![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №23, 19.02.08-ж. |
Меймансап Форум Өнөрлүү өлбөйт Курмангазы Азыкбаев:"Алгач чабан, анан "хулиган", эми артист болдум" Кыргыздын атын чыгарып, чет өлкөлөрдө "кыргыз" деген эл жашаарын, эч кимде жок улуттук аспаптарга ээ экендигин таанытып жүргөн нарындык Курмангазы Азыкбаев менен маек. Кыргыз элинин таланттарга бай, ал гана эмес улуттук аспаптарынын экологиялык жактан таза экендигине чейин берилип сүйлөп берди. - Биз чыгармачыл адам болгондуктан, азыркы күндө колубуздан келишинче чыгармачылык менен гана алек болуп жатабыз. Кечинде той-топурларга болгон чакырыктар бизге "репетиция" болуп берет да, чет жерлерге, чоң-чоң сынактарга барып катышып калабыз. Учурда жаш кезде ойноп жүргөн гитарага кайра кайрылып, репертуарыма кошуп жатам. Мындан сырткары түрк аспабы жунбушка кызыгуум артып, аны үйрөнүп жаткан кезим. - Мурда өзүнчө топ ачып иштеп жүрдүңүз эле, кийинчерээк дайыныңыз чыкпай кетти го? Мурдагы уюштурган тобум бар, бирок биздин арабыздагы айрым таланттуу балдар чыгып өзүнчө бөлүнүп топ түзүп кетишти. Азыр өзүмдүн балдарым чоңоюп, үй-бүлөлүк "Энесай" эстрадалык тобун түзгөнбүз. - Үй-бүлөлүк эстрада тобуңуздун мурдагыдан кандай айырмасы бар? - Келинчегим Зина Кудайбергенова балдардын үнүн оңдоп-түздөп, туура тарбия берет. Тун уулум Нургазы биздин котормочубуз чет жерлерге барганыбызда кыйналбайбыз, Кызым Нурайым элүү сегиз тилде ырдаса, үчүнчү уулум музыкалык аспаптарда ойноп, обон созот. Кудай буюрса жакында Кыргыздын жаш муундарын чогултуп "кастинг" уюштурганы жатабыз. Анда таланттуу уул-кыздарды тандап, улуттук, чет элдик аспаптарда ойногонду, ырдаганды, бийлегенди үйрөтүүнү пландаштырып жатабыз. Бир өзүнчө чоң ансамбль ачып, "интерансамбль" деп коебузбу, же башкача атайбызбы, айтор чопо-чоор, сыбызгы, гитара ж.б. аспаптарда ойноп, көп тилде ырдап, ар улуттун бийлерин бийлеп, төгөрөгү төп келген жогорку деңгээлдеги ансамбль болсо деген тилегибиз бар. - Кыргыздын жаш муундарын тарбиялап, из калтырып жаткан турбайсызбы. Чет өлкөлөргө барып жатасыздар, биздин таланттар менен башка өлкөлөрдүн таланттары эмнеси менен айырмаланат? - Бизде бирөө сүйлөсө эле чет мамлекетте андай-мындай деп башташат. Чет өлкө менен биздин таланттардын айырмасы жок, биздин аспаптар татаал ошону менен катар эле экологиялык жактан таза, тунук үнү менен айырмаланат. Чет элдиктер биздин аспаптар менен эч ойной алышпайт. Башкалар таң калат - узун түтүктү тешип үйлөп каалаган музыкаңды чыгара аласың деп. Комузду алалык, ооз комузду деги койчу, ар бири өзүнчө кызык. Чопо-чоор, сыбызгы сыяктуу аспаптар кайсы улутта бар? Татаал үйлөмө аспаптарды ойногон кыргыз элине баракелде. - Азыркы жаш муун менен сиздердин убактагыларды салыштырууда кандай айырмаларды байкайсыз? - Эми биздин убакта сахна деген бейиштей эле сезилчү, каалаганы эле тебелеп-тепсеп жүрө алчы эмес. Элдер да таза кийинип келип, убагында кирип, концерт убагында башталып, СССРдин, Кыргыз эл артисти комузчу Самара Токтокунова деп тааныштырчу. Ар бир ырды атактуу, билимдүү акын жазып, ага обончу композитор обон жаратып, аткаруучу тандалып жатып табылып, ийинине жеткире аткарылчу. Азыр сегизинчи же онунчу классты бүтө калышат да, компьютерден үндөрүн оңдоп жаздыртат дагы автору, сөзү, ырдаганы өзү болот. Жаркыраган жылдыз баланча уулу же кызы түкүнчө деп сахнага "кыйшаңдап" чыгышат. Музыкасы өзбекче же казакча, же дагы бирөөнүкү. "Сүйөм" деп жетимиш сегиз жолу кайталайт да колун, бутун, оозун, көзүн ырдап чарчаган киши болуп, сахна артына кирип кетет. Азыркы жаштардан түбөлүктүү келечекти көрө албайм. Ошон үчүн алар алыскы чет жерди кой, коңшулаш Казак, Өзбек туугандардан чыга алышпайт. Азыр чыгып ырдайм дегендин баарын чыгара бербей карап, тандап, текшерип дегендей алыш керек да. Мурда бир ыр ырдалыш үчүн он комиссиядан өтүп, анан ырдачу. - Негизги кесибиңиз эмне? Кайсы жердин кулуну болосуз? - Мен Нарындын Ак-Талаасынан болом, атагы чыккан "Чкалов" мектебин бүтүргөм. Биринчи кылган кызматым чабан, маляр ошону менен катар "хулиган" болчумун. Айылда тентек болуп жүргөн учурумда гитара менен ырдап калчу элем да, бирөө айтып калып эле Күрөнкеевге тапшырып, улам бир аспапка кызыгып отуруп, көбүн өздөштүрүүгө жетиштим. Эми өзүң көрүп тургандай жаманбы-жакшыбы элибиз үчүн кызмат кылып жатам. - Кайсы бир жылдары жайында Көлдөгү пансионаттардын биринде сизди ачык эле жерде талантыңызды тартуулап жатканыңызга күбө болдум эле? - Алыскы чет мамлекеттерде атагы чыккан музыкант эшикте же "подземканын" түбүнө тура калып, ойноп калса аны элдер чогулуп коштоп турушат. Аларда бул кадыресе көрүнүш. А бизде болсо башкача. Антип да көрдүк, эшикке чыгып ойноп калсаң "А баягы аябай аракка бузулуп калса керек, тыйын сурап эшикте ырдап жатат" дешет. Ичкилик демекчи - ичкиликке кандай карайсыз? - Мурда аябай ичип коюптурмун, азыр ичпейм, оозума да албай калгам. |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|