![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №23, 19.02.08-ж. |
Меймансап Форум Тарых барактарынан ЖАЙЫЛ ХАН "Эр чекишпей, бекишпейт" Жунгар хандыгы кулап, калмактар Кыргызстандан куулган соң, кыргыз жайыттары казактын жерине жакын жайгашып, коомдук-саясый мамилелер күч алган. Бери дегенде, жарым кылымга чейин чет элдик баскынчылардын кол алдында болуп келген Иле да-рыясынын аймактары жана Чүй, Талас өрөөндөрүнүн тегерегине мурунку жер ээлери кыргыздардын кайра келиши менен алардын казак коңшулары ортосунда мурун так чек ара болбогондуктан, кез-кезде орто аралыктардагы жайыттарды талашуу, барымталап мал айдап кетүүлөр байкала баштаган. Кыргыз-казак мамилелеринин курчушуна ал кездеги алардын өлкөлөрүндө саясый бытырандылыктын үстөмдүүлүгүнүн негизинде соода-сатык иштери менен катташып турган адамдардын тонолуп, куугунтукка учурашы себепкер болгон эле. Ал эми кербен жолдор алардын жер аймактарын аралап өтүп турганы да жакшы белгилүү. Казактардын соодагерлери кыргыз жергесинен Чыгыш Түркстандын (Синьцзян) шаарлары - Аксуу, үч Турпан, Кашкарга, андан ары Кытай, Индияга жол тартышса, Фергана өрөөнүндөгү шаарлар Ош, Анжиян, Маргалаң, Кокон, Ташкент аркылуу Бухара, Самаркан, Стамбулга жана Мекке, Мединага барышкан. Казактардын бир бөлүгү XVIII кылымдын биринчи жарымында эле Россия империясынын кол алдына өтүп, орус элин Орто Азия элдери, алардын ичинен кыргыздар менен соода иштерине ортомчу боло баштаган эле. Ушундай эки тараптуу кызыкчылык кыргыздарга да таандык болгон. Анткени кыргыздардан аз да болсо соодагерлер чыгып, Атаке баатыр, Эсенгул бий өздөрүнүн соода кербендерин казак талаалары аркылуу Россия империясынын чек арадагы соода шаарлары Семипалатинск, Петропавловск, Омск, Усткаменогорск жана башка жерлерге чейин жетип, соода кылып турушкан. Тарыхый булактардын маалыматтары боюнча алгачкы кыргыз-казак мамилелеринде өз ара кагылышуу 1759-жылы жай мезгилинде башталган. Орто жүз казагынын ханы Абылмамбеттин уулу Абылмечит жана Барактын уулу Ханбабалар баш болгон казактардын он беш миң колу кыргыздардын теит уруусунан Ноорус баатырдын айылына чабуул жасашкан. Бул иш эмне менен бүткөнү белгисиз. 1760-жылдагы кыргыздардын казактарга каршы колун саяк уруусундагы Садыр баатыр Арзымат уулу баштаган деп кыргыз уламыштарында айтылат. Ошол эле жылы казак күчтөрү кыргыз аймактарына жортуул жасап, көп зыян келтиришкен. 1762-жылдын күз мезгилинде казак, кыргыз, өзбек айылдарында Цинь империясынын колдору келерки 1763-жылы жазында Түркстан чөлкөмүнө кол салат экен деген маалыматтар тез арада тарап кеткен эле. Ушуга байланыштуу Орто Азия элдери бөтөн диндегилердин коркунучу алдында бири-бири менен араздашуусун токтотушуп, өзүлөрүнүн биримдигин көрсөтө алышты. Ушунун негизинде, Кокондун башчысы Ирдана бий убактылуу басып алган кыргыз шаарлары - Ош менен Өзгөндү өз ээлерине кайрып берген эле. Орто Азия элдеринин мындай биримдиги Цинь империясынын жаңы жерлерге көз артуусун токтоткон. Бөтөн диндегилердин көрсөткөн коркунучу басаңдашы менен кыргыз-казак кагылышуулары кайра жанданат. 1764-жылы күзүндө Иле дарыясынын жээктеринде көчүп-конуп жүрүшкөн Улуу жүз менен Орто жүз казактарына кыргыздардын жоокерлери үч жолу жортуулга барышып, көп туткун алып келишкен. Болжолу, ушул жүрүштөр учурунда, даңазалуу баатыр кол башчы, кийин 1771-жылы жалпы казак ханы болуп шайланган Абылай султан өзүнүн 17 жоокери менен кыргыздардын туткунуна түшүп, үч ай өткөн соң, кыргыздын ошол кездеги ханы Жайыл баатырдын буйругу менен бошотулган. Өз мезгилинде Шокан Уалиханов Аблайдын кыргыздардын туткунунда болгондугун ачык эле жазган 1765-жылдын башында, кыш мезгилинде казактын Орто жүзүнүн султаны Абулфеистин Талас өрөөнүндөгү Каработо бий башчылык кылган (кытай уруусунан) кыргыздарга жортуулу, кыязы, Аблай султандын туткунда камалышы менен байланышса керек. Анткени, ошол эле жылы күзүндө Абылай султан көп кол жыйнап келип ушул аймактагы кыргыздарга кыргын салып, Каработо бийдин өз уулун баш кылып тогуз кишинин үй-бүлөсү менен аманаттыкка алып кеткен. Алар бир жыл өтпөй кайра өз жерлерине коё берилген. 1767-жылы Абылай султан Ташкенттин тегерегиндеги кыргыздарга кол салат да, андан ары Ферганага жакындайт. Бирок ал ушул жерден Кокон шаарынын кол башчысы Ирдана бийдин жетекчилигинде кыргыз-өзбек биримдик күчтөрүнөн жеңилип (султан капталына жана аркасына мылтыктын огу тийип оор жарат алган), кайра артка чегинүүгө мажбур болгон. XVIII кылымдын 60-жылынын аягында Иле дарыясынын жээгинде көчүп-конуп жүрүшкөн казактарга кыргыздардын саяк уруусунан чыккан Жаманак баатыр баш болгон чалгындоочу кошуун жортуул жасап кайтышат. Буларга жооп катары казактардын Орто жүзүнүн найман уруусунун султаны Барак (Көкжарлык) баштаган 4-5 миң колу Чүй өрөөнүнөн чабуулга өтүшүп, Кочкорго чейин жетишет. Кыргыздар алгач бейкапар жаткандыктан чегинүүгө мажбур болушкан. Чечүүчү салгылашуу Кочкор өрөөнүндө Кызарт ашуусуна жакын жерде өткөн. Кыргыздардын күчтөрүн жетектеген сарыбагыш уруусунан Эсенгул Болот бий уулу болгон. Алар бир чети жер ыңгайын таасын пайдаланып, амалкөйлүк менен чаң-тополоң жасап жиберип, Барактын жоокерлерин артка чегинүүгө мажбур кылышат. Бир нече жоокер башчылары: Айтак, Арзы, Жапек, Куржулар курман болушкан, ал эми Барак өзү да Кескенташта колго түшүп, өлүмгө учураган. (Уландысы бар) Дөөлөөтбек Сапаралиев, доцент, тарых илиминин кандидаты Жан үркүтөр кабарлардан Кырк үч аркар Жаратылыш мыкаачылары кырк үч аркарды атып келаткан жеринен кылтакка илиништи. Кырк үч аркар! Кырк үч аркар! Кыялап кырга чыгып, Кыялап кырдан түшүп. Кызыл кеч, буурул таңдар. Буттары жерге тийбей, Булуттарга көч баштап жүрөт эле. Көшүлүп жуушай калса, Көк кумайда тартылган сүрөт эле. Кырк үч аркар! Кырк үч аркар! Жайыкта бетегелүү, Жатчу эле искеп коюп бетегени. Чалкайган айды карап күтөөр эле. Чачырап мүйүздөрдөн, Чагылгандар чартылдап түшөөр эле. Кубалашып кеч күздө, Кууттарын бүтөөр эле. Кырк үч аркар! Кырк үч аркар! Эмизип бошураагын, Ээрчитип козуларын. Жалбарып ийип кетип, Жайылтып бийиктетип. Тукумун карегиндей сактаар эле, Тумандарга кирип кетип. Кырк үч ок! Кырк үч ок! Кайдан, жайдан атырылды, Кырк үч аркар! Кырк үч жерге жапырылды. Мылтыктын күчөп улам жаңырыгы, Кара зоонун түтөп улам каңырыгы. - Балаңды ат ай! Балаңды ат! Памир эмес, Гималайга эшитилди, Бакырган чаңырыгы. Кырк үч аркар! Кырк үч аркар! Сулап жатат, Сулуулуктун периштеси. - Убалыңар жетсин! - деп адамзатка, Улуп калды, Улуу тоонун эрте, кечи! Жолочу Рысбаев Ойлонсоң боло! Мирбек Иманбековдон "эмне пайда?" 23-февраль "Атамекенди коргоо" күнү да, бул күнгө ырчылар өзгөчө дем кошуп, күчкө кубат бере турчу ырларды ырдап, элдин жандүйнөсүнө Атамекенди сүйүүгө, "Туулган жердин топурагы алтын" экенин билүүгө ынтызарлантып, азык берчү ырларга басым коючу эмес беле, а Мирбек Иманбеков болсо, бул ирет "жаңылык" киргизди. Болгондо да, Атажуртка болгон көзкарашын ачык билдирди. А-ай, Мирбек! Канча жолу "элим үчүн", "жумшалат кыргызга менин күчүм" деп көп айтсаң да, чыныгы көрөңгөң көрүнүп калды. Билесиңби, "Кыргыз кыйытып айтса түшүнөт" деген кеп бар калың элде, ошону эсиңе ала жүрчү, сен деле. "Атамекенди сүйгөндө, Атажурт үчүн күйгөндө "Эмне пайда?" деп, 22-23-февралда Спорт ордосунда өтө турган концертиңдин "жаңылыгынан" да жаңырыгы күчтүү болду го, ыя?! Сенин ушундай чакырыктагы концертиңе кимдер барат билбейм. Эч ким барбай койбойт дечи, бирок көбүнүн көкүрөгү бош, Атамекенди коргоого, кыргыздын келечегин ойлоого, колунан келген аракети менен өлкөнү оңдоого көңүл кош жаштар барат (ансыз да улуулар сенин концертиңе таңсык эмес). Ырас ар бир ырчынын өзүнө жаккан ыры болот, бирок сөз тирүү, анын айтылбаган сыры, көрүнбөгөн кыры да бар. Атты туура тандасаң болмок. Мунара Айбек кызы Силер билесиңерби? Адам деген өтө кызыктуу жандык 1. 1918-1919 жылы грипп эпидемиясы Америка менен Европада 20 миллиондон ашык адамдын өмүрүн алып кеткен. 2. Адам баласы жылмайганда 17 булчуң эттери жыйрылып иштейт. 3. Бир күндө бир куту тамеки чеккен адам, бир жылда жарым пияла смола ичкендей болот. 4. Адам канында 80 миң ген сакталат экен. 5. Өмүрүндө адамдын манжалары 25 миллион жолу ачылып жумулат. 6. Адам жаңы төрөлгөндө мээсинде 14 миллиард клеткасы болот, өлгөнгө чейин ошол клеткалар бир калыпта көбөйбөй сакталып турат. 25 жаштан кийин клеткалардын саны ар күнүнө 100 миңге чейин азайып жүрүп отурат. Бир нерсени тынбай окусаң, ар бир мүнөттө 70 клетка өлүп турат. 40 жаштан кийин мээнин клеткаларынын өлүшү мурдагыдан 2 эсе күчөйт. Элүү жаштан кийин нерв клеткаларындагы нейрондор өлө баштайт да, мээ акырындап кургап, көлөмү кичирейе берет. 7. Адамдын оозунда 40 миң бактерия бар. 8. Адамдын өпкөсүнүн оң жагы сол жагына караганда абаны өзүнө көбүрөөк топтойт. 9. Адам жүрөгүнүн чоңдугу өзүнүн муштуму менен тең болот. Ал эми чоң кишинин жүрөгүнүн салмагы болсо 220-260 граммга жетет . 10. Орто курактагы адам дем алууда бир күндө 23 миң жолу абаны өзүнө кабыл алып кайра чыгарат. 11. Адам организминдеги эң эле күчтүү булчуң тил болуп эсептелет. 12. Адам жүрөгү бир жылда 36800000 жолу кагат. 13. Адам сөөгүнүн 50% пайызын суу түзөт. 14. Адам уктап көзүн илинтүү үчүн орточо 7 мүнөт талап кылынат. 15. 1880-жылы кокаин адамдарга суук тийгенди, баш оору, уйкусуздук үчүн дары катары эле сатылчу. С. Мырзакулов |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|