Коомдук-саясый гезит
№23, 19.02.08-ж.

Меймансап
Форум



◄◄◄
  Ибарат

Падыша жана Карышкыр
Илгери бир падышачылыкта хан-бектери башкарып турган акимчиликтерине бөлүнгөн казынадагы акча жыл сайын көбөйгөнү менен элдин жашоо-турмушу жыл сайын начарлагандан начарлай бериптир.

Өксүктү билбеген өлкө күн өткөн сайын карып-мискиндер менен кайырчыларга, башкесерлер менен ууру-кескилерге, бүбү-бакшылар менен сойкуларга толот. Айласы кеткен Падыша эл-журтун башка падышалардан карыз алып бага баштайт. Ага деле болбой, карылары каржалып, жарык күндөн үмүт үзгөн жаштары бөлөк-бөтөн жактарга тентигенин токтотпойт. Падышанын жакындары менен жан-жөкөрлөрү болсо семиргенден семирип, байыгандан байый берет. Мындай тиришумдукка акылы жетпей калган Падыша өлкөсүндөгү жакырчылыктын себебин ким түшүндүрүп берсе ошого жарым падышачылыгымды берем деп жар салат. Элин жыйнайт. Ошондо эл ичинен бир карыя чыгып:
- Улуу урматтуу Падышам! Сиздин ордодогу жакындарыңыз менен жан-жөкөрлөрүңүз шарият үйрөнгөн карышкырга окшоп калыптыр, - дейт.
- Кандайча? Ал эмне болгон карышкыр? - деп сурайт Падыша.
- Молдо карышкырга шарият үйрөтсө "койдун жайыты кайда?" - деп сураган экен. Анысыгандай сиз ордодогу өз карышкырларыңызга шарият менен койдун жайытын эле үйрөтпөстөн койду кантип жеш керектигин да үйрөтүпсүз, - деп көздөн кайым болгон экен.

Шайлообек Дүйшеев




  Карылардын күнү не болот?

Кымбатчылык жанга батканда...
Жаз менен кошо майрамдар да келе жатат. Алар аялдардын эл аралык 8-март, мусулмандардын 21-мартта белгилене турган Нооруз майрамдары.

Аттиң десеңчи, кымбатчылык туш тарабыңдан чырмооктой чырмап турганда эптеп жанталашып жан багып жаткан карапайым калкка , айрыкча "өлбө жаным өлбө" деп турушкан пенсионерлерге бул майрам эмес эле, арман эмей эмне? Өткөндү эстешип, өкүнүшөт да башка эмне кылышмак эле?




  Талкуу

Энергетика секторун менчиктештирүү керекпи?
Талкууга коюлчу суроолор
1. Энергетика секторун менчиктештирүүнүн максаты эмнеде? Электр энергиясын пайдалануучулар акчасын жакшы төлөбөй жаткандыктан эле менчиктештирүү керекпи же анын биз билбеген башка дагы себептери да барбы?
2. Менчиктештирүүнүн зарылчылдыгы акча чогулбай жаткан үчүн эле чыгып жатса, анда эмне үчүн эл жакшы эле төлөйт, төлөбөгөндөр кафе, саунасы бар байлар, эч кимди укпаган бийликте иштегендер деген сөз айтылып жатат? Мамлекеттин алы жетпеген аларга жаңы кожоюндун алы жетеби?
3. Жеке менчикке берилгенден кийин электр энергиясынын тарифи кандай болот? Ал өтө эле жогору болуп, жакыр эл илгеркидей чырак менен отуруп калбайбы?
4. Эгерде тариф эл кыйналбагыдай төмөн болсо, энергетика секторундагы объектилерди кайсы инвестор сатып алат? Алган инвестор ишкананы оңдоп убара болбой эле, пайда табуунун жеңил жолуна качырып, бааны көтөрүп киреше алууну көздөп кетпесине ким кепил болот?
5. Бүткүл дүйнөлүк банктын алдын ала жүргүзгөн изилдөөлөрүнө караганда, Камбарата 2 ГЭСинин электр энергиясынын өздүк наркы 8,5 центке чыгып кетет экен. Мындай энергияны ким сатып алат? Пайда бербеген ГЭСти инвесторлор эмне үчүн курушат? Алар мунун шылтоосу менен Кыргызстандын cуу ресурстарына ээлик кылууну көздөп жатышкан жокпу?
6. Энергетика секторундагы объектилерди сатуудан бюджетке канча акча түшөт жана алар кайда пайдалынылат?
7. Эл ичинде казакстандык олигарх Машкеевич парламенттик шайлоого миллиондого доллар акча бериптир деген сөз тарап кетти. Тазалыгы шек туудурган ушундай инвесторлор менчиктеширүүгө катыша алабы?
8. Менчиктештирүү процедурасы кандай болот? Ал тендер менен берилеби? Тендер өткөрүлсө, ал биринчи орунду алганга эмес, бизде мурда болуп келгендей чиновниктин чөнтөгүнө ким көп акча салса, ошого берилип кетпейби?

Чындык талаштан жаралат
Өкмөт өткөн жуманын этегинде Энергетика боюнча Улуттук программа кабыл алып, аны Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтмөй болду. Программада өлкөнүн энергетика секторунда орун алган көптөгөн проблемалар көтөрүлүп, аларды чечүү жолдору белгиленген. Анда айрым стратегиялык мааниге ээ ишканаларды, айталы, "Түндүкэлектро" акционердик коомун, Бишкек жылуулук борборун, "Кыргызгаз" акционердик коомун, Камбарата ГЭСтерин жеке менчикке берүү маселеси кабыргасынан коюлган.
Биз бул маселе боюнча коомчулукта бир пикир жоктугун, аны жактагандар да, жактабагандар да бар экенин жакшы билебиз. Ушундан улам, көпчүлүктү түзгөн азыркы парламенттеги бир партиянын өкүлдөрү программаны ийине жеткире талкуулабай, менчиктештирүүнүн жаман-жакшы жактарын, пайда-зыянын кылдат териштирип, анан бир бүтүмгө келбей үстүртөдөн карап, кабыл алып жибереби деген чочулообуз бар экенин да жашыргыбыз келбейт.
Энергетика секторун менчиктештирүү маселеси татаал, ошону менен бирге тагдыр чеччү маселелердин бири экендиги талашсыз. Бул маселенин чечилишине жараша жаңы түзүлгөн кыргыз мамлекети же колунда турган ресурстарынан биротоло айрылып, башкалардын көзүн карап калат же ал өлкөнүн өнүгүүсүнө күчтүү дем берип, бутуна туруп кетет. Ошондуктан "Аалам" гезити демилге көтөрүп, энергетика секторун менчиктештирүү маселеси боюнча кенен талкуу уюштурууну көздөп жатат. Талаш-тартыштан чындык жаралат дейт. Келгиле талашып көрөлү! Кимде ким талкууга катышып өз оюн айткысы келсе, бизге тартынбай кайрылгыла. Силердин оюңар бирөөлөргө жакса да, жакпаса да гезит бетинен орун берүүгө даярбыз. Келип түшкөн материалдар гезиттин мындан аркы сандарында "Талкуу. Энергетика секторун менчиктеширүү керекпи?" деген рубрикада жарыяланып турмакчы.

Кимдин оюн уккубуз келет?
Биз өкмөткө кайрылабыз. Энергетика секторун менчиктештирүү демилгесин көтөрүп чыккан силерсиңер. Андыктан силер жогоруда коюлган суроолорго так жооп жазып, талкууну баштап бересиңер деген үмүттөбүз. Эгерде талкуунун жүрүшүндө кимде ким түшүнүп-түшүнбөй туура эмес ой айтса же жөн эле силерге жалаа жаап, тийиштик кылса, биз силерге, талкуунун кайсы учуру болсо да, кайра сөз берүүгө убада беребиз. Карапайым калк силерден эч нерсени жашырбай, болгонун болгондой кылып, оюңарды ачык, так түшүндүрүп берээриңерди күтүп жатат.
Биз бул тармакта эмгектенген адистерге жана меселени көптөн бери изилдеп жүргөн окумуштууларга кайрылабыз. Силерден артык тармактын көйгөйлөрүн эч ким билбейт. Азыр өлкө кыйналып турганда, пайдасы тийбеген билимдин жана тажрыйбанын кимге кереги бар? Андыктан, билгениңерди тартынбай айткыла. Биз өзгөчө бул тармакта мурда-кийин иштеп кеткен Тайырбек Сарпашевге, Осмонбек Артыкбаевге,Уларбек Матеевге, Базарбай Мамбетовго кайрылат элек. Оюңуздар болсо, ортого салыңыздар.
Биз оппозиция өкүлдөрүнө кайрылабыз. Биз силердин өкмөттүн бул кадамын колдобой, кайчы пикир айтып жүргөнүңүздөрдү билебиз. Бирок энергетика объектилерин менчиктештирбесек, тармактын абалын кантип оңдойбуз? Өкмөттүн демилгесине жөн эле каршы боло бербей, оюңарды аргумент менен бекемдеп, маселени чечүүнүн альтернативдүү жолдорун көрсөтпөйсүңөрбү. Парламенттеги азчылыкты түзгөн оппозициялык партиялардын өкүлдөрү бизге сөз беришпейт деп таарынып жүрүшөт, биз аларга да кайрылат элек. Айта албай жаткан оюңар бар болсо, биздин гезит аркылуу айткыла.
Энергетика байына да, кедейине да, кыргызына да, орусуна да, түндүгүнүнө да, түштүгүнө да бирдей маселе. Биз элди экиге бөлбөйбүз.
Биз президент Курманбек Бакиевге да кайрылабыз. Эмне үчүн, Курманбек Салиевич, сиз революция алдында энергосектордун менчиктештирилишине каршы чыгып, анан президент болгондон кийин оюңузду дароо өзгөртүп, менчиктеширүүнү жактап калдыңыз? Биз сизди бул үчүн күнөөлөбөйбүз. Бирок, жаңылбаган жаак, мүдүрүлбөгөн туяк болбойт дейт. Мамлекеттин тагдыры чечилип жаткан учурда, сиз да, улуу башыңызды кичүү кылып, убакыт таап, биздин окурмандар менен ой бөлүшөсүз деп үмүттөнөбүз.

P.S. Ойлоруңуздар болсо, силер аны жөнөкөй почта же электрондук почта аркылуу төмөнкү дарекке Бишкек, Байтик батыр көчөсү,73, aalamga@mail.ru жөнөтсөнүздөр болот.

Сапар ОРОЗБАКОВ,
экономика илимдеринин кандидаты












Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan