![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №24, 22.02.08-ж. |
Меймансап Форум Жаман көздөн, жаман сөздөн сакта! Урмат Усеновго көз тийдиби?Аз күн мурда жаштардын сүймөнчүгүнө айланган эстрада ырчысы Урмат Усеновдун концерт бергенин уксаңыздар керек. Сахнага чыккан ырчы жигиттин айланасына жаш кыздар айланчыктап, чөнтөк телефондору менен кайра-кайра сүрөткө тартып жатканына күбө болдук эле. Эми болсо, ошол концерттен кийин Урмат Усеновдун катуу ооруп калганы тууралуу кулагыбыз чалды. Эмне ага көз тийдиби же жөн гана тумоолоп калдыбы? Ушуну билип бересиздерби? Айгүл, Ак-Өргө конушунан Азил-чыны аралаш Алар жеп - утат, жо-жок депутат - Мен азил-тамашаны аябай жакшы көрөм. Иш учурунда кесиптештерим менен кечке эрмектешип тамашалашабыз. - Сиз кайсы жерде иштейсиз? - Жогорку Кеңеште депутатмын. *** Биринчи депутат экинчисине суроо салат. - Сен эмне дайыма машинаңа ырчы салып жүрөсүң? - Магнитофонумду уурдап кетишсе, анан эмне кылайын *** Спикер депутаттарга кайрылат. - Айткылачы канаттууларга акча керекпи? Алар ойлонуп калышат. - Канаттууларга чын эле акчанын кереги не? - Эмесе мындай шумкарларым. Кечээ силердин маянаңарды мен казиного уттуруп салдым. Таарынбай, туура түшүнгүлө... *** Ак үйгө кызматка алуу жүрүп жатат. Президенттик администрациянын жетекчиси Медет Садыркуловдун иш бөлмөсүнө экс-депутат кирет. - Эки маанилүү санды айтыңыз? - 53 - Балким 35дир? - Жок 53 Документке "Өзүнүкүн бербеген туруктуу пози-циялуу" деп жазып, кабыл албай коюшат. Кийинчерээк жаңы шайланып келген "Ак-Жол" партиясынын депутаты да келет. - Эки маанилүү санды айт? - 72 - А балким 27 дир? - Дал өзү, 27 Документке "тез өзгөрмөлүү" деп кабыл албай коюшат. Карапайым эле жумушчу кирет. - Эки маанилүү санды айтыңыз? - 44 - Ыя?! - деп эмне айтаарын билбей калган экен. *** Залда бир депутат ары-бери эле бир орунга отура албай баса берет. Экинчи депутат ага кайрылып: - Талкуу болуп жатса бир орунга отура албай эмне эле баарына тоскоол болуп жатасың? - Мен аялыма сарсанаа болуп жатам. - Ага эмне болду эле? - Эртең менен машинемди айдап кеткен бойдон али жок. *** Аялы депутат күйөөсүнө кайрылат: - Эмне уйкуң келбей жатат, жумушуңда проблема болдубу? - Жок, сессияда уйкумду кандырып алып, эми уйкум качып атат. С.Мырзакулов Ырчыларды дубалагандар көбөйдү Айгүл, ырчы Урмат Усеновдун ден-соолугу тууралуу эч кабарыбыз жок. Усенов биздин гезитти окуса, редакция менен байланышып, сурооңо жооп берээр. Маалымат үчүн айта кетсек, акыркы учурда, кайсы бир ырчыны кумир туткан кыздар, ошол ырчынын сүрөттөрүн бөлмөлөрүнө толтуруп чаптап алуу менен эле тим болбостон, алардын айрымдарын көтөрүп көзү ачыктарга да барышат экен. Кээ бир көзү ачыктардын айткандарына кулак салсак, кээ бир кыздар ырчы жигиттердин сүрөттөрүн көтөрүп келип, "Мобу жигиттин башын айландырып, дубалап бериңизчи. Ошол менен кол кармашып, түтүн булаткым келип жатат"- дегендер четинен чыгат экен. Көзү ачыктардын айрымдары 15-20 миң сомго дубалап бергендери да бар экен. Эң кызыгы, ал дуба жанып кеткен соң, жанагы кызды дубаланган жигит чанып кетээрин көбү биле бербесе керек. "Аалам-пресс" |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|