Коомдук-саясый гезит
№24, 22.02.08-ж.

Меймансап
Форум



◄◄◄
  ЭПИЦЕНТР

  Оп-позиция

Коомдук парламент энергетиканын менчиктештирилишине каршы
Коомдук парламент 20-февраль күнү Рамстордун 4-кабатында кезектеги ишин баштады.
Алгач, жыйынды экс-Тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов ачып, Коомдук парламентке төрага менен анын орун басарын шайлашты. Парламент мүчөлөрүнүн бир добушу менен Жогорку Кеңештин экс-спикери Абдыганы Эркебаев Коомдук парламенттин спикери, укук коргоочу Асия Сасыкбаева анын орун басары болуп шайланды.
Коомдук парламентке төмөнкү адамдар депутат болуп киришти:
1. Аликбек Джекшенкулов
2. Мирослав Ниязов
3. Абдыганы Эркебаев
4. Өмүрбек Текебаев
5. Доронбек Садырбаев
6. Темир Сариев
7. Дүйшөн Чотонов
8. Азимбек Бекназаров
9. Мукар Чолпонбаев
10. Сазыкбай Турдумалиев
11. Чолпон Джакупова
12. Накен Касиев
13. Эмиль Алиев
14. Бөдөш Мамырова
15. Асия Сасыкбаева
16. Качкынбек Булатов
17. Эркин Булекбаев
18. Айылчы Сарыбаев
19. Касымбек Райымкул уулу ж.б.




  Акчаң болсо танкасың...

Баяман Эркинбаевди аткан киллер акталыптыр
Жогорку Кеңештин балбан депутаты Баяман Эркинбаевдин өлүмүнө шектүү делип, Жалалабат облусунун тургуну Сабыр Батыров жана Бишкектин жашоочусу Махмутжан Рузиметов кармалып, камакка алынганы белгилүү.
Жакында, алардын соту болуп, аталган экөө Баяман Эркинбаевди өлтүргөнгө эч кандай катыштыгы жоктугун билдирүү менен депутатты чечен улутундагы киллер Султан Абалаевдин атканын ортого салышты.
Өткөндө Орусиянын укук коргоо кызматкерлери белгилүү киллер Султан Абалаевди кармаганын билдиришкен. Бирок, Кыргызстан тараптан аны алдыруу үчүн бир дагы укук коргоо органы аракет кылбаганы кызык. Эми болсо, ал жигитти Калмыкиянын Жогорку соту эч кимди өлтүргөн эмес деп актап жиберишиптир. Азырынча, ушундай...




  Башталось...

"Ак Жолдун" депутаттары нааразы
Кечээ жакында "Ак Жол" фракциясынан шайланып келген депутат Табылды Орозалиев Жогорку Кеңештин аппаратындагылар депутаттарды тоготпой жатат деп, агынан жарылды.

Табылды мырзанын айтымында, ал өзүнүн шайлоочулары менен жолугуу үчүн кызматтык машинасын сурап, кат менен ЖКнын иш башкармалыгына кайрылса, башкармалыктын жетекчисинин орун басары катыңды ал деп, сылык түрдө аны "посылайтетип" салган имиш. Мындай окуядан соң, Табылды мырза Жогорку Кеңештин аппарат жана иш башкармалыгынын жетекчилерин спикер жеке өзү эмес, депутаттардын добуш берүүсү менен дайындалышы керек деген маселени кабыргасынан койду. Эмесе, депуттардын баары өз маселелрин чечүү үчүн аппараттын же иш башкармалыктын алдында кезекке туруп калуубуз мүмкүн деген чочулоосун билдирген.




  Ибарат

Жакшылык
Илгери бир Падышанын иши оңолбой, увазирден увазир, кеңешчиден кеңешчи тандап, бирде Батышты, бирде Чыгышты туурап, бирок ага да болбой айласы кетет…

Мектебинен мечити көбөйүп, калкын кайрадан караңгылык каптайт. Адилеттик, акыйкаттык шылдыңга кабылып, алдамчылык, жалганчылык, куулук-шумдук күчөйт. Өкүмдар илим-билим, акыл-туйгунун эмес, көр дүйнөгө көпкөн кулдуу менен пулдуунун күчүнө таянып иш кылып калат. Жалган чындыкка, келесоо соолорго, жыгылган оогонго, жыртык тешикке, тукумсуз бешикке күлгөн заман пайда болот. Жаштарына жол берет деген ордо берендери Жерди башы менен басып, Көктү буту менен тээп калат. Акыры минтип жашоого болбой турганын сезген Падыша өлкөсүнө кире турган жолдордун баарына такта орноттуруп:
Көз барбы сокур тапкандай?
Сөз барбы дүлөй уккандай?
Бут барбы мунжу баскандай? - деп жаздыртат да:
- Кимде-ким ушул жазылгандардын жообун туура таап келсе, өмүрүнүн аягына жеткидей алтын берем, - деп жар салат.
Эчендер табам деп келип, тамтаңдап кайра кетет. Ошондо Батыштын билимин, Чыгыштын илимин алган жаш жигит келип:
- Улуу урматтуум! Сиз кемчилигиңизди бетке айткан адамдарды - Душман, түз айткан адамдарды - Көралбас, ал эми сизди мактап-жактап, кошомат кылгандарды - Дос кылып алыпсыз. Мына ушуларды тетиринсинче жасаңыз. Ал эми:
Мунжунун баса турган буту да,
Дүлөйдүн уга турган сөзү да,
Сокурдун көрө турган көзү да бул - Жакшылык. Сиз башкарган өлкөнүн Ырыс-Кешиги да, Ынтымак - Бешиги да ордодо мыкчып турган Бийлик менен Байлыкта эмес, алып тынар Алтында эмес, өз элиңе жасай турган Жакшылыкта, - деген экен.

Шайлообек Дүйшеев




  Каржы чалгыны

"Ал-Каида" Кыргызстанда
Кыргызстандын каржы чалгындоо кызматы кыргыз банктарынан Ал-Каиданын акча каражаттарынын изин таап, бул боюнча 30 ишти СНБ менен ИИМге өткөзүп бергени маалым болду.

Террористердин акчасын адалдоо менен шугулданган кыргыз банкирлери жоопко тартылаары же кутулаары белгисиз.

"Аалам-пресс"












Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan