presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


ЗНАКОМСТВА

  Ал анан тын!

"Кумтөр" компаниясынын келечеги кандай болот?
- Кабарчы:-"Центерра"-"Камеко" бир компания да, алардын камсыздандыруусу бар, Кыргызстан ошондой камсыздандырууга жетише алган жок да.
- О. Дүйшеев: -Жетише алган жок.Саясий абалга байланыштуу биз аябай чоң акча алганбыз, биз андан кутулушубуз керек. Биздин мурунку кетирген кемчиликтерибизге "Камеко" жооп бербейт. Ким ката кетирсе,ошол жооп берсин. Эгерде А. Акаев жанагыдай акча алса, анда ал жооп берсин.
- Кабарчы :"Кумтөр" 15- февралда ратификация болбой калды дейли, мөөнөтү бүтөт, эгер "Кумтөр" жабылып калса кандай болот?
- К. Исабеков: - Танаев кол койгон келишим жок болсо эле "Центерра" жок. Экинчиден эл аралык соттон да коркуп кереги жок.Себеби генералдык келишим боюнча өткөн жылы, 2007-жылы 10-майда бул толугу менен Кыргызстандын башкаруусуна өтмөк болчу. Бул атайын жасалган нерсе болуп жатат. Биз өткөн жылы ошол башкарууну алышыбыз керек болучу. Сиз камсыздандырууну айтып жатасыз, мисалы 98- жылы Барскоондун авариясы болду, камсыздандыруу төлөмүнүн 67 пайызын ыргытат экен, кайда ал процент? 2002-жылы карьерде киши өлдү. А жерде камсыздандыруу кайда? Албетте, канадалыктар менен ошол кездеги бийликтин чөнтөгүндө. Эгерде биздин башарууга өткөн болсо, анда сүйлөшүп да кереги жок болучу.
О. Дүйшеев: -Биз "Кумтөрдөн" зыяндан башка пайда көргөнүбүз жок деген такыр туура эмес. 10 жылдын ичинде 182 тонна алтын алып, аны 2 млрд долларга саттык. Анын 677 млну алган кредитке кетти. Ал эми 640 млн доллары Кыргызстанда калды, анын 180 млн доллары бюджетке түштү, калгандарын 100 млн долларын кыргызстандыктар айлык кылып алышты.
К. Исабеков: -Негизи бүгүнкү күндө 191 миң 200 кг алтын алынды, 1 млрд 700 млнго сатылды, ошонун 10 эле пайызы Кыргызстандын бюджетине түштү. Калганы жок, көпчүлүгүн тигилер алып кетти. Кенди канадалыктар өкмөт менен келишим түзгөн да, эл аралык банктан залогго коюп акча алган.
И.Өмүркулов: - Жогоруда көтөрүп жаткан маселелердин мезгили өтүп кетти. Эми алды жакты карайлы да. Кептин баары акцияда болуп жатат. Ушунун тегерегинде иш козгойбуз дейт, бүгүнкүгө чейин эмне кылып жүрүштү? Бүгүнкүгө чейин иш козгогонго өкмөттө толук укук бар эле. Бүгүнкү күндө "Центерранын" акциясы, Кыргызстандын акциясы жана он чакты бөлөк акционерлер бар, аларда акциянын 20 пайызынан көбүрөөгү ошолордо, алар эмне болгон фирмалар, кандай баалар менен, кантип сатып алган, мунун баарын изилдеш керек. Булардын баары кала берди.
- Кабарчы: -Өкмөт бул келишимдин ратификацияланышына кызыкдар деп жатабыз, а бирок ошол эле учурда финансы полициясынын кылмыш ишин козгоп жатканын кандай түшүнсөк болот?
- И. Өмүркулов: - Адилет министрлиги айткан өзүнүн позициясы жана финполициянын иш козгоп жатышы күмөн жаратып жатат. Эгер өкмөттүн жалпы позициясы болбосо, ар ким өз билгенин жасай береби?
О. Дүйшеев: - Менин ушунчалык жүрөгүм ооруп жатат, дагы бир балакет болуп үчүнчү күч дегени чыгып калбадыбы деп. Анткени бизде буга окшогон көп эле болуп жатат. "Жерүй" маселесинде бүтүп калган ишти токтотуп туруп Талас өрөөнү 206 млн доллардан куру калды. Кыргызстан андагы алтынды чыгара албай калды. Азыр да үчүнчү күч чыгып туруп, Кыргызстандын пайдасына эмес, чөнтөгүнө анча- мынча пайда түшүп калса эле жоготуп коюунун эсебине түшүп жатат. Кубанычбектин өзүнүн ою болсо жакшы, айтууга мүмкүн. А эгер бул үчүнчү күчтүн ою болуп калса, Кыргызстанды жаман жолго түрткөн ой болсо жаман. "Центерраны" жоюп жиберсек, акциянын баасы 2 млрд. доллар. Анын бир миллиарды биздики болсо да, бир миллиарды н кантип төлөйбүз?
Кабарчы: - Биз бул программага экономика жана өнүгүү министри Акылбек Жапаровду да чакырган элек, бирок ал келген жок.




  Мекеним мейкин, күндүн нуру төгүлгөн…

Мекенди кантип коргойбуз?
Атажурт… Мекен … Ар бир атуулдун жүрөгүндө түнөгөн ыйык ат. Мекендин бир ууч топурагы өмүрдөн кымбат, алмаштырылгыс деп бекеринен айтылбаса керек. Ал эми Мекен ар дайым корголууга тийиш. Ар бир атуул өз Мекенин коргоого милдетүү. А биздин Мекен кантип корголуп жатат жана Мекенимди коргоого кандай салым кошуп жатам?-деген суроого жооп издеп, айрымдарга кайрылганбыз:

Догдурбек Урмамбетов, обончу:
- Мекенди коргоо десе эле мылтык кармап, форма кийген аскерлер көз алдыбызга тартыла түшөт. Мекенди коргоонун бир топ жагдайлары бар. Мекенди курал алып гана коргобостон, рухий жактан коргоого болот. Бизде азыр рухий жактан коргоо, жаштарга патриоттук тарбия берүү жетиштүү болбой жаткандыгын моюнга алуубуз керек. Обончу катары Мекенди коргоого болгон менин милдетим - Мекенге болгон жаштардын сүйүүсүн ойготуу.
Жамила Талканбаева, милициянын капитаны:
- Негизгиси ар бир адам патриот болсо, Мекендин корголгону ошол. Патриот адам эч качан Мекенин алмашпайт, сатпайт жана эч кимге тепсетпейт. Баарынан бийик коет, ыйык деп билет.
Атайбек Мергеналиев, катардагы жоокер:
- Учурда 41069 аскердик бөлүгүндө кызмат өтөп жатам. Былтыр жазда аскерге келгем. Аскерде кызмат кылуу ар бир жигиттин ыйык милдети. Мен бул убакыттын ичинде тартипке, өзүмдү таза алып жүргөнгө, ар түрдүү куралдарды колдонгонду үйрөндүм. Кокус, Мекендин бейпилдигине коркунуч келе турган болсо, колума курал алып коргоого ар дайым даярмын.
Иноят Ибрагимова, 55 жаштагы эне:
- Мекенди азыр кандай коргоп атышканын билбейм. Мен эне катары мекенине, эли-жерине кызматы артып, керегине жарасын деп төрт уулумду эрезеге жеткирдим. Ушунун өзү деле бир кичинекей салым болсо керек.
Сыягүл Садыр кызы, студент:
- Мекенди коргогонго салым кошу үчүн аскер болуш шарт эмес. Патриот болуп, мекенди жүрөк менен сүйүп, бөтөндөргө майкандатпай, Атажурттун ыйыктыгын даңазалап деле салым кошсо болот. Азыр бийликтегилер жерди кертип сатпай, кен-байлыктарыбызды сактап, ак кызмат кылып койсо эле, Мекенди сүйүп, коргогон болушат эле. Бирок, биздин бийлик анткендин ордуна, тескерисинче болуп атпайбы. Мекен ар дайым корголууга тийиш экенин биринчи кезекте бийликтегилер билиши керек болчу.
Майрам тарыхы
Бул майрамдын келип чыгуу төркүнү биринчи дүйнөлүк согуш мезгилине дал келет. 1918-жылдын февраль айында герман аскерлери баардык фронт боюнча чабуулга өтүшкөндүктөн, 21-февралда түзүлгөн СССРдин курамындагы республикаларынын эл комиссарларынын Кеңеши, "Мекенди коргоо ыйык милдет" деп жарыялаган. Кызыл Армияга миңдеген жоокерлер кабыл алынып, душмандардын соккусуна каршы чыгышкан. Ошол кездеги Кызыл Армиянын биринчи отряддарынын жоокерлеринин эрдигинин урматына 23-февраль календарга Кызыл болуп бастырылып, майрамдалган. Кийинчерээк СССР курамындагы республикаларда советтик Армиянын жана Аскер деңиз флотунун күнү катары майрамдалып келди. Кыргыз Өкмөтүнүн 2003-жылдын 20-январындагы №17 токтомуна ылайык бул күндү Кыргызстан жыл сайын майрамдап келатат.
Кимдер майрамдайт?
Бул майрамды негизинен Коргоо министрлиги уюштуруп жүрөт. Аталган министрликтин пресс-кызматынын билдиргенине караганда, 22-февралында Коргоо министрлигинин өзүнчө аскердик-көрсөтмө оркестри жана Армиянын борбордук үйүнүн чыгармачыл жамааты тарабынан даярдалган концерт Т.Сатылганов атындагы улуттук филармонияда коюлуп, салтанаттуу жыйын өткөрүлөт. Майрамдык салтанатка Улуу Атамекендик согуштун жана Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери, Бишкек гарнизондорунун аскер кызматчылары, кошуун, бөлөк мекемелердин командирлери, бардык күч структуралары менен ведомстволорунун өкүлдөрү, жетекчилери, премьер-министр Игорь Чудиновдун катышуусу күтүлүүдө.
23-февралда, Коргоо министрлигинин өздүк курамы, мектеп окуучулары, студенттер, согуштун, эмгектин ардагерлери, аскер кызматчылары жана мамлекеттик көрүнүктүү жетекчилердин катышуусу менен "Аскердик каармандык" монументинин алдында салтанаттуу митинг өткөрүлөт.
Ушул эле күнү кечкисин "Алатоо" аянтында Бишкек шаарынын жашоочулары жана коноктору үчүн эстрада жылдыздары, Коргоо министрлигинин өзүнчө аскердик-көрсөтмө оркестринин, Армиянын борбордук үйүнүн чыгармачыл жамааты тарабынан концерт тартууланат.
Даярдаган
Гүлбарчын Якубова




  Муну билүү кызыктуу

Буларды ким ойлоп тапкан?
Көз айнек кантип пайда болгон?
Эң биринчи көз айнек XIX кылымда Англияда пайда болгон. Сары жана жашыл түстөгү айнек көздү коргоо үчүн чоң функция аткарган. Шамалдан, күндүн энергиясынан, чаңдан жана түтүндөн ушул түстөгү көз айнектер коргоп турган.

Ширеңке кайдан тараган?
Биринчи жолу ширеңке 577-жылы Кытайда пайда болгон. Отту күйгүзүү үчүн кытайлыктар соснадан жасалган кичинекей таякчаларды күкүрткө малып, кургаган соң бирине-бирин айкалыштырганда кадимки от чыккан. Ал эми Кытайдан Европага ширеңкелер XVI кылымда жеткен экен.

Алгачкы автомобиль
1875-жылы австриялык Зигфирд Маркук газ менен иштөөчү кыймылдаткыч аспаптарды чогултуу менен төрт дөңгөлөктүү арабаны ойлоп табат. Мындай тажрыйбадан ийгиликтүү жыйынтык чыгаарына ишенген Зигфирд бирге иштешкен достору Кари Бенц жана Петрибом Дайлилер менен кеңешип, 1885-жылы алгачкы автоунаанын жарык көрүшүнө салым кошушкан.

Велосипед качан колдонула баштаган?
Европада жарык көргөн эң биринчи велосипед жыгачтан жасалган дөңгөлөктөрү жана жыгач отургуч, рулдары менен 1801-жылга таандык. Негиздөөчүсү деп эсептелген Е.М.Артаманов ийгиликтүү аяктаган эмгегинин натыйжасында Уралдан Москвага жыгач велосипеди менен келген экен.

Эң ылдам поезд
Дүйнө жүзүндөгү эң ылдам жүргөн поездди Франциядан жолуктурууга болот. Эгерде поездде жүргүнчүлөр жок болсо, саатына 380 км чакырыкты басып өтсө, жүргүнчүлөр менен 270 км/саат ылдамдыкка ээ. Сырткы көрүнүшү кадимки ракетаны элестеткен поезддин бул түрү Японияда саатына 400 км ге ээ.

Даярдаган
Айжан Атаканова





а ­е¦Є.НҐй«