмдөп чыгарат.
Кыргыздар тышы кооз мукабаланган, ичи кыргыз менталитетине төп келишкен мазмун менен ширелген китептер - рух башаты менен азыктанып, жандүйнөсүн байытып келгени үчүн дүйнө элдеринин катарына кошулуп, атүгүл дүйнөдө теңдеши жок "Манастай" залкар дастанды жаратканы менен эң байыркы эл жана көчбашы аталып жүрөт. Бекеринен Чыңгыз агабыз "Манас" эпосунун мыкты мукабаланып, жакшы кооздолгон томдорун колуна алып: "Кыз бергенде себине кошуп берчү керемет китеп болуптур" деп суктанбаган чыгар. Бул Кыргызполиграфкомбинатынын кызматкерлерине берген эң жогорку баа эле.
Минтип комбинаттын тарыхы менен ийгилигине сереп салганым - ал чыгарган окуу китептеринен, "Манастай" кереметинен рухий гүлазык алып, дүйнөдө Америка ж.б. өлкөлөрдөн озуп, окумалдыгы боюнча 14 орунда турган элибиз эми ошол рух башаты болгон Кыргызполиграфкомбинатынан айрылып калганы турат.
2006-жылы Академиянын манастаануу секторунун кызматкерлери: "Дүйнө элине дүң кылган "Манасыбыз" бар деп мактанабыз, чаң басып жаткан 80ден ашык вариантын жөн кой, кур дегенде Сагымбай менен Саякбайдын дап-даяр турган академиялык 13 томдук кол жазмасын чыгарып алсак болбойбу!" - деп өкмөткө арыз-муңун айтса, кантсе да китеп кадырын билет эмеспи, ошол кездеги Мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов Курманбек Бакиевдин кулагына куюп жатып 3 миллион сомго уруксат жаздырып алыптыр. Жыл аягына чейин анын 1 миллионуна Сагымбайдын 9 томдук "Манасынын" 6 томун, Саякбайдын бир томун бастырып чыгаргандан кийин кашайып, акча түгөнүп, "какаганга муштаган" болуп, Дастан Сарыгулов кызматынан кыйшайып, ордуна Адахан Мадумаров отуруп калбайбы. Ал деле окумал жигит эле, Бакиев берген 3 миллиондун калган 2 миллионун сурап барышса, жок деп жер сыйпалап, жолго салыптыр. Эми Жогорку Кеңештин башында турат, кыргыз дегенге күйүп-бышкан болуп жатат, келечек муунга кыргызча бекер окуу китеби керек эле деп, токтом токуп берсе, балдарыбыздын ажаты ачылганы турат.

"Жел" буйругунун айынан олчойгон карызга батты
Ошол "Манастын" кадырын билет деген Адахан менен көп жыл адабий фондду башкарып келген Атамбаев башка бардык балакетке акча таап, ушу "Манасыбызга" келгенде ооздорун куу чөп менен сүртүп кете беришти эле, "ишенген кожом сен болсоң, кепшегениң курусун" дегендей, анан "Манасты" эмне менен жейт?" деп, бетин бир ачып карабаган, караса да түшүнбөгөн Чудиновдон эмнени күтсө болот? Минткеним - "Манасты" чыгарып жаткан Кыргызполиграфкомбинаты жетекчилердин "жел" буйругунун айынан олчойгон карызга батып отурат. Акциясынын 72 пайызы өкмөттүкү болуп турган комбинатты өгөйлөбөй, алиги Бакиев убада кылган 3 миллион сомго чыккан "Манас" сатылып кетсе, Октябрь районунун салык инспекциясы менен соцфонду коколоп турган 8.748.798 сом карызын төлөөгө бираз тыгынчык болот эле. Эми анын да минтип асманга чыгып отурганы, "обу жок катын орсок уй саайт" дегендей, алиги табышкер эки уюмдун жок жерден пайда таап жатканынан болуп отурат. Ал мындайча: комбинаттын негизги салыгы 3.104.498 сом болсо, аны убагында төлөбөгөнү үчүн 175.071 сом тууптур, анан ошентип "тууп" атса да төлөй албаганы үчүн, финсанкция деген балакети болот экен, 1.047.557 сом дагы туудуруптур, анан ошолордун баарын төлөй албаганы үчүн 88.191 сом айып (штраф) тарттырыптыр. Салыкчыларды көрүп эле жүрөбүз, баары кычыраган четелдик машине минишет. Укканыма караганда жазакер мекеме жетекчилери ошол салыкчылар "туудуруп" кетпес үчүн капчыктарына кагынчык берет имиш. Соцфонд деле ошол: 3.543.331 сом негизги төлөмүн төлөй албаганы үчүн 790.148 сом айып салыптыр. Эй, базар турмушунун парадоксун көр: комбинат өндүрүп жансактаса, салыкчылар ошол өндүргөндөрдөн "өндүрүп" жанбагат экен. Эгер мыйзамдуу иштесе, алар алигидей кычыраган машине минип, кычыраган кийим кийип, кычыраган үйлөрдө жашабайт эле дейм да. Ырас, биз деле ошол салыктын эсебинен багылып жатканыбызды билем, бирок алиги салыкчылар бизге окшогон багылгандардын эсебинен "багылып" жатканын айтам да. Эми алар эле экен дейин десең, "балык башынан сасыйт" болуп, Курманбек Бакиев "Манаска" 3 миллион сомго кол коюп, анан ишкерлер менен болгон жолугушууда комбинаттын баш мүдүрү Кубанычбек Абдыл- даевден 10.4 миллион сомдук окуу китеби даяр турганын, ал "окуу китептери үчүн ата-энелерден акы алынбай, бекер берилсин" деген көрсөтмөсүнөн кийин, жергиликтүү уюмдар аны сатып албай, кампаларда жыйылып жаткан китептердин карызы комбинаттын мойнуна илинип турганын укканда, сөздүн жүйөсүн түшүнгөн Президент Бакиев өкмөткө тапшырма берет. Анан Атамбаев баштаган, Нур уулу Досбол төштөгөн өкмөт 2007-жылы 12-апрелде 3 85 токтому менен минтип көңүл жубатат (кечиресиз, окурман, өкмөт үйүндөгүлөр алиге мамлекеттик тилге өтө элек болсо керек, токуган токтому орусча болгондуктан, дагы бир балээсине калбайын деп, толугу менен орусча бердим).
Анан ушул "жел" токтомдон бери бир жылдай убакыт өтсө да: а) карыздан кутулуу мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө кың деген киши жок; б) 579 миң сомго китеп алам деген Бишкек мэриясы али кебеле элек; эми кыргызча чала билген Данияр Үсөнов келди, мурда вице-премьер болуп турган кезинде бул маселенин башына куурай башын сындырган жок эле, "пилге жөтөлдүн кереги не" дегендей, андай чала кыргызга кыргызча окуу китебинин кереги болобу дейм да. в) бюджеттен беребиз деген 80 миллион сом бул жөнеле тил эмизмей экенин дени-карды соо киши оңой эле сезет. Анткени кыргызды дүйнөгө таанытып турган "Манаска" 2 миллион сом табалбай, "итке минип отурган" өкмөт окуучулардын оозун жел акча менен майлап жатканын кейбирлер деле түшүнөт.

Чудинов бирдеме кылып
жиберерине көзүм деле жетпейт
Эгер китеп кадырын билген Атамбаев акыл-эстүүлүк кылып, комбинатты банкрот кылабыз деп күпүлдөп жаткан Банкрот боюнча башкармалыктын башчысы Б.Турдалиевге, Октябрь районунун салык инспекциясынын башчысы К.Жаныкуловго, ошол эле райондун соцфондусунун башчысына айтып: "Эй, балдар, өкмөттүн айынан төлөнбөй жаткан 10.4 миллион сомдун ордуна 8.748.798 сом карызын кечип, бизге шылтап койгула, алгоолоштуруп, ордун бүтөйбүз"- деп койсо, анан Бакиев "обешать" эткен 2 миллион сомду, Нур уулу Досболдун колу менен келаткан алиги 80 миллион сомду, "Учкун" акционердик коому (деректири Алмаз Абыкеев) Кыргызполиграфкомбинатына болгон карызын кошсо эле, баары орду ордуна келет да калат эле. Эми оппозициялаш курдаштарын сатып, бийликке илешкен Атамбаев минтип Курманбек Бакиевдин курмандыгы болуп ээрден шыпырылып кетти, акыл-эстүү кыргыз түгөнүп калганынан өкмөт башына келген орус Чудинов бирдеме кылып жиберерине көзүм деле жетпейт. Болбосо ошол Абыкеев (аркасында экс-депутат Каныбек Иманалиев турганын ит деле билет) "Желмогуздун чоңунан кичинеси жаман" дегендей, Октябрь районунун табышкерлери президентиңди, өкмөтүңдү уруп ойнобой, "9 миллион сомду бербесең, банкрот кылам да, КМШда жок техникаңды сатып, рух башатын түптөп жаткан кызматкерлериңди тентитип жиберем" дегендей керсейип турганы турган. Буларды да түшүнсө болот, алиги Бакиевдин тапшырмасынанан кийин Нур уулу Досбол "обешать" эткен 80 миллион сом келгиче Кыргызполиграфкомбинаттын көзүн тазалап, өзүлөрүнүн, бирөөлөрдүн капчыгын толтурганы турушат. Мен аларды балдары тургай өзүлөрү кыргызча окуу китебин окубаган "киргиз маңкурттар" деп түшүнөм. Баса, комбинатты бан-крот жарыялап, бир күркүл менчиктегени жатат деген каңшаар бар, эми ушул чатактын баарын көрүп-билип жүргөн И. Болжурова билим башына келди, ошонун колунан бирдеме келбесе, эски союзда жок мыкты техникасы бар андай рух башатынан айрылсак, бекер окуу китебин чыгарабыз деген Бакиевдин убадасы жел сөзгө айланып кала береби деген коркунуч бар.
Бөкөнбай Боркеев,
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan