Коомдук-саясый гезит
№24, 22.02.08-ж.

Меймансап
Форум



◄◄◄
  Спорт дүйнөсүндө

БЭЭЖИНДЕ ОЛИМПИАДАГА ДАЯРДЫКТАР ЖАКШЫ БОЛГОНУ МЕНЕН КЕМЧИЛИКТЕР ДА БАР
Бээжинде өтө турган олимпиада оюндарына даярдыктын, камылганын начардыгы спорт коомчулугунда сынга алынууда. Быйыл август айында өтө турган жайкы олимпиадалык оюндар спорттун 28 түрү боюнча өткөрүлүп, ага дүйнөнүн 203 өлкөсүнүн 11 миңдей спортчусу катышмакчы.

Бээжин олимпиадалык оюндары спорттун 28 түрү, 35 дициплина боюнча өткөрүлмөкчү. Олимпиаданын ачылыш аземине чейин эле Грециянын Олимп тоосунан тутанган отту колдон колго өткөрүү менен бардык континенттерди аралатып 8- августта олимпиаданын ачылыш аземине алып барышат. Олимпиаданын оту 17 күн күйүп, таймашууларга 203 өлкөнүн 11 миндей спортчусу катышат.
Олимпиадалык күч сынашуулар Кытайдын баш калаасы Бээжинден сырткары дагы 6 шаарында болмокчу. Алар Гонконг, Шанхай, Гуанжо, Танжин, Гунхунгдо жана Шенианд шаарларында спорттун айрым түрлөрүнөн мөрөй талашуулар белгиленген. Бээжинден 550 чакырым алыстагы Гуанжо шаарында парус, яхта спорту боюнча мелдештер өткөрүлмөкчү. Ал эми Бээжинден 1 миң 988 чакырым алыстагы Гонконг шаарында ат спортунун олимпиадалык күч сынашуулар белгиленген. Калган 4 шаарда футбол боюнча мыктыларды иргеп алуу мелдештери болмокчу.
Спорттун 28 түрү боюнча жеңүүчүлөргө 302 комплект медалдар ыйгарылат. Анын ичинен 302 спортчу олимпиаданын чемпиондук алтын медалын тагынат. Олимпиадалык оюндардын жүрүшүн, мөрөй талашууларды дүйнөлүк маалымат каражаттарынын 5 минден ашуун журналисти чагылдырмакчы.
Жакында эле Бээжинде Эл аралык олимпиада комитети даярдыктын жүрүшү, айрым кемчиликтерге жол берилип жаткандыгын талдоого алган жыйын өткөрдү. Кыргызстандын улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы, өлкөнүн жеңил атлетика федерациясынын президенти Канат Аманкуловдун пикиринде, Бээжин олимпиадасын уюштуруу комитетинин жетекчилеринин кенебестигинен ар кандай көйгөйлөр пайда болууда.
- Жайкы олимпиада оюндарын коноктой турган Бээжинде даярдык иштери кызуу уланууда. Спорт жайлары катар-катар түшүп, турак-жайларды да бүт актап, сырдап жатышат. Бирок спорт дүйнөсүнөн тышкары, оюндардын коопсуздугун камсыздоо маселесине да көңүл буруу зарыл. Ушуга байланыштуу, Кытай бийликтерине эл аралык коомчулук менен алакасын бекемдеп, ошол эле мезгилде өз өлкөсүндөгү саясий оппоненттерин катуу көзөмөлгө алууга мүмкүнчүлүк түзүүсү керек. Даярдык тууралуу документтер, иш кагаздары өз мөөнөтүндө жиберилбей, учурунда жооп келбей жатат. Кытайда бюрократия күчтүү экен. Ал түгүл Катар өлкөсүндөгү Дохада өткөн 15-Азия оюндары Бээжинге үлгү болоорлук тажрыйбасы бар эле.
Бээжиндеги экономика жана бизнес университетинин 3- курсунун студенти Жайсаң Өмүралиевдин айтымында, олимпиада оюндарына 40 миллиард доллар бөлгөн Бээжин спорт жайларынан тышкары 20 миң имаратты кайра оңдоп, жарды-жалчылар жашаган оодандарды тазалап, саябан бактарды отургузууда.
- Бул жаатта Кытай мурда Олимпиада оюндарын өткөргөн өлкөлөрдүн тажрыйбаларын үйрөнүүдө. Кытайдын коопсуздук кызматкерлери баш калаанын көчөлөрүн чөнтөкчүлөрдөн жана үй-жайсыз тентимиштерден тазалоо менен алектенишмекчи. Оюндун убагында бирөөлөр демонстрация уюштуруп, же укук коргоочуларга байланыштуу чыр чыгышына Кытай жол бере албайт. Абдан катуу даярдык көрүп жатышат. Бээжинде көк асманды көрүү кыйын эле. Кийинки айларда асмандагы жылдыздар көрүнүп, экологияга маани берилип жатат. Олимпиада курулуштарына байланыштуу шаардын Дончең, Хичең, Чоңвен жана Хуанву оодандары айрыкча запкы тартууда. Аталган райондордо турмушу начар тургундар жыш отурукташкан. Алардын көбүн күч менен көчүрүп, айрымдарына жарыбаган компенсация төлөп беришкен.
Өлкөнүн дене тарбия, спорт жана жаштар саясаты, балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттигинин жетекчисинин орун басары Алмаз Касенов маалымдаганына караганда, учурда кыргызстандык 8 спортчу Бээжин олимпиадасына жолдомо алышкан. Март айынан баштап дагы олимпиадага жолдомо берүүчү бир нече мелдеш, Азия чемпионаттары болмокчу. Кыргыз спорт жетекчилери дагы 14-15 жолдомо алууга июлга чейин аракет кылышаарын, Алмаз Касенов кошумчалады.




  Футбол

"Дордойдун" жолу болор бекен?!
Кыргызстандын футбол боюнча 4 жолку чемпиону, Азия футбол Федерациясынын Президентинин Кубогун эки ирет уткан Нарындын "Дордой-Динамо"командасы кечээтен баштап Ашхабаттагы Түркмөнстандын Президентинин Кубогуна арналган эл аралык турнирге катышып жатат.

Жеңүүчүлөр - 29-февралда аныкталат. Буга 10 команда катышып, үч топко бөлүнүп, мөрөй талашууда. "Дордой" күчтүү атаандаштарга туш болду. Орусиянын Казань шаарынын "Рубин - 2" командасы менен Түркмөнстандын вице-чемпиону "МТТУ" командалары менен беттешүүдө, эгерде жеңип алса, алдыңкы топко илинээр.
Бут мелдештин байге-фонду - 35 миң доллар. Жеңүүчү - 20 миң доллар, экинчи орун - 10 миң доллар, коло байге үчүн - 5 миң доллар берилет. Кыйын деп мактаган "Дордойдун" чама-чаркын көрө турган мелдеш болчудай.




  Самбо

Виталийди эскерүү мелдеши
Виталий Гордеев учурунда СССРдеги мыкты самбочулардын бири эле.

Ал союздун жаштар арасында тандалма командасына мүчө болгон. Жүрөгүндө жалыны бар бул жигит Ооганстанга барып, жоокердик милдетти өтөп жатып, душмандардын огунан каза болгон.
Интернационал жоокер Виталий Гордеевди эскерип туруу максатында самбо боюнча мелдешин өткөрүү салтка айланган. Быйыл 21 ирет өткөрүлүп, ага Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандын үч жүзгө жакын балбандары катышты.
Виталий Гордеев 52 кг. салмакта күрөшүп, СССР спортунун чебери аталган. Союз учурунда мындай чоң наамга жетүү кыйын эле.
Бүгүнкү күнү ушул жеңил салмакта жаштар арасындагы Азия чемпиону болуп Азамат Асакеев жүрөт. Бул таймашта да Азамат финалга чейин жетип, бардык атаандаштарын жеңген менен дарыгерлер баш байге үчүн таймашууга уруксат бербей коюшту. Ошентип, Азамат жаракат алып калгандыктан ИИМдин ички кызмат бөлүгүнүн жоокери Муса уулу Тилек жеңүүчү деп табылды. Ал түгүл Тилек оңой эле "Кыргыз спорт чебери" деген наамга да ээ болуп калды. 57 кг. салмакта таймашуу курч өттү. Айрыкча ысыкаталык Кайрат Асанкулов менен дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү, Азия чемпиону казакстандык Бауржан Райсов экөөнүн күч сынашуусу спорт адистеринин көңүлүн бурду. Кайрат кыргыз намысын сактап, дүйнөгө, Азияга таанымал балбанды айыгышкан таймашта жеңип, келечегинен үмүткөр кылды.
62 жана 68 кг. салмактарда фамилиялары окшош Осмоналиевдер жеңиштин бийик сересине көтөрүлдү. Бишкектеги "Гюрза" спорт клубунун өкүлү Максат Осмоналиев 62 кг. салмакта алтын медаль тагынса, 68 килодо ИИМдин ички аскер бөлүгүнүн жоокери Санжар баш байгенин ээси болду.
Ал эми 74 кг. салмакта бишкектик Михаил Зотов менен Темирбек уулу Тынчтык финалда беттешип, Тынчтык жаштыгынан атаандашына бир упайга гана алдырып коюп, өкүттө калды.
82 кг. салмакта алтын жана күмүш байгени алматылык меймандар утуп кетишти. Казак балбаны Раимбек Есдаулетов табында экен, бардык атаандаштарын жеңип алды.
Бул салмакта мыктылардын бири атанган кыргызстандык Эмил Абдралиев жаракат алып калгандыктан, эртеңки күндү ойлоп, тайма-шуудан баш тартканы туура болду.
100 кг. чейинки балдардын баш байгеси үчүн килем үстүндөгү күч сынашууда Азия чемпионатынын жеңүүчүсү, өзбекстандык Нодир Ахматов менен оштук Кангелди Тойчиев беттешип, аз упай айырма менен өзбек балбаны жеңүүчү деп таанылды.
Эң оор салмактагы балбандардын мыктысы самбо, дзюдо, кыргыз күрөшү боюнча спорт чебери, далай мелдештерде мөрөй алган Ниязбек Курманкуловго теңтайлаша турган чыкпады.
Ал эми мушташ самбосу боюнча мөрөй талашууларда Улан Эралиев ("Байтас" спорт клубу, Бишкек), Бактыбек Мамазаиров ("Барс" клубу), Ислам Баялинов (КГАФКиС), Нурбек Исмаилов ("Динамо"), Замир Сыргабаев (Кызыл-Кыя) быйылкы мелдештин жеңүүчүлөрү аталды.
Жеңүүчүлөргө байгелерди Улуттук филармониянын залында зор салтанат менен тапшыруу далай жаштардын көкүрөгүнө намыс отун жандырып койду.




  Биздин кыздар ушундай

"Татьянанын Азиялык алтыны"
Жакында эле Катар өлкөсүндө жеңил атлетика боюнча жабык имараттардагы Азия чемпионаты аяктады.
Мында Азиянын көп жолку чемпиону, 14-Азия оюндарынын алтын медаль ээси, 15-Азия оюндарынын күмүш медаль ээси Татьяна Ефименко табында экенин айгинелеп, Азия чемпиону аталды. Ал 1 метр 91 см. бийликти багындырып, Бээжин олимпиадасына даярдык көрүүдө. Бул мелдешке Танянын негизги атаандашы - казакстандык Марина Аитова катышкан жок. Мындан эки жыл мурда ушул Катардын Доха шаарында өткөн 15-Азия оюндарында да экөө финалда бири-бири менен катуу атаандашкан. Натыйжада Маринага Татьяна мурдакы чемпиондук наамын алдырып коюп, экинчи болуп, арманда калган.
Негизи казакстандыктар жеңил атлетикадан күчтүү. Бул ирет Таняга казакстандык Анна Устинова менен Екатерина Евсеева жол бербей, баш байгеге талапкер болушту. Бул ирет спорттук ийгилик биздин Татьяна Ефименкону коштоду.













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan