Оп-па, Омбудсмен!

Инцитат
Бир айтасыңбы, эки айтасыңбы Турсунбек Акундун Кыргызстандын Омбудсмени (Акыйкатчысы) болуп калышы бир чети күлө турган, экинчи жагынан ыйлай турган жорук болду.

Парламенттеги Омбудсменди шайлоо сыртынан бир караганда бардык демократиялык процедураларды карманып өткөрүлгөндөй сезилет: альтернативалык негизде Акыйкатчынын төрагалык кызматына беш талапкер ат салышты, ар бир талапкер өз-өзүнчө талкууланып суроолор берилди, талаш-тартыштар болду, талапкерлердин дарегине көптөгөн сындар айтылды, атүгүл талапкерлердин айрымдарына каршы компроматтар ишке киргизилди (Бүбүайша Арстанбекова деген "Ак жол" партиясынын мүчөсү, апрель митингисине каршы чыккан "ак жоолукчан аялдар" тобунун активдүү катышуучусу). Турсунбек Акун Бермет Акаева менен Казакстан менен Кыргызстандын чек арасында жашыруун сүйлөшүү жүргүзгөнүн трибунадан айтып чыкпадыбы - булар соо эмес (контрреволюция же мамлекеттик төңкөрүш даярдап жатат деген каңкуу). Шайлоонун жыйынтыгы да демократиялык жөрөлгө сакталганынан кабар берип тургансыйт. Мисалы, Турсунбек Акундун талапкердиги үчүн 50 депутат колдоо көргөзүп, 26 парламентарий "каршы" добуш беришти, 5 бюллетень жараксыз деп табылды.
Турсунбек Акундун Омбудсмен болуп калышы күтүлүп-күтүлбөгөн окуя эле. Күтүлгөнү - анын талапкердиги улуу урматтуу президент Курманбек Бакиевдин өзү сунуштап жатканында турган. Күтүлбөгөнү болсо өмүрүндө бир кишинин укугун коргоп бергенге жарабаган (адам укугун коргоо канткен күндө да чекене акция экендигин, ал ишмердик укугу бузулган конкреттүү адам менен байланыштуу жүргүзүлөөрүн, ал эми Турсунбек Акун сыяктуу дүңүнөн Кыргызстандын бүт адамдарынын жалпы укугун коргоо дегениң абсурд болорун эстен чыгарбашыбыз жөн), юридикалык билими тайыз, укук коргоо дегенди кыпчылбаган куюшканга кыпчыла берүү деп түшүнгөн, топурагы жеңил, экс-депутат А.Малиев мезгилинде "королевский шут" деп таамай мүнөздөгөн адамдын Акыйкатчы болуп шайланып калышында эле.
Талапкерлерди парламентте талкуулоодо тараза таш Турсунбек Акундун Омбудсмендин төрагалына татыктуулугу же татыксыздыгы эмес, жогору жактан түшүрүлгөн директива (көрсөтмө) тарапка ооду. Турсунбек Акун колдоого ээ болду. Акыйкатчы болуп калышына албетте, "Ак жол" фракциясы чечкиндүү роль ойногону жашыруун эместир. "Генералдык секретар" улуу башы менен өзү демилге көтөрүп, сунуштап тургандан кийин "Ак жолдун" моюн толгоп коюуга акысы да, ылаажысы да жок болчу. Партиялык тартип деген бар. Каяша кыла турган болсоң партбилетиңден, демек, депутаттык мандатыңдан айрылып калышың текейден арзан иш. Жогору жактан буйрук болгондон кийин өлсөн да, талсаң да аткарышың керек, аткарууга милдетүүсүң. Жогору жак жактырган талапкер өтпөсө да өткөрүшүң керек.
Турсунбек Акунду "Ак жолчулар" клоун катары көрүп, талкууну спектаклга айлантып жиберишкени басма сөздө белгиленди. Төтөн, 2004-жылы Т.Акунду кимдер уурдап кеткени боюнча суроо берилгенде талапкер СНБ "бөктөрүп" кетип, МВД подвалында кармап турганы, анан №4-шаардык ооруканга барып "ыргытып" ташташканы жөнүндөгү узун жомокко түшүп кеткенде "Ак жолчулар" боорун тырмап эле өбөктөп калышты дешет. "Дуу" этип ачык каткырышкан жок, албетте, жогору жакка билгизбей солкулдап ичинен күлүшкөнүн белгилешет. (Ырасында күлбөй турган жорукпу - кудум айтылуу кинофилмдегидей десең: "поскользнулся - упал… очнулся - гипс").
СДПК фракциясынын депутаты Бакыт Бешимов ал процедуралык процессти мындай деп баалады: "… кечээ талкууда дагы бир кызык нерсе билинди. Ошол Турсунбек Акунду президент сунуштап атса, "Акжол" фракциясынын депутаттары суроо берип, күлкүгө айлантып, кээ бир учурда шылдыңдагандай мамиле жасады. Аны кандай түшүнсө болот? "Акжол" фракциясы кечээ дагы билинди, өзүнүн ичинде болгон ою менен администрациядан түшкөн чечим менен карама-каршы болгону. Бирок ачык айта албайт. Анан колунан келишинче, ошондой ыкмалары менен өзүнүн оюн билдиргенге аракет жасады".
Ошентип, жогору жактан түшүрүлгөн чечим парламентте "Ак жол" тарабынан кыңк этпей сөзсүз түрдө мыктай болуп аткарылышы талап. Эч кандай тоскоолдук болбошу керек. Талапкер жагабы же жакпайбы, татыктуубу же татыксызбы, клоунбу же башкасыбы -- анын мааниси жок.
Эгер эзелки тарых кайталанып, Рим императору Калигуланын сүйүктүү аты (мингичи) Инцитатты адегенде ардактуу гражданин, андан соң сенатор кылып шайлашканындай кылып, эмки Омбудсмендин ордун күлүк тулпар ээлеп калса таң калып кереги жоктур. Тарых фарс түрүндө кайталанаар өнөкөтү бар экенин айтып жүрүшпөйбү.

Үсөн Касыбеков




  СПРАВКА:

Турсунбек Акун родился 18 июля 1959 года в селе Кулунду Ляйлякского района Ошской области.
В 1981 году окончил Кыргызский сельскохозяйственный институт имени К.И. Скрябина получив специальность ветеринарного врача
С 1981 по 1983 год работал секретарем комитета комсомола Нарынского конного завода 53 Тянь-Шаньского района ветеринаром в селе Эмгек Тала
С 1984 по 1987 год работал заместителем секретаря комитета комсомола Кыргызского сельскохозяйственного института имени К.И. Скрябина
1987-1988 младший научный сотрудник Института Биохимии и Физиологии Академии Наук Киргизской ССР.
В 1989 году Турсунбеком Акуном создается международная организация Союз активистов, которая поставила перед собой цель сохранения мира во всем мире, проведения демократических реформ ООН, демократизацию советского общества.
В 1990 году работал в научно-исследовательском институте ветеринарии, в этом же году избран ответственным секретарем Демократического движения Кыргызстана, первой общественно - политической организации Кыргызской Республики.
В 1990 году Турсунбек Акуном создана первая правозащитная организация "Правозащитное движение Кыргызсктана", с 1991 года становиться ее председателем.
С 1990 года вся деятельность Турсунбек Акуна связана с правозащитным движением. В 1993 году избирается координатором Конгресса по правам человека стран Центральной Азии, в качестве миротворца посетил Чечню (1995, 1996гг.), Иран (2001г.), Пакистан (1999г.) Арабские страны. Принимал участие в качестве народного дипломата и миротворца в Баткене, при разрешении Баткенского конфликта и освобождении генерала Шамкеева А. и японских геологов.
В 1999 году совершил хадж в Мекку.
Участвовал в международных саммитах по правам человека в Страсбурге, Вене, Дублине, Варшаве, Москве и др.
7 мая 2005 года назначен Указом Президента Кыргызской Республики Председателем Комиссии по правам человека при Президенте Кыргызской Республики.
14 февраля 2008 года избран Омбудсменом Кыргызстана.




  Келечек портретке сүртүмдөр…

ОРУН АЛМАШТЫРУУДАН
СУММА ӨЗГӨРӨБҮ?
Бир ирет досум Үсөн Касыбеков Турсунбек Акунду Жунгли токоюнан таап алып, "Акуна Матата" деп сүрөтүн жакшы тартты эле. Эми андан ашыра албасмын, ал милдет да эмес.
Ошентип, "мататасын" билбейм, жакшы атанын уулу Турсунбек Акун Омбудсмен болуп шайланды.
Жаратылышынан ошол ишке ылайык жаралгандай эле, эми бап келет окшоду. Ал эми ишти кандай алпарат - маселе ошондо.
Мурунку Омбудсмен тынбай иштеди, намазын билгендей окуду, эсебин билгендей чыгарды, өзүнө пайдалуураак дешти…
Бу Турсунбай үкөм бир гана нерсени көңүлгө албай койбодубу - Президенттин көңүлүн.
Акаевдин шакирттери жеп алган Япон долларларын экинчи шайланышына көзүр кылмак экен, анысы көп акча болгону менен "Президенттин көңүлү" менен теңтайлаша албайт экен, утулуп берди.
Эмне болгон күндө да Турсунбай Бакир уулу жаңы иштин чыйырын салды, ошонусуна рахмат дейли.
Турсунбек Акун менен чыр экөө эгиз козудай жүрүшөт. Турсунбек чырды , же чыр Турсунбекти ээрчитип алат, дагы да туурасын айтсак - Турсунбек жетээри менен артынан чыр жете келет. Бирисиз - бири жок. Илгерки "Ленин десек - партияны, партия десек - Ленинди түшүнгөндөй, Турсунбек десек - чырды, чыр десек - Турсунбекти түшүнүп калдык.
Революциядан кийин Бакиев кулак-мурдун ушул тараптан азга тынч турсун маанисинде Турсунбек Акунга кызмат ачып берди. Анысы аты бар да, заты жок өңдүү болду. Конкреттүү багытты Турсунбек өзү таап турду, адам укугу деп, ал бизде сонун корголуп жатат дегендин ырын жакшы созду… Анан өзүнө да жаккан, Бакиевге андан беш бетер жаккан: "Мен Президентке кемчиликтерди түз эле бетине айтып жатам, Президент ошондой, чындыкка тике караган киши" деген көзүрдү ойлоп тапты. Айтса айтып жүргөндүр, бирок андан момундай тыянак чыкты деп бир орчун иш бүтүргөнүн эстей албай турбуз.
Непадам Т.Акунга Президент иш таап бербегенде, андан "сонун сонун сөздөрдү" угаары бар эле, түркүн басма сөз, телерадио аркылуу. Эми да беш жыл кулак-мурду тынч ал тараптан.
Т.Акундун буга чейинки кызматына эч ким деле олуттуу мамиле кылган жок, бөтөнчө бийлик тарап, а турсун кызматы экөөнү шылдың обьектисине да айландыра таштады. Биротоло баа-баркы бүтө электе ал кызматты жаап салганы да дурус болду.
Эми омбудсмендик ишинде ийгилик каалайбыз, Турсунбек жүргөн жерге чөп чыкпасын, тфу, толкунданып алганымды кара, чыр чыкпасын!
…Жеке бийлик учурунда Омбудсмен деген институтуң деле эсеп-чот үчүн жашап, кислороду аз болот дечү эле…

Баратбай АРАКЕЕВ