Бали, биздин кыздар ушундай!

Саида - үстөл теннисинин ханышасы
Бишкектин үстөл тенниси боюнча биринчилигинде 78 спортчу мөрөй талашты. Жеке биринчилик үчүн жети түрүнөн жеңүүчүлөр аныкталды.

Былтыркы чемпиондугун спорт чебери Саида Кудусова гана сактап калды. Саида болсо быйыл үч алтын медаль тагынып, абсолюттук чемпион аталды. Ал жеке таймашта, жуп болуп атаандашууда жана эркек-кыз өнөктөштүгүндө тең жогорку чеберчилигин көрсөтүү менен үч ирет жеңиштин бийик секисине көтөрүлдү.
Эркектердин жеке таймашында спорт чебери Алишер Якупбаев былтыр Бишкектин чемпиону болсо, быйыл күмүш байгеге түштү. Ал эми баш байгени уткан Талгат Сагындыков чемпион аталуу менен "спорт чебери" деген төш белги тагынды.
Кыз-келиндердин үстөл теннисинде Саида Кудусова менен спорт ардагери Оксана Маляренко баш байгени утса, эркектердин таймашында Алишер Якупбаев менен Михаил Белоглазов биринчи болушту.
Кыз-жигит өнөктөш болуп күч сынашууда Саида Кудусова менен Нурдин Сапарбаев Бишкектин быйылкы чемпиондору аталды.
50 жаштан жогорку ардагердердин мелдешинде Петр Шершнев алтын байгенин ээси болду.
40 жаштан 49 жашка чейинки үстөл теннисчилерден Медербек Кудайбергенов Бишкектин чемпиону аталды. Баса белгилей кетчү жагдай - Кудайбергеновдордун ысымдары беш ирет жеңүүчүлөрдүн арасынан жаңырды. Медербек алтын медаль тагынса, иниси Беделбек коло байгелүү болду. Беделбектин кызы Нургүл Кудайбергенова эки күмүш, 1 коло медалга арзыды.




  Кайдыгер болбочу, кыргызым…

Караганда - Казакстандагы алтын, күмүш, коло байгеси
Караганда шаарында жеңил атлетика боюнча жаш өспүрүмдөр арасында Казакстандын кышкы биринчилиги болуп, ага Кыргызстандын 18 спортчусу катышты.
Бишкектик Марина Романова 200 метрге жарышта алтын медаль тагынса, Дмитрий Ильин узундукка секирүүдө 6 м. 96 см. алыска түшүп, биринчи орунду ээледи.
Ошондой эле Марина Романова курбулары Альбина Петрова, Ксения Кадкина жана Юлия Ходыкина болуп швед эстафетасында (100+200+300+400 м) марага экинчи болуп келишип, төртөө тең күмүш байгелүү болушту.
Ошондой эле 400 метрге уландардын жарышында Бишкектик Андрей Бушмелев марага үчүнчү келип, коло медалга арзыды.
Беш-алты жылдан бери кыргызстандык жаш жеңил атлетчилер кендирди кескен каражаттын айынан эларалык мелдештерге катышпай, чеберчилиги өксүп калган. Эми кийинки эки жылдан бери демөөрчүлөрдүн жана жеңил атлетика федерациясынын демилгеси, жардамы менен эларалык таймашууларга бара баштады. Жеңил атлетикага айылдык жаштар көңүл буруп, чуркап машыкса дурус болмок. Себеби, Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан жөө күлүк, жеңил атлетчилерден көбү айылдык улан-кыздар болгон. Мисалы: Тобокел Мамыров - биринчи спорт чеберибиз, СССРдин тарыхында Олимпиаданын биринчи коло байгесин уткан Сатымкул Жуманазаров, СССРдин чемпионатында мөрөй алышкан Анатай Ибраимов, Айым Исаков, Сеул Олимпиадасынын чемпиону Мария Кулчунова ж.б. айылда өсүп, таалим-тарбия алышкан. Карагандага барып казактар менен жарышка түшүп, мөрөй алгандардын катарында бир кыргыз улан-кызынын жоктугу биздин элдин кайдыгерлиги, кенебестиги. Айылда таланттуу жаштар, балдар бар, алардын багын, жолун ачуу керек. Намыска келип, дүйнөлүк, азиялык чемпионаттарда кыргыз өңүн таанытууга мүмкүнчүлүк бар, бул мезгил талабы, жаштардын каалоосу, умтулуусу гана керек, - дейт өлкөнүн Улуттук Олимпиада Комитетинин башкы катчысы, Кыргызстандын жеңил атлетика федерациясынын президенти Канат Аманкулов.
Жаштык жалын, демилге өчө элекпи, дүйнөлүк ареналар, таймашуулар сени күтөт, Кыргызымдын улан-кызы!




  Дүйнөлүк бокс

Күйөрмандардын тилеги акталбады
Салмагы жагынан дагы, бой жагынан дагы эч кимди алдыга чыгарбаган Оруссиянын дөөсү Николай Валуев WBA версиясы боюнча дүйнөлүк чемпион титулдугун кайрадан жеңип алуу үчүн мурунку WBO боюнча чемпион Сергей Ляхович менен беттешип чыкты.

Бул таймашта Ляхович эмнегедир активдүүлүгүн көрсөтө албай көпчүлүк мезгилде коргонуп, бат-бат муш жеп, атаандашына жакын жолой албай койду. Бою да, колу да узун Валуев ушундай кырдаалдан пайдаланып, алыскы аралыкта соккулап, тигини жүдөтүп, айласын кетирди. Мындай көрүнүшкө анын күйөрмандары атаандашын оюндун соңуна чыгарбай эле нокаут түшүрсө экен деп аябай тилек кылып турушту. Бирок тилекке каршы андай болбой Валуев атаандашын упай менен гана утуп ала алды. Эмки кезекте мурунку дүйнөлүк чемпион Руслан Чагаев менен кайрадан таймашуу күтүлүүдө.




  Дүйнөлүк хоккей

Орустардын жылдызы жанган, дагы да жанат
Совет доорунда орус хоккейчилеринин жылдызы жанганы менен ошол учурдагы саясаттын "курмандыгы" болушуп, чет өлкөлөрдүн клубдарында ойной алышкан эмес. Дүйнө, Европа чемпионаттарында баардыгын утушканы менен америкалык, канадалык бай клубдардын катарында ойнобой арманда калышкан.

Совет доору кыйрагандан кийин орустардын багы ачылып, хоккейде алдыңкы ролду ойношууда. Мурдакыларды айтпай эле учурдагысын кеп кылсак, Түндүк Америка хоккейинде да орустар чеберчилигин көрсөтүүдө. "Атланта" командасында ойногон Ильия Ковальчук чемпионаттын эң мыкты бомбардири болуп келатса, "Вашингтон" командасында ойногон Александр Овечкиндин жылдызы жарк этип, бир оюнда эле үч-төрттөн шайбаны дарбазага таамай согуп, Ильядан ашып түштү.
Дагы кызыгы, акыркы жумада Америка хоккейинде "Питсбург" командасында ойногон орус жигити Евгений Малкин тууралуу уу-дуу кеп тарап, көпчүлүктүн көңүлүн бурду. Евгений учурда команданын лидери болуп, АКШ, Канада таңгалып турган учур. Ага чейин команданын капитаны, лидери Синди Кросби жол бербей, Евгений анын көлөкөсүндө байкалбай жүргөн. Кросби жаракат алгандан кийин чыныгы Малкиндин таланты ачылып, жылдызы жанды. Ал кийинки ар бир оюнда экиден, үчтөн упай топтоого жеткирип, чабуулчулардын алдыңкы сабына "жарк" этип чыга келди.




  Жеңил атлетиканын жүгү оор

Сатымкулдай дулдул болчу жаштар барбы?!
Сатымкул Жуманазаров атындагы олимпиадалык резервдеги балдар, өспүрүмдөр спорт мектебинин жеңил атлетика боюнча кышкы биринчилигине 100дөн ашуун улан-кыздар катышты.

Баса белгилеп кетчү саамалык: өлкө аймагында жеңил атлетикага кайрадан көңүл бурулуп, облусттардагы машыктыруучулардын иш-аракети көрүндү. Мисалга алсак, өспүрүмдөр тобунда биринчиликти Кант шаарынан Руслан Тагаев (машыктыруучусу Алла Суранчиева) баш байгенин ээси болуп, келечегинен үмүткөр кылды.
Узундукка секирүүдө 5 метр 39 см. көрсөткүчкө Карабалта шаарынан Федор Погребной (машыктыруучусу Вячеслав Абрамов) ээ болуп, биринчиликти алды. Ал эми 400 метрге жарышта марага Токмок шаарынан Артем Быков (устаты Валентина Вайсман) биринчи келип, алтын медаль тагынды.
1500 жана 3000 метрге жөө күлүктөрдүн мөрөй талашуусунда Каракол шаарынын машыктыруучусу Александр Погожевдин шакирти Надежда Лещева эки ирет жеңиштин бийик сересине көтөрүлдү. Ушул машыктыруучу таптап жаткан жөө күлүктөр Давран Юсупов, Луиза Кутуева жана Эдуард Крузе 3000, 1500 метр жарыштарда өз курактары боюнча биринчи орундарды камсыз кылып, келечекте өлкө намысын коргой турган улан-кыздардан уучубуз куру эместигин далилдеди. Чүй жана Ысыккөлдүк машыктыруучулар жигердүү иштеп жатканын мелдеш айгинеледи. 1980-жылы Парижде кросс боюнча жаштар арасында дүйнө чемпиону болгон, СССРдин бир нече ирет чемпиону Эльдар Деникеевдин уулу Наиль өспүрүмдөр арасында 1500 метрге жарышка түшүп, атасынын жолун жолдоону төлгө кылып, биринчи орунду ээледи. Наилдин эжеси Надира Деникеева 1500 метр жарышта марага экинчи келип, күмүш медаль тагынды.
Ошондой эле Токмок шаарынан Вика Ежова 1 метр 60 см. бийиктикке секирип биринчи болсо, Карабалтадан Иван Грапте узундукка жана бийиктикке секирүүдө баш байгени камсыз кылды.
Жеңүүчүлөрдүн аты-жөнүнөн эле алар ар улуттун өкүлдөрү экенин, дегеле айыл жергесинде таланты ачылбай жаткан кыргыз жаштары намыска келип, эларалык мелдештерге Сатымкул Жуманазаровдой кыргыз өңүн таанытаар учурду көрө алаар бекенбиз? Көчө таптап ары-бери басып, тамеки тартып, бош убактыларын "жөн эле" өткөрбөй, спорт менен машыкса майнап чыгаарын, Азия, дүйнө өлкөлөрүн аралап көрүп, келечегине чоң жол ачылаарын кыргыз жаштары туюп, намыска келээр учур эбак келгенин эстен чыгарышпаса. Бул кичинекей макала алар үчүн коңгуроо болсо экен деген тилек…

Кабыл Макешов, спорттук баяндамачы