presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


ЗНАКОМСТВА

  САНДАН-САНГА

Баратбай АРАКЕЕВ
(Повесть)
Мент
(Уландысы.
Башталышы өткөн санда)
Экөөнүн арагы түгөнүп, Света ылдыйкы кошуна кемпирден бир бөтөлкө самогон алып келди. Аны ичишти. Бир маалда Светанын эсине кызы түштү. Энелик инстинкт алкашыңа карабайт эмеспи. Ордунан туруп, темтеңдей басып төркү үйгө кирип, кызын ойготту эле анын ойгончу түрү жок. Катуу уктап жаткан көрүнөт, жайына койду. Өзү да ошол эле жердеги кыйладан бери жыйылбаган төшөгүнө кулады.
Света эртеси каадасынча эрте туруп, чала-була жуунган болду да, уктап жаткан кызын кымтыламыш болуп, анча алыс эмес жердеги базарга шашты: баш жазбаса өлүп кала турган. Ага жете турган анча-мынча акчасы калыптыр. Үйдөн чыгып баратып күйөөсүн эстеп, кайра кирсе - анысынан дайын жок. Базарга келип, бөтөлкөлөш досторунун тобуна кошулуп, уюша кетишти. Жарым саат өтүп-өтпөй, Света бул дүйнөнүн ак-карасын аралаштыра карап, жалаң жыргалдын туткунунда турду. Керээли-кечке ошол жыргал аны базардан кетирген жок. Качан гана базардагы элдин көбү тарап, караңгы кирип калганда гана үйүнө келди. Үйдө ким бар, ким жогу менен иши жок, небак кокочо болгон төшөгүнө кулады.
Таңзаардан ойгонуп, түз эле кызын эсине түшүрдү. Бүгүн эки-үч үй төмөндөгү бирөөнүн үйүн актап, акча табат. Кызын ойготсо - ойгонбойт. Колунан тартып тургузду эле анын денеси шалактайт, колу муздак. Башы ооруп, аркы-беркиге эсеп бералбай турган немени кызынын муздак, шалактаган денеси дароо эсине келтирди. Кызын жулкуй көтөрүп, бакырып-бакырып алып, жансыз денени жаткан жерине дароо ыргытып, короого атып чыкты ач айкырык салып. Дарбазага жетип, кайра тартты. Акылын небак аракка алдырган аял: "Эл укса - милийсага кабар берет. Анан алар келип, өзүң өлтүрдүң дебейби" - деген ой келди. Үйгө кирип, кызынын жанында шолоктой отурду. Анан акырындан эстеди. Ооба, кызын Витя өлтүрдү. Ыйлап жатканда уктатам деп алып кетпеди беле. Муунтуп өлтүргөн тура. Кызынын мойнуна карады. Эч кандай так жок. Далай отургандан кийин милийсага барып, өзү кабар бермей болду да, дале болсо түрмөнү эстеди. Өзү жатып көрбөсө да, ал жөнүндө далай коркунучту, жан чыдагыс кыйынчылыкты уккан эмеспи. "Барбайм" деди. Башы ооруганы менен кайгысы кошул-ташыл, жалгыз үйдө өкүрүп-бакырды. Кызынын муздак денесин кайра-кайра кучактай өпкүлөйт.
Караңгы киргенде огородунун четирээк жеринен кызына жай казды. Жай деп деле айтууга болбойт: чакан чуңкур болду. Үйгө кирип, кызын өзүнүн төшөгүнө ороп, көтөрүп чыгып, алиги чуңкурга көмдү да, ал жерде түн ортосуна чейин отурду. Витя ушул жерде болсо - тытып жемек. Баары бир аны өз колу менен өлтүрмөй болду.
Кошуна-колоңдор бу алкаш Света эмнеге кызын ээрчитпей калган деп ойлоп, аз күндөн кийин ал жөнүндө унутуп да калышкан.

***
Машаев "Татарин" менен "Серыйды" катуу көзөмөлгө алдырды. "Эч жакка кетпейбиз" деп тилкат берген немелер азырынча сөздөрүндө турушту. Бир күнү Машаев Миша экөө "Серыйдын" үйүнө келип, аны машинеге салып, Токмокко алып келишти.
-Кана, "Татарин" экөөң үч күн мейманчылап жаткан үйгө айдатчы,-деди Машаев "Серыйга".
Ал селт этип алды да:
-Унутуп калыпмын, анын үстүнө мас элем,-деди.
-Унуткан жоксуң, сен ал үйдө болгон эмессиң!
Машаевдин бул каардуу айтылган сөзү "Серыйдын" айласын кетирип салды.
Мишанын көрсөтүүсү менен түз эле баягы экөө үч күн мейман болуп жаттык деген үйгө келишти. Эшикти үй ээсинин жаш колуктусу ачары менен Миша салам да айтпай, ага "Серыйды" көрсөтүп:
-Момуну тааныйсызбы?-деди эле тиги:
-Жок,-деди дароо.
-Калп айткан жоксузбу?
-Жок, эмнеге калп айтат элем.
-А баягүнү биздин үйдө мейман болуп, үч күн жаткан деп күйөөңүз экөөңөр тең айтпадыңар беле?!
Жаш келиндин өңү кубара түштү. Коркуп кетти.
-Эмне үчүн калп айттыңыз эле? Ал үчүн закон алдында жооп берериңизди билбейсизби эмне?!-Машаевдин бул каардуу кеби келиндин жүрөгүн биротоло түшүрдү окшойт, ал калтырай жооп берди:
-Күйөөм ошентип айт деген.
-Аныңыз кайда?
-Базарда.
Базарга келишти. Машаев менен "Серый" машинеден түшүп турушканда Миша баягы "Татариндин" тууган татарын бат эле таап, бери ээрчитип, Машаевдерди көрсөтө:
-Тетиги орус уурулук менен колго түштү. Уурдалган товарларды сага саткам дейт, ошол чынбы?-деди эле базарчы татардын денеси дүр этти.
-Жанын жейт. Биринчи көрүшүм.
-Чынбы?
-Кудай урсун!
-Эмесе, "Калп, сени тааныбайм" деп өзүнө айт,-деп Миша аны тигилер турган жерге ээрчитип келди. Базарчы татар келип эле "Серыйга" бир тийди жулуна:
-Эй, сука, сенден качан товар алдым эле, ыя?!
Машаев аны токтотту:
-Сөгүнбө! Муну тааныбайсыңбы?
-Биринчи жолу көрүбатам.
-"Татарин" менен үйүңө үч күн конок болуп жатса - кантип тааныбай калдың же Будулайдай болуп, эсиң эңгиреп калды беле?!
Татардын эси оой түштү. Маселени жазбай түшүндү. Дилин коркунуч бийлеп, ушул кең дүйнө ал үчүн заматта тарый түштү. Жөндүү жооп бералбай мелтиреди.
-Эмне үчүн жанагы татар тууганың менен момуну үч күн үйдө мейман болуп кетти деп калп айттың эле? Аныңа сотто жооп бересиң! Келди беле булар?!
-Жок.
Миша ошол эле жерден ал татарга "Серый" менен "Татарин" үйүнө үч күн конбогонун, "Татарин" телефон чалып, милийса сураса келди деп айтып кой деп айтканын жаздырды. Машаев ошол эле жерден "Серыйдын" колуна кишен салып өпкөгө ныгыра, машинеге түртүп отургузду:
-Отур, айбан!
"Серыйды" бөлүмгө алып келип камап, Машаев менен Миша "Татариндин" үйүнө келишти. Ал короосунда жүрүптүр. Эки ментти көрүп, элеңдей түштү да, кайра сыр билгизбей сүйлөп турду:
(Уландысы бар)




  Криминалдуу окуя

Миллионго бааланган өмүр
(Уландысы. Башталышы өткөн сандарда)
Тигил тыйынды бармак менен сөөмөйүнүн ортосуна кармап туруп, колун жогору көтөрдү. Тыйынды бир аз тиктеп турган соң Абдысалам мылтыгы менен бир секундалык убакытта мээлеп туруп, машаны дагы басып койду. "Тарс" эткен үн чыга электе тигил колундагы тыйынын таппай калды. Анын каякка ыргып кеткенин билбей бардыгы жабылыша көк шибер чөптүн үстүнөн издеп киришти. Бир кезде тестиер бала аны таап алды.
- Мына таптым бобул беле?
Алиги тыйынды көрсөткөн киши чуркап барып баланын колундагысын алды да таң калганынан башын чайкады.
- Эк Кудая тобо муну карасаң ай, дал эле ортосуна тийгизе атыптыр.
Бери жактагылар да өз ара күбүрөшүп киришти.
- Бул жигит тубаса мерген турбайбы. Кудай-тааламдын берген белеги да, анын үстүнө аталары да мергенчи экен, канында бар да.
- Бул деген жөн мергенчи эмес, көзгө атаар мергенчи экен.
Бирөөсү чөнтөгүнөн калем сабын алып чыкты.
- Мен дагы тигил турган жерге барып турайын, ушуну ата аласыңбы?
Абдысалам билбейм дегендей адетинче ийнин күйшөп койду. Бакылдап кызып алышкан немелер муну эрмек кылып алышты.
- Ата алат, атпаганда эмне-е!
- Көрөбүз азыр..
Бул жолкуда да жанагыдай көрүнүш кайталанды. Ок калемсабынын дал ортосунан кыйып кетиптир. Кумарга берилип алган эмелер андан да татаалыраагын, кыйыныраагын ойлоп табышты.
- Мынакей ширенкенин башы, чий. Ушуну атып көрчү эр болсоң.
- Эгер көрүнсө...
- Көрүнбөсө ата албайсыңбы?
- Негизи көрүнбөсө деле божомолдоп атса болот.
- Анда ошентип божомолдоп атып көрчү.
Тигил киши элүү кадам жерге барды дагы ширенкенин чийин алып, колун жогору карай көтөрдү...
- Ай ата албайт го, эч нерсе көрүнбөйт.
- Ким билет, балким тийгизээр. Калемсапты белинен кыя атып жаткандан кийин буга деле тийгизет болуш керек.
- Күмөнүм бар.
- Азыр көрөбүз да.
Абдысалам тигил жакты көпкө мелтиреп тиктеп турду. Анан мылтыгын колуна кармай шашпастан бир топко мээледи. Кайрадан мылтык үнү тоо жаңырыгында бери жактагылар анча ишенишпей карап калышты. Колуна ширеңкенин чийин кармап турган киши унчукпастан бери карай басып келди.
- Эмне болду, тийдиби? - баардыгы суроолуу жалдырай карап калышты.
- Өзүм да билбейм, сыягы тийсе керек. Ширеңкенин чийинин сыныгы колунда кармалып калыптыр, - мынакей ,- ал колундагы калдыгын көрсөттү. Бери жактагылар таңгалыша баштарын чайкашты. Бирөөсү жигитке суроо узатты.
- Көрбөсөң да ага кантип тийгиздиң?
- Адамда деген сезим болушу керек, антпесе тизгизе албайсыңар
Аңгыча үй ээси Туткабай конокторуна кайрылды:
- Жаш козунун этинен куурдак даяр болуптур, куурдакка киргиле боз үйгө.
- Азыр айн момент. Дагы бир оюн - шоу... - кызып калган бирөөсү сөөмөйүн жогору көтөрдү.
- Мунун чувствосу күчтүү экен, эгер ошончолук эле сезгич болсо дагы бир сынактан өткөрүп көрөлүчү, анан киребиз үйгө.
Беркилер дагы эмнени ойлоп таба койду дешип, токтоп аны тиктеп калышты
- Адамда күчтүү сезим болуш керек дейт бул жигит, анда сезимин текшерип көрөлүчү кара чүпөрөк тапкылачы.
- Ары жактан кара чүпөрөктү бат эле таап келе коюшту.
- Азыр мобул алманы таңылуу көз менен атасың. Мен тээтигил он кадам жерге турам, алманы колума кармап жогору карай көтөрөм. Сенин сезимиңди текшерип көрөбүз.
Кызып калган немелер жигитти жүдөтүшүп, экзамен алгандай эле кыйнап жатышты. "Кап, бул жакка эмнеге келе калдым эле, булардын колуна кабылбай, эрмек болбой, тигил жакта эле эт бышырып жүрбөйт белем" - Абдысалам өзүн өзү ичинен жемелеп алды "Булар тим эле оюнчук кылып алышты го мени, кызуу эмелер эми кечке эрмектешип кое беришпейт".
- Көрүп ал жигит бул жакты, азыр көзүңдү таңат, анан атасың мобул алманы.
Кара чүпөрөк менен анын көзүн таңып жатканда да ичинен ойлонуп атты. "Каяктан жүрүп буларга баалени көрсөтө койдум эле, эми кыйнашат мени кечке эрмектеп. Тигил алмага тийгизбей эле койсомбу, балким кое беришер". Анын оюн түшүнгөндөй бирөөсү басып келип кулагына шыбырай сүйлөдү.
- Эгер ушул алманы таңылуу көзүң менен ыргата атсаң болду, сени кое беребиз. Давай, тийгиз уят болбой.
Кара чүпөрөк менен катуу таңылгандыктан, капкараңгы болуп эч нерсе көрүнбөй калды. Алма турган жерди көзүнө элестетти дагы, туюу сезими менен мылтыгын ошону карай сунду. Кандайдыр бир чекитти көзүнө элестетти дагы ошол чекитти атып жиберди. Тийгизе алдыбы же тийгизген жокпу өзү дагы билген жок. Эртеден бери кысылып атып тердеп да кетти. Бир маалда ары жактан алиги кишинин үнү угулду.
- Ой тобо, көзү таңылуу туруп да муну теше атыптыр, карасаң ай!
Бирөөсү келип Абдысаламдын көзүндөгү байлануу чүпөрөктү чечти. Баардыгы жабылыша алманы колдору менен кармалап көрүп атышыптыр.
Ошондон кийин гана тигилер дагы жүз граммдан басып алышып, өз ара бакылдаша боз үйдүн ичине кирип кетишти. Дөбөнүн ары жагында турушкан кошуна малчынын аялы өзүнчө чебелектеп Абдысаламды жемелеп атты.
- Келесоо десе, экинчи мындай кылбай жүр. Көпчүлүктүн көзү жаман, бирөөнүн болбосо да бирөөсүнүн көзү тиет. Майып болуп каласың же өлүп каласың, - ал өзүнчө сүйлөнө бир нерселерди жасап, ырымдап кирди.

(Уландысы бар)
Саадатбек Мырзакул уулу





а ­е¦Є.НҐй«