Коомдук-саясый гезит
№23, 19.02.08-ж.

Меймансап
Форум



◄◄◄
  САНДАН-САНГА

Баратбай АРАКЕЕВ
(Повесть)
Мент
(Уландысы.
Башталышы өткөн санда)
- Мен кайдан билем. Өлтүрсө да мага айтып коймок беле?
Машаев бул аялды жарым сааттай айласын кетире сурап, анда бир балакет барын жакшы сезип, анан кое берди:
-Үйүңөн эч жакка кетпе, уктуңбу? Биздин балдардын көзөмөлүндө болосуң. Качууга аракет кылсаң - камап салам. Жакшы түшүндүңбү?
-Түшүндүм.
Машаев эми Витянын изине түштү. Кээ бир маалыматтарга караганда, ал Казакстандын кайсы бир шаарындагы эжесиникине кеткен имиш, дагы бир маалымат боюнча, Барнаулга - мурунку аялына кеткен. Витянын бул жердеги тааныш-туунуштарын сураштырып, баарынан кабар алган Машаев. "Серый" анан "Татарин" деген кличкалары бар Серов жана Гайфулин деген эки немеден көбүрөөк шек алды. Серов эки, Гайфулин бир жолу майда хулиганчылыктары менен түрмөгө отуруп чыгышкан. Экөө тең көптөн бери эч жерде иштебейт, бойдок. Карыган ата-энелери менен турушат. Азырынча экөөнү чочутпай, тим койду да, бир күнү Светаны таңзаардан үйүнөн таап, муну айтты:
-Сен, Света, эмне үчүн киши өлтүргөндөрдү билип туруп жашырып жүргөнсүң, ыя?! Ал үчүн түрмөгө түшөөрүңдү билбейсиңби эмне!?
-Кимди жашырып жүрүптүрмүн? Эч кандай киши өлтүргөндөрдү билбейм. - Аялдын ичкиликтен шишиген көздөрү бакырая түштү.
-"Серый" менен "Татаринди" айтам.
Бул сөздү уккан Света саамга делдейе калды да, анан эсине келе жооп берди:
-Аларды тааныйм, бирок киши өлтүргөндөрүн билбейм.
-Үйлөрүн билбейт белең? - Машаев муну атайын сурады. Алар жашаган жерди небак эле билет эмеспи.
-Жок. Кайда жашашаарын билбейм.
-Мына, бүгүн аларды таап туруп камайбыз. Ошондо сенин аларды жашырып жүргөнүң ачыкка чыгат. Камдана бер түрмөгө.- Машаев ушинтти да, кете берди.
Эки көчө өткөндөн кийин Светанын үйүн акмалашты. Эпадам анын да, тигил экөөнүн да бул ишке катышы болсо, анда тигилерге чуркайт. Он мүнөт өтпөй, Света үйүнөн чыгып, чуркай басты да, түз эле "Серыйдын" үйүнө келди. Эки үйдүн ортосу жөө баскан кишиге жыйырма мүнөттүк жол. Аял дарбаза кагып, ал ачылганда кирип кетти да, бат эле чыгып, кайра үйүнө жөнөдү.
Аңдуу эми "Серыйдын" артында. Ал көп күттүргөн жок. Сумка асынып, үч-төрт үйдөн кийинки "Татаринге" келди. Экөө бат эле чыгышты. Эки көчө өтүп, тизилип турган таксинин бирине түшүп, зуу коюшту. Автовокзалга келишти. Келээри менен "Серый" бир жакка белет алды да, катар-катар тизилген автобустардын бирине отурушту. Ал Алматынын автобусу эле. Алар автобуска жайланып отурушары менен Машаевдер карп-курп кирип барышып, экөөнүн колдоруна кишен салып, кайра алып чыгышты.
Экөөнү бөлүмгө алып келип, эки камерага бөлө камап, анан кабинетке бирден алып кирип, Машаев сурагын баштады. Бул экөө тең отуздарга чыгып калган, олбурлуу немелер экен. Көпкөлөңкү тартып, суроолорго кекирейе жооп беришет. Машаев сурап жатып аз жерден аларга кол салып жибере жаздаган учурлары көп болду.
-Начальник, ошол алкаш аялга да ишенесизби? - деди "Серый" "Света силерди тиги экөөнү тоногон деп айтты. Үчүнчүңөр Витя деген неме деди" деп Машаев айтканда.
-Биз тоносок, өлтүрсөк - кана далилиң?
Машаевде азырынча далил жок эле. Экөөнүн сөзү боюнча тиги экөө өлтүрүлгөн күндөрдө Токмокто мейманчылап жүрүшүптүр. "Татарин" да, "Серый" да бирооздон ушинтишти. Алардан Токмоктогу адрести алып, Машаев Мишаны дароо жөнөттү. Булар барганбыз деген Токмоктогу үйдүн ээси "Татариндин" мындайраак инилеринен болот экен. Аял алганына бир жыл чамасы болуптур. Экөө тең базарда соода кылышат экен. Күйөөсү менен аялы "Серый" менен "Татариндин" бул жерде үч күнү коно жатып, арактын катыгын берип кеткенин бирооздон айтышты. "А алар келген числону көп убакыт өткөнүнө карабастан, кантип эстеп калдыңар?" деген Мишанын суроосуна "Маңдайкы үй өрттөнгөн күн болчу, анан да алар келээрден мурунку күнү туулган күнүмдү өткөргөм" деди күйөөсү. Баары туура.
Миша мына ушундай маалыматтар менен келгенде Машаев айласыз отуруп калды да, бирок муну ойлоду" тигилер тууган болсо, ушинтип айтасыңар десе айтат да. Эки шектүүнү Машаев үч күндөн кийин бошотуп жиберди. "Эч жакка кетпейбиз" деген тилкат алды.

***
Алкаш Света кенедей кызын жанындай көрчү. Анын элеси күнүгө бетмаңдайынан кетпей, бөтөнчө ичкиликке тойгондон кийин боздоп-боздоп ыйлайт. Аны өлтүргөн Витя. Жок, өлтүрүп жатканын көргөн жок, бирок билет.
Бир күнү экөө бир жерден үй шыбап, күндө арак алдырып ичкенден калган акчасын алып, базардан аны-муну көтөрүп, үйгө келишти. Албетте, ичкилик мол. Экөө бака-шака ичип жатышканда там-туң баскан на-ристе өзүнчө ойноп жүрөт эле. Бир маалда мамасына эркелейм деп жабышып, анын алдындагы кырдуу стаканды көңтөрүп алды. Арак төгүлгөнү - алкашка чоң трагедия. Мамасы кызын колго чаап, нары түртүп салды. Кыз басылбай ыйлады.
-Ай, алдыгынын жаагын баспайсыңбы, ыя?! Ыйлаганы жадатып бүттү, энеңди.. - Витя ушинткенде Света:
-Мейли, ыйлай берсин,- деп чымын чакканча көрбөй, кол шилтеди.
Кыз дале басылбайт. Ошондо Витя ордунан атып туруп, кызды колунан сүйрөй, төркү үйгө жөнөдү:
-Энеңди... Жаагын басып, уктатып салайынчы. Аракты да жөн ичирбейт, энеңди!..
Ал арадан беш мүнөт өткөн соң кайра келди:
-Уктатып салдым.
Света кызынын уктаган-уктабаганы менен иши жок эле, эңги-деңги болуп, жыргап отурган.
(Уландысы бар)




  Криминалдуу окуя

Миллионго бааланган өмүр
(Уландысы. Башталышы өткөн сандарда)
Бош бөтөлкө жүз кадамдай ары жакка барып дөбөчөгө коюлуп келген соң, Абдысаламды жабыла карап турушту. Ал бөтөлкөдөн көз албай тиктеп турду да, ошол боюнча мылтыкты сунуп машаны акырын гана басып койду. Тээ алыс жердеги бөтөлкө көрүнбөй калды. Бирөөсү барып сыныктарын көтөрүп келди.
- -Мынакей, сындыра атып таштаптыр.
- -Эми чындап ишендик мергенчи экениңе. Баса, айтмакчы мергенчилигиң боюнча атаңдан да ашып түшөсүңбү же ага жетпейсиңби?
- Билбесең анда азыр сынап көрөбүз.
Алиги курсагы салаңдаган кишиси бери жактагы тестиер баланы жумшады.
- -Ме бобул бош бөтөлкөнү ал дагы тээ алыс, бөтөлкө араң-араң эле көрүнгөн жерге коюп келчи. Бөтөлкөнү алган тестиер тигил киши көрсөткөн жакты көздөй чуркап кетти.
- -Ал бөтөлкөнү коюп келгиче келгиле, мобул жүз граммдан алып жиберели, - Туткабай тигилерге сунуштады эле бардыгы жабылыша тегерек столдогу тамак-ашка кайрылышты. Абдысалам ар бирине арак куюп, закүскө сунуп, эпилдеп-жепилдеп жүрдү.
- -Тигил баланын бөтөлкө коюп аткан жерден ушул жерге чейкинки аралыгы канча болду экен?
- -Кеминде эле миң кадамдай болот го...
- -Ата аласыңбы, иним?
Абдысамат унчукпай ийнин күйшөп койду.
- -Өзүнө өзү ишене албай жатат, ата албайт го дейм?
- -Атасы, чоң атасы мергенчилерден болсо тийгизет эле болуш керек.
- -Ай билбейм, араң-араң эле көрүнөт тигил жер.
- -Анда мелдешели.
- -Эмнеге?
- -Эгер тийгизе алса мага беш жүз доллар бересиңер. А эгер тийгизе албаса мен силерге беш жүз доллар берем, сүйлөштүкпү?..
- -Кое тур, эмне үчүн беш жүз доллар, жүз доллар эле кылбайлыбы?
- -Жок, беш жүз доллар.
- -Болуптур, үч жүз доллар кылалы.
- -Үч жүз доллар жетиштүү эле болот. Чоң мелдеш болуп атса бир жөн, не болуптур беш жүз доллар.
- - Баяле ошентпейсиңби анан, мелдештикпи?
- - Мелдештик.
Бери жакта тургандардын экөөсү кол алышып болушкан соң, өзүнчө тартынып, кысылып турган Абдысаламга кайрылышты.
- - Кана жигит, эми көрсөтчү өнөрүң болсо көрсөт.
- -Мени уятка калтырбай эми жакшылап мээлеп ата көр, - алиги курсагы салаңдаган киши Абдысаламды ат таптагандай ийинге, далыга чапкылап сылап койду, - анда мындай кылбайлыбы... Бул үч жолу атсын, биринчи, экинчиси попытка, үчүнчүсү чыныгы болсун.
- -Жок, болбойт, бир эле жолу атуусу тийиш, тийсе тийип, тийгизе албаса силер уттурдуңар.
Кызуу немелер өз ара бакылдаша талашып-тартышып атып, бир пикирге келишти. Курсактуусу жеңип кетти окшойт - үч жолу атканга мүмкүнчүлүк алды.
- -Мына иним, сага үч жолу атканга мүмкүнчүлүк алып бердим. Эми жакшылап тийгизе көр.
- -Кереги жок, бир эле жолу атам...
- -Эмне?! - алиги "чоң курсак" ага ишенип-ишенбей, эч сөз айта албай туруп калды. Абдысалам шашпай мылтыкты октоду да, тээ алыс жерде араң-араң көрүнгөн бөтөлкөнү карап койду. Бакылдашып аткандардын бардыгы унчугушпай дымып, анын ар бир кыймыл-аракетин карап калышты.
- -Менин көзүм начар көрөт, жадакалса бөтөлкөнүн кайсыл жерде турганын да көргөн жокмун, сен көрүп атасыңбы?
Абдысалам "Ооба" дегендей башын ийкеди. Анан шаш-пастан бөтөлкө турган жакты мээледи да машаны басып койду. "Тарс" эткен үн тоо жаңырта кайра акырындап жоголду. Абдысалам мылтыкты унчукпастан ары жакка коюп салды. Эмне болгонун беркилер түшүнүшкөн жок.
- -Тийгиздиңби, эмне болду?
- -Барып көргүлө.
Эки-үчөөсү атты миништи да чапкан боюнча кетишти. Көп өтпөй бөтөлкөнүн быркырап сынган айнектерин алып келишти.
- -Мынакей, тийгизиптир.
Бери жакта утулганы чөнтөгүнөн үч жүз Америка долларын алып чыгып "чоң курсакка" берди. Ал өзүнө-өзү ыраазы боло акчаларды Абдысаматтын колуна карматты.
- -Ме иним, буга сенин эмгегиң бар.
Өмүрү доллар дегенди көрбөгөн жигит аны алгысы келген жок. "Мындан көрө кыргыздын акчасын эле беришпейби, мунун мага кереги не?" - деп ичинен жактыра бербей араң-араң алды. Ордунан туруп кетейин деди эле кумарга берилип калышкан эмелер аны кетиргилери келишкен жок.
- -Кое тур иним, шашпа. Сен көзгө атаар мыкты мергенчи турбайсыңбы. Дагы кандай өнөрүң бар, мен алманы көкөлөтө ыргытайын атчы ошону, - алма жеп отурган бирөөсү бери басып келди. - Кана мылтыкты карма, мен алманы тээ алыс жерге отуруп алып өйдө ыргытам, ошону атчы. - Ал элүү кадамдай ары көздөй басып барды дагы, колундагы алмасын тигилерге көрсөтүп жогору көтөрдү. "Даярсыңбы" дегендей Абдысаламга карап койду. Анан болгон күчү менен жогору карай ыргытты эле Абдысалам алманы аткан жок. Тигил бери басып келди.
- -Эмне аткан жоксуң?
- -Мунун эмнеси кыйын атыштын. Аны бардыгы эле ата алышат болуш керек.
- -Эмне ошончолук эле көзгө атаарсыңбы? Азыр кое тур, эмнени ойлоп тапсак ия, - тигил бир азга ойлонуп калды.
- -Таптым! - чөнтөгүнөн кандайдыр чет элдиктердин монета тыйынын алып чыкты.
- -Ушуну колума кармап, өйдө көтөрүп, тээтигил элүү кадамдай жерде турам, кыйын болсоң дал ортосуна теше атып көрчү.
Бардыгы тең ага кызыга карашып, кумарга берилип кетишти. Алиги киши элүү кадамдай жерге буту менен арыштап барды да, даярсыңбы дегендей тигиге карады. Абдысамат даярмын деп башын ийкегиледи.
Тигил тыйынды бармак менен сөөмөйүнүн ортосуна кармап туруп колун жогору көтөрдү.

(Уландысы бар)
Саадатбек Мырзакул уулу













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan