![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №24, 22.02.08-ж. |
Меймансап Форум Бийликтин көздөгөнү не? Кыргызды басынтып, кемсинтүүнүн чеги болобу? Кыргыз Республикасын Бириккен Улуттар Уюму жана дүйнө коомчулугу эгемендүү деп тааныган үчүн гана анын расмий бийлиги: Президент, өкмөт, Жогорку Кеңеш да таанылып, өлкө жарандары Кыргыз Республикасынын атынан бөлөк өлкөлөргө барып, ишкерлик жүргүзүп, саясый партияларды, Коомдук Парламент жана башка коомдук уюмдарды түзүүгө укуктуу болуп, мүмкүнчүлүккө жетип турушат. Кыргызстан элинин кийинки үч-төрт мууну өлкөбүз көзкарандысыз, эгемендүү болушуна өмүрүн арнап, күрөшүп, зор эмгек кылган деле жок. Тескерисинче, Союз урагандан кийинки он беш жыл бою Акаевдин доорунда Мекен, Улут үчүн күйбөгөн, Эл үчүн кам көрбөгөн, кыргыз эмес "киргиз" болуп, кыргыздын тарыхын, рухун, салтын, маданиятын, тилин, дөөлөтүн тереңинен билбеген, сыйлабаган көптөгөн манкурт башчыларга, төбөлдөргө мамлекет байлыгын талап, тоногонго референдумдар, шайлоолор аркылуу кеңири жол ачып берди. Чынында, Кыргыз Республикасын эгемендүү деп дүйнө коомчулугу тааныганга улуу бабаларыбыз басып өткөн кыргыздын алты миң жыл тарыхы, Кыргыз жараткан Афанас, Андрон, Карасук, Тоогар, Таштык маданияттары, Улуу Кыргыз кандыгы (IX к.), теңдешсиз Манасы, алты миң жыл мезгилде ири кандыктарга сиңип, жок болуп кетпей XXI кылымга аман жеткизген кыргыздын улуу касиети негиз болгонун баса белгилеп айтышыбыз абзел. Бурмаланган, башка мамлекеттердин, баскынчыл саясатынын таламына ыкташтырылган тарых ондогон жылдар бою окуу жайларында окутулду. Элибиз тарыхий негизде басмырлоого алынды. Тарыхий эстутумун жок кылуу саясаты жүргүзүлдү. Жер-суу аталыштарынын кыргызчасы жок кылынды. Эне тилибиз жетимсиреген абалга жеткирилди. Элибиздин улуттук намыс демине суу себилди. Байыркы бабаларыбыздын заманындагыдай алоолобой дымып калды. Улуттук намыс улуу күч жана анын азыркы кыргыздарга канчалык зарыл экендигин, бүгүнкү дүйнөлөшүү заманында бар же жок болуу дегенчелик абалга кабылганыбызда, толугу менен туюп билип арыбызга келип атпайбызбы. Эне тилибиздин "өнөр алды - кызыл тилдин" күчүн, сөз кудуретин курутуп алсак элибиздин өңү калаар, а бирок өзөгү соолуйт. өзөгү соолуса өзүнүн жок болгону ошол. Ошого карабай, мамлекет жүргүзгөн саясатта кыргыз тилине, кыргыз тарыхына, кыргыз маданиятына, кыргыз руху-дөөлөтүнө, кыргыз салтына, кыргызга гана таандык коом түзүү жана башкаруу тарыхый тажрыйбасына кош көңүл, демек, сыйлабоо же кемсинтүү мамиле дагы да уланууда. Атүгүл, айрым учурда кыргызды ачык эле мазактоо, шылдыңдоо мамилеси орун алууда. Маселен, эгемендүү Кыргыз Республикасынын өкмөт башчылыгына кыргыз тилин билбеген, түшүнбөгөн кишини дайындоо - бүткүл кыргыз элин эл катары эсепке албагандын ачык далили эмес беле? Россия, Кытай, Жапон, Германия, Англия, Израиль, Иран ж. б. өлкөлөрдүн өкмөт башчылыгына орус, кытай, жапон, немис, англичан, жөөт, иран тилдерин түшүнбөгөн, билбеген адамдардын дайындалышын элестетүү мүмкүнбү? Албетте, жок. Себеби, андай чечим кабыл алгандар бир айга жетпей кызматтарынан айрылмак эле! Өлкөбүздө мындай ишке баргандардын кыргыздан алалбай жаткан өчү барбы? - деген аргасыздан ой туулат экен. Алардын баарын бийликке шайлагандан башка кыргыздын кайсы күнөөсү бар эле? Же кыргыздын улуу тарыхынан, көркөм тилинен, алп Манасынан өзүн өйдө койгон алар өзүн пайгамбар сезеби? Кыргызды басынтып, кемсинтүүнүн чеги болобу же болбойбу? Же кыргыздын тарыхы 1936 жылы башталган деген пикирди колдоп жүрө беребизби? Баш мыйзамдын башкы беренесинде "Кыргыз Республикасынын эли - эгемендиктин ээси жана мамлекеттик бийликтин бирден бир туткасы" деп жазылганы жалпыга жакшы маалым. Демек, республика элинин 70 пайызын түзгөн кыргыз элин "эгемендиктин ээси, мамлекеттик бийликтин бирден бир туткасы" деп тааныбаган саясатчылар, төбөлдөр кыргыз үчүн күйөбү, кыргызга эмгек кылып, өмүрүн арнайбы?? Урматтуу мыйзам чыгаруу бийлигинин Эл өкүлдөрү, Коомдук парламенттегилер баарыңыздар көздөгөнгө ала турган улуу маселе - улут тагдыры, улут таламы экендиги, талашсыз го! Ал көп жагынан сиздердин колуңуздарда. Бул ачык кат Сиздерге арналды. Кыргыздын алты миң жыл тарыхы, эне тили, улуттук улуу дөөлөттөрү мамлекеттик саясатта өз ордун алабы же жокпу?, - деген суроого өз чечимиңиздерди, оюңуздарды жалпы Эл журтка ачык билдирип коюңуздарды өтүнөбүз жана мунун өзү өтө зарыл деп эсептейбиз. Урматтуу Ч. Айтматов, С. Эралиев, Т. Касымбеков, С. Жусуев аксакалдар! Сиздердин чыгармачылык өмүр сапарыңыздарда кыргыз тарыхы, кыргыз дүйнөсү даңазаланып келет. Сиздердеги терең ой, таамай сөз кудурети - элибизге дем! Бул ачык катта кыскачалап айтылган маселелердин жүйөсүнө, жөн-жайына, элибиздин элдиги, улутубуздун улуттугу учтан түпкө улантылышына Сиздерде, албетте кайдыгерлик жок. Сиздер Эл менен, Эл Сиздер менен! Сиздердин Эл журтка айтаар сөзүңүздөргө учур, мезгил, коом муктаж. "Кыргыз Эл" Кыргыз деген эл жашайт, кыргыз деген... Т. Эшматов: "...жашооңдо бурулуш болот деген" Кайталангыс акын Талипжан Эшматовдун көмүскөдөгү турмушу жөнүндө жалпы журтчулукка, жарыкка алып чыккым келди. Өзүм бир да сөз кошпостон, акыркы өмүрүндө бирге болгон жубайы Бурул эженин айткандарын, тек гана жарыяладым. Жолугушуу Биздин жашообуз жомоктогудай башталган. 1996-жыл болчу. Бир күнү эле маңдайымдан жогорураак жактан кимдир бирөө: "Талас жактан бирөө келип, сени сурайт", - деп айтып аткандай болду. Үнү угулбайт, бирок айтып атканын таптак билем. Мындай кызык сезим жөнүндө "Жандуу Этикадан" жана Кастанеданын китептеринен окугам. Ошондой эле бир Досума байланыштуу окуяларды таптак эле билип турчумун. Бирок аны менен мурунку жашоомдо эң жакшы мамиледе болуп келгенимди түшүмдө көргөзүшкөн. "Ал эми бул Жогортон эскертүү эмне болду экен?" - деп ойлоп койдум. Эртеси 11-ноябрь экен. Апам эки өтүк сатып келип: "Жакканын кий", - деди. Бирөөсүн кийип көрүп атсам эле эшиктин коңгуроосу шыңгырады. Ачтым. Апамдын бир жакшы тааныш иниси: "Кудай деген киши менен келип калдым", - деп, бир кишини ээрчитип кирди. Чай ичип отурабыз. Тиги киши табып экен. Эмнегедир мен аны мурдатан эле тааныгандай сезилип кетти, бирок биринчи жолу көрүп атам. Кудайды оозунан түшүрбөйт, намаз окуйм дейт. Ал кезде намаз окугандар аябай аз болчу. Эскертүү ушу кишиге байланыштуу берилгенин түшүндүм. Аты Талипжан экен. Кыргызга да окшобогондой сезилет. Кызык! Кетишкенден кийин апама: "Ушу киши жөнүндө Таластан келип сени сурайт деген", - дедим. Эртеси жумуштап инисиникине барса, баягы киши отуруптур. Ошо жакта дем салып жүрүптүр. Апам аябай ачык да. Эч нерсе жашырбай эле айтып коет. Анда тиги киши: "Мен айта албай аттым эле, өзү билип коюптур. Чын эле Таластан келип, бир айдан бери Бурулду издеп жүргөм", - дейт. Анан мага жолукканда: - Сени издеп жүргөм. Жаш кезимде Олуя Атам көзүмө көрүнүп: "37 жашка чыкканда Бурулга жолугасың, жашооңдо БУРУЛУШ болот", - деген. Көңүл деле бурган эмесмин. Бирок кийин сени түшүмдө көрө баштадым. Экөөбүз Күнгө чейин барганбыз.Жапжакын. Күн менен чогуу чыккандай жаркырап турасың. Чогуу жогору кеткен атканбыз. Бирок булардын дагы Жерде иштери бар экен деп, кайра жерге жиберишти, - деди - Сен ишенбей атасың го? Түшүнөм, бирок бул чындык. Сени издеп жүрүп чыгарган ырларым бар угасыңбы? -дейт. Окуп берди: Максатты коюп алдыга, Жетсем дейм анын баарына. Ырахаттанып күн өтөр, Түгөйүң болсо жаныңда. Көргөндүн көөнүн толкуткан Сезимде пери жашайбы? Күн чыкса ал да чыккандай, Күн батса, ал да батабы? Эртелеп туруп күтөмүн, Арзыган жанды күткөндөй, Жадырап турса маңдайда, Бүткөн бой балкый түшкөндөй, Өмүрүм сени күткөндөй, Көңүлүм сага түшкөндөй. Жүрөсүң дайым эсимде, Адашып алыс житкендей, Тандаган жарың тең болсун, Түбөлүк бирге жүрөлүк, Жайдары мүнөз кең болсун, Намысы болсун бүлөлүк. Ойлонуп отурам. Эмне десем? Кээ бир сүйлөгөн сөздөрүнө таптакыр ишенгим келбейт. Бирок, угуп, чыдап отурам. Кызык! Бурчта турган гитараны алып ырдап ийди. Микробу жок тоолордун арасында, Жылдыз ырдайт наристе үнү менен, Жыпар жыттуу Токтогулдун тоолоруна, Кетесиңби көлдүк кыз мени менен. Күлдүм да: - Минтип тамашалабаңыз, - дедим. - Тамаша эмес, билесиң, ишенчи. Чын эле издеп жүргөм. Табарыма деле ишенбей калгам. "Мына 37 жашка 3 күн эле калды. Түңүлүп калдым"- деп бир кардарыма айтсам, ал жанагы сенин байкеңдин кошунасы экен. Сен жөнүндө угуптур. "Бир кудай деген кыз бар, аты Бурул, ошол болуш керек"-деди. Ошо күнү эле келдик сага. Билип койдуң го. Эмнеге өзүңө ишенбейсиң? -дейт. Таң калдым. Эмне дээримди да билбейм. Талип болсо түшүндө мени көргөнүн айтат. Көп жылдан бери. "Кызык, эмне үчүн анда мен көрө элекмин"- дейм ичимден. Себеби болор иштин дээрлик баарын эле апам да, иним да, мен да алдын ала түшүбүздө көрчүбүз. Анан Талиптен сурадым. - Отуз жети жашка чыгам дейсиз, үйбүлөңүз жокпу? - Бурул, мен сенден эч нерсе жашырбайм, хулиган болчумун. Түрмөгө да түшүп чыккам. Аялды санабай алгам. Акыркы аялымдын көзү ачык,эл көрөт. Мен жарым жылдан бери намазды үзбөй окуп келатам. Ак жашайын дедим. Шариатта көзү ачыкты туура эмес дейт экен. Ташта десем болбойт. Үйгө келсем эле эч нерсе жасагысы келбейт, ооруп калат. Анан: "кетчи-ии!" деп ыйлайт улам. Чыдабайт экенсиң, кетип калдым акыры. Отуз жети жашка жакындаган сайын сен эсиме түшүп, тынчым кете баштады. Барган жеримдин баарынан эле сураштырып жүрдүм. Мына эми жолуктум, ишен! -дейт. Мен болсо сөз таба албай таң калып отурам. Мээм иштегенди каалабай атабы деп коем. Сөз жок. Бир аздан кийин: - Ишенбей атасыңбы же жигитиң барбы? - деп сурады. (Уландысы кийинки санда) Даярдаган Мундуз Асаналиева |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|