Эмнени карап жүрүшөт?

Майлуусууда балдар ууланышты
Ушул жылдын 19- февралында Майлуусуу шаарындагы №5 мектептин ашканасынан тамактанган кенже класстын окуучуларынан 80 бала ууланып, ооруканага түштү.

Республиканын мектептеринде кенже класстын окуучуларына акысыз тамак берилиши жакшы жөрөлгө деп байма- бай кайталап келебиз. Бирок мектептеги тамак-аштын сапатына көңүл бурган адам жок. 12 жашка чейинки окуучулар ашканада тамактангандан кийин кусуп, баштары айланып, кыйнала башташкан. Окуучулар биринин артынан экинчиси ууланды деген симптом менен ооруканага тезинен жеткирилген. Мамлекеттик санитардык эмидемиологиялык көзөмөл департаментинин директору Төлөн Исаков аталган окуя тууралуу минтип билдирди:
- 19-февралда саат 16.30да Майлуусуу шаардык ооруканасына № 5 мектептин 12 жашка чейинки окуучулары кусуп, башы айланып, алы кетип жатканынынан улам кайрылып жатышты. Ошол күнү 80 окуучу кайрылса, алардын 71и ооруканага дароо жаткырылган.
Жалалабат областтык санэпидкөзөмөл борборунун директору Тыныбек Жоробаевдин тапшырмасы менен тез арада бактериолог, эпидемиолог, инфекционисттерден турган бригада түзүлгөн. Адегенде 10-15инин абалы оор болгон. Медиктердин айтымында, балдар мектептин ашканасынан жеген макарон, колбасадан ууланган. Ал күнү ал ашканадан жалпысынан 300гө жакын окуучу тамактанган экен. Учурда, ууланууга себеби бар делген азыктар текшерүүгө алынууда.
Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз борборунун жетекчиси Елена Баялинованын билдиргенине караганда, ооруканага түшкөндөн тартып түнү бою 168 бала текшерүүдөн өткөн. Бүгүнкү күнү ооруканада 2 окуучу жана мектеп мугалими гана калды. Бир баланын абалы катуу болуп, реанимацияда. Калгандарынын абалы о?олуп, четинен ооруканадан чыгып жатышат.
Шалаакылыктын айынан окуучу балдар ууланып калгандыгын уккан облусттун губернатору, мектеп директорун жана Майлуусуу шаарынын мэрин кызматынан шыпырганы дайын болду.
Үрөйдү учурган бул окуяны уккан соң, эч нерсе менен иши жок жаткан Салматтыкты сактоо министрлиги башка мектептердеги тамак-аштын санитардык абалына көз салып, текшерүүгө өтүштү. Деги, текшерүү иштерин жүргүзүүнү сөзсүз түрдө "чп" чыккандан кийин баштоо керекпи, ыя урматтуу Саламаттыкты сактоо министри?

Айгүл Бакеева




  Мамлекет жүгүн көтөргөндөр

Эмгек мигранттары кайтып келишеби?
Шалдырап отуруп, үлдүрөгөн жоопчу айткан бийлик
Жыл сайын Кыргызстандын 40 миңдей ЖАРАНЫ эмгек мигранты атанып, республиканын чегинен тышкары чыгып кетет экен. Миграция боюнча эл аралык уюмдун Кыргызстандагы бөлүмүнүн изилдөөсүнө караганда, жылына 5 миңдей мекендештерибиз адам сатуунун курмандыгы болушат.
Учурдагы бирден бир актуалдуу, бирден бир талылуу маселе болуп турган адам сатуу проблемасын ооздуктоодогу журналисттердин ролун талкуулаган тегерек столдо мына ушундай кейиштүү маалыматтар келтирилди.
Миграция боюнча эл аралык уюмдун демилгеси менен уюштурулган тегерек столго катышкан Ички иштер министрлигинин 9-башкы башкармалыгынын начальниги Жамбулбай Жаңыбаев өткөн жылы кулчулуктун торунан бошотулуп келген 104 адамдын төртөө (!) гана Ички иштер бөлүмдөрүнө арыз менен кайрылышканын адеп укканда катуу терикти: Эмне үчүн милицияга кайрылышпайт? Соңку кезде Ички иштер министрлиги тарабынан бул маселеге өтө олуттуу маани берилип, жашыруун миграцияга жана адам сатууга каршы күрөшүү бөлүмдөр бириктирилип, кыйла күчтөндүрүлдү, мыкты адистерибиз бар. Сатылып кеткендер кылмыш фактыларын ачык айтып, конкреттүү адамдардын ысымдарын атаса адам сатуу проблемасына олуттуу бөгөт коюга болот эле да? Жабырлануучу арызданбаса - укук коргоо органдары кайсы негизде аракеттенет? Бизде арыз жокпу - демек кылмыш да жок деген түшүнүк бар..."
Ырас, биздин каарман милицияда кылмышкерлерди кармап - тергөө иштери Кудайга шүгүр дегендей эле абалдадыр. Алар адам сатуу менен шугулданган шылуундар менен аеосуз күрөш жүргүзө алышаар, бирок кеп бул жерде - өзгөчө кылмышка кириптер болгон өзгөчө жабырлануучу - ден соолугу бузулуп, психологиялык жактан катуу жабырланган, ар намысы тебеленип, адамдык ариетине доо кеткен өзгөчө күбөлөр менен иш алып баруу жаатында болуп жатат. Адам сатуунун курмандыктарынын басымдуу көпчүлүгү сексуалдык эксплуатацияда болгондор. Чет жерде сатылып, секс кызматында пайдаланылып келгендерге тилекке каршы дайым эле түшүнүү менен мамиле жасалбайт, "өзү күнөөлүү" деген таризде жүргүзүлгөн тергөөнүн аягы жакшылык менен бүтпөсүн алдын ала сезген жабырлануучу милицияга даттангандан көрө дайынын билгизбей качып кеткенди эп көрөт. Бул бир жагы. Экинчиден, аларды сатып жиберген сутенердун акча берип "ишти" бүткөрүшүнө эч бир "укук коргоочу" каршы болбосуна бөркүндөй эле ишенишет, ошон үчүн бул жыйында аталган адам сатуу боюнча козголгон 33 кылмыш ишинин бирин-экини гана сотко жетет. Жеткен күндө да кылмышкерлерге болоор болбос жаза чектелип, акырында "мунапыска байланыштуу" бошотулушкан. Бир сөз менен айтканда - азырынча биздин укук коргоо органдарына ишеним аз. Азгырыкка ишенип, алданып сатылып кеткен жарандарыбыздын кайтып келишине ар тараптан көмөк көрсөтүп, камкордук көргөн миграция боюнча эл аралык уюм жабырлануучулардын ыктыярдуулугун жана жеке коопсуздугун эң негизги маселе деп санайт.
Улам барган сайын күчөп, барган сайын жаңыча түргө өтүп бараткан адам сатуу сыяктуу өзгөчө кылмышты иликтеп тергей турган укук коргоо органдарынны кызматкерлерин психо эмоционалдык өтө оор абалдагы жабырлануучулар менен иштөө боюнча атайын даярдыктан өткөрүү. Мындай кылмыш үчүн жаза чектөөнү кыйла күчөтүү зарылчылыгы бар.

"Экинчи толкун менен сабатсыздар кетип жатышат"
Адам сатуу маселеси дайыма эмгек миграциясы менен эриш аркак жүрөт, көп учурда адамдар азгырыктын торуна дал ушул себеп менен чалдыгышат .Эмгек миграциясы да дайыма адам сатуу же адам эмгегин сатуу элементин алып жүрөт. Ошондуктан тегерек столго чогулгандар миграция жана калкты ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитеттин төрайымы Айгүл Рыскулова менен жолугушууга ынтызарланып турушту. Оруссия аймагындагы соңку мезгилде биздин эмгек мигранттарына карата жасалып жаткан мамиле журналисттердин көптөгөн суроолорун пайда кылды.
Буга чейин мындай фактылар деле болуп келген бирок айтылчу эмес, бул маселелердин үчтүндө Оруссиялык укук коргоо органдары бардык аракеттерди көрүп жатышат. Ички иштер министри өзү көзөмөлгө алып, тергөө иликтөө иштери жүрзүлүп жатат. Кечээ жакында Россиядагы 92 диаспоранын өкүлдөрү Москванын мэри менен жолугушуп, биздин жарандардын коопсуздугу туурасында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.
Айгүль Маратбековна бул жолу да айта жүргөн пикирин кайталап, эмгек миграциясынын агымынан кооптонууга негиз жок деди. Анын айтымында, жарандарыбыздын сыртка иш издеп кетип жатканынын мамлекетибиз үчүн да пайдасы бар экен. Ал кандай пайда деген суроого министр айым адаттагыдай эле "ички рыноктогу чыңалууну азайтат, мигранттар миллиондогон доллар акча алып келип жатышат, заңгыраган үйлөрдү салып, балачакасын алда немедей багып, окутуп жатышат..." деп жооп берди. Айгүл айымдын пикири боюнча, азыркы учурда миграциянын экинчи толкуну күчүндө. Биринчи толкун менен мыкты адистер, ар кыл кесиптин ээлери, жогорку же орто билимдүү, орус тилин жакшы билгендер кетсе, экинчи толкун менен мектепти бүтүп-бүтпөгөндөр, кесип түгүл орус тилин жакшы түшүнбөгөндөр кетип жатышат. Албетте, алардын бөтөн жер, бөлөк элде далай проблемаларга туш болоору айдан ачык. Минтип айыл кыштактардан ишке жарамдуулардын баары башка жактарга ооп жатканы министрликтин дагы бир калкты ишке орноштуруу тармагы сенек абалда экенин көрсөтпөйбү деген суроого министр терең улутунуп алып баягы эле - Кыргызстанда эмгекти коргоо маселеси жакшырмайын сыртка кетип жаткандардын агымы азайбайт деген жообун кайтарды.

"Апаңдын аты - Венераа-а"
Чынында эле азыркы күндө ар бир экинчи кыргыз үй бүлөсүнүн кайсы бир мүчөсү көр оокаттын айынан сыртта жүрөт. Алардын акча сүрүп келип, балачакасын багып , бакчага, мектепке, жогорку окуу жайына контракттардын, коммуналдык кызматтардын акысын, толгон - токой салыктарды, тейлөө кызматтарынын акыларын төлөп, Айгүл Рыскулова айткандай өз бүлөсүнө эле эмес, мамлекетке да кыйла жеңилдиктерди келтирип жатканы анык. Бирок эмгек миграциясында баары бир адам сатуунун, адамдын эмгегин сатуунан элементи болот. Мамлекет өз тарабынан жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуу жаатында эмне аракеттерди көрүп жатат? Министр айым күн тынымын, түн уйкусун билбей Оруссиянын ар бир шаарын кыдырып, бийликтегилерине жолугуп, а түгүл криминалдык топтордун башчыларына чейин барып отуруп, биздин эмгек мигранттарынын шарттарын жакшыртканга аракеттенгенин айтып эле жатат, бирок андан кандай майнап чыгып жатканын күн нуру эмес болуп жаткан окуялар көрсөтүп жатпайбы. Мигрант мекендештердин "укуктарын коргоо" жаатында шалдырап отуруп үлдүрөгөн жоопторду айткан элчиликтегилер күйбөгөн жанды күйгүзөт. Кыскасы биздин позиция "эмне болсоң да акча апкелсең болду" - деп чиедей баласын көчөгө чыгарган цыгандыкына окшоп бараткандай. Ушундай баш аламан миграциялык процесстердин айынан миңдеген ишке жарамдуу, билимдүү жаштарыбыз бөтөн жерде кор болуп, ар намыстары тебеленип, өмүрүнө коркунуч келип жандарын ооздоруна тиштеп жүрүшөт.
Каржалып турган учурда эмгек миграциясы караңгыда табылган жолдой эле болду, бирок андан келген кесепет да оңой болгон жок. Бала төрөөр курактагы миңдеген кыз келиндерибиз, албан субандай жигттерибиз ооруга чалдыгышты, айрымдары ошондон ары жарандарыбыздын каражаты башка мамлекеттердин кампасын кампайтып, эмгектери текейге бааланып, шаарлары курулуп, талаалары көйкөлдү. Эң эле жаманы-миңдеген үй бүлөлөр ажырашып, эне баланын ортосундагы табийгый байланыш үзүлдү. Жакында эле Оруссияда иштеп келген өспүрүм бала апасын өлтүрүп, машине сатып алган жоругу буга даана далил болуп бере алат. Энесин айлап-жылдап көрбөй, анда-санда телефондон "мен апаңмын, апаңдын аты - Венера" - деген сүйлөшүүлөр ыктыярдуу маңкурттук эмей эмне?

"Чилче тарайбы?"
Миграциялык процесстерден эч чочулабаш керек, кеткендер келет, келгенде да башка элдин мыкты жактарын үйрөнүп келишет, мына кабал - кабат тамдарды ошолор келип салып жатпайбы" деген министр айымдын кабелтең пикирине кимдин болбосун, ынангысы келет. Ылайым ошондой эле болсун, бирок соңку кезде барган жеринин жарандыгын алып биротоло отурукташып калып жаткандары чалдырабы чыгып, чарбасы чачылган мекенине кайра келет деген үмүткө суу сепкенсип жатпайбы. Кетип жаткандар өңчөй балалуу болчу курактагы жаштар, алар барган мамлекеттин социалдык шарттарына карап төрөлгөн балдарын ошол жердин жараны катары каттатышат. Ошентип бир эмес бир нече муундан кол жууган элибиздин жүгүн ким көтөрүп, өбөктөп калган өлкөнү ким көтөрөт? Улам бир жерден ое кесилип кетип жаткан жерди ким коргоп, ким таламын талашат?
Мамлекеттик чиновниктердин миграцияга чек кое албайбыз, "жумушсуздук" деген чоң себеп бар дегени жок шылтоо экенин турмуш өзү далилдеп жатпайбы. Талааларыбыздын Кытайдан келгендер иштетип, базарларды бүтүндөй ээлеп, кичи ишканаларды жайнатып, башкасын мындай кой, малдын этине чейин апкелип сатып киришпедиби. Ушунун өзү эле бизде түпкү улутту чилче таратпай сактоо жаатында бүтүндөй бир мамлекеттик комплекстүү саясат иштелип чыгыш зарылдыгын көрсөтүп турбайбы.

Сүйүн Курманова