![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №24, 22.02.08-ж. |
Меймансап Форум Жасалма паспорттор Обору ачылган айым Ички иштер министрлиги тарабынан Ысыккөл областык ички иштер башкармалыгынын өткөн жылдагы ишмердүүлүгү текшерилген учурда паспорт столунун кызматкери, милициянын майору В.Балкияева деген айым 171 паспортту мыйзамсыз тараткандыгы аныкталган. Аныкталган фактынын үчөө Жетиөгүз РИИБнүн, 142 факты Каракол ШИИБнүн паспорт кызматында катталган. Себеби, В.Балкияева 2004-жылдын сентябрь айына чейин Жетиөгүз райбөлүмүнүн паспорт столунун начальниги болуп иштеп турган убагында райондун аймагында жашабаган эле адамдарга 1994-жылкы үлгүдөгү жалпы атуулдук паспортторду мыйзамсыз берген. Майор В.Балкияева ушуну менен эле чектелип калбастан, өз "ишмердигин" ал 2004-жылдын сентябрынан 2007-жылдын август айына чейин Каракол ШИИБнүн паспорт столунда уланткан. Ал жерде начальник болуп турган убагында В.Балкияеванын алкымы андан да ачылып, шаар аймагында жашабаган эле атуулдарга 168 даана жалпы атуулдук паспорттор менен өздүгүн тастыктоочу күбөлүктөрдү мыйзамсыз берип жиберген. Баарынан кызыгы, В.Балкияеванын мындай жоругуна бир да жетекчи "кой, ай" деп койгонго жарабагандыгы эмнени каңкуулайт. Ал тарабынан мыйзамсыз берилген 171 даана паспорттордун №1-формасынын биринде да түздөн-түз, мындайча айтканда, райбөлүмдүн жетекчилеринин колдору жок. Мындан да кызыгы паспорт столдорго эркин жалданып жумушка киргендерге ошол учурда бир дагы буйрук чыккан эмес. В.Балкияева 1996-жылы Ысыккөл ОИИБнын паспорт-виза бөлүмүнүн кызматкери болуп иштеп турган чагында эле кызмат абалынан кыянат пайдаланып, иштен куулган. Бирок, 1997-жылдын июль айында ал кайрадан ИИОнун катарына кабыл алынып, 2002-жылы, март айында Жетиөгүз РИИБнүн паспорт столуна начальниги кызматына көтөрүлгөн. В.Балкияева паспорт кызматында иштеп турган чагында эле эки жолу тартиптик жазага кириптер болуп, Улуттук коопсуздук кызматынын тергөө башкармалыгы, ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан анын үстүнөн бир нече жолу кылмыш иши да козголгон. Бирок, көнгөн адатын таштай албай, андан кийин деле паспортторду өз менчигиндей, каалагандай таркатып, акыры айыбы ачылган милициянын майорунун үстүнөн кылмыш иши козголуп, органдан биротоло куулду. Ушундай жүзүкара иштеринин кесепети өз башына эле тийбей, бир нече милиция кызматкерлерине да кедергиси тийип, "кекиртеги кернейдей" айымдын артынан жооптуу жетекчилер да ар кандай жазага кириптер болушту. Ишенген кожом сен болсоң... Погончон кылмышкерлер Кылмыш жаза кодексиндеги "Кызмат абалынан кыянат пайдалануу" деген статья кийинки кездерде көбүрөөк кайталанчу болду. Көбүнчө укук сакчыларынын арасында. Алсак, 18-февраль күнү Ош шаардык прокуратурасы тарабынан билдирүү түшүп, анда Ош шаардык ИИБнын тергөөчүсү ага лейтенант Б.Машиев деген неме жол кырсыгын жасаган адамды акташ үчүн жабырлануучунун арызын өз билгендей оңдоп, өз колун коюп, эч кандай соттук экспертиза дайындабай туруп эле ишти кыскартып таштаган. Мыйзамсыз кыскартылган ишти прокуратура кызматкерлери таап чыгышып, азыр иликтөө иштери жүрүп жатат. Ал эми органда кылмыш ишин жөн эле кыскарта беришпейт да. Себеби, элде "кур аякка бата жүрбөйт" деген кеп бар эмеспи. Ушул эле 18-февраль күнү ИИМдин МАИ башкармалыгынын бакыйган полковниги пара алып колго түштү. Аталган башкармалыкта ага инспектор болуп иштеген полковник Б.Сейдалиев Лебединовка айылынын тургуну В.Каримовго "БМВ" маркасындагы автомашинаны анын наамына каттап берүүгө уруксаат бергендиги үчүн 1000 сом алып жатып кармалды. Ошондой эле 18-февраль Ноокат райондук прокуратурасынан билдирүү түшүп, анда Ноокат РИИБнүн ага оперуполномочени, ага лейтенант К.Мырзаматов милицияга мастыгы үчүн алынып келинген Б.Мадумаров дегенди эч себепсиз уруп-сабап, жаман сөздөр менен боктоп сөгүп, ыза кылган. Ооба, кылмыш кодексинде мас адамдарды уруп-сабап, адамдык абийирине шек келтиргенге жол берилген эмес. Эми чоң муштум милиционер кечирим сурабаса өзүнүн абалы оор болуп калышы мүмкүн. Тынчы жок Талас Чүмбөтчөн түнкү меймандар Талас областында кара чүмбөт кийип, каракчылык кылгандардын саны арбып баратат. Мындай көрүнүш таластыктардын төө буурчак менен бутуна туруп, эли байып баратканын кабарлайбы же каржалган эл кара курсактын айынан бири бирине тиш салганды өнөкөт кылып баратабы айтуу кыйын. 17-февраль күнү да түн ичинде чүмбөтчөн үч каракчы, ок атуучу курал менен Талас районунун А.Огонбаев айылынын тургуну, колунда бар, иштерман жигит М.Чынасылов дегендин үйүнө кокустан кирип кол салышкан. Үй ээсинин келинчеги К.Болотбекованын кекиртегине мылтык такашып, акча берүүсүн талап кылышкан. Иштеп акча тапканды жакшы өздөштүргөн ишкер жигит акчасын сактай да аларын көрсөттү. Ал каракчыларга тизе бүгүп, айткандарын бере салган жок. Спорттун да түрүн жакшы билгендиктен каракчыларга каршылык көрсөтүп, экөөсүн тоголото чапканга үлгүргөн үй ээсинин мындай шамдагайлыгын күтпөгөн каракчылар өздөрү коркуп кетип качууга аргасыз болушкан. Азыр түнкү коноктор изделүүдө. Ал эми өткөн жылдын июнь айында Талас районунда Турциянын атуулу Али уста Долашыктын "Мерседес" автомашинасы өрттөлүп кеткен эле. Жакында таластык милиционерлер бул иштин бетин ачышты. Көрсө, төө буурчактын айынан Таласта жүргөн түрк меймандын автомашинасын И.Абдыкадыров деген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү атайлап коркутуу үчүн өрттөп жибергендиги дайын болду. Азыр И.Абдыкадыров кармалып, эмне үчүн өрттөгөндүгү жана башка да кылмыштары боюнча сурак берүүдө. Операция жыйынтыктары Казармандын карышкырлары... "Алтын чөйчөк" аталган айтылуу Тогузтородо быйыл кыш өзгөчө суук болгондугун айттырбай эле билип турабыз. Кар калың түшүп, 30 градустан ашкан аязы, алыстыгы аз келгенсип, техникалык каражаттардын жетишсиздиги милиция кызматкерлеринин бир жагынан жүдөтүп тургандай. Ошого карабастан бөлүмдүн жаңы дайындалган жетекчиси А.Малабеков башында турган райондук милициянын өздүк курамы аймактагы жасалган кылмыштардын бетин ачып, коомдук тартипти коргоп келишет. Райондун аймагында 2007-жылдын ичинде 62 кылмыш иштери катталып, 57 кылмыш тергелип, 50 кылмыштын беттери ачылып соттун кароосуна жөнөтүлдү. Кылмыштын алдын алуу боюнча көрүлгөн аракеттерге карабастан райондун аймагында оор кылмыштар да болбой койгон жок. Бирок, өздүк курам жасалган оор кылмыштарды өз учурунда ачып, жүздөрү жарык. Негизинен райондогу жасалган кылмыштардын басымдуу бөлүгү жергиликтүү элдерден эмес, башка жактан келгендер тарабынан көбүрөөк жасалууда. Алсак, 2007- жылдын 23-октябрында өткөрүлгөн "Допинг" операциясынын жүрүшүндө Өмүралиев Азиз деген жигит 1 кг.200 гр. гашиш менен кылтакка илинди. текшерүүдө бул жигит Чүйдүн Кемин районунун Актуз айылынын тургуну болуп чыкты. Алтын чыккан жерде акчалуулар көп деп ойлогонбу атайын Бишкектен ат арытып келип, арам иштерин жүзөгө ашырам деген ою таш капты. Алыстан келгендерди айырбай тааныган жергиликтүү оперативниктер анын айыбын ачышып, азыр темир тор артында отурган кези. Ал эми 2007-жылдын 13-декабрына караган түнү саат 05.00 чамасында Казарман айылынын Нуржайык шаарчасынын Макмал орто мектебинин спорттук аянтчасынан азиат улутундагы, жашы 25-30 чамасындагы башы, бетинде жаракаттары бар адамдын денеси табылган. Бул факты боюнча Тогузторо РИИБнүн кызматкерлеринин жүргүзгөн оперативдүү-иликтөө иштеринин натыйжасында маркумдун өздүгү такталып, Нарын шаарынын Жаштык көчөсүнүн тургуну 1979-жылы туулган, мурда соттолгон Сарыгулов Талантбек экендиги аныкталган. Бул оор кылмыштын бети үч күндүн ичинде ачылып, кылмышка шектүү адамдар колго түшүрүлдү. Алар Казармандык 1975-жылы туулган Абдыманап уулу Доктурбек жана 1977-жылы туулган Токтомамбетов Токтожума болуп чыгышты. Текшерүүдө үчөө чогуу арак ичишип, өз ара урушуп кетишип, мейманды уруп-сабап катуу тепкилегендин натыйжасында ошол жерде каза болгондугу аныкталды. Ошондой эле 2008- жылдын 21-январь күнү саат 21.45 чамаларында Казарман айылынын тургуну Сасиева Салыйбүнүн үйүнө кирген комуфляж кийимчен, маскачан 4 адам ок атуучу курал менен коркутушуп, иниси 1976-жылы туулган Сасиев Султанбекти тапанча такап сыртка алып чыгышып, башына кара түстөгү мүшөк кийгизип белгисиз автомашинага салып уурдап кетишкен. Бул боюнча Тогузторо РИИБнө билдирүү түшөөр менен бөлүмдүн начальниги, милициянын подполковниги А.Малабеков "Перехват" операциясын киргизип, бөлүмдүн кызматкерлери М.Нурманбетов, З.Камбаров, О.Умаралиев жана С.Буйлашов кирген оперативдүү топ кылмышка шектүү ак түстөгү "Ауди - 100" маркасындагы мамлекеттик номери В 87-58 Н автомашинасын кууп жетип, колго түшүрүшкөн. Кылмышка шектүүлөр Бишкек шаарындагы "Жал" кичи районунун тургундары: 1984-жылы туулган Абдымалик уулу Марат жана 1986-жылы туулган Чурмышев Заур дегендер болуп чыгышты. Автоунаадан катылган жеринен 1 тапанча 7 огу менен, 2 бронежилет, 2 комуфляж жана 1 кара түстүгү маска табылган. "Перехват" операциясы боюнча өз убагында иликтөө иштери жүргүзүлүп, уурдалып кеткен Сасиев Султанбек Карагөө ашуусунан таштап кеткен жеринен бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан табылып, алынып келинди. Азыр тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат. Ал эми кылмышка шектүү дагы алардын экөөсү изделүүдө. Бетти даярдаган С.Калманбетов Уурусу күч болсо... Тобо, милициялар да кордук көрүшөбү? 14-март күнү Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайында кылмыш кодексинин 154-статьясы менен уурулук жасагандыгы үчүн кармалып, камакта отурган 19 жаштагы А.Байтемиров деген жигит камерада өзүн өзү асып өлтүргөн. Маркумдун сөөгүн жерге бергенден кийин жаалданган туугандары 18-февраль күнү таң эрте шаардык ички иштер бөлүмүнө жулунуп келишип, бөлүмдүн терезе эшиктерин талкалап, милиция кызматкерлерин жаман сөздөр менен тилдеп, бөлүмдүн начальнигинин кабинетине чейин кирип, андагы сувенирлерди, башка буюмдарды талкалашып, өч алышкан. Алардын арасынан бир аял баштыгына сала келген бир бөтөлкө бензинди алып чыгып, нөөмөт бөлүмүнүн начальниги Т.Дербишалиевдин үстүнө, кабинеттерге чачып, өрттөйм деп жулунган. Алкынган аялды токтотууга аракет жасаган милициянын сержанты Н.Исраилов менен убактылуу кармоочу жайдын начальниги Кулмамбетов ур-тепкиге калышып, жаалданган топ алардын погондорун жулуп, кийимдерин тытып ташташкан. Ооба, бул жерде адам өлүп, анын туугандарынын ичи ачышып турганын түшүнүүгө болот. Бирок, эмне себептен өлгөнүн, ага ким күнөөлүү экенин териштирбей туруп мыйзамсыз түрдө мындай ишке барган жогорудагы топтун жоругу кылмыштарды каттоо китебине катталды. Эки сааттай "оюн" койгон топ саат 12 лерде араң тарашты. Азыр иликтөө иштери жүрүп жатат. |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|