Next Муун

"Асыл таштан, акыл жаштан"
2005-жылкы 14-марттагы "мандалак революциясы" деп аталаган аңтар-теңтер окуядан кийинки саясый процесс позитивдүү нукта өнүктү деп айтууга болбос. Күндөн-күнгө кедерибиз кетип баратканы айгине эле болуп калбадыбы.

Азыр март "революциясы" менен "революционер-лерине" карата эл ичинде туташ иренжүү басты. Эгер "мандалак революциясы" калың эл чоң үмүт кылып күткөн жакшылыкты - социалдык-экономикалык прогрессивдүү өнүмдөрдү алып келдиби суроону коюп көрсөк, ага оң жооп таба алышыбыз кыйын. "Март революционерлеринин" чыныгы элдик бийликти орнотуп таштадык деп көкүрөк койгулаган сайын ошончолук алар суук тумшук болуп баратышканын байкоо кыйынчылыкка турбас. Уяты азыраак карьеристтер гана өздөрүн "революционербиз" дешпесе көбү "революция" деген сөздү оозанбай калышкан. 14-мартта чындап эле "элдик революция" болуп өткөнүнө күмөн-күдүктүк күн сайын өсүп барат.

"Ак үйдөн" көздөрү учуп турушат
Жаңы "революциялык режимдин" башкы максаты - демократиялык баалулуктарды эмес, авторитатардык бийликти, кландык, үй-бүлөлүк башкарууну орнотуу экендиги ачык болуп калды. Тилекке каршы, азыркы бийликтин оппонентеринин көбүндө тигилерден ашса ашкан, асты кем калбаган "жылбышкактык" жана "ийкемдүүлүк" мүнөздүү экени т.а. принцип дегенден таруудай бүдүр жок саясатчылар экени айкын болду. "Ак үйдөн" эле көздөрү учуп турушат. Ымдап койду, болду, адамдык ар-намыс, морал, принцип дегендерди заматта унутушуп, "Ак үйгө" чуркап жетип барганга даяр. Кандай гана жол менен болбосун бийликке илинүү алардын бу жалган дүйнөдөгү жашоосунун "квинтанциясын" түзөрү ачыкка чыкты. Бийлик дегенде баардык ырмай-чырмайын соодалап жиберүү көнүмүшкө айланып баратат. "Ак үй" болсо "оппозициянын" бийлик кумарына оңой азгырылган психологиясын кыйма-чийме изилдеп чыгып, алардын "өнөкөт оорусундагы" "начар звенону" чери жазылганча, каалашынча пайдаланды. "Ак үйгө" азгырып киргизип, керегине жараша пайдалангандан кийин куймулчакка тээп кубалап турушу адатка айланды. Ага болчубу, "оппозицияң" дагы эле болсо бийликке жутунганы жутунган. Эч кандай күч аларды токтото тургандай көрүнбөйт. Кенедей да сабак алып жалкып калгандары байкалбайт. "Оппозиция" өзү жасаган кылыктарынан уялбаса да, көрүп турган эл уялчу болду. Өлбөгөн эле арткы шыйрак калды.
Бийлик колдун кири экенин түшүнбөгөн "темир генерал" креслосуна эки колу каршыгып жатып акыры кубаланып чыкты. Ага болчубу, ичинде кусаматы калган экен, кийин жөн жата албай апрель митингиси деген "бездарный" акцияны уюштура койду эле "Ак үйгө" жасакерленип, күлтүлдөгөн бир милиционер-министр чыгып, чар учкандай кылып заматта таратты. Ошону менен саргара жортуп жүрүп, кыйынчылык менен эптеп жетишкен ноябрь айындагы демократиялык баалууктарды, ноябрь Конституциясын ийлеп-ийлеп туруп итке салгандай кылды. Оппозициянын жыл-жылдап жүргүзгөн бүткүл аракети талаага кетти. Талаага гана кетирбестен "темир генерал" азыркы авторитардык режимдин чыңдалышына өбөлгө да болуп бербедиби. Азыр ушу тапта "дат" басып, республикалык маанидеги оппозициялык саясый ардактуу пенсияда . Баса, баягы күлтүлдөк милиционер да "Ак үйдүн" бир ооз буйругу менен дыргаяктата кубаланып чыгып, эс алууда жүрөт. "Сиңирген эмгекти" эске алуу деген эреже жок экен да "Ак үйүңдө", бекер эле кара жанды карч уруп, эл-журтка жаман атты болгон экен, кайран гана талаага кеткен эмгек.
"Өлсөк бир чуңкурда, тирүү болсок бир дөбөдө" дешип касам ичкендей болуп жупташып жүрүшкөн "темир генерал" менен анын оң кол "комиссарынын" ортосун кара мышык аралады. "Комиссар" "темир генералдан" биротоло түңүлгөн өңдөнбөйбү, күндөрдүн бир күнүндө шып этип, "Ак үйгө" өтө качты. Мындай "чечкиндүү кадамы" үчүн "Ак үйдүн" Нарын облусунун губернаторлук сыйлыгына татыды. Ошентип "комиссар" далай жылдан бери кашыктап жыйнаган биртике репутациясын чөмүчтөп чачты да койду. Буга таң калип кереги жоктур, кыргыз саясатчыларынын көбү репутацияны төгүп-чачпай аяр тутунар капитал деп эсептешпейт. Натыйжасы белгилүү - көбүнүн эл ичинде бедели төмөн, далайы жексурга айланышкан.

"Политический труп"
Дагы бир чоң саясатчы, кезегинде К.Бакиевди "политический труп" деп тартынбай бетке айтканга жараган СДПК лидери Алмазбек Атамбаев премьер-министирлик кызматка азгырылып, "Ак үйгө" бара коем деди эле, көп өтпөй ага чоң муктаждык жок экени билинип, "революциядан" кийинки башка көп саясатчылар кечирген тагдырга дуушар болду - "Ак үйдөн" алеки заматта кубаланып салынды. Эми өзү "политический трупка" айланып калган кези.
Дагы бир кошоктошкон экөө - К.Карабеков менен М.Эшимканов дегендер оппозицияны дүңүнөн баалап сатып жиберип, бийлик тарапка өтө качышты эле, аларга да татыктуу орун берилди. Бири "Ак жолдун" атынан депутат болуп шайланган - билерман саясый эксперт катары массалык-маалымат каражаттарында билгенин божурамыш этет, бирок барк алып тыңшаган киши аз. Экинчиси "интриган" аталып, көп жерге жек көрүндү болуп, эптеп жеткен кызматын азырынча сактап турганы менен ана шыпырылат, мына шыпырылат абалында. Кыскасы, "принциптен жанбаган" "бекем" оппозиционерлерди санап отурса тизмеси далайга барчудай.
14-мартта "мандалак революционерлерди" бийликке алып келген, келечегинен үмүт кылдырган экинчи эшелондогу саясый муун - "жаш саясатчылардын форумунун" активдүү мүчөлөрү: Адиль Турдукулов, Элегия Мусаева, Адилет Айтикеев, Александр Иванов, Алишер Мамасалиев, Эдил Байсаловдордун азыр үнү өчкөн. Көбү сайда саны жок дайынсыз кетти. Айрымдары, мисалы А.Масалиев сыяктуулар улуу муундагы "ийкемдүүлүктөрүн" өздөштүрүшкөн экен, убагында саясый ориентациясына оңдоо киргизүүгө үлгүрүп, "Ак жол" партиясына барып илине калыптыр. Азыр бакыйган жаш депутаттардын бири. Жаш болсо да "саясый сезимталдыгына" таң бербегенге болбос. Эң бараандуусу, келечектүүсү деп эсептелген Э.Байсалов Казакстанга "мейманчылап кетип", үч айдан бери чыгынып кайра келе албай жүрөт. Кыскасы, экинчи муун "ишенген кожолору (Ф.Кулов, А.Атамбаев, Ө.Текебаев ж.б.) сууга агып, алды-алдынан тал кармаганга" аргасыз болушкан. Суктанып жибере тургандай деле "карьера" эместир .
Эксперттердин айтымында, мезгилинде авторитардык режимге кадыресе кайрат кылып, тең ата болуп келген оппозиция азыр ымтыраган абалга келген. Толук фиаского учурады дегендер да бар. Анын себеби катары оппозициянын ыркы жок ит аркалыгын, ар кимисинин өздөрүн ашкере жогору баалап шер тутуп алганын, бийлик кумарына оңой азгырылып кетишкендиктерин, бири-бирин оңой эле сызга отургузуп кетүүгөө жөндөмдүү принципсиздиктерин, ошону менен катар опппозицияны ыркын кетирип чар учуруп таратуудагы "Ак үйдүн" "импорттук" саясый технологдорунун чеберчилик менен жүргүзүлгөн "жашыруун" иштеринин майнаптуулугун көрсөтүшөт. Ар биринин өзүнчө акыйкаты бардыр. Неси болсо да азыркы тапта оппозициянын катары суюлуп, катуу алсырап калганы ырас. Мурдагыдай элдин кеңири колдоосуна ээ эместиги да чын. Бекеринен саясатчылардын арасында оппозициянын ордун баса турган жаңы муунга болгон муктаждык, жаңы элитаны тарбиялап чыгуунун зарылдыгы көп айтыла баштабагандыр.

Оппозициянын ордун баса турган жаштар келатат
Тилекке жараша, коомдо адилеттик үчүн күрөш, авторитардык системага каршы туруу эч качан токтолбойт экен. Улуу муундун эстефетасын кийинки муун колдон алып андан ары улантып кетиши табигий көрүнүш. "Мен ишенбейм" деген жаштар кыймылынын саясий аренага чыгышына саналуу күндөр болду. Кыймыл тез эле оозго илинди. "Мен ишенбеймдин" (ырасында "Ишенбейм" деп эле аталышы жөн болмок. Себеби-ым мүчөсүндө жекелик сан менен биринчи жак туюнтулуп турат). "Мен ишенбейм" деген брэнд элге тарап жатык болуп кеткенден кийин анын ошо баштапкы кабыл алынган калыбында калышы максатка ылайык) катарын жаштар түзөт. Чырымтал жаштар, 18-20 курактагы студенттер. Алар тынч нааразы акциялары менен 2007-жылы 16-декабрдагы будамайланып, бурмаланып, өткөн парламенттик шайлоо менен чечкиндүү түрдө макул эместигин билдирип чыгышты. Көп коомдук уюмдар, сандаган саясый партиялар сыяктуу башын жакасына катышып кайдигерликке барышкан жок. Жаштыгына карабастан аларда өздөрүнүн акыйкатына бекем ишеним бар экени даана байкалат. Куунактык менен муңайбастык алардын башкы өзгөчөлүгү. Приоритет Конституцияга берилерин анча ажыратып биле албаган шаардык кеңештин депутаттары тарабынан токулган "Бишкек шаарында митингдерди, демонстрацияларды өткөрүү тартиби …" деп аталган чийки токтомго таянып туруп, "Мен ишенбеймди" милиция нечен курдай күчкө салып, кармап барып муздак камерага салышты. Соттошту. Штрафка жыгышты. Бардык кыйынчылыкка кабыгым-кашым дешип, эч бир моюп коюшкан жок. Чыдамдуулук менен көтөрүштү. Камерада түн бою патриоттук ырларды созуп чыгышканын кеп кылышат. Белгилүү коомдук ишмер Чолпон Жакупова аларды Кыргызстан элинин ар намысы деп атаганында эч кандай апыртуу жок. Калыс сөз. Аларды колдогондор, үмүт арткандардардын катары күн сайын өсүп баратат десе жаңылбайт элек.
"Мен ишенбейм" баштаган ишин токтотпосун, аягына жеткирери ачык боло баштады. Мамлекеттик репрессивдик бийлик система азыр кадимкидей сестенип эсептешип калганы байкалат. Нааразычылык акцияларды өткөрүүдө адам укутарын чектеген бийликтин бюрократиялык тоскоолдуктарын жеңип өтүү үчүн улам жаңы формаларын, жаңы ыкмаларын ойлоп тапкан изденгичтиги, чыгармачылык таланттары менен көңүл бурдурат.
"Мен ишенбеймдин" акыркы "Мен сүйөм сени, Кыргызстан" ат менен 14-февралда өткөрүлгөн акциясын ийгиликтүү деп баалого татыктуу. Аны алдын-ала дыкат ойлонуштурулган манифестациянын катарына кошсо болор эле. Биринчи май райадмнистрациясы тыюу салганы да алардын акыркы акцияга тоскоолдук кыла алган жок. Милициялар бул жолу кол толгоп кармап кетүүгө даай алышкан жок. Элдин келечеги делинген жаштардын мекенге болгон аздектеген сезимин, сүйүүсүн туюндурган акцияга кайсы гана күч органы болбосун, анын ичинде чоң муштум милиция деле суук колун салып жиберүүгө дити барышы кыйын эмеспи. Кыйкымчыл бюрократия тинтип издесе да мындай манифестациядан кынтык табышы кыйын. Мекенди ардактоо сезими менен андагы калыстыктын орношуна болгон күрөштүн ортосунда түздөн түз байланыш бар экендиги да жөө жүрүштүн майнаптуу жагы болду. Өз максатына жеткен ошол акция менен болочоктогу массалык жүрүштөргө алгачкы прецедент түзүлдү. Прецедент болсо эрежеге жол ачып, негиз болушу анык. Укуктук өлкөлөр жалаң прецеденттерден турары башынан белгилүү. Мындан кийин, ушуга окшогон жөө жүрүштөргө тыюу салуу - бийликтин бери болгондо зордук-зомбулгу катары кабыл алынары айкын.
"Мен ишенбейм" жаштар кыймылы, эмки жүрүшүн административдик ресурстар аркылуу адилетсиз шайлоодо "жеңишке" жетишкен президенттин администрациясынын тоталдык көзөмөлүндөгү "чөнтөк" партия "Ак жолду" колдойбуз деген кыяз менен бир короо койду туурап маарап, жүрүш менен өтүшсө таң калып деле болбос эле. Жөө жүрүш боюнча өзүбүздө прецедент ал эми, "Нур Отанды" "Нур Отарга" салыштырган коңшу Казакстандын жаштар кыймылынын акциясынын прецеденти болсо бар. Эмне үчүн жетишилген ийгиликти андан ары өнтүктүрүүө, эмне үчүн коңшулардан үлгү алууга болбосун.

Үсөн Касыбеков